САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз VIII сессиясы
2022-жылдын 4-марты № 8/40
«Жанчар-Булак» ИСКАКБнин таза суу үчүн тарифтерин бекитүү жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылындагы «Жанчар-Булак» ИСКАКБнин бухгалтери У. Көчөрбаевдин 4-март 2022-жылдагы №2 элдик жыйынында сунушталган ичүүчү таза суунун тарифтерин бекитип берүү үчүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. «Жанчар-Булак» ИСКАКБнин сунушталган ичүүчү таза суунун тарифтери бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда суунун тарифтерин бекитилген план боюнча чогултуу жагы «Жанчар-Булак» ИСКАКБнин бухгалтери
У. Көчөрбаевге милдеттендирилсин.
3. Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда «Жанчар-Булак» ИСКАКБнин ишине көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
Сары-Булак айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин кезексиз VIII
сессиясынын 4-март 2022-жылдагы
№8/40 токтомуна тиркеме.
Айыл аймагынын аймагындагы «Жанчар-Булак» ИСКАКБнин ичүүчү таза суунун тарифи
№ | Мазмуну жана мекеменин аталышы | Бекитилген баасы | Эскертүү |
1 | Жалпы жергиликтүү тургундар калонкадан ичкендер | 10 сом | 1 жан башына айына |
2 | Жалпы жергиликтүү тургундар үйүнө киргизилгендер | 20 сом | 1 жан башына айына |
3 | Ү. Бейшеев атындагы орто мектеби | 300 сом | айына |
4 | К. Соодаев атындагы №9 ҮДТ | 100 сом | айына |
5 | «Наристе-Ак-Кыя» бала бакчасы | 100 сом | айына |
6 | Коомдук мончо | 100 сом | айына |
7 | Жеке мончо | 100 сом | айына |
8 | Айыл өкмөтү | 100 сом | айына |
Жооптуу катчы: |
К. Иманкулова |