Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-февралы № 78
"Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 355-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Геномдук селекция - бул дезоксирибонуклеин кислоталык маркердин жардамы менен малдын генотиптерин тактоо, ал гендердин варианттары менен чарбалык-пайдалуу белгилердин ортосундагы өз ара байланышты табууга, азыктуулук сапаттарынын баалуу белгилеринин популяциясын аныктоого жана бекемдөөгө, селекцияны максаттуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Дезоксирибонуклеин кислоталык маркерлер - бул полиморфтук белги, түрдүү жандыктардын, породалардын, сорттордун, линиялардын генотиптерин салыштырууда белгилүү ген үчүн же хромосомдун ар кандай башка участкасы үчүн молекулярдык биологиянын методу менен дезоксирибонуклеин кислоталарынын нуклеотиддик ырааттуулугунун деңгээлинде аныкталат.";
2) 2-берененин 2-бөлүгүнүн сегизинчи абзацындагы "илимдин" деген сөз ", геномдук селекциянын" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 5-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-берене. Асылдандыруу ишинин субъекттерин мамлекеттин колдоо
Асыл тукум заводу жана асыл тукум фермасы статусун алган асылдандыруу ишинин субъектилерин мамлекеттик колдоо асыл-тукум жана товардык малдын наркынын ортосундагы айырманы мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылоо жолу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жана шарттарда ишке ашырылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |