Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2021-жылдын 28-октябры № III
Папан айыл өкмөтүндгү Алчалуу айылындагы №1 көчөсүнө Таштанов Манаптын атын коюу жөнүндө
Папан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап чыгып
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык Папан айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Д.А.Кенекеевдин 2017-жылдын 16-ноябрындагы № 11-4066 тапшырмасына жана республиканын аймагындагы расмий түрдө айыл статусу жок калктуу конуштарга айыл статусун ыйгаруу,көчөлөргө ысым ыйгаруу жана турак үйлөрдү катар номер менен белгилөө жөнүндөгү тапшырмасына ылайык Папан айыл өкмөтүнүн Алчалуу айылындагы №1-көчөсүнүн аты жок көчөгө ат коюу боюнча айыл жашоочуларынын протоколу бекитилсин:
2. Алчалуу айылындагы №1-көчөсүнө аты жок көчөгө Эмгек ардагери маркум Таштанов Манаптын ысымы ыйгарылсын (1 ден 88-номер үйгө чейин).
3. Көчөгө аты коюлган маркум Таштанов Манаптын, үй бүлө мүчөлөрүнө ушул көчөнүн ар кандай социалдык маселелерин (жол тегиздөө,жарыктык орнотуу,көпүрө, электр мамычаларын орнотуу,ж.б) чечүүгө түздөн түз катышуусу жана турак үйлөргө жана обьекттерге катар номерлерди тез арада илүү зарылчылыгы жеткирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Нурзаман Алимбековго Алчалуу айылынын айыл башчысы Ысмайыл уулу Сырбекке милдеттендирилсин.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.Тагаев. |