Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 16-августу № 464 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу Жер пайдалануу процессин андан ары децентралдаштыруу жана "Инвес-тициялык жана башка ишкердик иш-аракеттерине колдоо көрсөтүү чөйрөсүн-дөгү мамлекеттик саясатты андан ары өнүктүрүү чаралары жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Президентинин 2003-жылдын 3-сентябрындагы № 290 Жарлыгыменен бекитилген "Кыргыз Республикасынын жеке секторун инвестициялоогокөмөк көрсөтүү" инвестициялык матрицасынын 2.6-пунктуна ылайык жеке жа-на юридикалык жактарга жер участокторго укуктарды берүүнүн так жолжобо-лорун бекитүү боюнча иштерди улантуу максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. "Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугунберүүнүн жана инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тарти-бин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 токтому менен бекитилген Калк-туу конуштарда жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акы төлөөменен берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобого төмөнкүдөйөзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: - 3.2-пунктта: экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- мурда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга аталган жеке жана юри-дикалык жактарга жер участоктор берилген болсо"; пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: "Жер участогуна болгон укуктарды тике сатууда же аны мөөнөттүү(убактылуу) пайдаланууга берүүдө милдетүү түрдө жер участогун өздөштү-рүүнүн мөөнөттөрү сүйлөшүлөт.". 2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн ченемдикукуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин. 3. Бул токтом расмий жарыялангын күндөн тартып күчүнө кирет. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнөжүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов