Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-марты № 173
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенсация төлөө жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 90, 2019-жылдын 14-мартындагы № 115 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенсация төлөөнүн бирдиктүү тартибин камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 1-апрелинен баштап азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенсация суткасына 70 сом өлчөмүндө белгиленсин:
- мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларынан тышкары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскеринин аскер кызматчыларына;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясынын), Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик фельдъегер кызматынын кызматкерлерине.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 90, 2019-жылдын 14-мартындагы № 115 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенсация төлөөнү камсыздоо үчүн кошумча каражаттарды издеп тапсын;
- белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүү киргизсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-декабрындагы № 792 "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенсация жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-декабрындагы № 801 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин атайын арналыштагы милиция отряддарынын кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенсация жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июнундагы № 434 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенсациянын нормалары жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-октябрындагы № 740 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине азык-түлүк паектун ордуна акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтому.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом 2017-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |