Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезексиз ХVIII сессиясы
2021-жылдын 5-майы № 24
Сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” мыйзамына , Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 19-августундагы № 285 буйругу менен бекитилген “ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүүнүн жана аларды тапшыруунун тартиби жөнүндө” нускамасынын талаптарына ылайык, Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Т. Садыков атындагы орто мектептин директору Мамажунусова Мухиданын жолдомо катын угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезекcиз XVIII сессиясы токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Т.Садыков атындагы орто мектебинин мугалими Джанаева Батмакан Кыргыз Республикасынын “ Эмгек сиңирген мугалим ” наамына көрсөтүлсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айылдык кеңешинин маданий маселелер, инвестиция тартуу, коомдук уюмдар менен иштөө, маалымдуулук, социалдык коргоо, жаштар жана спорт иштери, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Зарматова З. |