Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2021-жылдын 28-октябры № IV
Папан айыл өкмөтүндөгү Ак-Буура 3 Айылындагы №5 көчөсүнө Эралиев Артыкбайдын атын коюу жөнүндө.
Папан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап чыгып
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык Папан айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Д.А.Кенекеевдин 2017-жылдын 16-ноябрындагы № 11-4066 тапшырмасына жана республиканын аймагындагы расмий түрдө айыл статусу жок калктуу конуштарга айыл статусун ыйгаруу,көчөлөргө ысым ыйгаруу жана турак үйлөрдү катар номер менен белгилөө жөнүндөгү тапшырмасына ылайык Папан айыл өкмөтүнүн Ак-буура 3 айылындагы №5-көчөсүнүн аты жок көчөгө ат коюу боюнча айыл жашоочуларынын протоколу бекитилсин:
2. Ак-Буура 3 айылындагы №5-көчөсүнө аты жок көчөгө Эмгек ардагери маркум Эралиев Артыкбайдын ысымы ыйгарылсын (1 ден 32-номер үйгө чейин).
3. Көчөгө аты коюлган маркум Эралиев Артыкбайдын үй бүлө мүчөлөрүнө ушул көчөнүн ар кандай социалдык маселелерин (жол тегиздөө,жарыктык орнотуу,көпүрө, электр мамычаларын орнотуу,ж.б) чечүүгө түздөн түз катышуусу жана турак үйлөргө жана обьекттерге катар номерлерди тез арада илүү зарылчылыгы жеткирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Нурзаман Алимбековго Ак-Буура 3 айылынын айыл башчысы Паватов Токтогул Караевичке милдеттендирилсин.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.Тагаев. |