Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-августундагы № 153 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2003-жылдын 3-сентябры № 202 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ "Мамлекеттик акчалай жыйым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу 2003-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан каралган эмес 1996-жылдын 16-февралындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү", 1998-жылдын 21-октябрындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү", 2001-жылдын 24-декабрындагы № 112 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 59-статьясынын 4-пунктуна ылайык жактырылган 1-статья. "Мамлекеттик акчалай жыйым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-мына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1993-жыл,N 3, 88-ст.) төмөнкү толуктоо киргизилсин: 6-статьянын 2-пункту төмөнкү мазмундагы "о" пунктчасы менен толук-талсын: о) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - коммуналдык (муни-ципалдык) менчикке укуктарды коргоо доолору боюнча жана жергиликтүү ко-омдоштуктун аймагында айлана-чөйрөнү булгоо жана табигый ресурстардысарамжалсыз пайдалануу, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эреже-лерди бузуу менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу каражаттарын жер-гиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешесине өндүрүп алуу жөнүндө доолорбоюнча.". 2-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев