Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-марты № 96
Кыргыз Республикасында ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-2022-жылдар мезгилине ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү жана ишин уюштуруу концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Ишкерлерди тейлөө борбору" мамлекеттик мекемесин түзүүдө ушул мамлекеттик мекемени жайгаштыруу үчүн имарат курууга жер участогун издеп тапсын.
4. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына ушул токтомдун 3-пунктун ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго көмөк көрсөтүүсү сунушталсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-мартындагы N 18 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |