КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89
Мыйзамына ылайык2019-жылдын 1-январынан тартыпКҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары2007-жылдын 15-августу № 153 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Мамлекеттик алым жөнүндө 2007-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши (Кыргыз Республикасынын
2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 1-статья. Түшүнүктөр жана мамлекеттик алым төлөөчүлөр Мамлекеттик алым - тиешелүү мамлекеттик органдар - соттор, нотари-аттар жана башка атайын ыйгарым укуктуу органдар тийиштүү бир иштердиаткарууда жана юридикалык мааниси бар документтерди берүүдө алар тара-бынан өндүрүлүүчү акча жыйымы. Мамлекеттик алым төлөөчүлөр жеке адамдар жана юридикалык жактарболуп эсептелет. 2-статья. Мамлекеттик алымдын түрлөрү Мамлекеттик алым жөнөкөй жана пропорционалдуу болуп бөлүнөт. Жөнө-көй мамлекеттик алым туруктуу суммада алынат. Пропорционалдуу мамлекет-тик алым тиешелүү суммада пайыздык катышта алынат. 3-статья. Мамлекеттик алым алуу объектилери Мамлекеттик алым төмөнкүлөрдөн алынат. 1) көзөмөл тартибиндеги соттук актылардын кайра кароо жөнүндө дат-тануулардан тышкары сотко берилүүчү доо коюу жана башка арыздардан жанадаттануулардан, ошондой эле сот тарабынан документтердин көчүрмөлөрүнберүү үчүн; 2) нотариалдык конторалар жана ага ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-гандар тарабынан нотариалдык иштерди жасоо, ошондой эле нотариалдыкжактан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн (дубликаттарын) бе-рүү үчүн; 3) жарандык абалды каттоо жөнүндө кайтадан күбөлүктөрдү жана жа-рандык абалдын актылары боюнча жазуулардын өзгөрүшүнө, толукталышына,оњдолушуна жана калыбына келтирүүгө байланыштуу жарандарга күбөлүктөрдүберүү үчүн; 4) чет өлкөлөргө чыгуу жана чет өлкөлөрдөн адамдардын Кыргыз Рес-публикасына чакыруу боюнча келүү укугуна документтерди жолжоболоштуруу,ушундай документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн; паспорт же алардыалмаштыруучу документтер боюнча чет өлкөлүк жарандарды каттоо жана кат-тоо мөөнөттөрүн узартуу үчүн; жашап турууга укук берүү же аны узартууүчүн; Кыргыз Республикасына келүүгө же Кыргыз Республикасынан чыгууукугуна чет өлкөлүк жаранга виза берүү үчүн, Кыргыз Республикасынын ай-магында болуу укугуна визаны узартуу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республи-касынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынанчыгуу жөнүндө документтерди кароо үчүн; 5) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Респуб-ликасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн; 6) ањчылык, балык кармоо укугуна жана Кыргыз Республикасынын мый-замдарында аныкталган башка иштерге уруксат берүү үчүн; 7) аукциондорду өткөрүү үчүн, аукциондордо жасалуучу бүтүм үчүн;Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мекемелердинмүлкүн сатып алуу үчүн; 8) мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон жана нотариалдык кү-бөлөндүрүүнү талап кылбаган жер участокторуна укуктар менен жасалуучубүтүмдөр үчүн; 9) лицензияларды берүү үчүн; 10) жашаган жери боюнча жарандарды каттоо үчүн; 11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизме боюнча КыргызРеспубликасынын мыйзамдары менен аныкталуучу, юридикалык мааниси бардокументтерди берүү жана башка иш-аракеттер үчүн. (Кыргыз Республикасынын
2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 4-статья. Мамлекеттик алымдын ставкалары Мамлекеттик алымдын ставкалары Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-њешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белги-ленет жана өзгөртүлөт. 5-статья. Мамлекеттик алымдын ставкаларын азайтуу Жарандардын айрым категорияларына Кыргыз Республикасынын жаранынынпаспортун берүүдө мамлекеттик алымдын ставкалары Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү тарабынан бекитилүүчү тартипке жана тизмеге ылайык азайтылат. 6-статья. Мамлекеттик алым төлөө боюнча жењилдиктер 1.Ишти сотто кароонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик алым алуудантөмөнкүлөр бошотулат: 1) доогерлер - эмгекке акы төлөө тартибинде жана эмгектик укук ма-милелеринен келип чыгуучу башка талаптар боюнча эмгек акыны жана башкасуммаларды өндүрүү жөнүндө доолор боюнча; 2) доогерлер - автордук укуктан, ойлоп чыгууга, пайдалуу моделге,өнөр жай үлгүсүнө автордук укуктардан, ошондой эле интеллектуалдык мен-чикке башка укуктардан келип чыгуучу доолор боюнча; 3) доогерлер - алименттерди өндүрүү боюнча доолор боюнча; 4) доогерлер - майып болуу же ден соолугуна башка жаракат алуу бо-юнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө, ошондой эле багуучусу-нун өлүмүнө байланыштуу доолор боюнча; 5) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана анын органдары жапачеккендерге же анын үй-бүлө мүчөлөрүнө төлөнгөн жөлөкпулдар менен пен-сиялардын суммасына зыян келтирүүчүдөн аны өндүрүү жөнүндө регрессивдүүдоо боюнча, туура эмес төлөнгөн жөлөкпулдар менен пенсияларды өндүрүүжөнүндө доо боюнча, жарандардан милдеттүү төлөмдөрдү өндүрүү жөнүндөдоо боюнча, милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун камсыз-дандыруу төлөмдөрү боюнча карыздарды өндүрүү жөнүндө доо боюнча, өндү-рүлгөн суммалар пенсиялар менен жөлөкпулдарды каржылоого жумшала турганмүлктүк мүнөздөгү доолор боюнча; 6) доогерлер - кылмыш тарабынан келтирилген материалдык зыяндынордун толтуруу жөнүндө доолор боюнча; 7) тараптар - никени бузуу жөнүндөгү иштер боюнча апелляциялыкдаттануулардан; 8) тараптар - мыйзамсыз камоо, кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсызтартуу, алдын алуу чарасы катарында камакка алууну мыйзамсыз колдонууже болбосо камакка алуу же түзөтүү иштери түрүндө мыйзамсыз администра-циялык жаза берүү аркылуу жаранга келтирилген зыяндын ордун толтуртуугабайланыштуу талаш-тартыштар жана регрессивдүү доолор боюнча; 9) жеке адамдар жана юридикалык жактар - кылмыш иштерин жана али-менттерди өндүрүү жөнүндө иштерди кароого байланыштуу аларга документ-терди берүү үчүн; 10) жарандар - мамлекеттик жөлөкпулдарды жана пенсияларды алууүчүн, ошондой эле бала (кыз) асырап алуу жана камкорчулук иштери боюнчакеректүү документтерди берүү же документтердин көчүрмөлөрүнүн тууралы-гын күбөлөндүрүү үчүн; 11) мамлекеттик жана коомдук органдар, жеке адамдар жана юридика-лык жактар башка жактардын укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кы-зыкчылыктарын коргоого сотко арыз менен кайрылган учурларда; 12) жарандар - кылмыш жасоодон келтирилген материалдык зыяндыөндүрүүнүн тууралыгы талашка түшкөн кылмыш иштери боюнча апелляциялыкдаттануулардан; 13) ички иштер органдары - доогерлер - алименттерди жана башка тө-лөмдөрдү төлөөдөн качкан адамдарды издөө боюнча чыгымдарды өндүрүү жө-нүндө иштер боюнча; 14) финансы органдары - өзгөчө өндүрүш иштери боюнча арыздардысотко берүү үчүн; 15) жеке адамдар жана юридикалык жактар - сотко төмөнкүлөрдү берүүүчүн: - ишти токтотуу же аларды кароосуз калтыруу жөнүндө сот актыларынжоюу тууралуу, сот актысын аткарууну кийинкиге калтыруу же жылдыруумөөнөтүн берүү жөнүндө, сот актысын аткаруу ыкмасын жана тартибин өз-гөртүү, даттанууларды камсыздоо же камсыз кылуу түрүн башкага алмашты-руу жөнүндө арыздарды; - жањыдан ачылган кырдаал боюнча сот актыларын кайра кароо жөнүндөарыздарды; - сот тарабынан салынган айыптарды алып салуу же азайтуу жөнүндөарыздарды; - өтүп кеткен мөөнөттөрдү калыбына келтирүү жөнүндө арыздарды,ошондой эле сот аткаруучулардын иштерине даттанууларды; - айыптарды алып салуу же азайтуудан баш тартуу жөнүндө сот акты-ларына жеке даттанууларды, сот актыларына башка жеке даттанууларды; - администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча ага ыйгарымукуктуу органдар тарабынан чыгарылган актыларга даттанууларды; 16) прокурор - жеке адамдардын жана юридикалык жактардын кызыкчы-лыктарында, ошондой эле коомдук жана мамлекеттик таламдарды коргоогоберилген дооматтар боюнча; 17) бардык инстанцияларда доогер жана жоопкер катары чыгуучу са-лык, бажы жана башка финансы органдары - мыйзамдарда белгиленген негиз-дер боюнча ар кандай уюштуруучулук-укуктук формадагы юридикалык жактар-ды жоюу жөнүндө; юридикалык жакты түзүүнүн белгиленген тартибин бузганже мыйзамдардын талаптарына уюштуруу документтери туура келбеген учур-ларда юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жараксыз деп табуу жө-нүндө; мындай учурларда алынган кирешелерди өндүрүү жөнүндө; бүтүмдөрдүжараксыз деп табуу жана мындай бүтүмдөр боюнча бардык алынгандарды мам-лекеттин кирешесине өндүрүү жөнүндө; башка мыйзамсыз иштердин натыйжа-сында бардык сатып алынгандардын суммасын өндүрүү жөнүндө дооматтар бо-юнча; 18) майыптардын коомдук уюмдары, азиздер менен дүлөйлөрдүн коому,алардын мекемелери, окуу-өндүрүштүк ишканалары жана бирикмелери - соткоберилүүчү бардык доолор боюнча; 19) жаратылышты коргоо органдары - айлана-чөйрөнү булгоо жана жа-ратылыш ресурстарын сарамжалсыз пайдалануу, ањчылык, балыкчылык жанабалык запастарын коргоо эрежелерин бузуу менен мамлекетке келтирилгензыяндын ордун толтурууга каражаттарды мамлекеттин кирешесине өндүрүүжөнүндө доолор боюнча; 20) доогерлер - мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуумамлекеттик орган - мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана мен-чиктештирүү, акциялардын мамлекеттик пакетине эсептелген дивиденддержана кредиттер боюнча карыздарды өндүрүү маселелерине байланыштуу доо-лор боюнча; 21) доогерлер - стандартташтыруу, метрология жана сертификатташты-руу боюнча эрежелерди бузгандыгы үчүн мөөнөтүндө айып төлөбөгөндүгүнөбайланыштуу доолор боюнча; 22) доогерлер - керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого байланыштуудоолор боюнча; 23) администратор (жоюучу) - "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө"жана "Банктарды консервациялоо, жоюу же банкрот кылуу жөнүндө" КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук процесси же жоюу проце-дурасы жүргүзүлүп жаткан жактын таламдарында бардык иштер боюнча доогержана жоопкер катары чыкканда; 24) банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган жана анынаймактык органдары - карыз болгон жакты банкрот деп табуу жөнүндө арызбоюнча; 25) илим жана интеллектуалдык менчик тармагындагы ыйгарым укуктуумамлекеттик орган - Кыргыз Республикасындагы тиешелүү мыйзамдар мененаныкталган функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу менен түздөн-түзбайланышкан доолор боюнча; 26) монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттикорган - бюджетке айыптык жана экономикалык санкцияларды өндүрүү жөнүндөжана монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган-дын актысын аткарууга мажбурлоо жөнүндө доолор боюнча; 27) баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-ган - анын компетенциясына кирген маселелерге байланыштуу, анын ичиндебаалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөрдү жана чыгарылган баалуу кагаз-дарды жараксыз деп табуу жөнүндө доолор боюнча; 28) доогер катары чыгуучу мамлекеттик органдар - кызматтык милдет-терин аткарууда зыян келтирген жактарга карата регрессивдүү доолор бо-юнча; 29) мамлекеттик материалдык резервдер боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик орган - Кыргыз Республикасындагы тиешелүү мыйзамдар мененаныкталган функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу менен түздөн-түзбайланышкан доолор боюнча; 30) спиртти жана алкоголдук продукцияларды чыгаруу, сактоо жанасатууга контролдук кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган спир-тти жана алкоголдук продукцияларды чыгарууга жана жүгүртүүгө мамлекет-тик монополия чөйрөсүндөгү таламдарды коргоо, ошондой эле келтирилгензыяндын ордун толтуруу боюнча доогерлер; 31) санитардык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органсанитардык мыйзамдардын бузулушуна байланыштуу доолор боюнча доогерлер; 32) Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин би-ринчи секретарлары, бул кызматта кеминде 5 жыл иштегендер - өздөрүнүнар-намысын жана беделин коргоого байланыштуу доолору боюнча; 33) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү - бардык иштер боюнча доогер жа-на жоопкер катарында. Сот же судья категориялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынананыкталуучу жакыр жана аз камсыз болгон жарандарды - доогерлерди сотиштери боюнча мамлекеттик алымды төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошо-тууга укуктуу. 2.(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-июлундагы № 168
Мыйзамы-на ылайык алынып салынды) 3. Нотариалдык иштерди аткарган органдарда төмөнкүлөр мамлекеттикалым төлөөдөн бошотулат: 1) жарандар - мамлекеттик жөлөкпулдарды алуу үчүн зарыл болгон до-кументтердин көчүрмөлөрүнүн (дубликаттарынын) тууралыгын күбөлөндүрүүүчүн, ошондой эле бала багып алуу иштери боюнча; 2) жарандар - алардын мурастарын жана мүлктү белекке берүү кели-шимдерин мамлекеттин пайдасына күбөлөндүрүү үчүн; 3) салык жана финансы органдары - мурастоого мамлекеттин укугу жө-нүндө аларга күбөлүктөрдү же анын дубликаттарын, ошондой эле күбөлүк-төрдү жана алардын дубликаттарын алуу үчүн зарыл болгон бардык докумен-ттерди берүү үчүн; 4) майыптардын коомдук уюмдары, азиздер менен дүлөйлөр коому,алардын мекемелери, окуу-өндүрүштүк ишканалар жана бирикмелер - бардыкнотариалдык иштер боюнча; 5) юридикалык жактар жана жарандар - аларга мурастоого укугу жө-нүндө күбөлүктөрдү берүү үчүн: - мамлекеттик же коомдук милдеттерди аткарууга байланыштуу мамле-кетти коргоодо же болбосо адам өмүрүн сактоо, мамлекеттик менчикти жеукук тартибин коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын жаранынын милдетинаткарууга байланыштуу курман болгон адамдардын мүлкү; - эгерде мурастоочу адам менен бирге жашаса, мурастоочу адам өлгөнкүндө ошол жерде каттоодо турса жана ал өлгөндөн кийин да ошол үйдө(квартирада) жашаса, турак үй (квартира) же турак жай-курулуш коопера-тивиндеги пай жөнүндө; - банктардагы салымдар, жеке мүлктүк камсыздандыруу келишими боюн-ча камсыздандыруу суммалары, мамлекеттик займдардын облигациялары, эм-гек акы, автордук укуктар суммалары, автордук гонорардын суммасы жанаачылыштар, ойлоп табуулар жана өнөр жайлык үлгүлөр үчүн сыйлыктар; 6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана анын мекемелери -бардык нотариалдык иш-аракеттер боюнча; 7) жарандар - пенсияларды жана жөлөкпулдарды алууга ишеним каттар-ды күбөлөндүрүү үчүн; 8) энелер - көп балалуулугу үчүн аларды ордендер жана медалдар ме-нен сыйлоо жөнүндө иштер боюнча документтердин көчүрмөлөрүнүн (дубли-каттарынын) тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн; 9) Кыргыз Республикасынын аскер бөлүктөрү, мекемелери, ишканаларыжана уюмдары - зыяндын ордун толтурууга карыздарды өндүрүү жөнүндө ат-каруу жазууларын жасашкандыгы үчүн; 10) мектеп - интернаттар - мектеп-интернаттарда балдарды кармооүчүн ата-энелерден карыздарды өндүрүү жөнүндө аткаруу жазууларын жасаш-кандыгы үчүн; 11) финансы органдары - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социал-дык жактан коргоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдынбаштапкы кесиптик билим берүү системасынын кесиптик окуу жайларында,лицейлеринде балдарды окутуу жана багуу үчүн ата-энелерден карыздардыөндүрүү жөнүндө аткаруу жазууларын жасашкандыгы үчүн; 12) иштеген (кызматтык) жери боюнча бөөдө кырсыктын натыйжасындаөлүмгө учураса, эгерде алар ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердинкаражаттарынын эсебинен камсыздандырылса, жумушчулар менен кызматчылар-дын мурасчылары - камсыздандыруу сый акысын мурастоо укугун ырастоочукүбөлүктөрдү берүү үчүн; 13) жин оорусунан же кем акылдыктан жапа чеккен, аларга мыйзамдабелгиленген тартипте камкордук көрүү уюштурулган жарандар - аларга мүл-ктү мурастоо жөнүндө күбөлүк алуу үчүн; 14) Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары, алар-дын аялдары, ошондой эле Мекенди коргоодо же аскердик кызматтын башкамилдетин аткарууда алган жаракаттан, контузиядан же майыптыктан же бол-босо фронтто болууга байланыштуу оорунун кесепетинен майып болушкан ас-кер кызматчыларынын арасындагы башка майыптар - бардык нотариалдыкиш-аракеттер боюнча; 15) Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышканадамдар - жењилдиктерди берүү үчүн керектүү документтеринин көчүрмөлө-рүнүн (дубликаттарынын) тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн; 16) жарандар - жүргүнчүлөрдү милдеттүү камсыздандыруу боюнча кам-сыздандыруу суммаларын жана жарандарга таандык мүлктү милдеттүү камсыз-дандыруу боюнча камсыздандыруу ордун толтурууларды мурастоо укугу жө-нүндө аларга күбөлүктөрдү берүү үчүн; 17) реабилитацияланган жарандар, багуучусунан ажырагандыгы боюнчапенсия менен камсыздалуучу адамдардын чөйрөсүнө кирген алардын үй-бүлөмүчөлөрү жана мыйзам боюнча биринчи кезектеги мурасчылары - реабилита-циялоого жана зыяндын ордун толтурууга байланыштуу алар үчүн жасалуучубардык иш-аракеттер үчүн; 18) автордук укуктар боюнча уюмдар - автордук укуктар боюнча тө-лөөгө эсептелген сыйлыктарды өндүрүү жөнүндө аткаруу жазууларын жаса-гандыгы үчүн; 19) үй-бүлөнүн орточо ар бир жанга кирешеси жакырчылыктын чегинентөмөн болгон жакыр жарандар - бардык нотариалдык иш-аракеттер боюнча. 4. Кыргыз Республикасынан башка мамлекеттерге чыгуу жөнүндө иштербоюнча төмөнкүлөр мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат: 1) жарандар - аларга дипломатиялык жана кызматтык паспортторду бе-рүү үчүн; 2) чет өлкөлүк туристтер - алардын документтерин каттоо үчүн; 3) жарандык жана кылмыш иштери боюнча тараптар, күбөлөр, жабырла-нуучулар жана эксперттер катары жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштерибоюнча укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдерге ылайык чет өлкөлүксотторго чакырылуучу жарандар - аларга чет өлкөлөргө чыгуу укугунауруксаттарды жана документтерди берүү үчүн. 4) окууга же өндүрүштүк практикадан өтүүгө кетип жаткан окуучуларжана студенттер - аларга жарандын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн. 5. Жашаган жери боюнча жарандарды каттоо үчүн мамлекеттик алымтөлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат: 1) кары-картањдар жана майыптар үчүн үй-интернаттарда жашаган ка-ры-картањдар жана майыптар; 2) мектеп - интернаттардын жана баштапкы кесиптик билим берүү ме-кемелеринин толугу менен мамлекеттик камсыздоодо турган жана жатакана-ларда жашаган окуучулары. 6. Жарандык абал актыларын каттоо жүргүзүүчү органдарга төмөнкүлөрмамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат: 1) билим берүү уюмдары, жашы жетелектердин иштери боюнча комиссия-лар - ата-энелерден кароосуз калган балдарды жана жетим балдарды бардыкбалдардын интернаттык мекемелерине жиберүү үчүн туулгандыгы тууралуукүбөлүктөрдүн дубликаттарын берүү үчүн; 2) жарандар - төрөлгөнүн, өлгөндүгүн, бала (кыз) асырап алууну жа-на аталыгын аныктоону каттоо үчүн, аларга жарандык абал актыларын кат-тоодо кетирилген каталыктарга байланыштуу аталыгын аныктоо, бала (кыз)багып алуу учурларында, туулгандыгы жөнүндө актылардын жазууларын өз-гөртүүдө, толуктоо жана ондоо күбөлүктөрдү берүү үчүн; 3) жарандар - белгиленген тартипте дайынсыз жоголгондугун же жиноорусунан же кем акылдыгынан улам жөндөмсүз деп табылган адамдар мененже болбосо кылмыш жасагандыгы үчүн үч жылдан кем эмес мөөнөткө эркиненажыратылган адамдар менен никени бузуу жөнүндө соттун чечиминин неги-зинде күбөлүктөрдү берүү үчүн; 4) жарандар - реабилитацияланган туугандарынын өлүмү тууралууаларга дубликаттарды берүү же мурда берилген күбөлүктөрдү алмаштырууүчүн; 5) жарандар - жарандык абал актыларын каттоо үчүн; 6) жарандар - тынчтык мезгилде аскердик кызматты өтөө убагындакурман болушкан аскер кызматчыларынын жана аскер адистеринин өлгөндүгүтууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн, жазууларды өзгөртүүгө, толуктоого жа-на ондоого байланыштуу, ошондой эле күбөлүктөрдүн дубликаттарын берүүүчүн. 7. Мамлекеттик алым төлөөдөн биринчи жолу жалпы жарандык паспорталгандар жана жашаган жери боюнча каттоодо турган жана жумушсуздугу бо-юнча жөлөкпул алган жумушсуз жарандар бошотулат. (Кыргыз Республикасынын
2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 7-статья. Мамлекеттик алымды бюджетке кириштөө Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан алынуучу мамлекеттикалым: - сотко кайрылууда республикалык бюджетке түшөт; - нотариатка жана жарандык абал актыларын каттоочу органдарга кай-рылганда - 90 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке, 10 пайыз өлчөмүндө- юстиция мекемелерин өнүктүрүү жана материалдык жактан колдоо фондунатүшөт; - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Республи-касынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн ыйгарым укуктуумамлекеттик органга кайрылганда 85 пайыз өлчөмүндө - ыйгарым укуктуумамлекеттик органдын атайын блокирленген эсебине, 15 пайыз өлчөмүндөички иштер органдарын өнүктүрүү фондуна түшөт. 8-статья. Мамлекеттик алымды төлөө жана кайтарып берүү тартиби 1. Мамлекеттик алым банктарга (филиалдарга) жана башка финансы-лык-кредиттик мекемелерге улуттук валютада накталай акча менен же бол-босо банктагы төлөөчүнүн эсебинен которуу жолу менен төлөнөт. Мамлекет-тик алымды алуу белгиленген формадагы квитанцияларды берүү аркылуу жү-зөгө ашырат. Мамлекеттик алымдын өлчөмүн аныктоодо эмгек акынын минимум өлчөмү-нүн белгиленген аз өлчөмү менен мамлекеттик алымды төлөө күнүнө каратаКыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган эмгекке акы төлөөнүнминимум өлчөмү эске алынат. 2. Эгерде тараптардын бири мыйзам боюнча мамлекеттик алым төлөөдөнбошотулса, аны экинчи тарап толугу менен төлөп берет. 3. Мамлекеттик алым ал салынуучу аракет ишке ашырылганга чейин,ошондой эле, сотко кайрылгандан башка учурларды кошпогондо документтер-ди берүүдө төлөнөт. Сотко кайрылганда мамлекеттик алым соттун доо арыз-ды жана башка арыздарды жана даттанууларды кароосунун жыйынтыгы боюнчаалынат. 4. Төлөнгөн мамлекеттик алым төмөнкүдөй учурларда толук же жа-рым-жартылай кайтарылып берилүүгө тийиш: 1) мамлекеттик алым Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилен-генден көп өлчөмдө төгүлгөндө; 2) нотариалдык иштерди жасоого ыйгарым укуктуу органдар аны жасоо-дон баш тарткан учурда; 3) (Кыргыз Республикасынын
2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамынаылайык алынып салынды) 4) мамлекеттик алым төлөгөн адамдар юридикалык жактан маанилүү иш-терди жасоодон баш тартса; 5) жашы жетелек балдары жок жубайлардын өз ара макулдугу боюнчаникени бузууну каттоо үчүн мамлекеттик алымды төлөсө, эгерде никени бу-зуу жубайлардын элдешүүсүнө же бирөөнүн келбей калышына байланыштууболбой калса; 6) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Респуб-ликасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүүдөн баш тартылса; 7) сот актысын кайра кароо жана даттанылуучунун сот актысын жоюужөнүндө даттануулары канааттандырылса; 8) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аныктоочу башкаучурларда. Прокурор мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды коргоо боюнча агаберилген доолорду канааттандыруудан баш тарткан учурда мамлекеттик алыммамлекеттик органдарды кошпогондо доо койгон адамдардан өндүрүлөт. Мамлекеттик алымды кайтаруу алым бюджетке түшкөн күндөн баштап,бир жылдык мөөнөт бүткөнгө чейин сотко арыз берилген шартта соттунаныктамасынын негизинде аны бюджетке чегерген жердеги финансылык-кре-диттик мекемелер аркылуу мамлекеттик салык органдары тарабынан жүргүзү-лөт. 5. Мамлекеттик алымды толук же жарым-жартылай кайтарып берүү үчүннегиз болуп саналуучу кырдаал сот тарабынан сот актысында көрсөтүлөт. 6. Мамлекеттик алым төмөнкүдөй учурларда кайтарылып берилбейт: 1) доогер коюлган доодон баш тартса; 2) доогер өзүнүн талаптарын азайтса; 3) иш тараптардын тынчтык жол аркылуу макулдашуусу менен бүткөнучурларда. 9-статья. Мамлекеттик алым алуунун тууралыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги Мамлекеттик алым алуучу мекемелердин жетекчилери иш-аракеттердинөз учурунда аткарылышы жана документтердин берилиши, алым алуунун туу-ралыгы, ошондой эле белгиленген тартипте бюджетке өз учурунда жана то-лук төлөө үчүн жоопкерчилик тартат. Мамлекеттик алым алуучу мекемелердин иш-аракеттерин контролдооКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. 10-статья. Ушул Мыйзамдын колдонулушу Мамлекеттик алым алуу шарттарына жана тартибине тиешелүү мыйзамдаржана башка ченемдик укуктук актылар аларды кабыл алуу мезгилине кара-бастан ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүктөрдө колдонулат. 11-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши 1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ченемдик укуктук актыларын ушулМыйзамга ылайык келтирүү боюнча чараларды көрсүн. 3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: -
"Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы(Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1993-ж., N3, 88-ст.); - "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынаөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,1994-ж., № 1, 8-ст.); - "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынатолуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы (Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1995 -ж., № 12, 434-ст.); - "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынаөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,1998-ж., № 12, 501-ст.); - "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынатолуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы (КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 1-ст.); - "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жанатолуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын3-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2000-ж.,№ 10, 632-ст.); - "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жанатолуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын1-статьясы ("Эркинтоо" газетасы, 2001-жылдын 20-июлу, № 53); - "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жанатолуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын5-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2002-ж.,№ 8, 374-ст.); - "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына то-луктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы (Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 2-ст.); - "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынаөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2004-ж., №1, 3-ст.); - "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр кир-гизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 1-статьясы (КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2005 -жыл., № 10, 760-ст.). Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев