Загрузка документа…
Көк-Арт айылдык кеңешинин 2024-жылдын 17-декабрындагы №4 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин кезектеги XXXI сессиясы
4.03.2022-жыл № 16
Айып пул салуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынына ылайык Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты А.Шооруковдун талаа эгиндерин зыянга учуратып жаткан мал жандыктарга айып пул салуу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн талаа эгиндерин тебелеп жаткан жылкыларга – 2000 (эки миң) сом, ири мүйүздүү малга – 1000 (бир миң) сом, майда жандыктарга (кой эчкилерге) – 500 (беш жүз) сом айып пул салынсын.
2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтын жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Г.А.Акпаралиевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык Кеңешинин төрагасы | С.Жуманазаров |