ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги I (биринчи) сессиясы
2021-жылдын 14-майы № 9/I-28
Ысык-Ата айылдык Кенешинин Коомдук алдын алуу Борборунун курамын түзүү жөнүндө
2018-жылдын 30-ноябрындагы Ысык-Ата айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 6 пунктусуна ылайык жана депутаттар: Чотиев Г.Б.., Бердиматов А.Дж. сунуштарын угуп, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айылдык Кенешинин Коомдук алдын алуу Борборунун курамы бекитилсин (Тиркеме №1).
2. Ысык-Ата айылдык Кенешинин Коомдук алдын алуу Борборунун Уставы бекитилсин (Тиркеме №2).
3. Ысык-Ата айылдык Кенешинин Коомдук алдын алуу Борборунун төрайымы- Арунова Света Акматкариевна бекитилсин.
4. Ысык-Ата айылдык Кенешинин Коомдук алдын алуу Борбору бир жылда бир өз ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун берип турсун.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |
Ысык-Ата айылдык Кенешинин
14.05.2021ж. №№9/I-28
токтомуна
№1 тиркеме
Ысык-Ата айылдык Кенешинин Коомдук алдын алуу Борборунун курамы :
1. С.А.Арунова - Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты,КААБ төрайымы;
2. Ж.Тентимишова - айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, КААБ катчысы;
3. Т.Тайкашкаев- Аксакалдар сотунун төрагасы, КААБ мүчөсү;
4. М.Сарыбаева- Аялдар Кенешинин төрайымы, КААБ мүчөсү;
5. Жаныбек уулу Айжигит- Бузуулар боюнча комиссиянын төрагасы, КААБ мүчөсү;
Төрага Ж.Бейшекеев