Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 87 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында кыртыштын бонитетин аныктоо ТАРТИБИ
1. Негизги жоболор
1. Ушул Тартип жер-кадастрдык маалыматтардын тууралыгын камсыз кылуу, жерлердин кыртышынын (топурагынын) сапаттык курамындагы болгон өзгөрүүлөрдү аныктоо жана пландуу-картографиялык материалдарда көрсөтүү, кыртышты бонитировкалоо тартибинин укуктук мамилелерин жөнгө салуу, ошондой эле бирдиктүү технология боюнча кыртышты бонитировкалоо, республикалык деңгээлде алынган натыйжалардын салыштырыла тургандыгын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
2. Кыртышты бонитировкалоонун милдети болуп айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү агротехникасынын орточо деңгээлинде алардын сапаты менен табигый өнүмдүүлүк жөндөмүнө балл менен салыштырма баа берүү эсептелет. Кыртышты бонитировкалоо жердин сапатын эсепке алуунун (инвентаризациялоонун) негизги түрүнө кирет, айыл чарба багытындагы жерлердин андан аркы нарктык бааланышы, жерге жайгаштырууну ишке ашыруу, жерди сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууга дем берүү, ошондой эле, айыл чарба азыктарын өндүрүү резервдерин аныктоо үчүн негиз болот.
3. Жердин ведомстволук таандыктыгына жана аларды пайдалануу укугуна карабастан бардык айыл чарба жерлеринде кыртышты бонитировкалоо ишке ашырылууга тийиш.
4. Кыртышты бонитировкалоо боюнча иштер техникалык жактан кыртышты изилдөө, корректировкалоо же башка кадастрдык текшерүүлөр менен бирге жүргүзүлөт.
5. Кыртышты бонитировкалоо боюнча иштердин заказчылары:
- республикалык деңгээлде - жерлерди мелиорациялоону, жердин күрдүүлүгүн, жер ресурстарын кошкондо агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
- жергиликтүү деңгээлде - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, ошондой эле, айрым жер пайдалануучулар (дыйкан (фермер) чарбалары, жер үлүшүнүн ээлери).
6. Кыртышты бонитировкалоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн башкы долбоорчусу (аткаруучусу) болуп жерге жайгаштыруу, топографиялык, картографиялык, топурактык, агрохимиялык, геоботаникалык жана башка изилдөө иштерин, топуракка, сууга жана өсүмдүк үлгүлөрүнө анализ жүргүзүүчү тийиштүү институт эсептелет.
2. Негизги түшүнүктөр
7. Ушул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) кыртыштын агроөндүрүштүк тобу - генетикалык, агроэкологиялык шарттары жана агрономиялык касиеттери боюнча бири-бирине жакын кыртыштарды айыл чарбасында бирдей пайдалануу мүмкүндүгү жана касиеттерин жакшыртуу боюнча иш-чаралардын бир типтүү мүнөзү менен мүнөздөлгөн топторго бириктирүү;
2) кыртыштын бонитети - кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу, жер участогунун нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана башка максаттар үчүн негиз болуучу жерлердин сапаттык абалы, алардын өндүрүмдүүлүгү, асылдуулугу;
3) кыртышты бонитировкалоо (кыртышты анын сапаты боюнча баалоо) - анда гумустун болушун, кери кетүүнүн жана зыяндуу заттар менен булгануу деңгээлин, ошондой эле өлкөнүн жаратылыштык-климаттык зоналары боюнча жыйындысында кыртыштын күрдүүлүгүнө жана өндүрүлүүчү азыктардын сапатына таасир тийгизүүчү кыртыштын курамынын, түзүмүнүн жана касиетинин көрсөткүчтөрүнүн топтомун эске алуу менен, баллдык шкала боюнча кыртыштын баалуулугун белгилөө;
4) бонитировкалоочу шкала - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү боюнча маалыматтардын негизинде түзүлүп, кыртыштын диагностикалык касиеттерин чагылдырган баалоо таблицасы;
5) гидроморфтук кыртыш - туруктуу ашыкча нымдуулуктун таасири астында түзүлгөн ар кандай типтеги кыртыштын тобу;
6) гумус - кыртыштын күрдүүлүгүнүн маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири, анда өсүмдүктөрдү азыктандыра турган бардык биогендик элементтер топтолгон;
7) жер кадастры - жерлердин жаратылыштык, чарбалык мүнөздөмөлөрү, алардын категориялары жөнүндө маалыматтардын жана документтердин системага салынган жыйындысы, кадастрдык карталар жана пландар формасында жер участокторунун жайгашуу орду, өлчөмү, чектери жөнүндө графиктик маалыматтарды, жерлердин курамын, санын, сапатын жана аларга берилген бааны камтыйт;
8) картограмма - картада аймактын чегинде кайсы бир көрсөткүчтүн: агроөндүрүштүк топтун, бонитировкалоонун, туздануунун, шордонуунун, эрозияга чалдыгышынын жана башка атайын текшерүүлөр менен изилдөөлөрдүн интенсивдүүлүгүн визуалдык көрсөтүп турган карта түрүндө берилген маалымат;
9) кыртыш картасы - кабыл алынган классификацияга ылайык кыртыштын түрлөрүнүн таралышы көрсөтүлгөн карта;
10) жерлердин өндүрүмдүүлүгү - дан бирдиктери менен туюнтулган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, жайыттардын жана чабындылардын түшүмдүүлүгү.
3. Кыртышты бонитировкалоонун негизги критерийлери
8. Айыл чарба жерлерин баалоо Кыргыз Республикасынын административдик райондорунун жана жеке жер пайдалануучулардын деңгээлинде жүргүзүлөт (айыл аймактарына, мэрияларга карата контурлар боюнча).
9. Жерди баалоо кыртышты бонитировкалоо көрсөткүчтөрүнө негизделип түзүлөт жана төмөнкү иштердин түрлөрүн жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат:
- маалыматтардын негизги диагностикалык белгилери боюнча кыртыштын системалык тизмесин түзүү;
- кыртыштын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү менен байланышкан касиеттерин аныктоо;
- негизги айыл чарба өсүмдүктөрү (кылкандуу дан эгиндери, дандык жана силостук жүгөрү, тоютка көп жылдык чөп, пахта, кант кызылчасы, тамеки ж.б.) өстүрүлгөн бардык райондордо алардын түшүмдүүлүгү боюнча маалыматтарды жалпылоо;
- негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү менен кыртыштын касиеттеринин жана климаттык факторлордун корреляциялык байланышын аныктоо;
- баалоо шкалаларын түзүү (сугат айдоо жерлери жана кайрак кыртыштар, жайыт жана чабынды жерлердин кыртыштары үчүн);
- кыртыштын күрдүүлүгүнө жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизген кыртыштын касиеттерине түзөтүүлөрдү аныктоо.
10. Кыртыштын касиеттери боюнча бонитеттин баллын мүнөздөөчү баалоо төмөнкүдөй туруктуу белгилер боюнча жүргүзүлөт: 0-50 см катмардагы жалпы гумустун запасы, жалпы азот, фосфор менен калийдин дүң формалары (т/га) жана сиңирүү сыйымдуулугунун чоңдугу (100 г топуракка мг-экв).
11. Бонитировкалоо үчүн кабыл алынган климаттык факторлорду баалоо төмөнкү белгилер боюнча жүргүзүлөт:
- дыйканчылыкта вегетациялык мезгилдеги жылуулуктун бөлүштүрүлүшү;
- жааган жаан-чачындын өлчөмү жана алардын жыл мезгилдери боюнча бөлүштүрүлүшү (ным менен камсыздалуу нымдоо коэффициенти менен берилет);
- тоң жүрбөгөн мезгилдеги күндөрдүн саны;
- кыртыштык-климаттык зоналар менен аймакчаларды негизги климаттык көрсөткүчтөрү боюнча салыштыруу;
- топурактын пайда болушу жана кыртыштын вертикалдык алкактуулугуна гидротермиялык шарттардын сезондук карама-каршылыгынын тийгизген таасири;
- топурактын күрдүүлүгүн аныктоочу касиеттеринин фонунда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн биологиялык өндүрүмдүүлүгүн аныктоочу вегетациялык мезгилдеги жылуулук менен нымдуулуктун өз ара катышы;
- аймактын деңиз деңгээлинен бийиктиги, тоо капталдарынын экспозициясы жана башка өзгөчөлүктөр.
12. Климаттык факторлор жана кыртыштын касиеттери боюнча орточо бонитеттердин негизинде жалпы орточо бонитет баллы чыгарылат жана 100 баллдык туюк шкалага которулган бонитировкалоочу шкала түзүлөт.
4. Сугат айдоо кыртыштарынын бонитировкалоо шкаласы
13. Сугат айдоо кыртыштарын баалоодо топурактын касиеттери менен климаттык факторлор (атмосфералык жаан-чачындын өлчөмү, 10 ºСден жогору болгон натыйжалуу температуралардын суммасы, тоң жүрбөгөн мезгилдин узактыгы) эске алынат (1-тиркеме).
Климаттык факторлор боюнча бонитеттин баллын аныктоо үчүн гидрометеостанциялардын көп жылдык маалыматтары колдонулат.
Тоң жүрбөгөн мезгилдеги күндөрдүн жана жааган жаан-чачындын өлчөмүнүн көбөйүшү кыртыштын бонитетинин эң жогорку баллын аныктайт.
Бонитировкалоо шкаласын түзүү үчүн топурактын касиеттеринен 0,5 м катмардагы гумустун, азоттун, фосфор жана калийдин жалпы запастары (т/га) жана сиңирүү сыйымдуулугунун чоңдугу алынат.
5. Кайрак айдоо кыртыштарын бонитировкалоо шкаласы
14. Кайрак айдоо кыртыштарын баалоодо нымдоо коэффициенти (бир жылда жааган жаан-чачындын көлөмүнүн бууланууга катышы), 10 °Сден жогору болгон натыйжалуу температуралардын суммасы, ошондой эле кыртыштын күрдүүлүгүн аныктаган касиеттери (гумус, азот, фосфор, калийдин запастары жана сиңирүү сыйымдуулугунун чоңдугу) эсепке алынат (2-тиркеме).
6. Жайыт жана чабынды жерлердин бонитировкалоо шкаласы
15. Жайыт жана чабынды жерлердин кыртышын баалоодо нымдоо коэффициенти, ар түрдүү температуралык шарттарда табигый чөптөрдүн вегетациясына жараша 0; 5 жана 10 °Сден жогору натыйжалуу температуралардын суммасы эске алынат (3 жана 4-тиркемелер).
Нымдоонун минималдык коэффициенти 0, 5 жана 10 °Сден жогору болгон жылуулук максимумуна туура келет.
Нымдоо коэффициенти 100 балл үчүн кабыл алынат.
7. Кыртыштын жагымсыз касиеттеринин эсебинен баалоонун төмөндөшүнө оңдоолор
16. Бонитировкалоо шкаласы боюнча баалоо жүргүзүүдө типтүүлүктөн четтеген кыртышка баалоо жүргүзүлөт, кыртыштын өндүрүмдүүлүгүнө жана күрдүүлүгүнө терс таасирин тийгизген ачык көрүнгөн белгилери: топурактын механикалык курамы, топурак катмарынын калыңдыгы, топурактардын туздуулукка, шордуулукка, эрозияга чалдыгышы жана таштуулугу эске алынат, алар айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана табигый чөптөрдүн түшүмдүүлүгүн төмөндөтөт. Механикалык курамды эсепке алууда оптималдуу көрсөткүч катары орто кумайлуу топурак алынат, механикалык курамдын андан жеңил же оор болуусу айыл чарба өсүмдүктөрү менен табигый чөптөрдүн түшүмдүүлүгүн төмөндөтөт.
Кыртышка баллдык баа берүүнүн төмөндөшүнө оңдоолор ар бир жердин түрү боюнча өзүнчө жүргүзүлөт:
1) сугат айдоо кыртыштарын бонитировкалоо шкаласына (5-тиркеме);
2) кайрак айдоо кыртыштарын бонитировкалоо шкаласына (6-тиркеме);
3) жайыт жерлерин бонитировкалоо шкаласына (7-тиркеме);
3) чабынды жерлерди бонитировкалоо шкаласына (8-тиркеме).
8. Кыртышка бонитировкалоо жүргүзүү
17. Жерлердин ар кандай түрлөрү үчүн кыртыштын бонитировкалоо шкалалары боюнча терс касиеттерине оңдоолорду киргизүү менен кыртышка бонитировкалык баалоо жүргүзүлөт (5, 6, 7 жана 8-тиркемелер).
18. Кыртышты бонитировкалоо үчүн ири масштабдагы картографиялык негиз, кыртыш картасы жана кыртыштын айрым касиеттерин мүнөздөөчү картограммалардын толук топтому болууга тийиш.
Кыртыш картасы пайдаланылып жаткан жерлердин үстүңкү кыртышынын сандык жана сапаттык курамын мүнөздөшү керек. Картограммалар балл менен кыртышты баалоону азайтууну аныктоо үчүн колдонулат.
19. Кыртышты баалоонун натыйжасында жер пайдалануунун кыртыштык-бонитировкалык картасы түзүлөт. Зарыл болгон учурда кыртыштык катмарды баллдык баалоо өзүнчө участкалар же талаалар (контурлар) боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
Бир эле контурда топурактын күрдүүлүгү жана бааланышы боюнча айырмаланган бир канча түрчөлөрү болушу мүмкүн.
20. Түрчөлөр боюнча аянт белгиленген соң, баллдык баалоо жүргүзүлүп, зарыл болгон учурда терс касиеттерине баалоо төмөндөтүлөт. Натыйжада, топурак кыртышынын түрчөлөрү боюнча 1 га аянтка баа берилет.
Түрчөлөрдүн баасын аянтка көбөйтүп, тийиштүү түрчөлөрдүн баллдык суммасы алынат.
1 га баа берилген талаанын (контурдун), которуштуруп айдалган жердин, массивдин, участоктун орточо баллдык баасы түрчөлөрдүн бааларын кошуу суммасынан алынат:
Б - 1 га талаанын балл менен алынган баасы;
С1С2С3С4 - анын ар бир түрчөлөрүнүн аянты;
К1К2К3К4 - түрчөлөрдүн балл менен алынган баасы;
П - баа берилген талаанын (контурдун) аянты.
21. Кыртыштын бонитети тууралуу маалыматты жана топурак картасын камтыган айылдык аймактын же мэриянын кыртыштары тууралуу түшүндүрмө кат түрүндөгү баалоо материалдары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына (айыл өкмөтүнө, мэрияга) практикалык колдонуу үчүн берилет.
Райондун жерлерин бонитировкалоо жер пайдалануунун кыртыштык жана бонитировкалык карталарын жалпылоо аркылуу ишке ашырылат.
22. Райондун жерлерин бонитировкалоонун натыйжасы болуп кыртыштын бонитетинин көрсөткүчтөрү менен кыртыштык карта эсептелет. Картада жерди пайдалануучулар (айыл аймактары, мэриялар), аларга тиешелүү сугат жана кайрак жерлердин, жайыт жана чабынды жерлердин аянттары, 1 гектар жердин орточо баллдык баасы, жалпы аянтка баллдын суммасы көрсөтүлөт.
9. Кыртыштарды агроөндүрүштүк топторго бөлүү
23. Топурак картасы кыртыштын касиеттери менен мейкиндиктеги абалын чагылдырат, көп тараптуу жана узак мөөнөт колдонулуучу документ болуп саналат. Колдонуу ыңгайлуулугу үчүн ар кандай масштабдагы типтерди, типчелерди ж.б. чагылдырган кыртыштык контурлар агроөндүрүштүк топторго бириктирилген.
Топурак пайда кылуучу жаратылыш факторлорунун жыйындысы жана анын чарбалык колдонулушу боюнча кыртыштарды агроөндүрүштүк топторго бөлүү айыл чарба өсүмдүктөрүн объективдүү аралаштырууга, айрым жер пайдалануучулар, райондор жана облустар үчүн агромелиоративдик иш-чараларды аныктоого мүмкүндүк берет.
Агроөндүрүштүк топторго бөлүүдө негизги принцип болуп топурак катмарынын баалуулугун жана пайдалануунун мүнөзүн аныктоо үчүн гана эмес, анын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн дагы болушунча майда таксономикалык бирдиктерге бөлүү эсептелет.
Сугат, кайрак айдоо жерлери, чабынды жана жайыт жерлери үчүн агроөндүрүштүк топторго бөлүүнүн мазмуну, топторго бөлүүнүн принциптери сөзсүз сакталган учурда ар кандай болуп калышы ыктымал.
Сугат жерлердин кыртышы үчүн агроөндүрүштүк топторго бөлүүдө иш-чаралардын комплекси боюнча эң мыкты, жакшы, орто, ортодон төмөн жана начар жерлердин топтору бөлүнгөн.
Кайрак жерлердин аймагы жакшы, орто жана начар жерлердин топтору менен чектелет.
Жайыт жерлерин эң мыкты, жакшы, орто жана начар жерлердин топторуна ажыратууга болот.
