Загрузка документа…
АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
2021-жылдын 29-январы № 1
Айдаралиев айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Айдаралиев айыл өкмөтүнүн бюджеттин бекитүү жөнүндө Айдаралиев айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын 1- сессиясы
Токтом кылат:
1. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Айдаралиев айылдык аймактык Кеңешинин 2021-жылга бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 8396,1 миң сом өлчөмүндө жана чыгаша бөлүгү боюнча 8396,1 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Айдаралиев айылдык аймактык Кеңешинин 2021-жылга бюджетинин киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык киреше булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө турганы аныкталсын.
4. Айдаралиев айылдык аймактык Кеңешинин 2021-жылга чыгаша бөлүгү №2 тиркемеге ылайык чыгаша булактардан турары белгиленип бекитилсин.
5. Айдаралиев айылдык аймактык Кенешинин бюджетинин 2021-жылга карата бюджетти 8396,1 мин сомго бекитилсин. 2022-жылга карата бюджетти 8920,8 мин сомго, 2023-жылга карата бюджетти 9036,4 мин сомго болжолдуу түрдө №3 тиркемеге бекитилсин.
6. Айдаралиев айылдык аймактык Кеңештин 2021-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча жалпы өлчөмү № 4 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.
7. 2021-жылга карата айылдык аймагы боюнча резервдик фонд 86,6 миң сом бардык кирешенин 1% эсебинде түзүлсүн, чыгашанын аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жергиликтүү Кенештин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн. № 5 тиркеме түзүлсүн.
8. Айдаралиев айылдык аймактык Кенештин 2021-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн расчеттору № 6 тиркемеге ылайык белгиленип берилсин.
9. Айдаралиев айыл аймагындагы "Көпүрө-Базар" балдар бакчасына ата-энелерден түшүүчү каражаттын киреше бөлүгү 650,5 мин сом өлчөмүндө жана чыгаша бөлүгү 650,5 миң сом өлчөмүндө белгиленсин. Айдаралиев айыл аймагындагы "Көпүрө-Базар" балдар бакчасына ата-энелерден түшүүчү каражат атайын каражаттын негизинде көзөмөлгө алынсын.
11. Жайыт комитетинин 2021-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 450,0 мин сом жана чыгаша бөлүгү үчтөн эки бөлүгү 300,0 миң сом өлчөмүндө жайыт комитетинде, үчтөн бир бөлүгү 150,0 мин сом айыл өкмөтүнүн бюджетинде бекитилсин.
12. Кабыл алынган токтомдун туура жана так аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү айылдык аймактык Кенешинин «Айыл чарба экономикалык реформалардын жүрүшү жана бюджет» боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
13. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жергиликтүү бюджетти кирешелер бөлүмүн чындоо максатында төмөндөгү салыктар жана жыйымдар киргизилсин жана алардын ставкалары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
14. Жергиликтүү салыктар Жер салыктар:
Жер салыктар:
- Юридикалык тараптан алынуучу салык сугат жерлерге 154,44 сом, кайрак жерлерге 27,30 сом, көп жылдык бак дарактарга 154 сом, жакынкы жайыт жерлерге 5,82 сом өлчөмүндө ар бир гектарга бекитилсин.
- Мүлк салыгы. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде бекитилсин. Кыймылдуу мүлккө салык салыктын бул түрүн менчик автотраспорттору жана айыл чарба техникалары бар жактар төлөөчү болуп эсептелет. Салык чегерүү объектиси жана өлчөмү КР Салык кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.
- Жалпы, мамлекеттик салыктар. ''Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" КР Мыйзамынын негизинде Айдаралиев айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине салык агенттери тарабынан төлөнүүчу киреше салыктын 100 пайыз өлчөмүндө түшүүсү, сатуудан салык 25 пайыз өлчөмүндө түшүүсү, ыктыярдуу патенттин негизинде алынуучу салык, милдеттүү патенттин негизинде алынуучу салык 100 пайыз өлчөмүндө түшүүсү белгиленсин. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде бекитилсин.
- Салыктык эмес кирешелер. Муниципалдык менчикте жана КБФ жерлеринин ижара акысы түзүлгөн келишимдин негизинде бекитилсин. Жайыт пайдалануучу тел ем КР Бюджеттик кодексинин "Жайыттар жөнүндө мыйзамынын" ченемдерине ылайык бекитилсин.
15. Айыл өкмөтүнүн мекеме уюмдары жыл ичинде каржылоо чыгымдарына зарыл болгон учурда ар бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө статьядан статьяга, чейректен чейрекке жылдыруу жагы Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-беренесинин негизинде жүргүзүлсүн.
16. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн 13 штаттык бирдиги- анын ичинде: 1 штат кенже тейлее кызматкери, 1 штат техникалык тейлее кызматкери, 1 штат бирдиги аскердик каттоо столунун КР Өкмөтүнүн 8-июль 2013-жылдагы №403 токтомунун жана кызматкерлердин эмгек акы тел ее шарттары жөнүндө КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы №466 токтомунун негизинде бекитилсин.
17. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине компьютердин зыяндуулугу боюнча төлөмү КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 токтомунун жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин 2019-жылдын 17-июнундагы №120/76Д жана 2020-жылдын 17-декабрындагы №385 протоколдорунун негизинде бекитилсин.
18. Талас райондук маданият бөлүмүнүн Талас райондук борборлоштурулган Б.И.Мукуй това атындагы китепканасына караштуу Айдаралиев айылдык аймагынын алдындагы Көпүрө-Базар китепканасына 2 китепкана башчысы жана 1 категориядагы 1 китепканачы КРӨ 2019-жылдын 27-августундагы №429 токтомунун негизинде бекитилсин.
19. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Айдаралиев айыл Кеңешинин алдындагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Айдаров |