Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-февралы № 81
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн расмий аталышын бир түрдүү колдонуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү деп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 11-августундагы № 477 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы "Кыргызстандын түштүгү боюнча" деген сөздөр "Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- преамбуласындагы "түштүк аймактарында" деген сөздөр "Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна," деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башкаруу схемасында:
"Кыргызстандын түштүгү боюнча ТИМдин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Ош ш." позициясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"КР ТИМдин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-декабрындагы № 705 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы "Кыргызстандын түштүгү боюнча" деген сөздөр "Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жободо:
аталышындагы жана 1-пунктундагы "Кыргызстандын түштүгү боюнча" деген сөздөр "Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-мартындагы N 18 жарыяланды
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |