КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-февралы № 75
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жободо:
- 17-пунктунун биринчи абзацы "мамлекеттик органынын" деген сөздөрдөн кийин "же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 19-пунктунун экинчи абзацы "мамлекеттик кызмат ордун" деген сөздөрдөн кийин "же муниципалдык кызматтын тиешелүү муниципалдык кызмат ордун" деген сөздөр менен толукталсын;
- 20-пунктунун экинчи абзацы "мамлекеттик кызмат ордун" деген сөздөрдөн кийин "же муниципалдык кызматтын тиешелүү муниципалдык кызмат ордун" деген сөздөр менен толукталсын.
"Дипломаттык паспортторду тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын № 1 тизмеги";
- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма тогузунчу жана отузунчу абзацтар менен толукталсын:
"Бишкек шаарынын мэри
Ош шаарынын мэри";
"Кызматтык паспортторду тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын № 2 тизмеги";
- төмөнкүдөй мазмундагы бөлүктөр менен толукталсын:
"Бишкек шаарынын мэриясы
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри
Бишкек шаарынын вице-мэри
Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси
Ош шаарынын мэриясы
Ош шаарынын биринчи вице-мэри
Ош шаарынын вице-мэри".
Эскертүүсү: Берилген токтомдун 1-пунктундагы абзацтардын саны расмий тилдеги текстин абзацтардын санына дал келбейт.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 1-мартындагы N 15 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |