Загрузка документа…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 76, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-августундагы № 442, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 702, 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 478, 2024-жылдын 15-майындагы № 250, 2024-жылдын 8-октябрындагы № 610, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Дипломаттык жана кызматтык паспорттор жөнүндө жободо (мындан ары - Жобо) төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) Кыргыз Республикасынын дипломаттык паспорту (мындан ары - дипломаттык паспорт) - Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууда, Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары убактылуу жүрүүдө жана Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүдө Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин ырастоочу документ;
2) Кыргыз Республикасынын кызматтык паспорту (мындан ары - кызматтык паспорт) - Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууда, Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары убактылуу жүрүүдө жана Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүдө Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин ырастоочу документ;
3) консулдук кызмат - тышкы иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын түзүмдүк бөлүмү;
4) аймактык бөлүмдөр - Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортун тариздөөгө документтерди кабыл алууну жана аны берүүнү, ошондой эле ыйгарым укуктуу орган тарабынан көрсөтүлүүчү башка кызматтарды жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын ведомстволук мекемесинин аймактык бөлүмдөрү;
5) Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы - Кыргыз Республикасынын калкын жана жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияны жүзөгө ашырган мамлекеттик органы;
6) командировкага жиберүүчү уюмдар - өз кызматкерлерин кызматтык командировкага жиберүүчү бийликтин сот, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бутактарынын мамлекеттик органдары, мамлекеттик жогорку окуу жайлар, мамлекеттик ишканалар жана чарбакер субъекттер;
7) персоналды башкаруу кызматы - командировкага жиберүүчү уюмдун кадрлар маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмү;
8) жекелештирүү борбору - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин карамагында турган, Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортун жекелештирүүнү (мындан ары - жекелештирүү) жүргүзгөн жекелештирүү борбору;
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 250, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцяларына ылайык)
2. Ушул Жободо Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторун тариздөө, берүү, алмаштыруу, эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, алып коюу жана жок кылуу тартиби аныкталат.
3. Дипломаттык жана кызматтык паспорттор мамлекеттик маанидеги документ жана Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат, ал эми алардын ээлери Кыргыз Республикасынын коргоосунда болот.
4. Дипломаттык жана кызматтык паспорттор кызматтык иш сапарлар үчүн арналган жана 5 жылдык мөөнөткө берилет.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында дипломаттык жана кызматтык паспортторду алардын ээлери жарандык-укуктук, нотариалдык бүтүмдөрдү жана банктык операцияларды жасоо үчүн документтер катары колдоно албайт.
6. Дипломаттык паспортту жана кызматтык паспортту күрөө үчүн кабыл алууга жана калтырууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралгандан башка учурларда алып коюуга тыюу салынат.
7. Чет мамлекеттердин аймагына кирүүнүн жана анда жүрүүнүн тартиби тийиштүү чет мамлекеттин мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
8. Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору анын ээсине дипломаттык иммунитетти же артыкчылыктарды бербейт.
9. Дипломаттык паспорт төмөнкүлөргө берилет:
1) Кыргыз Республикасынын Президентине жана аны менен бирге чет өлкөгө бара жаткан үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, 18 жашка чыга элек балдарына, ошондой эле бул курактан улуу анын багуусунда болгон, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарына);
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жана анын жубайына;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына жана анын жубайына;
4) экс-президентке жана анын жубайына;
5) Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи же Кичи элчи дипломаттык рангы ыйгарылган адамдарга;
6) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик жана башка кызмат орундарын ээлеген адамдарга;
7) мамлекеттин биринчи адамдарын жеке коргоону камсыз кылуучу жана аларды чет өлкөлүк иш сапарларга коштоп жүрүүчү Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик кайтаруу органынын офицерлерине жана ыкчам кызматкерлерине;
8) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын компетенциясына эл аралык кызматташуу маселелери кирген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине;
9) тышкы иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын дипломаттык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген кызматтык командировкаларга чыгуучу кызматкерлерине;
10) тышкы иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын дипломаттык жана консулдук кызматтарын ээлеген, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелерине узак мөөнөттүү чет өлкөлүк командировкага жиберилген кызматкерлерине жана алар менен узак мөөнөткө чет өлкөлүк командировкага бирге бара жаткан үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, 18 жашка чыга элек балдарына, ошондой эле бул курактан улуу ата-энесинин же ата-энесинин биринин багуусундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарына, ошондой эле кызматкердин багуусунда болгон ата-энелерине);
11) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан командировкага жиберилген чет мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерине жана алар менен бирге чет өлкөгө бара жаткан үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, 18 жашка чыга элек балдарына, ошондой эле бул курактан улуу ата-энесинин же ата-энесинин биринин багуусундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарына жана кызматкердин багуусунда болгон ата-энесине).
12) соода өкүлүнө, региондук соода өкүлүнө, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайы, 18 жашка чыга элек балдары).
13) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин чет мамлекеттердеги өкүлдөрүнө жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, 18 жашка чыга элек балдарына).
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-августундагы № 442, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 702, 2024-жылдын 8-октябрындагы № 610 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10. Кызматтык паспорт төмөнкүлөргө берилет:
1) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик, муниципалдык же башка кызмат орундарын ээлеген адамдарга;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президентине;
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин президентине;
4) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин административдик-техникалык персоналына жана алар менен бирге узак мөөнөттүү чет өлкөлүк командировкага бирге бара жаткан үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, 18 жашка чыга элек балдарына, ошондой эле бул курактан улуу ата-энесинин же ата-энесинин биринин багуусундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарына жана кызматкердин багуусунда болгон ата-энесине);
5) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнө командировкага жиберилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, 18 жашка чыга элек балдарына, ошондой эле бул курактан улуу ата-энесинин же ата-энесинин биринин багуусундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын кызматкеринин багуусунда болгон ата-энесине);
6) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын ректорлоруна;
7) өзүнүн иш багыты боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары чыккан Кыргыз Республикасынын авиакомпанияларынын командалык жана учуучу-техникалык курамынын кызматкерлерине;
8) Кыргыз Республикасынын тейлеген мамлекеттик органынын жетекчисинин өтүнүч каты боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тескөө саясатын ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик акциялардын контролдук пакетине ээ болгон акционердик коомдордун жетекчилерине.
9) Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүктөрүнүн, алардын региондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайы, 18 жашка чыга элек балдары).
10) Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишкери" ардак наамынын ээлерине;
11) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган ишкердик субъекттердин жетекчилерине, мында ишкердик субъекттин жетекчиси Кыргыз Республикасынын жараны болууга, ал эми ишкердик субъекттер төмөнкүдөй критерийлерге ылайык келүүгө тийиш:
- Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттерине карызы жоктугу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларды жылына 5 (беш) миллион сомдон кем эмес көлөмдө экспорттоону жүзөгө ашырууга, экспорттук көлөм жок болгон учурда өткөн жыл үчүн 15 (он беш) миллион сом көлөмүндө төлөнгөн салыкка ээ болууга же кызматтык паспортко документтерди берген учурда 50дөн (элүү) кем эмес түзүлгөн туруктуу иштеген жумуш орундарына ээ болууга;
- ишкердик субъекттин жетекчисине карата козголгон кылмыш иштери же белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу жоктугу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 702, 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 478, 2024-жылдын 15-майындагы № 250 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Эл аралык уюмдарга ишке жиберилген, өз ишин чет мамлекеттердин аймагында жүргүзгөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык белгилүү бир артыкчылыктар жана иммунитеттер каралган Кыргыз Республикасынын жарандарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайы, 18 жашка чыга элек балдары, ошондой эле ата-энесинин же ата-энесинин биринин багуусунда болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бул курактан ашкан балдары жана кызматкердин багуусунда болгон ата-энеси) Кыргыз Республикасынын тейлөөчү мамлекеттик органдарынын сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын буйругу (жеткиликтүүлүгү чектелген гриф менен) менен бекитилген Кызмат орундарынын тизмегине ылайык дипломаттык же кызматтык паспорттор берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-августундагы № 442 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Дипломаттык жана кызматтык паспортторду тариздөө, берүү, алмаштыруу жана өткөрүп берүү тартиби
12. Командировкага жиберген уюм ушул Жобонун 9-пунктунун 1, 2, 3, 6, 7, 8 11-пунктчаларында, 10-пунктунда (4, 10 жана 11-пунктчаларында аталган адамдардан тышкары) жана 11-пунктунда аталган адамдарга дипломаттык же кызматтык паспортту тариздөө же алмаштыруу үчүн консулдук кызматка командировкага жиберилүүчү кызматкердин аты-жөнүн, ээлеген кызмат ордун көрсөтүү менен жетекчи тарабынан кол коюлган тиешелүү паспортту тариздөө жөнүндө жазуу жүзүндөгү өтүнүч катын жиберет.
Өтүнүч катка төмөнкү документтер тиркелет:
- командировкага жиберүүчү уюмдун персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн, ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча толтурулган дипломаттык/кызматтык паспортту берүү жөнүндө карточка (мындан ары - карточка) бир нускада, 4х6 см өлчөмүндөгү сүрөтү менен;
- Кыргыз Республикасынын улуттук паспортунун түрлөрүнүн биринин көчүрмөсү;
- кызматтык иштер боюнча чет өлкөгө кетип жаткан адамдын 3х4 см өлчөмүндөгү сүрөтү менен ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча толтурулган анкетасын (мындан ары - анкета) жиберүү аркылуу командировкага жиберүүчү уюмдун суроо-талабы боюнча ички иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалым кат;
- 3х4 см өлчөмүндөгү сүрөтү менен ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча толтурулган анкетасын жиберүү аркылуу командировкага жиберүүчү уюмдун суроо-талабы боюнча кызматтык адамга тиешелүү паспортту тариздөө үчүн улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген каршы пикирдин же компроматтык маалыматтын жоктугу жөнүндө маалым кат;
- кызматка дайындалгандыгын ырастоочу документ же командировкага жиберген уюмдун персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн аскердик кызматты өтөгөндүгү жөнүндө маалым кат;
- эл аралык уюмга дайындалган адамдар үчүн кызматка дайындалгандыгын ырастоочу документ;
- дипломаттык же кызматтык паспорттун көчүрмөсү (алмаштырган учурда).
Багууда болгон адамдар үчүн төмөнкүлөр тиркелет:
- Кыргыз Республикасынын улуттук паспортунун түрлөрүнүн биринин көчүрмөсү;
- жубайлар чет өлкөгө бирге чыккан учурда никелешүү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
- балдар менен бирге чыккан учурда туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү жана дипломаттык же кызматтык паспортту тариздөөгө экинчи ата-энесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу (арыз берүүчү жалгыз ата-эне болбогон учурда).
18 жашка чыга элек жарандарга паспортту тариздөөдө же алмаштырууда арызга ата-энесинин биринин же мыйзамдуу өкүлүнүн кол тамгасы коюлат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-августундагы № 442, 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 478 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
13. Ушул Жобонун 9-пунктунун 9 жана 10-пунктчаларында жана 10-пунктунун 4-пунктчасында аталган адамдарга дипломаттык же кызматтык паспортту тариздөө же алмаштыруу үчүн тышкы иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин атына ушул Жобонун 12-пунктунда аталган документтер тиркелген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин колу коюлган кызматтык кат же чет өлкөдөгү мекеменин каты киргизилет.
Консулдук кызмат керектүү маалыматтарды алуу үчүн ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз ээси тарабынан толтурулган анкетаны жиберүү аркылуу ички иштер жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына суроо-талап жиберет.
14. Ушул Жобонун 9-пунктунун 4-5-пунктчаларында аталган адамдарга дипломаттык же кызматтык паспортту тариздөө же алмаштыруу үчүн консулдук кызматка төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- тышкы иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин атына тиешелүү паспортту тариздөөгө же алмаштырууга арыз;
- Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун түрлөрүнүн биринин көчүрмөсү;
- Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи же Кичи элчи дипломаттык рангы ыйгарылгандыгы жөнүндө документтин көчүрмөсү (ыйгарылган учурда);
- ички иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген соттуулугунун бардыгы/жоктугу жөнүндө маалым кат;
- дипломаттык же кызматтык паспорттун көчүрмөсү (алмаштырууда).
Консулдук кызмат Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча толтурулган анкета аркылуу тийиштүү паспортту тариздөө үчүн каршы пикирдин же компроматтык маалыматтын жоктугу жөнүндө суроо-талапты жиберет.
15. Ушул Жобонун 34-пунктуна ылайык дипломаттык же кызматтык паспорт таризделүүчү Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн консулдук кызматка төмөнкү документтер берилиши керек:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасы;
- Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун түрлөрүнүн биринин көчүрмөсү;
- 4х6 см өлчөмүндөгү сүрөт менен ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча толтурулган карточка, бир нускада;
- ички иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген соттуулугунун бардыгы/жоктугу жөнүндө маалым кат.
Консулдук кызмат Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча толтурулган анкета аркылуу тийиштүү паспортту тариздөө үчүн каршы пикирдин же компроматтык маалыматтын жоктугу жөнүндө суроо-талапты жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-августундагы № 442 токтомунун редакциясына ылайык)
151. Ушул Жобонун 10-пунктунун 10, 11-пунктчаларына ылайык кызматтык паспорт таризделүүчү Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн консулдук кызматка төмөнкүдөй документтерди берүү зарыл:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин паспорт алуучунун фамилиясын, атын жана ээлеген кызмат ордун көрсөтүү менен жетекчинин колу коюлган кызматтык паспортту тариздөө жөнүндө жазуу жүзүндөгү өтүнүчү;
- Кыргыз Республикасынын улуттук паспортунун түрлөрүнүн биринин көчүрмөсү;
- 4x6 см өлчөмүндөгү сүрөт менен ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча толтурулган карточка, бир нускада;
- ички иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген соттуулугу бар/жок экендиги жөнүндө маалымкат;
- "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишкери" ардак наамын ыйгаруу жөнүндө документтин көчүрмөсү (ыйгарылган учурда);
- ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан берилген республикалык жана жергиликтүү бюджеттин алдында карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларды өткөн жылы 5 (беш) миллион сомдон кем эмес көлөмдө экспорттоону жүзөгө ашыргандыгы жөнүндө салык салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ырасталган документ, экспорттук көлөм жок болгон учурда өткөн жыл үчүн 15 (он беш) миллион сомдон кем эмес өлчөмдө салык төлөгөндүгүн ырастаган документ же кызматтык паспортко документтерди берген учурда 50дөн (элүү) кем эмес туруктуу иштеген жумуш орундары бар экендигин ырастаган документ берилет;
- ата мекендик компаниянын персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн кызматка дайындалгандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү.
Консулдук кызмат Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча толтурулган анкетаны жөнөтүү аркылуу тиешелүү паспортту тариздөө үчүн каршы пикирдин же компроматтык маалыматтын жоктугу жөнүндө суроо-талапты жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 478, 2024-жылдын 15-майындагы № 250 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
16. Ички иштер жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча чет өлкөгө чыгууга чектөө коюлган учурда консулдук кызмат дипломаттык же кызматтык паспортту тариздөө боюнча арызды кароодон баш тартат жана материалдарды андан ары карабастан, коштомо кат менен кайтарып берет.
17. Консулдук кызматтын кызматкери ушул Жободо каралган берилген документтердин негизинде дипломаттык же кызматтык паспортту тариздөө үчүн электрондук анкетаны толтурууга реестрди (мындан ары - реестр) ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча эки нускада даярдайт жана кол коюу үчүн аны паспорт алуучуга берет.
18. Мурда берилген документтер менен кандайдыр бир айырмачылыктар болбосо, паспорт алуучу 2 нускадагы реестрге кол коёт.
19. Консулдук кызматтын кызматкери 2 нускада берилген реестрге кол коёт жана күбөлөндүрөт. Реестрдин бир нускасы андан ары аймактык бөлүмгө же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине тапшыруу үчүн паспорт алуучуга берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-августундагы № 442, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
20. Паспорт алуучу реестрди аймактык бөлүмгө же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-августундагы № 442, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
21. Аймактык бөлүмнүн же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкери паспорт алуучунун катышуусунда:
- берилген документтердин негизинде "Паспорт" автоматташтырылган маалымат системасында (мындан ары - "Паспорт" АМС) электрондук арыз толтурат;
- биометрикалык маалымат базасы боюнча салыштыруу үчүн эки колдогу сөөмөйлөрдүн папиллярдык оюуларын сканерлейт, биометрикалык маалымат базасында колдун манжаларынын издери жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдун манжаларынын издери чогултулат;
- паспорт алуучунун бети сүрөткө тартылып алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-августундагы № 442, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
22. Электрондук арыздын бардык керектүү реквизиттерин толтуруп бүткөндөн кийин аймактык бөлүм же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкери аны карап чыгуу үчүн арыз ээсине берет.
Паспорт алуучу аймактык бөлүм же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкери тарабынан электрондук арызга киргизилген маалыматтарды мурда берилген документтеги маалыматтар менен салыштырат жана өзүнүн аты менен фамилиясынын транслитерациясынын тууралыгын текшерет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-августундагы № 442, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
23. Аймактык бөлүм же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкери керектүү жол-жоболор аяктагандан кийин ырастоо үчүн электрондук арызды "Паспорт" АМС аркылуу консулдук кызматка жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-августундагы № 442, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
24. Консулдук кызматтын кызматкери аймактык бөлүмдөн же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринен түшкөн электрондук арызды мурда берилген документтерде аталган маалыматтарга шайкеш келишин текшерет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-августундагы № 442, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
25. Электрондук арызда аталган маалыматтар мурда берилген документтерге шайкеш келген учурда консулдук кызматтын кызматкери "Паспорт" АМСти пайдалануу аркылуу электрондук кол тамга менен электрондук арызга кол коёт жана аны джекелештирүү борборуна жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Дипломаттык же кызматтык паспортту жекелештирүү электрондук арыз түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен жекелештирүү борбору тарабынан жүргүзүлөт.
Жекелештирүү борбору даяр болгон дипломаттык же кызматтык паспортторду почта байланышы аркылуу консулдук кызматка жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
27.Жекелештирилген дипломаттык же кызматтык паспорттор ээсине берилгенге чейин консулдук кызматтагы өзүнчө сейфте, алардын толук сакталышын камсыз кылуучу шарттарда сакталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Консулдук кызматтын кызматкери дипломаттык же кызматтык паспортту талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде карточкага кол койдуруп, паспорт алуучуга же анын ишенимдүү адамына тапшырат.
29. Дипломаттык же кызматтык паспорттордун ээлери аларды алгандан соң кызматтык командировкадан кайтып келгенден кийин 3 күндүк мөөнөттө командировкага жиберүүчү уюмдун персоналды башкаруу кызматына аларды тапшырууга милдеттүү.
Дипломаттык же кызматтык паспорттор командировкага жиберүүчү уюмдун персоналды башкаруу кызматында сакталат жана ушул Жобонун 34-пунктунда аталган адамдардан башка чет өлкөгө командировкага жиберүү жөнүндө буйруктун негизинде алардын ээлерине берилет.
30. Дипломаттык же кызматтык паспортторду сактоо, берүү жана пайдалануу үчүн жоопкерчилик өзүнүн түздөн-түз эмгек ишин жүзөгө ашыруунун алкагында ведомствонун жетекчисинин кадрдык саясат маселелерин тейлеген орун басарына жана командировкага жиберүүчү уюмдун персоналды башкаруу кызматынын жетекчисине жүктөлөт.
Ушул Жобонун 9-пунктунун 4, 5-пунктчаларына, 10-пункттун 10, 11-пунктчаларына жана 34-пунктуна ылайык паспортту алган адамдарга ушул Жобонун 53-пунктунда каралган дипломаттык же кызматтык паспортторду сактоо жана пайдалануу үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-августундагы № 442, 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 478 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
31. Дипломаттык же кызматтык паспорт төмөнкү учурларда алмаштырылат:
- паспорттун жарактуулук мөөнөтү бүткөндө;
- аты-жөнүн өзгөрткөндө (өзгөрткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү берилет);
- паспортту жоготкондо же ал колдонууга жарабай калганда (механикалык зыянга учураганда);
- визанын бош барактары түгөнгөндө;
- жазууларда так эместиктер болгондо - дипломаттык же кызматтык паспортту жекелештирүү учурунда арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү негизги документте аталган маалыматка шайкеш келбеген жазуулар жүргүзүлгөн учурда;
- арыз ээси хирургиялык кийлигишүү жолу менен бет түзүлүшүн өзгөрткөндө.
32. Жоголгон учурду кошпогондо, дипломаттык же кызматтык паспортту алмаштырууда мурда берилген паспорт алынмайынча жекелештирилген паспортту берүүгө жол берилбейт.
Дипломаттык же кызматтык паспортто виза коюлуучу бош барактар жана чет мамлекеттин жарактуу визасы болгондо, паспорт алуучунун жазуу жүзүндөгү өтүнүчү боюнча жарактуу визанын мөөнөтү аяктаганга чейин пайдаланууга жол берилет, кийин ал паспорт консулдук кызматка милдеттүү түрдө өткөрүлүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Берилген дипломаттык жана кызматтык паспорттор жөнүндө маалымат базасын түзүү калкты каттоо жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан камсыз кылынат.
34. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин (өз номенклатурасынын алкагында) тапшырмасы боюнча милдеттүү түрдө жыл сайын кайра каттоо жол-жобосун жүргүзүү менен ушул Жободо каралбаган башка адамдарга дипломаттык же кызматтык паспорт берилиши мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-августундагы № 442 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Дипломаттык же кызматтык паспорт жоголгон учурда анын ээси тез арада бул тууралуу болгон байланыш каналдары аркылуу төмөнкүлөргө билдирүүгө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын аймагында - командировкага жиберүүчү уюмдун персоналды башкаруу кызматына, ички иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана консулдук кызматка;
- Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары - келген өлкөдөгү укук коргоо органдарына, Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине.
36. Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жүргөндө дипломаттык же кызматтык паспортун жоготуп алган учурда Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк Кыргыз Республикасына кирүү укугун берген документ катары саналат, ал Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломаттык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
3. Дипломаттык же кызматтык паспортторду эсепке алуу, сактоо, алып коюу жана жок кылуу
37. Консулдук кызмат жыл сайын мурда берилген дипломаттык жана кызматтык паспортторду кайра каттайт жана алардын эсебин алат.
38. Командировкага жиберүүчү уюмдарда дипломаттык жана кызматтык паспортторду эсепке алууну, сактоону жана пайдаланууну контролдоо консулдук кызмат тарабынан жүргүзүлөт.
39. Командировкага жиберүүчү уюмдар квартал сайын айдын 5ине карата консулдук кызматка Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө маалыматтарды ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык форма боюнча жиберип турат.
40. Командировкага жиберүүчү уюмдун кызматкери ишин токтоткон учурда командировкага жиберүүчү уюмдун персоналды башкаруу кызматы 5 (беш) жумуш күндүн ичинде тиешелүү паспортту тиркөө менен жазуу жүзүндөгү билдирмени консулдук кызматка жиберет.
41. Иш сапарга жиберүүчү уюмдар тарабынан берилген маалыматтын негизинде консулдук кызмат Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан дипломаттык же кызматтык паспортту алып коюу үчүн чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына кабарлоо үчүн жараксыз паспорттордун маалыматтар базасына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасына 5 (беш) жумуш күндүн ичинде тиешелүү маалыматтарды киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-августундагы № 442 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пункттарында дипломаттык жана кызматтык паспорттор мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан төмөнкү учурларда алып коюлат:
- Кыргыз Республикасынын Тышкы миграцияны бирдиктүү эсепке алуу системасындагы маалыматтар болгондо;
- паспорт жасалма болгондо;
- паспорт жараксыз болгондо;
- Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын паспортту алып коюу жөнүндө ыкчам тапшырмасы болгондо;
- паспорт жасалма документтер же Кыргыз Республикасынын жарандарын жекелештирүү жана документтештирүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен алынган документтер боюнча берилген фактысы аныкталганда;
- адам Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон учурда;
- адам Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда;
- паспорт ээси командировкага жиберүүчү уюмда эмгек ишин токтоткондо.
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан алып коюлган дипломаттык же кызматтык паспорттор тез аранын ичинде Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коштомо каты менен консулдук кызматка жиберилет.
43. Келип түшкөн дипломаттык жана кызматтык паспорттор алардын жарактуулук мөөнөтү бүткөнгө чейин консулдук кызматта сакталат.
44. Консулдук кызматта сактоодо болгон дипломаттык жана кызматтык паспорттор жарактуулук мөөнөтү бүткөндөн кийин калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесине жок кылуу үчүн жиберилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
45. Дипломаттык жана кызматтык паспорттор төмөнкү учурларда жараксыз деп таанылат:
- паспорттун жарактуулук мөөнөтү бүткөндө;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтогондо (жарандыктан чыгуу жана жарандыкты жоготуу, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында же Кыргыз Республикасы катышкан мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган башка негиздер);
- паспортту жаңы паспортко алмаштырганда;
- паспорт ээси каза болгондо же соттун чечими менен паспорт ээсинин каза болгондугу же дайынсыз жоголгондугу таанылганда;
- мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде паспорттун жараксыздыгы таанылганда;
- паспорт ээсинин ким экендигин идентификациялоого мүмкүн болбогондо;
- дефекттер жана механикалык бузуулар аныкталганда;
- жасалма паспорт аныкталганда;
- паспорт жана анын мазмуну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген паспорттун үлгүсүнө шайкеш келбегенде;
- паспортко чындыкка шайкеш келбеген маалыматтар, ушул Жободо каралбаган белгилер жана (же) жазуулар киргизилгенде.
Дипломаттык же кызматтык паспорт жараксыз деп таанылганда, ал үч нускада акт түзүү менен белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдар тарабынан алып коюлууга тийиш, алардын бири акт түзүлгөн жерде калат, экинчиси - паспорттун ээсине тапшырылат, үчүнчүсү тиркелген жараксыз дипломаттык же кызматтык паспорт менен бирге консулдук кызматка жиберилет.
Дипломаттык жана кызматтык паспортту кайра каттоодон өткөргөн учурда консулдук кызмат Кыргыз Республикасынын тышкы миграцияны бирдиктүү эсепке алуу системасына тийиштүү маалыматтарды киргизет жана бул жөнүндө Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга дароо расмий кат менен билдирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-августундагы № 442 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Жараксыз, талап кылынбаган, алмаштырууга жаткан, жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен, колдонууга жарабаган (жараксыз абалга келген), алмаштырууга жаткан дипломаттык же кызматтык паспорттор консулдук кызмат тарабынан (жок кылуу үчүн тизме менен) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесине жок кылуу үчүн жиберилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
47. Дипломаттык жана кызматтык паспорттор калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан түзүлгөн жана курамы калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын буйругу менен бекитилген комиссия тарабынан өрттөө же атайын механикалык ыкмадагы кесүү жолу менен жок кылынат.
48. Дипломаттык жана кызматтык паспортторду жок кылуу жөнүндө акты түзүлөт. Актыга комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
49. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органына консулдук кызмат тарабынан жок кылуу үчүн жиберилген дипломаттык жана кызматтык паспорттор аталган ыйгарым укуктуу органда бир кварталга сакталат.
4. Дипломаттык жана кызматтык паспортторго киргизилүүчү маалыматтар жана белгилер
50. Дипломаттык жана кызматтык паспортторго төмөнкү жазуулар жана белгилер киргизилет:
- чет мамлекеттин визасы;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын жана/же чет өлкөнүн чек арасын кесип өткөндүгү жөнүндө белги (штамп-дата);
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын жана/же чет өлкөнүн чек арасын кесип өткөндүгү жөнүндө белгинин (штамп-дата) жокко чыгарылгандыгы жөнүндө белги;
- чет мамлекетте аккредитациялоо же каттоо жөнүндө белги.
51. Ушул Жободо каралбаган маалыматтарды, белгилерди жана жазууларды дипломаттык жана кызматтык паспортко киргизүүгө тыюу салынат.
52. Ушул Жободо каралбаган дипломаттык же кызматтык паспортко киргизилген маалыматтар, белгилер жана жазуулар жараксыз деп таанылат.
5. Ушул Жобону бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
53. Ушул Жобонун талаптарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчиликке тартылат.
|
| Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Дипломаттык паспортту тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана башка кызмат орундарынын ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-августундагы № 442 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү
2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы
6. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары
7. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы
8. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору
9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы
10. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
11. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы
12. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
13. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын жетекчиси жана анын орун басарлары
14. Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү
15. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башкармалыгынын начальниги.
|
| Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Кызматтык паспортту тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык жана башка кызмат орундарынын ТИЗМЕГИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-августундагы № 442, 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 478 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү жана анын орун басары
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү
5. Басма сөз-катчысы
6. Башкармалыктын начальнигинин орун басары
7. Кызматтын жетекчиси жана анын орун басары
8. Борбордун директору жана анын орун басары
9. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальниги
10. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин атайын өкүлү жана анын орун басары
11. Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү
12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кеңешчиси
13. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жардамчысы
14. Бөлүмдүн башчысы жана анын орун басары
15. Комиссиянын жооптуу катчысы
2-глава. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси жана анын орун басары
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчиси
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жардамчысы
4. Басма сөз-кызматынын жетекчиси
5. Бөлүм башчысы жана анын орун басары
3-глава. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
4-глава. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы
1. Катчынын орун басары
2. Сектор башчысы
5-глава. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана мамлекеттик комитети
1. Министрлердин орун басарлары
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальнигинин орун басары
3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын командачысы
4. Кыргыз Республикасынын Түштүк-Батыш оперативдүү командачылыгынын командачысы
5. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн командачысы
6. Департаменттин, борбордун директору
7. Башкы башкармалыктын, кызматтын, ошондой эле аларга теңештирилген бөлүмдөрдүн начальниги
8. Башкармалыктын, өз алдынча бөлүмдүн начальниги
9. Улуттук коопсуздук органынын улук оперкызматкери
6-глава. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик агенттиктер, мамлекеттик кызматтар жана мамлекеттик инспекциялар
Жетекчилери жана алардын орун басарлары
7-глава. Кыргыз Республикасынын министрликтерине жана комитетине караштуу ведомстволук бөлүмдөр (кызматтар, фонддор, департаменттер жана борборлор)
Жетекчилери жана алардын орун басарлары
8-глава. Кыргыз Республикасынын Президентине баш ийген башка органдар
Улуттук комиссиянын, комитеттин, агенттиктин, мамлекеттик комиссиянын жетекчилери жана алардын орун басарлары
9-глава. Кыргыз Республикасынын Сот бийлиги
1. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары, судьясы
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары, судьясы
3. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын жетекчиси
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын жетекчиси
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору жана анын орун басары
10-глава. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
1. Башкарманын мүчөсү
2. Төраганын орун басары
11-глава. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппараты
1. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарлары
2. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) аппарат жетекчиси
12-глава. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
1. Төраганын орун басары
2. Комиссия мүчөсү
3. Аппарат жетекчиси
13-глава. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы
1. Башкы прокурордун орун басары
2. Башкармалыктын начальниги, башкармалыктын начальнигинин орун басары, өз алдынча бөлүмдүн начальниги
3. Облустун, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурору
4. Башкы прокурордун улук жардамчысы
5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын улук прокурору, прокурору
6. Аскер прокурорунун орун басары
7. Улук тергөөчү
8. Өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчү
9. Өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү
14-глава. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы
1. Аудитор
2. Аппарат жетекчиси
15-глава. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду
Төрагасы жана анын орун басары
16-глава. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери
17-глава. Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту
Директор
18-глава. Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттери
"Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишкери" ардак наамынын ээси
Ишкердик субъекттин жетекчиси
|
| Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Форма
Дипломаттык/кызматтык паспортту берүү жөнүндө КАРТОЧКА
1. _______________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
2. ________________________________ 3. ________________________________________
(туулган күнү, айы, жылы) (туулган жери)
4. _______________________________ 5. ________________________________________
(улуту) (үй-бүлөлүк абалы)
________________________________________________________________________________________
(никеде турса, жубайынын аты-жөнүн, никени каттаган органды жана датасын көрсөтүү зарыл)
________________________________________________________________________________________
(атасынын жана энесинин аты-жөнү - жашы жете электер үчүн)
6. _____________________________________________________________________________________
(жашаган жеринин дареги (шаары, көчөсү, үйү, үйдүн/батирдин №)
7. _____________________________________________________________________________________
(иштеген жеринин аталышы жана дареги)
8. ______________________________________________________________________________________
(кызмат орду)
9. Дипломаттык/кызматтык паспорту барбы ______________________________________________________
(паспорттун сериясын жана берилген датасын көрсөтүңүз)
10. Жалпы жарандык паспорттун сериясы, номери, берилген күнү _______________________________
11. Кызматтык чет өлкөлүк/узак мөөнөттүү командировкага кетип жаткандыгыма байланыштуу
паспорт берүүңүздү (алмаштырууңузду) өтүнөм же себебин көрсөтүңүз
| ___________________________________________________________ |
| (керектүүсүнүн астын сызыңыз) |
сүрөт 4х6 см | Паспортту колдонуу эрежеси менен тааныштым: _______________ |
| (колу) |
| Персоналды башкаруу кызматынын жетекчиси _________________ |
| _____________________________________________ ___________ |
мөөрдүн орду | (арыз ээси киргизген маалыматтарды ырастоо үчүн) (колу) |
___________________________________________________________________________
Кызматтык белгилер үчүн
Консулдук кызматтын жетекчиси___________________ 20___ -ж. "___"____________
(колу) (дата)
Дипломаттык/кызматтык паспорт Жобонун _______ пунктунун негизинде берилди.
Паспорттун сериясы: ____ _________ Паспорт берилген дата: 20___-ж. "___"_________
____________________________________ |
| _______________________________ |
(паспортту алууда ээсинин/ишенимдүү адамынын колу) |
| (паспорт берген консулдук кызматтын кызматкеринин колу) |
|
| Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Форма
Кызматтык иштер боюнча чет өлкөгө чыгуучу жактар үчүн АНКЕТА
1. _________________________________________________________________ |
|
(аты-жөнү) |
|
____________________________________________________________________ | сүрөт 3x4 см |
(Аты-жөнүн өзгөртүүдө өзгөртүү жөнүндө күбөлүктүн № жана берилген датасын көрсөтүү керек) |
|
2. _______________________________ 3. _______________________________ |
|
(туулган күнү, айы, жылы) (туулган жери) |
|
4. Акыркы жолу барган чет өлкө _________________________________________ | |
(барган өлкө жана барган датасы) | |
5. Эмгек жолундагы акыркы 5 жылда аткарган иши (окуу жайларындагы билим алуусун жана аскердик кызматын кошуп алганда). Мекеменин, уюмдун жана ишкананын аталышы ошол учурда аталгандай, аскердик кызмат ордун көрсөтүү менен жазылат.
Кирүү датасы | Чыгуу датасы | Кызмат орду, иштеген жеринин аталышын көрсөтүү менен | Иштеген жеринин дареги |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
6. Баруучу болжолдуу өлкө ______________________________________________
7. Баруу мөөнөтү_______________________ баштап________________________ чейин
8. Баруучу болжолдуу маршрут __________________________________________
9.__________________________________________________________________________
(жашаган жеринин дареги (шаар, көчө, үй, үйдүн/батирдин № )
10. Байланышуучу телефон номери ____________________________________________
(кызматтык/мобилдик)
11. Жалпы жарандык паспорттогу маалымат _____________________________________
(сериясы, номери, берилген күнү)
Көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын ырастайм:
Арыз ээси: | _____________ | 20_-ж. "___"_________________ |
| (колу) |
|
|
|
|
Командировкага жиберүүчү уюмдун жетекчиси: | _____________ | 20_-ж. "___"_________________ |
| (колу) |
|
|
|
|
Персоналды башкаруу кызматынын жетекчиси: | _____________ | 20_-ж. "___"_________________ |
| (колу) |
|
|
| мөөрдүн орду |
|
| Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Форма
|
| Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым |
|
| укуктуу органдын |
|
| аймактык бөлүмү |
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
Дипломаттык же кызматтык паспортту тариздөө үчүн электрондук анкетаны толтурууга РЕЕСТР № ______
|
| Дипломаттык |
| Кызматтык |
1. __________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
2. ____________________________ 3. _________________________________________
(туулган күнү, айы, жылы) (идентификациялык жеке номери)
3. __________________________________________________________________________
(иштеген жери)
4. __________________________________________________________________________
(кызмат орду)
5. __________________________________________________________________________
(мурдагы дипломаттык/кызматтык паспорттун сериясы, номери жана датасы)
6. __________________________________________________________________________
(дипломаттык/кызматтык паспортту тариздөөгө негиз)
7. Арыз ээсинин аты-жөнү транслитерациясы: _____________________________________
______________________________________ |
| ________________________________________ |
(арыз ээсинин/ишенимдүү адамынын колу) |
| (Консулдук кызматтын кызматкеринин колу) |
20___-ж. "____"_______________________ |
| 20___-ж. "____"______________________ |
|
|
|
|
| мөөрдүн орду |
|
| Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жобого 6-тиркеме |
Форма
Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө МААЛЫМАТ
____________________________________________________________ (командировкага жиберүүчү уюмдун аталышы)
20___-ж. "____" __________ баштап "____" __________ чейин
№ | Аты-жөнү | Кызмат орду | Паспортту тариздөө жөнүндө өтүнүч каттын чыгыш номери | Паспорттун тиби, паспорттун номери жана берилген күнү | Эскертүү |
1 |
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
|
6 |
|
|
|
|
|
7 |
|
|
|
|
|
8 |
|
|
|
|
|
9 |
|
|
|
|
|
10 |
|
|
|
|
|
Көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын ырастайм.
Жалган маалымат киргизилсе, жеке жоопкерчилик тартам.
Командировкага жиберген уюмдун жетекчиси: | ________________________ | _________________ |
| (аты-жөнү) | (колу) |
|
|
|
Персоналды башкаруу кызматынын жетекчиси: | ________________________ | _________________ |
| (аты-жөнү) | (колу) |
|
|
|
|
| мөөрдүн орду". |