Эң мыктылар - нормалдуу кубаттуулукка ээ (топурактын катмары 1 метрден терең), бети түздөлгөн, бир өңчөй механикалык курамга ээ, жагымсыз белгилери (туздануу, шор топурактуулук, эрозияга чалдыгышы, таштактуулугу) жок жерлер. Бул топурак тобу жакшыртуу үчүн өзгөчө иш-чараларга муктаж эмес.
Жакшы жерлер - эң мыкты деп сыпатталган жерлерден кыртышынын калыңдыгы орточо тереңдикке ээ болуусу менен айырмаланат.
Орто сапаттагы жерлер - нормалдуу жана кыртышынын калыңдыгы орточо тереңдикке ээ болгон топурак, алар туздуулукка, шордуулукка жана эрозияга аз деңгээлде чалдыгышы менен мүнөздөлөт.
Ортодон төмөн сапатка ээ жерлер - топурагынын калыңдыгы орточо жана жука, эрозияга чалдыккан, таштуу, туздуу, шордуу жерлер.
Начар (күрдүүлүгү аз) жерлер - сугарса да өсүмдүк жакшы өспөгөн жана түп-тамырынан жакшыртуу иш-чараларын талап кылган жерлер (өтө туздуу, өтө шор баскан, өтө таштак, эрозияга өтө чалдыккан, кыртышы жуулуп кеткен жерлер).
Ушул эле топтор гидроморфтук топурактар үчүн да мүнөздүү, мында эң мыктылары үчүн жер астындагы суулар 3-5 м тереңдикте; жакшы жерлер үчүн - 1-3 м; ал эми ортодогу топтор үчүн - 1-5 м тереңдикте жана аз деңгээлдеги туздуу жана шордуу топурактар; ортодон төмөнкүлөр үчүн 1-5 м тереңдикте жана орточо деңгээлдеги туздуу жана шордуу топурактар; начар деп аталган жерлерге саздак, саз, өтө туздуу, шордуу деңгээлдеги жана туз, шор баскан топурак кыртыштары кирет.
10. Кыртышты бонитировкалоо материалдарын практикалык жактан колдонуу
24. Айрым жер участокторунун, талаалардын жана массивдердин өндүрүү жөндөмдүүлүгүн аныктоо кыртышты бонитировкалоо материалдарынын негизинде аныкталат.
Ага баллдын саны менен жер аянттарын салыштыруу аркылуу жетишилет. Ушул эле маалыматтар 1 га жерге берилген баа менен катар эле кыртыштык топурак катмарын колдонуу даражасынын объективдүү көрсөткүчү катары кызмат кылат.
Кыртышты бонитировкалоонун жыйынтык көрсөткүчү болуп Кыргыз Республикасы боюнча кыртыштын бир баалоочу баллынын баасын аныктоо эсептелет, ал сугат айдоо жерлери үчүн дандын, көп жылдык чөптөрдүн, силостук жүгөрүнүн, техникалык өсүмдүктөрдүн центнери; кайрак айдоо жерлери үчүн - дандын центнери; жайыт жана чабынды жерлер үчүн - табигый чөптөрдүн, тоют бирдиктеринин кургак массасынын центнери менен туюнтулат (9-тиркеме).
Жыйынтыгында алынган натыйжаларды салыштыруу үчүн өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн бардык айыл чарба продукциялары дан бирдигинде эсептелет.
Өндүрүү жөндөмдүүлүгү кыртыштык кадастрдык материалдардын негизинде кыртыштын бардык түрлөрү боюнча аныкталат.
Ар бир кыртыштык контур үчүн аянт аныкталып, аны баллдык баага көбөйтүүдөн баллдын суммасы алынат.
Баллдын баасына көбөйтүлгөн баллдын суммасы өндүрүмдүүлүктү билдирип, өзүнчө эсептелет.
Айыл чарба жерлеринин ар бир түрүнүн кыртышынын өндүрүү жөндөмдүүлүгү топурак индекстеринин өндүрүмдүүлүктөрүн суммалоо жолу менен аныкталат.
Мелиоративдик жактан начар жерлердин бонитетинин келечектеги баллын аныктоо үчүн аларды жакшыртуу боюнча иш-чараларды белгилөө зарыл. Бул үчүн кыртыштык кадастрдык материалдар менен бирге долбоорлоо жана илимий уюмдардын маалыматтары колдонулат.
Бул документтер мелиоративдик иштердин көлөмүн, жүргүзүү тартибин, аларды ишке ашыруу үчүн сарптоолорду аныктоого, ошондой эле жерди сапаты боюнча трансформациялоого, алардын келечектеги бонитет баллы менен өндүрүү жөндөмдүүлүгүн аныктоого мүмкүндүк берет.
Кыртышты бонитировкалоо жер кадастрын жүргүзүүдө жерлерди экономикалык баалоо үчүн негиз болуп саналат.
|
| Кыргыз Республикасында кыртыштын бонитетин аныктоо тартибине 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагындагы сугат айдоо кыртыштарын бонитировкалоо шкаласы
Топурак (кыртыш) | Жылуулук алкагы | Деңиз деңгээлинен бийиктиги, м | Факторлор боюнча бонитет баллы | Топурактын касиеттери жана климаттык факторлор боюнча орточо бонитет баллы | 100 баллдык шкала боюнча республиканын топурак-тарынын бонитет баллы | |||||||||||||||||
Климаттык | Климаттык факторлор боюнча орточо бонитет баллы | Топурактын касиеттери | Топурактын касиеттери боюнча орточо бонитет баллы | |||||||||||||||||||
жаан чачындын суммасы | натыйжалуу температуранын суммасы | жылуу мезгилдин узактыгы | 0-50 см катмардагы жалпы запасы | сиңирүү сыйымдуулугу | ||||||||||||||||||
гумус | азот | фосфор | калий | |||||||||||||||||||
өлчөмү, бир жылга мм менен | бонитет баллы | 10 ºС жогорку температуранын суммасы | бонитет баллы | күндөрдүн саны | бонитет баллы | т/га | бонитет баллы | т/га | Б бонитет баллы | т/га | бонитет баллы | т/га | бонитет баллы | 100 г топуракта мг-экв. менен | бонитет баллы | |||||||
1. Түштүк Кыргызстан | ||||||||||||||||||||||
Ачык боз топурак | ысык | 500-800 | 250 | 36 | 4450 | 100 | 245 | 100 | 79 | 47,5 | 20 | 5,0 | 20 | 5,8 | 32 | 139,0 | 56 | 9,0 | 32 | 32 | 56 | 73 |
Кадимки боз топурак | орто ысык | 700-1000 | 320 | 46 | 4250 | 95 | 235 | 96 | 79 | 94,0 | 39 | 6,8 | 27 | 12,7 | 71 | 151,0 | 61 | 11,7 | 42 | 48 | 64 | 83 |
Шалбаа жана боз-шалбаалуу топурак | - // - | 700-1000 | 320 | 46 | 3500 | 79 | 180 | 73 | 66 | 100,0 | 42 | 10,0 | 40 | 12,0 | 64 | 150,0* | 60 | 17,0 | 43 | 50 | 58 | 76 |
Күңүрт боз топурак | жылуу | 1000-1600 | 400 | 57 | 3500 | 79 | 180 | 73 | 70 | 120,0 | 50 | 11,0 | 44 | 9,4 | 52 | 121,0 | 48 | 18,5 | 48 | 48 | 59 | 77 |
Күрөң топурак | орто-жылуу | 1600-2000 | 700 | 100 | 2425 | 54 | 120 | 49 | 68 | 140,0 | 58 | 12,2 | 49 | 12,2 | 68 | 164,0 | 86 | 17,4 | 62 | 60 | 64 | 83 |
2. Түндүк Кыргызстан | ||||||||||||||||||||||
Түндүк ачык боз топурак | жылуу | 500-700 | 320 | 46 | 3500 | 79 | 180 | 73 | 66 | 77,0 | 32 | 5,6 | 22 | 11,2 | 62 | 175,0 | 70 | 9,0 | 32 | 44 | 55 | 71 |
Кадимки түндүк боз топурак | - // - | 700-950 | 320 | 50 | 3500 | 79 | 175 | 71 | 67 | 105,0 | 44 | 6,9 | 26 | 11,4 | 63 | 180,0 | 72 | 12,0 | 43 | 50 | 58 | 75 |
Шалбаанын боз топурагы | - // - | 600-800 | 320 | 46 | 3500 | 79 | 175 | 71 | 65 | 130,0 | 54 | 12,6 | 50 | 15,0 | 84 | 240,0 | 96 | 13,5 | 48 | 66 | 66 | 86 |
Боз-шалбаалуу топурак | - // - | 600-800 | 320 | 46 | 3500 | 79 | 175 | 71 | 65 | 160,0 | 67 | 12,6 | 50 | 15,0 | 84 | 249,0 | 100 | 17,0 | 61 | 72 | 68 | 88 |
Ачык шалбаалуу саз топурагы | - // - | 600-800 | 320 | 46 | 3500 | 79 | 175 | 71 | 65 | 170,0 | 71 | 18,6 | 74 | 17,4 | 97 | 188,0 | 75 | 19,3 | 69 | 77 | 71 | 92 |
Күңүрт шалбаалуу саз топурагы | - // - | 600-800 | 320 | 46 | 3500 | 79 | 175 | 71 | 65 | 210,0 | 88 | 20,8 | 81 | 17,9 | 100 | 188,0 | 75 | 27,0 | 96 | 88 | 77 | 100 |
Ачык коңур топурак | орто жылуу | 1000-1300 | 400 | 57 | 2700 | 61 | 145 | 59 | 59 | 145,0 | 60 | 14,7 | 59 | 10,5 | 59 | 166,0 | 67 | 16,0 | 57 | 60 | 58 | 76 |
Күңүрт коңур топурак | - // - | 1300-2000 | 475 | 68 | 2400 | 54 | 140 | 57 | 59 | 195,0 | 81 | 17,6 | 70 | 12,4 | 69 | 122,0 | 50 | 20,0 | 71 | 68 | 64 | 83 |
3. Борбордук Тянь-Шань | ||||||||||||||||||||||
а) Ысык-Көл ойдуңу | ||||||||||||||||||||||
Бозомук күрөң топурак | орто жылуу | 1620-1800 | 120 | 17 | 2250 | 50 | 125 | 51 | 39 | 36,0 | 15 | 4,5 | 18 | 2,3 | 13 | 165,0 | 66 | 6,0 | 21 | 27 | 33 | 43 |
Ачык куба күрөң топурак | - // - | 1620-1800 | 230 | 33 | 2250 | 50 | 125 | 51 | 45 | 78,0 | 32 | 11,2 | 45 | 10,5 | 59 | 175,0 | 70 | 13,5 | 48 | 51 | 48 | 62 |
Ачык коңур топурак | орто жылуу (деңиз) | 1700-2200 | 375 | 54 | 2250 | 50 | 150 | 61 | 55 | 104,0 | 43 | 12,0 | 48 | 14,9 | 83 | 130,0 | 52 | 18,9 | 68 | 59 | 57 | 74 |
Коңшулаш күңүрт коңур, кара топурак | - // - | 2000-2600 | 450 | 64 | 2100 | 47 | 125 | 51 | 54 | 240,0 | 100 | 25,0 | 100 | 14,4 | 80 | 99,0 | 40 | 28,0* | 100 | 84 | 69 | 90 |
б) Ички Тянь-Шань | ||||||||||||||||||||||
Ачык куба күрөң топурак | орто жылуу | 1400-2500 | 225 | 32 | 2250 | 50 | 133 | 54 | 45 | 80,0 | 33 | 13,3 | 53 | 14,4 | 80 | 170,0 | 68 | 12,2 | 43 | 55 | 50 | 63 |
Ачык коңур топурак | орто салкын | 1600-2600 | 320 | 46 | 1900 | 42 | 97 | 40 | 43 | 120,0 | 50 | 15,4 | 62 | 14,7 | 82 | 125,0 | 50 | 15,1 | 54 | 60 | 51 | 66 |
Күңүрт коңур топурак | - // - | 1800-2700 | 375 | 54 | 1700 | 38 | 70 | 28 | 40 | 190,0 | 79 | 19,0 | 76 | 14,5 | 81 | 111,0 | 44 | 23,5 | 84 | 73 | 52 | 68 |
|
| Кыргыз Республикасында кыртыштын бонитетин аныктоо тартибине 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагындагы кайрак айдоо кыртыштарын бонитировкалоо шкаласы
Топурак (кыртыш) | Жылуулук алкагы | Деңиз деңгээлинен бийиктиги, м | Факторлор боюнча бонитеттин баллы | Топурактын касиеттери жана климаттык факторлор боюнча орточо бонитет баллы | 100 баллдык шкала боюнча республиканын топурактарынын бонитет баллы | |||||||||||||||
Климаттык | Климаттык факторлор боюнча орточо бонитет баллы | Топурактын касиеттери | Топурактын касиеттери боюнча орточо бонитет баллы | |||||||||||||||||
нымдалуу коэффициенти | натыйжалуу температуранын суммасы | 0-50 см катмардагы жалпы запасы | сиңирүү сыйымдуулугу | |||||||||||||||||
гумус | азот | фосфор | калий | |||||||||||||||||
коэффициентинин чоңдугу | бонитет баллы | 10 ºС жогорку температуранын суммасы | бонитет баллы | т/га | бонитет баллы | т/га | бонитет баллы | т/га | бонитет баллы | т/га | Бонитет баллы | 100 г топуракта мг-экв. менен | бонитет баллы | |||||||
1. Түштүк Кыргызстан | ||||||||||||||||||||
Кадимки боз топурак | орто ысык | 700-1000 | 0,22 | 37 | 4250 | 49 | 43 | 94,0 | 39 | 6,8 | 27 | 12,7 | 85 | 151,0 | 84 | 11,7 | 42 | 55 | 49 | 51 |
Күңүрт боз топурак | жылуу | 1000-1600 | 0,29 | 48 | 3500 | 60 | 54 | 120,0 | 50 | 11,0 | 44 | 9,4 | 64 | 121,0 | 67 | 18,5 | 48 | 55 | 54 | 56 |
Күрөң топурак | орто жылуу | 1600-2000 | 0,42 | 70 | 2425 | 86 | 78 | 140,0 | 58 | 12,2 | 49 | 12,2 | 82 | 164,0 | 91 | 17,4 | 62 | 68 | 73 | 76 |
2. Түндүк Кыргызстан | ||||||||||||||||||||
Түндүк ачык боз топурак | жылуу | 500-700 | 0,19 | 32 | 3500 | 60 | 46 | 77,0 | 32 | 5,6 | 22 | 11,2 | 75 | 175,0 | 97 | 9,0 | 32 | 52 | 49 | 51 |
Кадимки түндүк боз топурак | - // - | 700-950 | 0,20 | 33 | 3500 | 60 | 46 | 105,0 | 44 | 6,9 | 26 | 11,4 | 76 | 180,0 | 100 | 12,0 | 43 | 58 | 52 | 54 |
Ачык коңур топурак | орто жылуу | 1000-1300 | 0,30 | 50 | 2700 | 77 | 64 | 145,0 | 60 | 14,7 | 59 | 10,5 | 70 | 166,0 | 92 | 16,0 | 57 | 67 | 66 | 69 |
Күңүрт коңур топурак | - // - | 1300-2000 | 0,48 | 80 | 2400 | 87 | 84 | 195,0 | 81 | 17,6 | 70 | 12,4 | 83 | 122,0 | 68 | 20,0 | 71 | 74 | 79 | 82 |
3. Борбордук Тянь-Шань | ||||||||||||||||||||
а) Ысык-Көл ойдуңу | ||||||||||||||||||||
Ачык коңур топурак | орто жылуу (деңиз) | 1700-2200 | 0,45 | 75 | 2250 | 93 | 84 | 104,0 | 43 | 12,0 | 48 | 14,9 | 100 | 130,0 | 72 | 18,9 | 67 | 66 | 75 | 78 |
Коңшулаш күңүрт коңур, кара топурак | - // - | 2000-2600 | 0,60 | 100 | 2100 | 100 | 100 | 240,0 | 100 | 25,0* | 100 | 14,4 | 97 | 99,0 | 55 | 28,0 | 100 | 92 | 96 | 100 |
б) Ички Тянь-Шань | ||||||||||||||||||||
Ачык коңур топурак | орто салкын | 1600-2600 | 0,43 | 72 | 1900 | 90 | 81 | 120,0 | 50 | 15,4 | 62 | 14,7 | 99 | 125,0 | 69 | 15,1 | 54 | 67 | 74 | 77 |
Күңүрт коңур топурак | - // - | 1800-2700 | 0,50 | 83 | 1700 | 89 | 86 | 190,0 | 79 | 19,0 | 76 | 14,5 | 97 | 111,0 | 62 | 23,5 | 84 | 80 | 83 | 86 |
|
| Кыргыз Республикасында кыртыштын бонитетин аныктоо тартибине 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагындагы жайыт жерлердин кыртыштарын бонитировкалоо шкаласы
Топурак (кыртыш) | Деңиз деңгээлинен бийиктиги, м | Факторлор боюнча бонитет баллы | Топурактын касиеттери жана климаттык факторлор боюнча орточо бонитет баллы | 100 баллдык шкала боюнча республиканын топурактарынын бонитет баллы | |||||||||||||||||||||
Климаттык | Климаттык факторлор боюнча орточо бонитет баллы | Топурактын касиеттери | Топурактын касиеттери боюнча орточо бонитет баллы | ||||||||||||||||||||||
натыйжалуу температуранын суммасы | нымдалуу коэффициенти | 0-50 см катмардагы жалпы запасы | сиңирүү сыйымдуулугу | ||||||||||||||||||||||
гумус | азот | фосфор | калий | ||||||||||||||||||||||
0 ºС | бонитет баллы | 5 ºС | бонитет баллы | 10 ºС | бонитет баллы | коэффициентинин чоңдугу | бонитет баллы | т/га | бонитет баллы | т/га | бонитет баллы | т/га | бонитет баллы | т/га | бонитет баллы | 100 г топуракта мг-экв. менен | бонитет баллы | ||||||||
1. Бийик тоо өрөөндөрүнүн арасындагы тоо-түзөңдөрдүн топурактары (2800-3200 м) | |||||||||||||||||||||||||
Типчактуу талаа коңур топурагы | 2800-3200 | 1100 | 58 | 800 | 47 | 450 | 38 | 0,35 | 19 | 33 | 108,0 | 27 | 12,0 | 43 | 15,0 | 94 | 136,0 | 52 | 16,0 | 37 | 50 | 41 | 42 | ||
2. Бийик тоолуу-түзөңдүү сырт өрөөнүнүн топурактары (3000-4000) | |||||||||||||||||||||||||
Такыр сыяктуу чөлдүү топурагы | 3200-3400 | 650 | 34 | 320 | 19 | - | - | 0,33 | 21 | 19 | 31,0 | 8 | 7,0 | 25 | 10,0 | 62 | 119,0 | 45 | 7,0 | 16 | 30 | 24 | 25 | ||
Куба талаа-чөл топурагы | 3100-3400 | 800 | 41 | 600 | 35 | - | - | 0,33 | 21 | 23 | 72,0 | 18 | 9,0 | 32 | 11,0 | 70 | 133,0 | 51 | 11,0 | 26 | 39 | 31 | 32 | ||
Коңур талаа топурагы | 3100-3500 | 700 | 36 | 550 | 32 | - | - | 0,33 | 21 | 22 | 103,0 | 26 | 11,0 | 39 | 11,0 | 70 | 102,0 | 39 | 13,0 | 30 | 41 | 31 | 32 | ||
3. Тоо капталдарынын топурактары(**) | |||||||||||||||||||||||||
Ачык боз топурак | 500-700 | 4300 | 42 | 4174 | 41 | 3900 | 31 | 0,13 | 19 | 24 | 55,0 | 14 | 6,0 | 21 | 9,0 | 60 | 139,0 | 53 | 9,0 | 21 | 34 | 31 | 32 | ||
Тоонун кадимки боз топурагы | 700-1000 | 4200 | 45 | 4000 | 43 | 3800 | 32 | 0,21 | 31 | 35 | 94,0 | 24 | 9,0 | 32 | 8,0 | 50 | 151,0 | 58 | 12,0 | 28 | 36 | 36 | 37 | ||
Тоонун ачык боз-күрөң топурагы | 1000-1300 | 3800 | 50 | 3600 | 47 | 3400 | 35 | 0,23 | 34 | 39 | 158,0 | 40 | 10,0 | 36 | 9,0 | 60 | 140,0 | 54 | 14,0 | 33 | 44 | 41 | 42 | ||
Тоонун күңүрт боз-күрөң топурагы | 1300-1600 | 3150 | 60 | 3000 | 57 | 2500 | 50 | 0,35 | 51 | 55 | 216,0 | 54 | 13,0 | 46 | 12,0 | 80 | 260,0 | 100 | 17,0 | 40 | 64 | 58 | 57 | ||
Тоонун боз-куба топурагы | 1800-2000 | 2700 | 70 | 2600 | 65 | 2200 | 54 | 0,11 | 16 | 39 | 37,0 | 9 | 5,0 | 18 | 3,0 | 19 | 161,0 | 62 | 8,0 | 19 | 25 | 32 | 33 | ||
Тоонун ачык-куба топурагы | 1700-2500 | 2500 | 76 | 2200 | 77 | 2000 | 60 | 0,23 | 34 | 52 | 80,0 | 20 | 11,0 | 39 | 15,0 | 94 | 175,0 | 67 | 14,0 | 33 | 50 | 51 | 52 | ||
Тоонун ачык-коңур топурагы | 1700-2500 | 2250 | 84 | 2100 | 81 | 1650 | 73 | 0,36 | 63 | 71 | 106,0 | 27 | 12,0 | 43 | 10,0 | 62 | 126,0 | 48 | 17,0 | 40 | 44 | 57 | 58 | ||
Тоонун күңүрт-коңур топурагы | 1900-2800 | 2000 | 95 | 1850 | 73 | 1650 | 73 | 0,60 | 74 | 80 | 188,0 | 47 | 16,0 | 57 | 12,0 | 80 | 130,0 | 50 | 27,0 | 63 | 59 | 69 | 70 | ||
Тоонун күрөңүрөөк-коңур топурагы | 2000-2700 | 2300 | 83 | 2250 | 76 | 2000 | 60 | 0,35 | 61 | 67 | 228,0 | 57 | 22,0 | 79 | 11,0 | 70 | 137,0 | 53 | 28,0 | 65 | 65 | 66 | 67 | ||
Тоонун кара топурагы | 2500-2700 | 1900 | 100 | 1700 | 100 | 1200 | 100 | 0,68 | 100 | 100 | 371,0 | 93 | 28,0 | 100 | 16,0 | 100 | 193,0 | 74 | 43,0 | 100 | 93 | 97 | 100 | ||
Субальпы шалбаасынын талаа топурагы | 2800-3300 | 1800 | 95 | 1500 | 88 | 900 | 75 | 0,55 | 70 | 55 | 246,0 | 62 | 17,0 | 61 | 11,0 | 70 | 90,0 | 34 | 28,0 | 65 | 58 | 56 | 57 | ||
Субальпы шалбалуу топурагы | 3000-3800 | 1400 | 74 | 900 | 53 | 750 | 63 | 0,65 | 96 | 79 | 321,0 | 80 | 19,0 | 71 | 11,0 | 70 | 117,0 | 45 | 31,0 | 72 | 68 | 73 | 74 | ||
Субальпы кара сымал топурагы | 2800-3100 | 1400 | 74 | 1000 | 59 | 900 | 75 | 0,72 | 94 | 81 | 400,0 | 100 | 26,0 | 93 | 8,0 | 50 | 117,0 | 45 | 35,0 | 81 | 74 | 78 | 79 | ||
Альпы шалбаасынын талаа топурагы | 3100-3800 | 900 | 47 | 850 | 50 | 300 | 25 | 0,52 | 60 | 60 | 321,0 | 80 | 21,0 | 79 | 11,0 | 70 | 100,0 | 39 | 31,0 | 72 | 68 | 68 | 46 | ||
Альпы шалбаа топурагы | 3200-3800 | 850 | 45 | 850 | 50 | 250 | 21 | 0,70 | 90 | 50 | 313,0 | 78 | 16,0 | 57 | 11,0 | 70 | 130,0 | 50 | 29,0 | 68 | 64 | 43 | 44 | ||
Тоолуу чым күлдүү жана шагылдуу беломятлик астындагы топурагы | 3200-3800 | 700 | 37 | 400 | 24 | - | - | 0,30 | 21 | 20 | 151,0 | 38 | 22,0 | 79 | 15,0 | 94 | 134,0 | 51 | 28,0 | 66 | 65 | 42 | 43 | ||
Тоолуу сулу астындагы чым күлдүү топурагы | 3500-3700 | 750 | 39 | 500 | 29 | - | - | 0,30 | 21 | 22 | 228,0 | 57 | 19,0 | 71 | 15,0 | 94 | 134,0 | 51 | 26,0 | 62 | 67 | 44 | 45 | ||
Тоонун чала чым көңдүү кобрезий астындагы топурак | 2600-4000 | 450 | 24 | 250 | 15 | - | - | 0,50 | 26 | 19 | 253,0 | 64 | 20,0 | 71 | 9,0 | 60 | 63,0 | 24 | 29,0 | 69 | 57 | 38 | 39 | ||
Тоонун тундра сыяктуу чым көң полигоналдуу дриадоцвет астындагы топурак | 3700-4000 | 300 | 16 | 75 | 4 | - | - | 0,70 | 6 | 7 | 159,0 | 40 | 11,0 | 39 | 8,0 | 50 | 70,0 | 27 | 18,0 | 44 | 40 | 23 | 24 | ||
|
| Кыргыз Республикасында кыртыштын бонитетин аныктоо тартибине 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагындагы чабынды жерлердин кыртыштарын бонитировкалоо шкаласы
Топурак (кыртыш) | Деңиз деңгээлинен бийиктиги, м | Факторлор боюнча бонитеттик балл | Топурактын касиеттери жана климаттык факторлор боюнча орточо бонитет баллы | 100 баллдык шкала боюнча республиканын топурактарынын бонитет баллы | |||||||||||||||||||
Климаттык | Климаттык факторлор боюнча орточо бонитеттик балл(*) | Топурактын касиеттери | Топурактын касиеттери боюнча орточо бонитет баллы | ||||||||||||||||||||
натыйжалуу температуранын суммасы | нымдалуу коэффициенти | 0-50 см катмардагы жалпы запасы | сиңирүү сыйымдуулугу | ||||||||||||||||||||
гумус | азот | фосфор | калий | ||||||||||||||||||||
0 ºС | бонитет баллы | 5 ºС | бонитет баллы | 10 ºС | бонитет баллы | коэффициентинин чоңдугу | бонитет баллы | т/га | бонитет баллы | т/га | бонитет баллы | т/га | бонитет баллы | т/га | бонитет баллы | 100 г топуракта мг-экв. менен | бонитет баллы | ||||||
Ачык боз топурак | 500-700 | 4300 | 42 | 4174 | 38 | 3900 | 29 | 0,13 | 19 | 28 | 55,0 | 15 | 6,0 | 21 | 9,0 | 56 | 139,0 | 53 | 9,0 | 21 | 33 | 30 | 31 |
Тоонун кадимки боз топурагы | 700-1000 | 4200 | 43 | 4000 | 40 | 3800 | 30 | 0,21 | 31 | 34 | 94,0 | 25 | 9,0 | 32 | 8,0 | 50 | 151,0 | 57 | 12,0 | 28 | 38 | 36 | 37 |
Тоонун ачык боз-күрөң топурагы | 1000-1300 | 3800 | 47 | 3600 | 50 | 3400 | 32 | 0,23 | 34 | 38 | 138,0 | 42 | 10,0 | 39 | 9,0 | 56 | 140,0 | 54 | 14,0 | 33 | 45 | 42 | 43 |
Тоонун күңүрт боз-күрөң топурагы | 1300-1600 | 3150 | 57 | 3000 | 53 | 2500 | 44 | 0,35 | 51 | 51 | 216,0 | 59 | 13,0 | 46 | 12,0 | 80 | 260,0 | 100 | 17,0 | 39 | 65 | 58 | 59 |
Тоонун ачык-куба топурагы | 1700-2500 | 2500 | 72 | 2200 | 73 | 2000 | 55 | 0,23 | 34 | 50 | 80,0 | 22 | 11,0 | 40 | 15,0 | 93 | 175,0 | 67 | 14,0 | 32 | 51 | 50 | 51 |
Тоонун ачык-коңур топурагы | 1700-2500 | 2250 | 80 | 2100 | 76 | 1650 | 69 | 0,36 | 53 | 64 | 106,0 | 29 | 12,0 | 43 | 10,0 | 62 | 126,0 | 48 | 17,0 | 39 | 44 | 54 | 55 |
Тоонун күңүрт-коңур топурагы | 1900-2800 | 2000 | 90 | 1850 | 89 | 1650 | 69 | 0,60 | 73 | 78 | 188,0 | 51 | 16,0 | 59 | 12,0 | 80 | 130,0 | 50 | 27,0 | 63 | 60 | 69 | 70 |
Тоонун кара топурагы | 2500-2700 | 1800 | 100 | 1600 | 100 | 1100 | 100 | 0,68 | 100 | 100 | 371,0 | 100 | 28,0 | 100 | 16,0 | 100 | 193,0 | 74 | 43,0 | 100 | 95 | 93 | 100 |
Тоонун шалбаа топурагы | 2800-3300 | 1800 | 100 | 1500 | 94 | 900 | 82 | 0,55 | 81 | 87 | 246,0 | 67 | 17,0 | 62 | 11,0 | 69 | 90,0 | 34 | 28,0 | 65 | 59 | 73 | 79 |
Тоо шалбаасынын субальпы топурагы | 3000-3800 | 1400 | 72 | 900 | 56 | 750 | 68 | 0,65 | 95 | 80 | 321,0 | 87 | 19,0 | 70 | 11,0 | 69 | 117,0 | 45 | 31,0 | 72 | 68 | 74 | 75 |
|
| Кыргыз Республикасында кыртыштын бонитетин аныктоо тартибине 5-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагындагы сугат айдоо топурактарын баалоодо балл менен төмөндөтүүчү түзөтүүлөр
Топурак (кыртыш) | 100 баллдык шкала боюнча республиканын топурактарынын бонитет баллы | Механикалык курамы | Туздануунун тиби жана деңгээли | Шорго чалдыгышы | Эрозияга чалдыгышы | Таштактуулугу | Таш-шагылдуу катмардын жайгашуу тереңдиги | |||||||||||||||||||
чополуу | оор кумайлуу | жеңил кумайлуу | кумдак | кумдуу | сода жана аралаш-содалуу | сульфат жана хлорид-сульфаттуу | сульфат-хлоридүү жана хлоридүү | аз деңгээли | орточо деңгээли | күчтүү деңгээли | аз деңгээли | орточо деңгээли | күчтүү деңгээли | аз деңгээли | орточо деңгээли | күчтүү деңгээли | 50-30 см | 30 см аз | ||||||||
аз деңгээли | орточо деңгээли | күчтүү деңгээли | аз деңгээли | орточо деңгээли | күчтүү деңгээли | аз деңгээли | орточо деңгээли | Күчтүү | ||||||||||||||||||
1. Түштүк Кыргызстан | ||||||||||||||||||||||||||
Ачык боз топурак | 73 | 9 | 5 | 5 | 10 | 27 | 11 | 21 | 43 | 9 | 18 | 39 | 9 | 25 | 46 | 9 | 20 | 32 | 9 | 16 | 29 | 5 | 18 | 49 | 9 | 25 |
Кадимки боз топурак | 83 | 10 | 6 | 6 | 10 | 33 | 12 | 24 | 49 | 10 | 20 | 45 | 10 | 28 | 52 | 10 | 23 | 36 | 10 | 18 | 33 | 6 | 20 | 55 | 10 | 28 |
Шалбаа жана боз-шалбаалуу топурак | 80 | 10 | 6 | 6 | 12 | 32 | 12 | 24 | 48 | 10 | 20 | 45 | 10 | 28 | 52 | 10 | 22 | 36 | 10 | 18 | 32 | - | - | - | 10 | 28 |
Күңүрт боз топурак | 77 | 10 | 6 | 6 | 12 | 31 | 12 | 24 | 47 | 10 | 20 | 43 | 10 | 28 | 52 | 10 | 22 | 36 | 10 | 18 | 31 | 6 | 20 | 55 | 10 | 28 |
Күрөң топурак | 83 | 10 | 6 | 6 | 12 | 33 | 12 | 24 | 49 | 10 | 20 | 45 | 10 | 28 | 52 | 10 | 23 | 36 | 10 | 18 | 33 | 6 | 20 | 56 | 10 | 28 |
2. Түндүк Кыргызстан | ||||||||||||||||||||||||||
Түндүк ачык боз топурак | 71 | 9 | 5 | 5 | 11 | 29 | 11 | 21 | 43 | 9 | 18 | 37 | 9 | 25 | 46 | 9 | 20 | 32 | 9 | 16 | 29 | 5 | 18 | 49 | 9 | 25 |
Кадимки түндүк боз топурак | 75 | 9 | 6 | 6 | 11 | 29 | 11 | 22 | 47 | 9 | 19 | 40 | 9 | 25 | 46 | 9 | 20 | 32 | 9 | 16 | 29 | 5 | 18 | 49 | 9 | 25 |
Шалбаа боз топурагы | 86 | 11 | 7 | 7 | 13 | 35 | 14 | 26 | 53 | 11 | 23 | 49 | 11 | 32 | 59 | 11 | 25 | 41 | 11 | 20 | 35 | 7 | 23 | 63 | 11 | 32 |
Боз-шалбаалуу топурак | 88 | 11 | 7 | 7 | 13 | 36 | 14 | 27 | 54 | 11 | 23 | 49 | 11 | 32 | 59 | 11 | 25 | 41 | 11 | 20 | 36 | 7 | 23 | 63 | 11 | 32 |
Ачык шалбаа топурагы | 92 | 11 | 7 | 7 | 14 | 37 | 14 | 27 | 55 | 11 | 23 | 50 | 11 | 32 | 59 | 11 | 25 | 41 | 11 | 20 | 37 |
|
|
| 11 | 32 |
Күңүрт шалбаа топурагы | 100 | 13 | 8 | 8 | 15 | 40 | 15 | 30 | 6 | 13 | 25 | 55 | 13 | 35 | 65 | 13 | 28 | 45 | 8 | 23 | 40 | - | - | - | 13 | 35 |
Ачык коңур топурак | 75 | 9 | 6 | 6 | 11 | 29 | 11 | 23 | 43 | 9 | 19 | 41 | 9 | 31 | 46 | 9 | 20 | 32 | 9 | 16 | 29 | 5 | 15 | 49 | 9 | 26 |
Күңүрт коңур топурак | 83 | 10 | 10 | 10 | 12 | 33 | 12 | 24 | 49 | 10 | 20 | 46 | 10 | 28 | 52 | 10 | 23 | 46 | 10 | 18 | 33 | 6 | 20 | 56 | 10 | 28 |
3. Борбордук Тянь-Шань | ||||||||||||||||||||||||||
а) Ысык-Көл ойдуңу | ||||||||||||||||||||||||||
Бозомук күрөң топурак | 43 | 5 | 3 | 3 | 6 | 17 | 6 | 12 | 25 | 5 | 10 | 25 | 6 | 14 | 26 | 5 | 17 | 18 | 5 | 10 | 17 | 3 | 10 | 28 | 5 | 14 |
Ачык куба күрөң топурак | 62 | 8 | 5 | 5 | 9 | 25 | 9 | 18 | 36 | 8 | 15 | 37 | 8 | 21 | 39 | 8 | 22 | 27 | 8 | 11 | 22 | 5 | 15 | 42 | 8 | 21 |
Ачык коңур топурак | 74 | 9 | 5 | 6 | 11 | 29 | 11 | 21 | 43 | 9 | 18 | 43 | 9 | 25 | 16 | 9 | 20 | 32 | 9 | 17 | 29 | 6 | 18 | 49 | 9 | 25 |
Коңшулаш күңүрт коңур, кара топурак | 90 | 11 | 7 | 7 | 14 | 36 | 14 | 27 | 54 | 11 | 23 | 54 | 11 | 32 | 59 | 11 | 15 | 41 | 11 | 20 | 36 | 7 | 23 | 63 | 11 | 32 |
б) Ички Тянь-Шань | ||||||||||||||||||||||||||
Ачык куба күрөң топурак | 65 | 8 | 5 | 5 | 10 | 25 | 10 | 19 | 38 | 8 | 16 | 38 | 8 | 16 | 38 | 8 | 22 | 39 | 8 | 14 | 26 | 5 | 16 | 42 | 8 | 22 |
Ачык коңур топурак | 66 | 9 | 5 | 5 | 10 | 27 | 10 | 19 | 41 | 9 | 18 | 41 | 9 | 25 | 46 | 9 | 19 | 32 | 9 | 16 | 27 | 6 | 17 | 49 | 9 | 25 |
Күңүрт коңур түс топурак | 68 | 9 | 5 | 5 | 11 | 23 | 11 | 20 | 42 | 9 | 18 | 41 | 9 | 25 | 46 | 9 | 23 | 32 | 9 | 16 | 28 | 6 | 18 | 49 | 9 | 25 |
Эскертүү: Шалбаа топурактарынын баллдык бонитети ошол аймакта тараган зоналык топурактарга карата 1,07, ал эми шалбаа-саздуу жана саз-шалбаа топурактарына 1,15 коэффициенттерин пайдалануу менен аныкталышы керек.
Көп жылдык өсүмдүктөрдө балл менен төмөндөтүүчү түзөтүүлөр сугат айдоо жерлери катары жүргүзүлөт.
|
| Кыргыз Республикасында кыртыштын бонитетин аныктоо тартибине 6-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагындагы кайрак айдоо топурактарын баалоодо балл менен төмөндөтүүчү түзөтүүлөр
Топурак (кыртыш) | 100 баллдык шкала боюнча республиканын топурактарынын бонитет баллы | Механикалык курамы | Туздануунун тиби жана деңгээли | Шорго чалдыгышы | Эрозияга чалдыгышы | Таштактуулугу | Таш-шагылдуу катмардын жайгашуу тереңдиги | |||||||||||||||||||
чополуу | оор кумайлуу | жеңил кумайлуу | кумдак | кумдуу | сода жана аралаш-содалуу | сульфат и хлорид-сульфаттуу | сульфат-хлориддүү жана хлориддүү | аз деңгээли | орточо деңгээли | күчтүү деңгээли | аз деңгээли | орточо деңгээли | күчтүү деңгээли | аз деңгээли | орточо деңгээли | күчтүү деңгээли | 50-30 см | 30 см аз | ||||||||
аз деңгээли | орточо деңгээли | күчтүү деңгээли | аз деңгээли | орточо деңгээли | күчтүү деңгээли | аз деңгээли | орточо деңгээли | күчтүү деңгээли | ||||||||||||||||||
1. Түштүк Кыргызстан | ||||||||||||||||||||||||||
Кадимки боз топурак | 51 | 7 | 4 | 4 | 8 | 20 | 8 | 15 | 28 | 7 | 18 | 33 | 7 | 18 | 33 | 7 | 14 | 20 | 7 | 12 | 20 | 4 | 13 | 33 | 7 | 13 |
Күңүрт боз топурак | 56 | 8 | 5 | 5 | 9 | 22 | 9 | 18 | 32 | 8 | 21 | 32 | 8 | 21 | 38 | 8 | 17 | 23 | 8 | 14 | 23 | 5 | 15 | 38 | 8 | 15 |
Күрөң топурак | 76 | 10 | 6 | 6 | 12 | 31 | 12 | 24 | 43 | 10 | 28 | 52 | 10 | 28 | 52 | 10 | 22 | 31 | 10 | 18 | 31 | 6 | 20 | 52 | 10 | 20 |
2. Түндүк Кыргызстан | ||||||||||||||||||||||||||
Түндүк ачык боз топурак | 51 | 7 | 4 | 4 | 8 | 20 | 8 | 15 | 28 | 7 | 18 | 33 | 7 | 18 | 33 | 7 | 14 | 20 | 7 | 12 | 20 | 4 | 13 | 33 | 7 | 13 |
Кадимки түндүк боз топурак | 54 | 7 | 4 | 4 | 8 | 20 | 8 | 15 | 28 | 7 | 18 | 33 | 7 | 18 | 33 | 7 | 14 | 20 | 7 | 12 | 20 | 4 | 13 | 33 | 7 | 13 |
Ачык коңур топурак | 69 | 9 | 5 | 5 | 11 | 23 | 11 | 18 | 38 | 9 | 25 | 46 | 9 | 25 | 46 | 9 | 19 | 28 | 9 | 16 | 28 | 6 | 18 | 46 | 9 | 18 |
Күңүрт коңур топурак | 82 | 10 | 6 | 6 | 12 | 30 | 12 | 20 | 43 | 10 | 28 | 52 | 10 | 28 | 52 | 10 | 22 | 31 | 10 | 18 | 31 | 6 | 20 | 52 | 10 | 20 |
3. Борбордук Тянь-Шянь | ||||||||||||||||||||||||||
а) Ысык-Көл ойдуңу | ||||||||||||||||||||||||||
Ачык коңур топурак | 78 | 10 | 6 | 6 | 12 | 30 | 12 | 20 | 43 | 10 | 28 | 5 | 10 | 28 | 46 | 10 | 22 | 31 | 10 | 18 | 31 | 6 | 20 | 52 | 10 | 20 |
Коңшулаш күңүрт коңур, кара топурак | 100 | 12 | 12 | 12 | 15 | 40 | 15 | 25 | 55 | 13 | 35 | 65 | 13 | 35 | 65 | 13 | 28 | 40 | 13 | 23 | 40 | 8 | 25 | 65 | 13 | 25 |
б) Ички Тянь-Шань | ||||||||||||||||||||||||||
Ачык коңур топурак | 77 | 10 | 6 | 6 | 12 | 31 | 12 | 20 | 43 | 10 | 28 | 52 | 10 | 28 | 52 | 8 | 22 | 31 | 10 | 16 | 31 | 6 | 20 | 52 | 10 | 20 |
Коңшулаш күңүрт коңур, кара топурак | 86 | 11 | 7 | 7 | 14 | 33 | 14 | 22 | 48 | 11 | 32 | 59 | 11 | 32 | 59 | 11 | 25 | 35 | 11 | 20 | 35 | 7 | 23 | 59 | 11 | 23 |
Эскертүү: жарым гидроморфтуу кайрак айдоо жерлеринин топурактарынын бонитет баллы акыркы жыйынтыктоочу балл боюнча зоналык кыртыштар үчүн эсептелген ченемдерге 1,05 жогорулатуучу коэффициентти пайдалануу менен аныкталат, ал эми гидроморфтуу топурактарга 1,07 коэффициенти колдонулат.
