Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-февралы № 82
"Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2015-жылдын 11-августу, № 74) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-беренесинде:
а) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча кепилдик төлөмдөрдүн фонду (мындан ары - Фонд) - милдеттүү камсыздандыруу боюнча кепилдик төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу максатында камсыздандыруучулар тарабынан түзүлүүчү коммерциялык эмес уюм;";
б) 17-пунктундагы "(мамлекеттик камсыздандыруу уюму)" деген сөздөр алып салынсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 19-пункт менен толукталсын:
"19) франшиза - милдеттүү камсыздандыруу келишими менен аныкталган жана кызыкчылыгы милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттарына ылайык камсыздандырылган камсыздандырылуучуга же пайда табуучуга камсыздандыруучу тарабынан орду толтурулууга тийиш эмес жана камсыздандыруу суммасынан белгилүү бир пайыз түрүндө белгиленген чыгымдардын бөлүгү.";
2) 7-беренесинде:
а) берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Турак жайды камсыздандырууну каалаган адам милдеттүү камсыздандырууну ишке ашыруучу камсыздандыруучуну эркин тандоого укуктуу.
Милдеттүү камсыздандыруу келишими ачык-айкын болуп саналат. Камсыздандыруучу ага милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндө арыз менен кайрылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринде каралган документтерди берген адамга милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдөн баш тартууга укуксуз.";
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Камсыздандыруу полисинин шарттары ушул Мыйзамдын жана Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринин шарттарына шайкеш келүүгө тийиш.";
3) 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда:
а) "и", "л", "м" пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
б) "н" пунктчасындагы "20" деген цифралар "200" деген цифралар менен алмаштырылсын;
4) 11 жана 12-беренелери төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-берене. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулуу мөөнөтү
Милдеттүү камсыздандыруу келишими камсыздандыруу сый төлөмү төлөнгөн учурдан тартып он календарлык күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун "б", "в" жана "з" пунктчаларында каралган учурлардан тышкары, камсыздандыруу сый төлөмү төлөнгөн учурдан тартып күчүнө кирет. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулуу мөөнөтү камсыздандыруу келишиминде (полисинде) камсыздандыруу келишиминин колдонулушунун башка мөөнөттөрү каралган учурдан тышкары, милдеттүү камсыздандыруу келишими күчүнө кирген датадан тартып бир жылды түзөт.
12-берене. Камсыздандыруу суммасынын, камсыздандыруу сый төлөмүнүн жана камсыздандыруу тарифтеринин минималдык өлчөмүн аныктоо
1. Камсыздандыруу суммасынын минималдык өлчөмдөрү жана камсыздандыруу тарифтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Камсыздандыруу суммасынан 10 пайызга чейинки өлчөмүндөгү франшиза турак жайларды куруу классына жана сапатына жараша камсыздандырылуучунун макулдугу менен милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленет.
3. Калктын социалдык аялуу катмарларына Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу эрежелерине ылайык камсыздандыруу сый төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктер берилет.
4. Калктын социалдык аялуу катмарларынын категорияларына кирүүчү адамдардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.";
5) 14-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "6-пунктунун "а" пунктчасында" деген сөздөр "6-пунктунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-глава менен толукталсын:
"3-1-глава. Камсыздандыруучулардын милдеттүү камсыздандыруу боюнча ишинин өзгөчөлүктөрү
18-1-берене. Камсыздандыруучуга карата талаптар
1. Милдеттүү камсыздандырууну ишке ашыруучу камсыздандыруучунун Кыргыз Республикасынын ар бир облусунда милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө жана камсыздандырылуучулардын (пайда табуучулардын) камсыздандырып ордун толтурууну төлөө жөнүндө талаптарын кароого ыйгарым укуктуу бирден кем эмес филиалы же өкүлчүлүгү болууга тийиш.
2. Милдеттүү камсыздандырууну ишке ашыруучу камсыздандыруучу Кыргыз Республикасынын ар бир облусунда милдеттүү камсыздандыруу келишимдеринин саны боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү чектөөлөрдүн чегинде милдеттүү камсыздандыруу келишимдерин түзүшү керек.";
7) 20-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-берене. Маалыматтар базасын түзүү үчүн маалыматтарды берүү
1. Маалыматтар базасы ар бир түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишими жөнүндө, камсыздандыруу сый төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү тууралуу, камсыздандыруу окуялары жана камсыздандырып ордун толтуруунун суммалары жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
2. Маалыматтар базасын түзүү үчүн маалыматтарды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
8) 21-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун" деген сөздөр "Камсыздандыруу уюмдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-пунктунун "б" пунктчасынан жана 8-пунктунан тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө:
- ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|