Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-февралы № 90
Азык-түлүк паёгунун ордуна акчалай компенсация төлөөнүн жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматчыларын социалдык-укуктук коргоонун бирдиктүү тартибин белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-мартындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине азык-түлүк паёгунун ордуна акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи абзацы "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскеринин" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери үчүн бюджетте каралган каражаттын чегинде жүргүзүлөрү белгиленсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-мартындагы N 18 жарыяланды
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |