Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-февралы № 95
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги текстинде:
а) Мыйзамдын аталышындагы "Жарнак" деген сөз "Жарнама" деген сөз менен алмаштырылсын;
б) I главанын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Жарнак", "жарнак", "жарнактык", "жарнактоо" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Жарнама", "жарнама", "жарнамалык", "жарнамалоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) II главанын бүткүл тексти боюнча ар кандай сандагы жана жөндөмөдөгү "Жарнак", "жарнак", "жарнактоо", "жарнакталган" деген сөздөр тийиштүү санда жана жөндөмөдө "Жарнама", "жарнама", "жарнамалоо", "жарнамаланган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 16-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-берене. Товарлардын айрым түрлөрүнүн жарнамасынын өзгөчөлүктөрү
1. Алкоголдук продукциянын ар кандай жолдор менен таратылуучу жарнамасы төмөнкүлөргө жол бербейт:
- тышкы жарнамада таратууга;
- кино жана видео тейлөөдө, эгерде мындай тейлөөнүн аудиториясы жашы жеткен адамдар менен чектелбесе, фильмдерди көрсөткөнгө чейин, көрсөтүлүп жатканда же андан кийин таратууга;
- алкоголдук продукцияны ичүү процессин көрсөтүүнү камтууга жана алкоголдук продукцияны ичүү коомдук, спорттук же жекече ийгиликке жетүү үчүн же болбосо дене бойду же психикалык абалды жакшыртуу үчүн маанилүү деген таасир калтырууга;
- алкоголдук продукцияны ичпөөнү жаманатты кылууга, алкоголдук продукциянын терапиялык оң касиеттери тууралуу маалыматты камтууга жана алардын продуктуда көп экендигин жакшы сапат катары көрсөтүүгө;
- жашы жетпегендерге тикелей кайрылууга, 35 жашка чейинки курактагы адамдардын образын, ошондой эле 21 жашка чейинки курактагыларга кеңири белгилүү адамдардын айткан сөздөрүн жана катышуусун пайдаланууга;
- жашы жетпегендер үчүн арналган радио жана телеберүүлөрдө, кино жана видео тейлөөдө, мезгилдүү басылмаларда таратууга;
- газеталардын биринчи жана акыркы беттеринде, ошондой эле журналдардын биринчи жана акыркы беттеринде жана мукабаларында таратууга;
- коомдук транспортто, мамлекеттик, балдар, окуу, медициналык, спорттук, маданий уюмдарда, шаарлардагы гүлзарларда жана аянтчаларда, ошондой эле аларга 200 метрден кем эмес аралыкта жайгашкан объекттерде таратууга.
Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
коомдук жайларда, анын ичинде жашы жетпегендердин арасында, ошондой эле жашы жетпегендердин кирүүсүнө тыюу салынбаган жерлерде жарнама максатында алкоголдук продукциянын үлгүлөрүн акысыз таратууга жана/же болор-болбос баада сатууга;
көбүнесе жашы жетпегендерге арналган иш-чараларга демөөрчүлүк кылууга, эгерде мында алкоголдук продукциянын аталышы, сүрөтү же товардык белгиси пайдаланылса;
алкоголдук продукцияны ичүү процессине тиешеси жок, сыртына алкоголдук продукциянын аталышы же сүрөтү түшүрүлгөн товарларды (футболкалар, баш кийимдер, кол чатырлар, сумкалар) таратууга, анын ичинде адамдардын кеңири чөйрөсүнө сатууга. Буларга барлардагы, ресторандардагы, кафелердеги, мейманканалардагы жана ушул сыяктуу жайлардагы сыртына алкоголдук продукциянын аталыштары же сүрөттөрү жана/же товардык белгилери жана логотиптери түшүрүлгөн күл түшүргүчтөр, оттуктар, ширеңке кутучалары, подностор, алкоголдук продукцияга арналган идиш, ошондой эле алкоголдук продукцияны таратуу жана аларды чекене соодалоо үчүн пайдаланылган транспорт каражаттары кирбейт. Мындай тиричилик буюмдарына алкоголдук продукцияны ичүүнүн зыяндуулугу жөнүндө эскертүү талап кылынбайт;
- Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармакта алкоголдук продукциянын жарнамасы.
Радиодо жана телекөрсөтүүлөрдө саат 7-00дөн 24-00гө чейин алкоголдук ичимдиктерди жарнамалоого тыюу салынат.
2. Алкоголдук продукциянын ар кандай ыкма менен таратылуучу жарнамасы төмөнкүлөргө жол бербейт:
- курамы жана даярдоо ыкмасы, даамы жөнүндө маалыматтар камтылган жарнамалануучу товардын мүнөздөмөсү тууралуу маалыматта келтирүүгө жана мында жарнамалануучу товардын зыяны аз (зыяны жок) деп маалымдоого;
- адамдарды, жаныбарларды, алардын ар кандай, анын ичинде куурчак, мультипликациялык, компьютердик келбеттерин пайдаланууга;
- сыртында алкоголдук продукциянын жана/же тамеки заттарынын аттары жазылган тенттерди, чатырларды, калканчтарды (анын ичинде сезондук) пайдаланууга;
- медицина жагында колдонулуучу терминдерди пайдаланууга;
- товардык белгилерди, соода маркаларын, "бренддерди", жалпы (зонтичный) "бренддерин", алкоголдук продукциянын мурда белгилүү болгон аттарын пайдаланууга.
3. Алкоголдук продукциянын жарнамасын таратуу төмөндөгүдөй эскертүүчү тексттер менен коштолууга тийиш:
- алкоголдук продукцияны ичүүнүн зыяндуулугу жөнүндө;
- жаш балдарга алкоголдук продукцияны сатууга тыюу салынгандыгы жөнүндө, мында эки текст тең бирдей өлчөмдөгү тамга (тамгалар) менен жазылууга жана жалпысынан жарнама аянтынын кеминде 10%ын ээлөөгө тийиш. Эскертүү текстинин түсү эскертүүнүн фонунун түсүнө салыштырганда айырмаланып турууга тийиш.
4. Чыгарууга жана (же) сатууга уруксаты жок дары-дармектердин, медицинада колдонулуучу буюмдардын, медициналык техниканын жарнамасына, ошондой эле дарылоо, профилактика, диагноз коюу, реабилитациялоо методдорунун жарнамасына эгерде мындай кызмат көрсөтүүлөргө Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан берилүүчү уруксатсыз, ал тургай ойлоп табууга патент алынган учурларда да жол берилбейт.
Врачтын рецепти боюнча берилүүчү дары-дармек каражаттарынын жарнамасына, ошондой эле пайдалануу үчүн атайын даярдыкты талап кылган медицинада колдонулуучу буюмдардын жана медициналык техниканын жарнамасына ушул бөлүктүн биринчи абзацында каралган талаптарды эске алуу менен медициналык жана фармацевттик кызматкерлер үчүн арналган басылмаларда гана жол берилет.
5. Кыргыз Республикасында экспорттоо жана импорттоо лицензиялар боюнча жүзөгө ашырылуучу аскердик багыттагы продукциянын тизмесине киргизилген күжүрмөн жана кызматтык куралдын, курал-жарактардын жана аскердик техниканын, ошондой эле уруксат берилген жарандык куралдын, анын ичинде аңчылык жана спорт куралдарынын жарнамасынан тышкары бардык түрдөгү куралдын, курал-жарактардын жана аскердик техниканын жарнамасына жол берилбейт.
Эгерде көрсөтүлгөн жарнама тикелей же кыйыр түрдө куралды, курал-жарактарды жана аскердик техниканы чыгаруунун технологиясын, күжүрмөн жана атайын колдонуу ыкмаларын ачып берсе, Кыргыз Республикасында экспорттоо жана импорттоо лицензия боюнча жүзөгө ашырылуучу аскердик багыттагы продукциянын тизмесине киргизилген уруксат берилген куралдын, курал-жарактардын жана аскердик техниканын жарнамасына жол берилбейт.
Уруксат берилген жарандык куралдын, анын ичинде аңчылык жана спорттук куралдын жарнамасын таратууга адистешкен мезгилдүү басылмаларда, ошондой эле уруксат берилген жарандык куралды колдонуучуларга арналган башка мезгилдүү басылмаларда жана аңчылык, спорттук курал колдонулган жерлерде гана таратууга жол берилет.
Уруксат берилген жарандык куралдын жарнамасын электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарында таратууга жол берилбейт.
Күжүрмөн жана кызматтык куралдын, ошондой эле Кыргыз Республикасында экспорттоо жана импорттоо лицензия боюнча ишке ашырылуучу аскердик продукциянын тизмесине киргизилген курал-жарактардын жана аскердик техниканын жарнамасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген гана тартипте, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте өткөрүлүүчү адистештирилген көргөзмөлөрдө же жармаңке-соодаларда жол берилет.
6. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттарды колдонууну идеалдаштыруу боюнча ар кандай маалыматтык жана билим берүүчү материалдарды белекке берүүгө жана таратууга;
- эгерде балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттарды жасап чыгаруучулардын аталыштары, сүрөтү жана товардык белгилери колдонулса, кош бойлуу жана эмчектеги балдары бар аялдар, саламаттык сактоо кызматкерлери жана башка балдардын, айрыкча ымыркайлардын жана кенже курактагы балдардын тамак-аш азыктарына тиешеси бар адамдар үчүн арналган иш-чараларга демөөрчүлүк кылууга;
- балдарды тамактандыруу процессине тиешеси болбогон, тышкы жагына балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктардын жана каражаттардын аталыштары же сүрөттөрү түшүрүлгөн товарларды (футболкалар, баш кийимдер, оюнчуктар, кол чатырлар, сумкалар жана д.у.с.) адамдардын кеңири чөйрөсүнө таратууга, анын ичинде сатууга;
- балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттарды сатып алууга же пайдаланууга дем берүүгө тикелей же кыйыр багытталган башка иштин түрлөрүнө;
- оюн-зоок опурталына жана алардын уюштуруучуларынын, катышуучуларынын жана ортомчуларынын, анын ичинде букмекердик конторалар жана тотализаторлор сыяктуу оюн-зоок жайларынын өз ара мелдешине негизделген жарнаманы (оюн-зоок бизнесинин жарнамасы) таратууга.
7. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тамекиге жана тамеки заттарына ар кандай (түз жана кыйыр) жарнамалоого тыюу салынат.
Тамеки продукциясынын жарнамасына тамеки буюмдары сатылуучу жерлерде гана уруксат берилет. Жарнама материалы 2000 кв.см чоң эмес өлчөмдө болуусу керек. Дүкөндүн ичиндеги ар бир жарнама материалы бардык учурларда медициналык эскертүү менен коштолууга жана жарнама аянтынын 40 пайыздан кем эмесин ээлөөгө тийиш.
8. Төмөнкүлөрдүн жарнамасына жол берилбейт:
эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын прекурсорлорун;
адам органдарын жана (же) ткандарын сунуштоолорго;
порнографиялык материалдарды, басма сөз басылмаларын, сүрөттөрдү жана порнографиялык мүнөздөгү башка буюмдарды;
потенциалдуу курмандыктарды адамдарды сатууга, сексуалдык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүүгө, анын ичинде психологиялык жардамдын, ымала түзүүнүн, релаксациянын, укалоонун түрү астында, мыйзамдуу иштин түрү астында жагымдуу убакыт өткөрүүнүн, андан ары сексуалдык мамилелерде болуу максатында таанышууга; коомго каршы жүрүм-турумга тартууга багытталгандарга.";
3) Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги текстинде:
а) II-1 главасынын бүткүл тексти боюнча ар кандай сандагы жана жөндөмөдөгү "Жарнак", "жарнак" деген сөздөр тийиштүү санда жана жөндөмөдө "Жарнама", "жарнама" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) III главанын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Жарнак", "жарнак", "жарнактык", "жарнактоо" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Жарнама", "жарнама", "жарнамалык", "жарнамалоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) IV главанын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Жарнак", "жарнак", "жарнактык", "жарнактоо" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Жарнама", "жарнама", "жарнамалык", "жарнамалоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) V главанын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Жарнак", "жарнак" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Жарнама", "жарнама" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|