Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын
II сессиясынын
2024-жыл 17-декабры №4
Көк-Арт айылдык кеңеши тарабынан 2022-жылдын 04-мартындагы кабыл алынган №16 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнундө
Көк-Арт айылдык кеңешинин 2022-жылдын 04-мартындагы кабыл алынган №16 токтому Кыргыз Респуликаксынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинде каралган айып пул өлчөмдөрүн негизсиз төмөндөткөндүгү жана Көк-Арт айыл өкмөтүнун аймагында талаа эгиндерин тебелеп жаткан жылкыларга 2000 сом, ийри мүйүздүү малга 1000 сом, майда жандыктарга 500 сомдон айып пул салынсын деп негизсиз токтом кабыл алынгандыгы жөнундө Сузак райондук прокуратурасы тарабынан 29.11.2024-жылдын № 24/143-07-11/1-5-02490 сандуу Көк-Арт айылдык кеңешинин 2022-жылдын 04-мартындагы № 16 токтомуна каршылык билдирүү боюнча катын карап чыгып, токтом кылат:
1. Көк-Арт айылдык кеңешинин 2022-жылдын 04-мартындагы кабыл алынган № 16 токтому Сузак райондук прокуратурасынын каршылык билдирүүсүнүн негизинде жокко чыгарылсын;
2. КРнын мыйзамдарынын чегинде иш алып баруу жана ченемдик укуктук актыларды кабыл алууда мыйзамдуулугун карап иш алып баруу жагы туруктуу комиссияларга эскертилсин.
3. Токтомдун кабыл алынышын жана көзөмөл жүргузүүну өзүмө калтырамын.
Төрага
|
К. Исмаилов |