Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 30-отуруму (сессиясы)
2022-жылдын 19-марты № 30-6
“Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылынын тургуну Токторов Каныбек Асановичтин жашап жаткан турак-жайын жеке менчигине бекитип берүү жөнүндө”
(Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин 2022-жылдын 20-майындагы № 31-2 токтомунун редакциясына ылайык)
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылынын тургуну Токторов Каныбек Асановичтин жашап жаткан турак-жайын жана ага тиешелүү жер аянтын жеке менчигине бекитип берүү жөнүндө арызын карап чыгып, жана Ноокат райондук мамлекеттик архивинин 18.02.2022-жылдагы № 1474, Ноокат райондук мамлекеттик архивинин 18.02.2022-жылдын № 1474, 13.04.2022-жылдагы № 2595 жана 16.05.2022-жылдын № 3485 архивдик маалыматына негиз, Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылынын тургуну Токторов Каныбек Асановичтин жеке өзүнө таандык болгон турак жайы жана ага тиешеүү 0,19 га жер тилкеси, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-32-беренесине ылайык бекитилип берилсин.
(Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин 2022-жылдын 20-майындагы № 31-2 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылынын тургуну Токторов Каныбек Асановичтин жашап жаткан турак-жайы жана ага тиешелүү 0,15 га жер тилкеси бекитилип берилсин.
2. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук филиалынан жана Ноокат райондук архитектура бөлүмүнөн Токторов Каныбек Асановичтин жашап жаткан турак-жайы жана ага тиешелүү 0,15 га жер тилкесине тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
3. Бул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын. Көзөмөлдөө жагы депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин “айыл чарба жана жерге жайгаштыруу, экология” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | Н. Жолдошов |