|
| Кыргыз Республикасында кыртыштын бонитетин аныктоо тартибине 7-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагындагы жайыт жерлердин топурактарын баалоодо балл менен төмөндөтүүчү түзөтүүлөр
Топурак (кыртыш) | 100 баллдык шкала боюнча республиканын топурактарынын бонитет баллы | Эрозияга чалдыгышы | Таштактуулугу | ||||
аз деңгээли | орточо деңгээли | күчтүү деңгээли | аз деңгээли | орточо деңгээли | күчтүү деңгээли | ||
Типчактуу талаа коңур топурагы | 42 | 5 | 9 | 15 | 3 | 9 | 23 |
Такыр сыяктуу чөлдүү топурагы | 25 | 4 | 7 | 16 | 2 | 7 | 16 |
Куба талаа-чөл топурагы | 32 | 4 | 8 | 13 | 3 | 6 | 19 |
Коңур талаа топурагы | 32 | 4 | 7 | 13 | 3 | 6 | 19 |
Ачык боз топурак | 32 | 4 | 7 | 11 | 3 | 7 | 19 |
Тоонун кадимки боз топурагы | 37 | 5 | 9 | 15 | 3 | 9 | 22 |
Тоонун ачык күрөң топурагы | 42 | 5 | 10 | 16 | 3 | 10 | 24 |
Тоонун күңүрт күрөң топурагы | 59 | 8 | 14 | 22 | 4 | 14 | 34 |
Тоонун боз-куба чөл топурагы | 33 | 4 | 8 | 13 | 3 | 8 | 19 |
Тоонун ачык-куба топурагы | 52 | 7 | 13 | 20 | 4 | 13 | 31 |
Тоонун ачык-коңур топурагы | 58 | 8 | 15 | 24 | 5 | 15 | 35 |
Тоонун күңүрт-коңур топурагы | 70 | 9 | 18 | 28 | 6 | 18 | 42 |
Тоонун күрөңүрөөк-коңур типчак астындагы топурагы | 67 | 8 | 17 | 27 | 5 | 17 | 40 |
Тоонун кара топурагы | 100 | 13 | 25 | 40 | 8 | 25 | 58 |
Тоо шалбаасынын талаа субальпы топурагы | 71 | 8 | 14 | 22 | 5 | 14 | 33 |
Тоо шалбаасынын субальпы топурагы | 77 | 9 | 18 | 30 | 6 | 18 | 43 |
Тоо шалбаасынын жана шалбалуу-талаа субальпы кара сымал топурагы | 79 | 10 | 20 | 33 | 6 | 21 | 49 |
Тоо шалбаасынын талаа альпы топурагы | 52 | 7 | 13 | 20 | 4 | 13 | 31 |
Тоо шалбаасынын альпы топурагы | 58 | 8 | 14 | 22 | 5 | 15 | 35 |
Тоонун чым күлдүү начар өөрчүгөн, шагылдуу беломятлик астындагы топурак | 49 | 5 | 10 | 17 | 3 | 10 | 25 |
Тоонун сулу астындагы чым күлдүү топурагы | 45 | 5 | 10 | 17 | 3 | 10 | 25 |
Тоо шалбаасынын чым жана чалаа чым көңдүү кобрезий астындагы топурак | 55 | 5 | 10 | 16 | 3 | 10 | 24 |
Тоонун тундра сыяктуу полигоналдуу дриадоцвет астындагы топурак | 24 | 2 | 5 | 9 | 2 | 5 | 12 |
Эскертүү:
1) түп тамырынан бери жакшыртуу иш-чараларын талап кылган топурактар, өтө жука топурак катмарына ээ болгон, топурак структурасы жок (механикалык курамы кумдуу), саздак, жуулуп кеткен топурактардын бонитеттик баллын 15тен - 20га чейинки деңгээлде белгилөө керек.
2) туздуу жана шор топурактуу жерлерди баалоону бонитеттин жыйынтык баллын аз деңгээлде 15%, орточо деңгээлде 45%; күчтүү деңгээлде 60%, шордуулук же туздуулук даражасында 80% азайтуу менен аныктоо керек.
3) тоолуу-түздүктөгү топурактардын бонитеттик баллы тоо топурактарынын баллына карата жүргүзүлүп, анын деңгээлин 10-15% төмөндөтүү аркылуу аныкталат.
4) бадалдуу жайыт жана бадал жерлеринде тараган топурактарды баалоодо балл менен төмөндөтүүчү түзөтүүлөр жайыт жерлери катары жүргүзүлөт.
|
| Кыргыз Республикасында кыртыштын бонитетин аныктоо тартибине 8-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагында чабынды жерлердин топурактарын балл менен баалоону төмөндөтүүгө түзөтүүлөр
Топурак (кыртыш) | 100 баллдык шкала боюнча республиканын топурактарынын бонитет баллы | Эрозияга чалдыгышы | Таштактуулугу | |||
аз деңгээли | орточо деңгээли | аз деңгээли | орточо деңгээли | күчтүү деңгээли | ||
Ачык боз топурак | 31 | 3 | 8 | 3 | 8 | 19 |
Тоонун кадимки боз топурагы | 37 | 3 | 9 | 3 | 9 | 22 |
Тоонун ачык-күрөң топурагы | 43 | 4 | 11 | 4 | 11 | 24 |
Тоонун күңүрт-күрөң топурагы | 59 | 6 | 15 | 5 | 15 | 34 |
Тоонун ачык-куба топурагы | 51 | 4 | 13 | 4 | 13 | 31 |
Тоонун ачык-коңур топурагы | 55 | 5 | 14 | 5 | 14 | 34 |
Тоонун күңүрт-коңур топурагы | 70 | 6 | 18 | 6 | 18 | 42 |
Тоонун кара топурагы | 100 | 8 | 25 | 7 | 25 | - |
Тоо шалбаасынын талаа субальпы топурагы | 74 | 8 | 20 | 9 | 20 | - |
Тоо шалбаасынын субальпы топурагы | 75 | 6 | 19 | 6 | 19 | - |
Эскертүү:
1) түп тамырынан бери жакшыртуу иш-чараларын талап кылган топурактар, өтө жука топурак катмарына ээ болгон, топурак структурасы жок (механикалык курамы кумдуу), жуулуп кеткен топурактардын бонитет баллын 15тен - 20га чейинки деңгээлде белгилөө керек.
2) туздуу жана шор топурактуу жерлерди баалоону бонитеттин жыйынтык баллын аз деңгээлде 15%га, орточо деңгээлде - 45%га, күчтүү деңгээлде 60%ка, шордуулук же туздуулукта - 80%га төмөндөтүүгө түзөтүүлөр менен белгилөө керек.
3) тоолуу-түздүктөгү топурактардын бонитет баллын тоо топурактарынын акыркы баллы боюнча анын деңгээлин 10-15%га төмөндөтүү менен белгилөө керек.
|
| Кыргыз Республикасында кыртыштын бонитетин аныктоо тартибине 9-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагында кыртыш бонитетинин бир баллынын баасы
| Бир баллдын баасы | |||||||||||
Сугат айдоо топурактары үчүн: | Табыгый тоют жерлери | |||||||||||
дан (жүгөрүдөн сырткары) | дандык жүгөрү | силостук жүгөрү | кант кызылчасынын үрөнү | гозо | тамеки | жашылчалар | картөшкө | көп жылдык чөптөр | көп жылдык чөптөрдүн үрөнү | жайыт | чабынды | |
Кыртыштын бир баллынын баасы, ц | 0,42 | 0,97 | 4,0 | 0,08 | 0,35 | 0,39 | 2,88 | 1,79 | 0,98 | 0,02 | 0,05 (0,06) | 0,14 |
Дан бирдигине которуу коэффициенти, ц | 1,0 | 1,30 | 0,17 | 6,61 | 1,50 | 1,65 | 0,16 | 0,25 | 0,50 | 11,9 | 0,8 | 0,8 |
Бир баллдын баасы дан бирдиги менен, ц | 0,42 | 1,26 | 0,68 | 0,52 | 0,53 | 0,64 | 0,46 | 0,45 | 0,49 | 0,24 | 0,04 (0,05) | 0,11 |