Загрузка документа…
КР Президентинин 2019-жылдын 23-сентябрындагы ПБ № 204 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
1996-жылдын 19-августу ПБ N 285
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
(КР Президентинин
1999-жылдын 4-февралындагы ПБ N 66, 2009-жылдын 10-февралындагы ПБ N 27 буйруктарынын
редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүүнүн жана аларды тапшыруунун тартиби жөнүндө инструкция (тиркелет);
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жоголгон документтеринин ордуна дубликаттарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү Нускоо (тиркелет);
- (Төртүнчү абзац КР Президентинин 2009-жылдын 10-февралындагы ПБ N 27 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Президентинин 1999-жылдын 4-февралындагы ПБ N 66, 2009-жылдын 10-февралындагы ПБ N 27 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2. Жогоруда аталган инструкциялардын аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик сыйлыктар бөлүмүнө жана жалпы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев