Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 25-декабры № 705

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-февралындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык)

Дипломатиялык кызматтын органдарынын ишин жөнгө салуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жобо бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-февралындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык)

 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 11-августундагы № 477 "Кыргызстандын түштүгүндөгү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун мамлекеттик тилдеги текстинин аталышындагы жана 1-пунктундагы "Кыргызстандын түштүгүндөгү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 2, 3-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-январындагы № 56 "Кыргызстандын түштүгүндөгү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 11-августундагы № 477 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев