Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-мартындагы № 96 токтомуна) |
2019-2022-жылдар мезгилине ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү жана ишин уюштуруу КОНЦЕПЦИЯСЫ
Ушул Концепция ишкерлерди колдоо институтун - ишкерлерди тейлөө борборлорун (мындан ары - ИТБ) түзүү миссиясын, көз карашын жана максатын аныктайт.
Концепция Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн "Биримдик, ишеним, жаратмандык" программасынын 3.4-бөлүмүнө шайкеш келтирип аныкталган максаттарга ылайык иштелип чыкты, ал ишкердикти колдоо боюнча бирдиктүү аянтчаларды жана таасирдүү механизмдерди түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдына коюлган артыкчылыктуу милдеттердин бирин ишке ашырууну караштырат.
1. Учурдагы кырдаалга жалпы баа берүү
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматтары боюнча 2018-жылдын январь-сентябрында Кыргызстанда 11356 чакан жана орто ишканалар (мындан ары - ЧОИ) иштеген. 2017-жылдын ушул мезгилинде 10641 ЧОИ иштеген жана 2017-жылга салыштырганда 715 ЧОИге көбөйгөн. 2018-жылдын январь-сентябрында жеке ишкердик ишин 398,1 миң адам, 2017-жылы - 387,6 миң адам жүргүзгөн, тиешелүү түрдө 10,5 миң адамга өскөн. Ошентип, ЧОИ чөйрөсүндө иштегендердин жалпы саны (дыйкан жана фермердик чарбаларды кошпогондо) отчёттук мезгилде 480,6 миң адамды түзгөн.
ИДПнын жалпы көлөмүндө чакан жана орто бизнестин салыштырма салмагы 38,2%ды же 140512,6 млн. сомду түздү. Ошону менен өнүккөн өлкөлөр менен салыштырганда ИДПда чакан ишканалардын үлүшү ИДПнын 50%нан ашыгын түзөт жана экономиканы өнүктүрүүнүн, жумушчу орундарын түзүүнүн, бюджетке жана пенсиялык фондго чегерүүлөрдүн локомотиви болуп саналат.
Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизги фактору катары ЧОИнин дурус ролун белгилеп кетүү керек, ал ар кандай деңгээлдеги бюджеттердин кирешелерин толуктоодо, миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүүдө көрүндү. Чакан жана орто ишкердик түзүмдөрү көпчүлүк учурларда атаандаштык мамилелердин өнүгүшүнө, рынокту кызмат көрсөтүүлөр жана товарлар менен толтурууга көмөк көрсөтөт. Ушуну менен бирге, Кыргыз Республикасында ЧОИ өнүгүүнүн абалын талдоо көрсөткөндөй, бул сектор экономиканын ажырагыс бөлүгү боло элек жана капиталды тартууда, технологияларды өздөштүрүүдө кыйынчылыктарга дуушар болууда.
Бул аспектте мамлекеттин негизги милдеттеринин бири бизнес үчүн тоскоолдуктарды төмөндөтүү, коррупциялык механизмдерди жокко чыгаруу жана ишкерлерге сапаттуу, өз убагында жана жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүү, жарандардын, бизнестин жана мамлекеттин кызыкчылыктар балансын сактоо менен бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, ЧОИ жаңы технологияларды өздөштүрүү, жогорку квалификациялуу персоналды тандоо, инновациялык технологияларды жана башкаларды киргизүү үчүн учурда мүмкүнчүлүктөрү жана жетиштүү ресурстары жок. Эмгек рыногунда квалификациялуу адистердин тартыштыгы байкалууда. Ишкерлер өздөрү үзгүлтүксүз окутууга жана жаңы көндүмдөрдү сатып алууга кызыкдар. Кошумча билимдин маанилүүлүгү глобалдуу атаандаштыктын алкагында өлкөнү экономикалык жактан өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрүнө ылайык үзгүлтүксүз өркүндөтүүгө ишкерлердин муктаждыгы менен белгиленүүдө.
Ушул маселелерди чечүүдө мамлекет ар тараптан колдоо көрсөтүп, ЧОИ өнүктүрүүгө каражаттарды жумшашы керек, ал эми буга жооп катары мамлекет салык, социалдык чегерүүлөр, калктын жумуш менен камсыз болушу, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшү түрүндө пайда көрөт.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында ишкерлерди колдоодо билим берүү системасына көмөк көрсөтүүчү институттар иштеп жатат, алар Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын бизнес-билим берүү борборунан, Адам өнүгүүсүнүн кыргыз-япон борборунан (KRJC) жана башка жеке борборлордон турат. Бул уюмдар ишкерлердин көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн бизнес-курстарга өзгөчө көңүл бурушат. Мындан тышкары, бул борборлор ишкердик жана экономикалык ой жүгүртүүнү жайылтууга багытталган, билимдерди жана көндүмдөрдү берүүнү болжолдогон бизнес-тренингдердин жана семинарлардын кеңири спектрин сунушташат, аларды колдонуу ишкерлерге рыноктук шарттарда туура багыт алууга жана өлкөнүн рыноктук мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу колдонууга мүмкүндүк берет.
Ишкердикти өнүктүрүүнүн башка механизми "Бир айыл - бир продукт" (БАБП) долбоору болуп саналат, ал Кыргызстандын региондук өнүгүүсү үчүн атайын иштелип чыккан. 10 жыл бою бул механизм ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жергиликтүү жана дүйнөлүк рынокторго кийин илгерилетүү менен сапаттуу продукцияны өндүрүү сырларына окутат.
Оң саясый факторлорго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишкердикти өнүктүрүү жана мамлекеттик программаларды ишке ашыруу маселелерине жогору көңүл бөлгөнү кирет, бул башка өнүктүрүү институттары жана фонддору менен өз ара аракеттенүүгө жана колдоо инструменттеринин комплекстүү пакеттерин ишкерлерге тартуулоого мүмкүндүктөрдү берет.
Кыргыз Республикасынын эл аралык экономикалык макулдашууларга жана конвенцияларга катышуусу ЧОИ колдоо жана өнүктүрүү үчүн чет элдик финансылык институттардын кошумча каражаттарын тартууга мүмкүндүктөрдү ачат.
Өлкөдө мамлекеттик органдар, финансылык-кредиттик мекемелер, кепилдик фонддору, бизнести өнүктүрүү жана кредиттөө фонддору сыяктуу ишкердикти колдоо институттары бар, алар иштерин өз компетенциясынын чегинде, бирок ишкерлерге толук, ыкчам жардам берүү жана кызматтарды көрсөтүүнүн алкагында биргелешкен өз ара аракеттенүүгө байланыштырбастан ишке ашырышат. Бирок ушул колдоо системасында "бирдиктүү терезенин" алкагында ишкерлерге тийиштүү чараларды караштырган жана көрө турган ишкерлерди тейлөөнүн бирдиктүү органы жок.
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүү пункттарын уюштуруу жөнүндө ченемдер бекитилген, алар кызматтарга жетүү пункттары же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук формада көрсөтүлөт. Мында уюштуруу жана жайларды берүү тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге жүктөлөт.
Ошол эле учурда, аталган Мыйзамда ар түрдүү мамлекеттик органдардын компетенциясына кирген кызматтардын комплексин көрсөтүүчү мекеменин уюштуруу-укуктук формасы, ушул мекемелерде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу өзгөчөлүктөрү, мамлекеттик кызматтарды бир жерде көрсөткөн уюмдардын функциялары, милдеттери жана жоопкерчилиги, анын ичинде арыз ээсинин катышуусуз эле документтерди суратып алуу укугу, мамлекеттик кызматтарды мекемелерде көрсөткөн министрликтердин жана ведомстволордун милдеттери, өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга талаптар жөнүндө ченемдер жок.
Азыркы учурда мамлекет тарабынан чечүүнү талап кылган бир катар көйгөйлөр бар, анткени төмөндө саналып өткөн көйгөйлөр тиешелүү кызматтарды көрсөтүүдө жана документтерди берүүдө коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтпөйт:
- кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү процесстери тартипке келтирилген эмес (башка мамлекеттик органдан алынышы мүмкүн болгон документтерди же маалыматтарды суратуу);
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, лицензияларды жана уруксаттарды берүү, кошумча документтерди суратууну жокко чыгаруу максатында документтердин, талаптардын толук тизмегинин жоктугу, ошондой эле аларды кыска мөөнөттөрдө берүү боюнча процесстер өркүндөтүлгөн эмес (мисалы: "Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу үчүн кабыл алынган мыйзамдык актылар жок);
- айрым кызматтарды жеринен алуу мүмкүндүгүнүн жоктугу, бул бизнеске жүк болууда, алар материалдык жана убакыттык чыгымдарды тартууда, тактап айтканда лицензияларды алуу үчүн талапкер Бишкек шаарындагы лицензиар-органдарга кайрылышы керек;
- кызматтарды көрсөтүү процесстери автоматташтырылган эмес, бул аларды көрсөтүү мөөнөттөрүнө таасирин тийгизүүдө.
Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү маселелери жөнгө салынган саналуу гана ченемдик укуктук актылар аныкталган.
Алсак, "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) каралган (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги № 182 токтому менен Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдардын ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобо бекитилген, анын алкагында 4 мамлекеттик орган өз ара аракеттенишет).
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишкана (мындан ары - "БТ" МИ) бардык макулдашуучу орган-эксперттердин катышуусу менен тышкы соода чөйрөсүндө автоматташтырууну ийгиликтүү киргизүүдө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 390 токтому менен "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы соода операцияларын ишке ашыруу үчүн документтерди тариздөөдө мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өз ара иштешүүсүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 "Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицензиарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому менен 12 орган - эксперттер аныкталган).
Салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүдө салык органынын "бирдиктүү терезесинин" иш принциптери киргизилген (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2016-жылдын 26-августундагы № 198 буйругу менен Салык органынын Бирдиктүү терезесинин иш стандарттары бекитилген).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 "Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен "бирдиктүү терезе" принциби боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө уруксат берүүчү документтерди берүү тартиби жана жол-жоболору каралган.
Белгилеп кетчү нерсе, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги маалымат борборун түзгөн, ал өлкөдө ишкердикти жүргүзүү эрежелери, Евразия экономикалык бирлигинин шартындагы жаңы жоболор, Преференциялардын жалпы схемасы же ВСП+ статусунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө коомчулукка маалыматтык коштоо жана түшүндүрмө берет.
Белгилеп кетчү нерсе, Кыргыз Республикасы мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртуу багытында бир топ иштерди жасады жана азыркы учурда аларды көрсөтүүнүн натыйжалуулугу жана ишкердикти өнүктүрүүгө багыт алуусу жөнүндө маселе турат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген, мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөткөн мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрине (тизмесине) ылайык, азыркы учурда мамлекеттик органдар 395 кызматты көрсөтүүдө, анын 95и ишкерлерге көрсөтүлөт.
"Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, лицензиар-мамлекеттик органдар менен 98 уруксат документтерин берүү каралган, анын ичинен 65 лицензия жана 33 уруксат.
Мындан тышкары, мамлекеттик органдар тармактык мыйзамдарга жана мыйзам актыларына ылайык ырастамаларды, күбөлүктөрдү, актыларды, сертификаттарды жана башка документтерди берет.
"Бирдиктүү терезе" принциби боюнча иштеген кызмат көрсөтүү борборлорун түзүүнүн пилоттук долбоорун жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 485-б буйругуна ылайык 6 мамлекеттик кызматты көрсөтүү үчүн "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын Сокулук райондук филиалынын почта байланышынын 4 бөлүмү - Арал, Белек, Маловодное жана Национальное айылдарында кызмат көрсөтүү борборлорунун базасында түзүү боюнча талаптарга ылайык даярдалды. Кызмат көрсөтүү борборлорунун сунушталган модели эл аралык тажрыйбаны эске алган, бирок өзүнүн шарттарына жана өзгөчөлүктөрүнө негизделген, райондук деңгээлде айрыкча талап кылынган алты кызматты көрсөтүү мисалында апробацияланды. Бир катар принциптүү жоболор сунушталган моделдин мүмкүнчүлүгүнүн жана талаптардын топтомун түзөт. Алардын ичинде:
1. Жаран "жакын жерден" кызматты алат жана кызматты алууга байланыштуу негизсиз жол-жоболордон бошотулат.
2. Кызматтарды алууда жарандын мамлекеттик органдар менен контакттарынын саны минималдаштырылат.
3. Керектөөчүдөн анда туруктуу түрдө боло турган гана документтер суралат.
4. Арыз ээси Кызмат көрсөтүү борборуна 3төн көп эмес жолу "барышы" керек (маалымат алуу, арыз берүү, кызматты алуу). Мында, баруу - жерине баргандан тышкары, алыстан - электрондук болушу керек.
5. Мамлекеттик органдар иш процесстерин оптималдаштыруунун жана аткаруу менен кызмат көрсөтүүнүн катышуучуларынын ортосунда "эмгекти бөлүштүрүүнүн" эсебинен чыгымдарын төмөндөтүшөт.
Долбоорду ишке ашыруу мезгилинде "бирдиктүү терезе" принциби боюнча иштеген кызмат көрсөтүү борборунун сунушталган моделинин негизинде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча ири көлөмдөгү иштер аткарылды. Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу "Электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому менен "Электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасы түзүлгөн.
Мында башка мамлекеттик органдар менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү уюштуруу үчүн маалыматтарды электрондук алмашуу системасын киргизүү боюнча иштер "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын базасында (мындан ары - "Түндүк" ВАЭА) жүргүзүлдү.
"Түндүк" ВАЭА системасында каралгандай, министрликтер, ведомстволор, мамлекеттик ишканалар, муниципалдык бийликтин органдары жана башка уюмдар (юридикалык жана жеке жактар) бири-бири менен маалыматты автоматташкан, ведомстволор аралык деңгээлде алмашуусу керек. Мында:
- "Түндүк" платформасы аркылуу өтүүчү кандай гана болбосун транзакцияга автоматтык түрдө кол коюлат жана ал документ болуп калат (маалымкат, отчёттор, маалымат);
- ар бир органда анын транзакциясынын тарыхы сакталат;
- тарыхына расмий түрдө кол коюлган жана аны сотто колдонууга болот;
- кандай гана болбосун мамлекеттик орган эмнени, качан жана каякка бергендигин дайыма билет;
- тарыхын жасалмалоого болбойт, ал автоматтык түрдө түзүлөт.
2. Ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүүнүн максаттары жана милдеттери
Ишкерлерди тейлөө борборлорун (мындан ары - ИТБ) түзүүнүн негизги максаттары - мамлекеттик кызматтарды алуу жана лицензия-уруксат документтерин берүү, аларды алуу мөөнөттөрүн кыскартуу, ишкерлерге сапаттуу, өз убагында жана жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүү, окутуу аркылуу ишкерлердин компетенцияларын жана көндүмдөрүн өнүктүрүү, коррупциялык механизмдерди жокко чыгаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтөт.
Ведомстволор аралык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүнү жөнөкөйлөтүүнүн негизги ыкмалары болуп төмөнкүлөр болжолдонууда:
1) кызматтарды көрсөтүүдө ишкерлерге керектүү документтерди кабыл алуунун, каттоонун жана берүүнүн бирдиктүү түйүнүн уюштуруу;
2) ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү оптималдаштыруу (анын ичинде электрондук), документтерди жүгүртүү убактысын кыскартуу, ар түрдүү ведомстволордун маалымат базаларын бириктирүү;
3) мамлекеттик органдарга (ишкер тарабынан) өзү жөнүндө маалыматтарды бир эле жолу берүү, аларды кийин башка ведомстволорго берүүнү милдеттендирбестен - зарыл болгон учурларда мамлекеттик органдар башка мамлекеттик органдан маалыматтарды өздөрү сурап алуу милдетин алышат;
4) ишкердин бир эле учурда бир нече мамлекеттик кызматтарды алуу мүмкүндүгү.
ИТБны түзүүнүн негизги милдеттери:
1) ишкер менен мамлекеттин ортосунда түз контакттарды жокко чыгаруу;
2) ишкердик ишин мамлекеттик жөнгө салуунун ачык системасын түзүү;
3) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана лицензия - уруксат берүү документтерин алууда ишкерлердин чыгымдарын кыскартуу;
4) ишин жаңы баштаган ишкерлердин потенциалын жогорулатуу;
5) ЧОИнин субъекттеринин техникалык көндүмдөрүн жана компетенцияларын жакшыртуу;
6) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана лицензия-уруксат берүү документтерин алууда коррупцияны төмөндөтүү.
ИТБны түзүүнүн максатын жана милдеттерин эске алып, тиешелүү кызматтарды алууга сарпталган убакытты жана чыгымдарды төмөндөтүүнү, мөөнөттөрүн кыскартууну, жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнү эске алуу менен ишкерлерге автоматташтырылган мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү зарыл.
Мындай кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу төмөнкүлөр аркылуу мүмкүн:
1) ишкерлер үчүн административдик жол-жоболордон өтүү үчүн талап кылынуучу бардык аракеттерди бир интернет-ресурсунда/бир имаратта бириктирүү. Натыйжалуулук жагынан караганда, бул эки чоң артыкчылыкты берет: ишкерлер үчүн процессти жөнөкөйлөткөндөн тышкары, ушул процесске катышкан ар түрдүү ведомстволордун ишин координациялоого көмөк көрсөтөт. ИТБ түзүү ишкерлерге убакыттарын үнөмдөөгө жардам берет. Маалыматтарды топтоо, жоопторду, консультациялык колдоо алуу үчүн өз ара аракеттенүүнүн бирдиктүү зонасын камсыз кылып, процесстин административдик түзүүчүсүн жөнөкөйлөтөт, карама-каршылыктарга жол бербейт жана аткаруу мөөнөттөрүн болжолдоону жогорулатат. Мамлекеттин жана бизнестин чыгымдарын оптималдаштырууга мүмкүндүк түзөт. Ошондой эле, электрондук тейлөөнү түзүү мүмкүндүгүн карап чыгуу зарыл, ал ишкерлерге бардык жол-жоболордон он-лайн режиминде өтүүгө мүмкүндүк түзөт;
2) электрондук башкарууда жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө, "Түндүк" ВАЭА аркылуу мамлекеттик функцияларды ишке ашырууда мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, жеке жана юридикалык жактардын ортосунда маалымат алмашууну камсыздоо аркылуу ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү автоматташтыруу;
3) ишкерлердин күтүүлөрүн жана муктаждыктарын изилдөө;
4) билим берүү бизнес-курстары аркылуу ишкерлердин потенциалын жогорулатуу;
5) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жетишпеген стандарттарын мамлекеттик органдар тарабынан иштеп чыгуу жана ушул маалыматты калкка жеткирүү;
6) ишкерлерди тейлөө борборлорунун иши жөнүндө коомчулукту үзгүлтүксүз маалымдоо.
Белгилеп кетчү нерсе, ушундай ИТБны түзүүнүн өбөлгөлөрү мамлекеттик органдарда электрондук өкмөттүн элементтерин киргизүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин түзүү, кызматтарды көрсөтүүнүн административдик регламенттерин жана стандарттарын иштеп чыгуу жана мыйзамдуу бекитүү болуп саналат.
ИТБны өнүктүрүү маселелери ишкердикти өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо ыкмаларынын бири болуп саналат жана бизнес-коомчулук менен өз ара аракеттенүүдө мамлекет тарабынан ар тараптуу жардам көрсөтүүгө багытталат.
Белгилеп кетчү нерсе, ИТБны түзүү маселелеринде бир катар артыкчылыктар жана тобокелдиктер бар. ИТБ кызмат көрсөтүүнүн артыкчылыгы:
- бир жерден документтерди кабыл алуу, каттоо жана ишкерлерге берүү;
- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында маалымат менен алмашуунун ылдамдыгын жогорулатуу;
- көрсөтүлүүчү кызматтардын ачыктыгы;
- мамлекеттик органдар тарабынан чечимдерди кабыл алуу мөөнөттөрүн кыскартуу;
- ишкерлердин бир нече кызматтарды бир убакта алуу мүмкүндүгү;
- кызматтарды көрсөтүүдө ыңгайлуулук стандарттарын киргизүүнүн чыгымы аз ыкмасы;
- процесстерди тартипке келтирүүнүн эсебинен уюштуруу процесстерин оптималдаштыруу;
- кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу (он-лайн маалымдоо, колл-борборлор, маалымат стенддери, буклеттер, брошюралар ж.б.);
- кызматтарды көрсөтүү процессин контролдоо.
Тобокелдиктер:
- ведомстволор аралык маалымат базасынын жоктугу;
- кызматтарды көрсөтүүдө ведомстволор аралык жана деңгээлдер аралык өз ара аракеттенүү маселелерин жөнгө салуудагы татаалдык;
- ар бир мамлекеттик органдын ИТ-ресурстарынын ар түрдүү мүмкүндүктөрү;
- техникалык тейлөөнү жана программалык камсыздоону сатып алууга жана орнотууга чыгымдар;
- ар түрдүү мамлекеттик органдардын программалык камсыздоосунун айкалышпастыгы, бул аларды колдонууну жана ИТБ базасына мындан ары интеграцияны татаал жана чыгымдуу кылат.
3. Ишкерлерди тейлөө борборлорунун ишинин артыкчылыктуу багыттары
ИТБны түзүүнүн негизги максаттарын ишке ашыруу үчүн процессти эки стратегиялык багыттардан баштоо керек, бул:
1. ЧОИ субъекттери үчүн билим берүүчү бизнес-кызмат көрсөтүүсүн өнүктүрүү.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтыруу.
ЧОИ субъекттеринин компетенцияларын өнүктүрүү өзүнө бизнес жүргүзүүнүн негиздерине окутуу жана иштеп баштаган ишкерлерди консультациялык коштоо, топ-менеджерлерди мыкты дүйнөлүк тажрыйбаларга окутуу, ишкерлер үчүн консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн инфратүзүмүн өнүктүрүү, чет элдик өнөктөштөр менен ишкердик байланыштарын түзүүгө көмөк көрсөтүү, эл аралык менторлорду тартуу боюнча ж.б. долбоорлордун комплексин камтыйт.
Бул үчүн төмөнкүдөй маселелерди чечүү керек:
- ишкерлер үчүн консультациялык кызматтардын инфратүзүмүн өнүктүрүү;
- потенциалдуу жана иштеп баштаган ишкерлердин, тажрыйбалуу жетекчилердин жана уюмдардын менчик ээлеринин компетенцияларын түзүү;
- ЧОИ үчүн бирдиктүү маалыматтык аянтчасын түзүү жана ишке киргизүү, дистанциялык консалтингди өнүктүрүү (колл-борбор, бизнес-портал, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн порталы, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн маалыматтык стратегиясын иштеп чыгуу жана ИТБ өнүктүрүү);
- коммерциялык ишти жүргүзүүнү регламенттеген мыйзамдык базанын жаңылыктары менен тааныштыруу жана системалуу түрдө жарыялоо;
- чакан жана орто бизнести мамлекеттик колдоо чараларын популяризациялоо.
Экинчи стратегиялык багыт - бул кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтыруу, ал учурдагы жумуш агымдарынын (бизнес-процесстердин) абалын кайра карап чыгууну, ошондой эле бизнес-процесстерди санариптөөнү талап кылат.
ИТБ ишинин алкагында автоматташтыруу мамлекеттик органдардын ортосунда өз ара аракеттенүүнүн иштелип чыккан жана бекитилген регламентине ылайык суроо-талап боюнча ишкерлерге деталдуу маалыматты алуу жана керектүү маалыматты тандоо мүмкүндүгүн камсыздаган интеграцияланган чөйрөдө иштөөгө маалыматтарды алмашуудан өтүүнү жана башка өз ара аракеттенген органга керектүү маалыматты өткөрүп берүүнү болжолдойт.
Маалыматты ведомстволор аралык алмашууну камсыздоо кызмат көрсөтүү процессине катышкан министрликтердин жана ведомстволордун ортосунда маалымат өтүү убактысын кыскартууга жана ведомствонун бул процесске тартылган кызматкерлеринин ишин жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет. ИТБ ишин автоматташтыруу төмөнкүлөргө жетишүүгө мүмкүндүк түзөт:
- документтерди даярдоо жана кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон убакытты колдонуудагы практикага салыштырмалуу кыскартууга;
- кызмат көрсөтүүлөргө зарыл болгон документтерди алуу үчүн органдарга жана уюмдарга арыз ээсинин кайрылууларынын санын кыскартууга;
- негизги кызматты көрсөтүү үчүн зарыл болгон документтерди даярдоого катышкан органдардын жана уюмдардын кызматтарына акы төлөө боюнча арыз ээсинин чыгымдарын минималдаштырууга.
Сунушталган ыкмаларды ишке ашыруунун керектүү шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1. Органдардын ортосунда маалымат алмашуу процессин регламенттеген тиешелүү ченемдик укуктук базанын болушу;
2. Процесстерди автоматташтырууну, ошондой эле маалымат базасын түзүүнү камсыздаган маалыматтык системанын болушу;
3. Маалыматты электрондук түрдө алмашуу системасынын болушу;
4. Маалыматтык системаларда колдонулуучу маалымат берүүнүн бирдиктүү стандарттарынын, ошондой эле маалыматты электрондук түрдө өз ара алмашуунун макулдашылган жол-жоболорунун жана протоколдорунун болушу;
5. Шифрлөө каражаттарын жана/же электрондук кол тамганы колдонуу үчүн техникалык колдоонун өнүккөн системасынын жана ченемдик актылардын болушу.
Маалыматты автоматташтыруу, чогултуу жана берүү жалпы колдонулуучу тарамдар боюнча ишке ашырылат (телефон, телеграф, маалыматты берүү тарамдары, Интернет).
Маалыматты иштетүү жана сактоо үчүн байланыштын адистештирилген каналдарына негизделген ведомстволук системалар да, жалпы колдонулуучу тармак - Интернет да колдонулат. Ага санкциясыз кирүүдөн же зыян келтирүүдөн коргоо жана коопсуздук чаралары камсыздалат.
Маалымат алмашуу системасына негизги талаптар: кандай гана болбосун программалык платформаларды колдоо, иштетүүнүн жана колдонуунун жөнөкөйлүгү жана арзандыгы, мамлекеттик органдардын чакан системалары менен өз ара аракеттенүүнү камсыздоо болуп саналат.
Кызмат көрсөтүүнүн алкагында ИТБда жооптуу органы менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну түзүү аркылуу арыз ээлерин ыкчам тейлөө үчүн мамлекеттик органдардын маалыматтык системасына ИТБ операторлорунун жетүүсүн камсыз кылуу менен мамлекеттик органдардын маалымат базаларын колдонуу болжолдонот.
Мында, кирүү чектелүү болгон маалыматтык системаларын колдонуу менен кызматтарды көрсөтүү максатында ИТБ операторлору катары ушул органдардын кызматкерлери ишке тартылат, алар тарабынан кызмат көрсөтүү шарттары жана тартиби жооптуу орган менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууда регламенттелет.
4. Ишкерлерди тейлөө боюнча борборлордун кызмат көрсөтүүчү негизги чөйрөлөрү жана функциялары
ИТБ ишин төмөнкүдөй негизги чөйрөлөрдө ишке ашырат:
1) билим берүү кызматтарын көрсөтүү:
- иштеп баштаган жана ийгиликтүү ишкерлер үчүн курстар;
- иштеп баштаган ишкерлер үчүн бизнес-инкубаторлор;
- бизнес-коучтар;
2) маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр:
- бизнес ачуу боюнча маалыматтык-консультациялык колдоо;
- бизнес-планды иштеп чыгууну колдоо;
- ишкерлер үчүн продукцияны экспорттоо боюнча консультациялоо;
- юридикалык консультациялоо;
- багыттар боюнча консультациялоо;
- ресурстарды башкаруу;
3) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, лицензияларды жана уруксаттарды берүү:
- документтерди каттоо жана берүү (маалымкаттар, корутундулар, көчүрмөлөр, күбөлүктөр жана башка документтер);
- тышкы соода иши боюнча кызмат көрсөтүүлөр (экспорттук-импорттук операциялар);
- техникалык жөнгө салуу, ЕАЭБ, ВСП+;
- лицензияларды жана уруксаттарды берүү;
4) финансылык кызмат көрсөтүүлөр:
- кепилдик фондунун кызмат көрсөтүүсү;
- камсыздандыруу;
- кредиттер;
- лизинг;
- гранттар.
5) консалтинг кызматтарын көрсөтүү:
- жалпы башкаруу;
- администрациялоо;
- финансылык башкаруу;
- персоналды башкаруу;
- маркетинг;
- өндүрүш;
- маалыматтык технологиялар;
- иштин адистештирилген чөйрөлөрү жана башкалар.
ИТБ негизги функциялары:
1) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты кабыл алуу, лицензияларды жана уруксаттарды берүү;
2) мамлекеттик органдар, ошондой эле мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө катышкан уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө ишкерлердин кызыкчылыктарын көздөө;
3) ишкерлер менен өз ара аракеттенүүдө мамлекеттик органдардын кызыкчылыктарын көздөө;
4) ИТБда мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү тартиби жөнүндө ишкерлерди маалымдоо;
5) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү;
6) мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларынан маалыматты кабыл алуу, иштетүү;
7) мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжалары боюнча документтерди берүү;
8) ишкерлерге рыноктук шарттарда багыт алууга жана рыноктук мүмкүндүктөрдү натыйжалуу колдонууга көмөк көрсөтүүчү билимди жана көндүмдөрдү берүүнү уюштуруу;
9) Кыргыз Республикасынын ар бир региону сунуштаган сапаттуу, экологиялык таза продукцияны көрсөткөн көргөзмө комплексин уюштуруу;
10) иштеп баштаган ишкерлер үчүн жайларды берүү (старт-аперлер) жана башкалар.
Мындан тышкары, ИТБда төмөнкүдөй кошумча кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу максатка ылайыктуу болот:
- банктык кызмат көрсөтүүлөр, банкомат;
- нотариустук жана юридикалык кызмат көрсөтүүлөр;
- көчүрүү-көбөйтүү кызматтары;
- жалпы колдонулуучу байланыштын жергиликтүү түйүнүнүн кызматтары;
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү порталына, маалымдама-укуктук системаларга жетүү ж.б. жетүү.
Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жана лицензияларды - уруксат берүүчү документтерди берүү төмөнкүдөй уюштурулат: мында ишкер ИТБга келип, ар түрдүү ведомстволор көрсөткөн, өз ара байланыштырылган кызматтардын комплексин бир жерде ала алат.
ИТБ иши "бирдиктүү терезе" принциби боюнча уюштурулат жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн ыңгайлуулук талаптарына шайкеш келет (анын ичинде веб-портал, бирдиктүү маалымат борбору аркылуу консалтингдик жана башка кызматтарды алууга алдын ала жазылуу мүмкүндүгү, электрондук кезек, күтүү үчүн жабдылган орундар, жайгашуусунун ыңгайлуулугу, ИТБ кардарлары үчүн унаа токтотуучу жайлардын бар болушу, бардык кызматтарды, алымдарды жана жыйымдарды банктардын бөлүмдөрү жана төлөм терминалдары аркылуу бир жерде төлөө мүмкүндүгү).
Билим берүү кызматтары үчүн атайын аянтча уюштурулат, анын базасында билим берүү кызматтарын көрсөткөн уюмдар бизнес-тренингдерди, бизнестин негиздери боюнча окутуу курстарын, семинарларды, конференцияларды өткөрүп турушат, консалтинг кызматтарын көрсөтүшөт.
Билим берүү кызматтарынын негизги максаттары:
- ишкерлерди бизнес жүргүзүүнүн жаңы моделдерине окутуу;
- адистердин квалификациясын жогорулатуунун эсебинен компаниянын атаандаштыкка туруктуулугун, туруктуу өсүшүн жогорулатуу;
- калктын бизнес жүргүзүүдө ишкердик деңгээлин жогорулатуу.
Тренингдерди рынокто өзгөчө талап кылынган тематикалар боюнча, ошондой эле кардарлардын өздөрүнүн суроо-талаптары боюнча жүргүзүү болжолдонууда, мисалы:
- ийгиликтүү бизнес-планды жазуу;
- бизнес-моделдердин негиздерине окутуу;
- финансылык каражаттарды издөө;
- рыноктук стратегиянын планын түзүү;
- маркетинг;
- финансылык эсепке алуу, башкаруучулук эсепке алуу;
- бухгалтердик кызмат көрсөтүүлөр;
- салык салууну оптималдаштыруу;
- укуктук сабаттуулук, келишимдерди түзүү;
- ISO, НАССР менеджментинин эл аралык стандарттары;
- компаниянын акцияларын биринчи ачык жайгаштырууга даярдоо (IPO).
Билим берүү кызматын түзгөн курамдык бөлүгүнүн бири болуп, буга чейин белгиленгендей, иштеп баштаган ишкерлер үчүн бизнес-инкубаторлорду түзүү саналат. Ушуга байланыштуу, ИТБ базасында идеяны иштеп чыгуудан аны коммерциялаштырууга чейинки бардык этаптарда жаш ишкерлерди колдоо долбоорлору менен иштеген уюмдарды тартуу пландалууда.
Бизнес-инкубатордо ЧОИ колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган процесстер өтөт: старт алгандан баштап продуктуну рынокко чыгарууга жана бекемдөөгө чейин перспективалуу жана инновациялык долбоорлорду тандоо, биринчи жана стабилдүү пайданы алуу үчүн тез старт алуу жана өнүктүрүүгө айрыкча жагымдуу шарттарды түзүү. Бул үчүн бизнес-инкубатор ар тараптуу маалыматтык, технологиялык, техникалык, юридикалык, экономикалык жардамды көрсөтөт. Бизнес-инкубаторлорго кеңселик аянтча, кеңселик жана техникалык жабдылоо, жабдылган иш орундарынын саны боюнча талаптар коюлат, башкача айтканда бизнес-инкубатор мезгилдин бардык талаптарына жооп бериши керек.
Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр өзүнө консультациялык коштоо, мамлекеттик органдарга жүктү төмөндөтүү, ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосунда контакттарды кыскартуу, он-лайн система аркылуу маалымдоо процессин автоматташтыруу, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын контролдоону жогорулатуу боюнча ишти системага келтирүү бөлүгүндө ишкерлерди колдоону камтыйт.
2015-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде иштеп жаткан колл-борбор ИТБ базасына которулат, ал мамлекеттик органдардын окшош сервистери менен өз ара аракеттенет жана ишкерлерге каалаган мезгилде маалыматтык-аналитикалык, консультациялык колдоону көрсөтөт. Ошондой эле, колл-борбор кайсы гана болбосун кызмат адамдары тарабынан бизнеске көрсөтүлүүчү басым жана коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча "шыр байланыш" катары колдонулат.
Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөргө CRM системасы (Customer Relationship Management - Кардарлар менен болгон мамилелерди башкаруу) киргизилет - бул маалыматтык-корпоративдик система, ал ишкерлер менен өз ара аракеттенүү процессин натыйжага максимум жана натыйжалуу жетишүү менен автоматташтырат.
Консалтинг кызмат көрсөтүүлөрү окутуу жана тренингдер боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөгүдөй багыттарды камтыйт.
Финансылык кызмат көрсөтүүлөр кызыкдар мамлекеттик уюмдар жана мекемелер тарабынан көрсөтүлөт, алар конкурстук негизде тандап алынат жана ИТБ аянтында сунушталат.
"Токтом" МБ эскертүүсү: Берилген концепциянын 4-бөлүгүндөгү абзацтардын саны расмий тилдеги текстин абзацтарынын санына дал келбейт.
5. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди тандоо үчүн критерийлер
ИТБда көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесине төмөнкүлөр керек болгон кызмат көрсөтүүлөр кирбейт:
- экспертизалар;
- лабораториялык изилдөөлөр;
- толук кароодон өтүү.
Мындан тышкары, кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесине максаттуу тобу анча көп эмес (кызмат көрсөтүүлөргө кайрылуулардын саны жылына 100дөн ашпаса) кызмат көрсөтүүлөр кирбейт.
Кызмат көрсөтүүлөрдү тандоонун баштапкы этабына төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) кызмат көрсөтүү бир мамлекеттик орган тарабынан көрсөтүлөт;
2) кызмат көрсөтүү процесси татаал эмес;
3) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында карама-каршылыктар жок, документтердин так тизмеси, толук талаптар белгиленген.
Критерийлерди белгилөөнүн экинчи этабына төмөнкүдөй талаптар коюлат:
- кызмат көрсөтүү ведомстволор аралык мүнөзгө ээ;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында карама-каршылыктар бар;
- документтердин так тизмеси аныкталган эмес, толук лицензиялык жана уруксат берүүчү талаптар жок.
ИТБны ишке киргизүүнүн биринчи этабында ушул бөлүмдө баяндалган критерийлер менен талаптарга ылайык, ошондой эле ар бир мамлекеттик органдын бизнес-процессин талдоону эске алуу менен тандалып алынган мамлекеттик кызматтар көрсөтүлө тургандыгын белгилей кетүү керек.
Кызмат көрсөтүүлөрдү жана документтерди шашылыш түрдө алуу учурунда бул кызматтарды ыкчам көрсөтүү альтернативасына укук берилиши керек.
Экинчи этапта ИТБда берилүүчү лицензиялар жана уруксаттар талдоого алынат. Азыркы мезгилде лицензия мыйзамдарга ылайык 30 күндүк мөөнөткө берилет, практикада адатынча ушул мөөнөттүн аягында берилет. Орточо эсеп менен мамлекеттик органдын лицензия берүүгө чыгымдары аларды берүү жол-жобосунун татаалдыгына жараша 1200 сомдон 3000 сомго чейин (тике жана кыйыр чыгымдар). Ишкерлердин лицензия алууга чыгымдары формалдуу эмес төлөмдөрдү эске албаганда, орточо эсеп менен 4636 сомдун тегерегин түзөт (тике жана кыйыр чыгымдар).
Ушуга байланыштуу, тиешелүү документтерди шашылыш берүүгө адилеттүү бааны коюу мамлекеттик органдын иш процессин оптималдаштырат жана ишкерлердин документти алуу убактысын кыскартат, ал эми мамлекеттик органдын адиси менен ишкердин байланышынын жоктугу коррупциялык тобокелдиктерди азайтат.
Лицензияларды жана уруксаттарды берүү процессине, лицензияларды жана уруксаттарды берүүнүн максатка ылайыктуулугуна талдоо жүргүзүлгөндөн кийин, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү алгоритмин белгилегенден, ошондой эле ченемдик укуктук актылар менен мүмкүн болуучу шайкештирүүдөн кийин бир катар лицензиялар жана уруксат берүүлөр ИТБ аркылуу берүүгө өткөрүлүп берилет.
6. ИТБнын туруктуулугу жана финансылык ресурстар
Ушул Концепцияда коюлган максаттарга жетүү жана ИТБнын иши тиешелүү Иш-чаралар планын ишке ашыруу жолу менен камсыздалат.
Каржылоо булактарын аныктоо, ИТБ түзүүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин жүргүзүү, чыгымдарды эсептөө (чыгымдардын сметасы) маселелери ушул Концепцияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планында каралат.
Бул демилгени ишке киргизүү үчүн донордук уюмдардын финансылык каражаттары тартылат. Япон тараптын Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен макулдашуусу боюнча техникалык-экономикалык негиздеме жүргүзүүнү каржылоо маселеси иштелип чыкты, анын жыйынтыгы боюнча донордук уюмдардын финансылык каражаттарын андан ары тартуу маселеси каралат. Мындан сырткары, Бишкек шаарындагы ЕККУнун программалык кеңсеси 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине ишкерлерге мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдардын бизнес-процесстерине талдоо жүргүзүүгө, ошондой эле ИТБ түзүү жана ишке киргизүү боюнча ченемдик укуктук базаны иштеп чыгууга жардам берүүнү пландоодо. ИТБнын техникалык жабдуусун ИТБ ишин башкара турган аутсорсер-уюмунун каражаттарынын эсебинен жабуу болжолдонууда.
Ошентип, республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинен тышкары кошумча каражаттарды төмөнкү бюджеттик эмес булактардан каржылоо болжолдонууда:
- эл аралык уюмдардын финансылык каражаттарын тартуу;
- ИТБ башкаруусун аутсорсингге өткөрүп берүү үчүн уюмдарды тартуу;
- мамлекеттик жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарда белгиленген каржылоо ыкмаларын пайдалануу ж.б.
Рыноктогу атаандаштыктын курчушу мамлекеттик органдарды чыгымдарды азайтуу максатында башкарууну өркүндөтүүнүн жаңы формаларын издөөгө, иштин ашыкча түрлөрүн кыскартууга, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга мажбурлоодо. Өз ишин аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын тышкы чөйрөдөн ресурстарды тартууга же аутсорсинг технологиясын пайдаланууга мүмкүндүгү бар. ИТБ түзүүнү талдоонун жүрүшүндө тышкы чөйрөдөн ресурстарды тартуу маселеси каралган.
Аутсорсинг контракттык мамилелердин түрдүү системаларынын бири болуу менен ички процесстерди жана ИТБны башка подрядчик башкарган учурда тышкы мамилелерди реструктуризациялоону болжолдойт.
ИТБны башкарууну иш жүзүндө өткөрүп берүү аутсорсинг мамилелеринин субъекттери катары чыккан эки тараптын өз ара аракетин болжолдойт. Биринчи тарап - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, ал тараптык подрядчикке кандайдыр-бир милдеттерди же процесстерди жүргүзүүнү толугу менен же жарым-жартылай өткөрүп берет. Экинчи тарап - айрым процесстерди ишке ашыруу боюнча кызматтарды белгилүү шарттарда көрсөтүүчү тараптык подрядчик же аутсорсер-уюм. Тараптык подрядчик болуп конкурстук негизде тандоо талаптарына жана критерийлерине шайкеш келген жана ага берилген милдеттерди аткарууга мүмкүндүк берүүчү бир катар мүнөздөмөгө ээ болгон ар кандай уюм болушу мүмкүн.
Кандайдыр бир милдеттерди же процесстерди аутсорсингге өткөрүп берүүнү уюштуруу процессин аныктоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин компетенциясына кирет. ИТБнын административдик-башкаруучу функциялары өткөрүлүп берилген аутсорсер-уюм конкурстук тандоо (тендер) уюштуруу жана өткөрүү аркылуу аныкталат.
Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер каражаттарды жана каржылоо булактарын өткөрүп берүү менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды аткарууну жеке юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп бере алышат.
Ошондой эле, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык МЖӨ керектөөчүлөрдүн кеңири чөйрөсүнө кызмат көрсөтүүгө байланышкан инфратүзүмдүк объекттерге жана/же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөргө карата колдонулушу мүмкүн.
Мындан сырткары, экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү мүмкүндүгү бар.
Мамлекетке гана тиешелүү болгон бир катар функциялар бар, анткени бийлик ыйгарым укуктарын ишке ашыруу иштери мамлекеттин атынан чыккан мамлекеттик бийлик органдарынын өзгөчө артыкчылыктуу укугу болуп саналат. Мында ИТБны башкаруу сыяктуу мындай процессти ишке ашыруу үчүн тараптык уюмду тартууда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги башкаруунун натыйжаларын контролдоону жана маанилүү чечимдерди кабыл алууну өзү жүзөгө ашыра тургандыгын көңүлгө алуу маанилүү.
Ошентип, мамлекеттик бийлик органдарынын негизги ишин колдоп туруучу процесстерди тараптык уюмдарга өткөрүп берүүдө мамлекеттик бийлик органдарында аутсорсингдин болушу мүмкүн. Чечимдерди кабыл алууга түздөн-түз байланышкан процесстерди ишке ашырууга жоопкерчилик мамлекеттик бийлик органдарына жүктөлөт.
Белгилей кетүү керек, ИТБ түзүүнүн туруктуулугун камсыз кылуунун бирден бир ыкмасы болуп көрсөтүлгөн кызматтардын өзүн-өзү актоо шарты саналат (мисалы, билим берүү кызматтарынын акысы ИТБны күтүү чыгымдарын жабууга тийиш).
7. Ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү боюнча аракеттер (этаптар)
ИТБны түзүү жана ишке киргизүү 3 негизги этаптан турат:
1-этап. Даярдоо, 2019-жылга
Бул этапта төмөнкүдөй негизги иштерди жүргүзүү зарыл:
1) кызмат көрсөтүү процессине карата техникалык талаптарды жана кызмат көрсөтүү каражаттарын баалоо (кызматкерлер, компьютердик камсыздоо, башкы уюм менен өз ара аракеттенүү түйүнү, маалымат базасы);
2) каржылоо булактарын аныктоо жана ИТБнын бюджетин түзүү;
3) Ишкерлерди тейлөө борборлору жөнүндө жобону иштеп чыгуу (мындан сырткары төмөнкүлөрдү иштеп чыгуу зарыл: ИТБнын иш регламентин, иш кагаздарын жүргүзүү жөнүндө ички актылар, штаттык расписание жана кызматкерлерге акы төлөө шарттары, мамлекеттик органдар менен ИТБ ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү эрежеси, мамлекеттик органдар менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу жана башка актылар);
4) ИТБ жайгашкан жерлерди аныктоо (административдик имарат, жер участогу);
5) ИТБны ишке киргизүү үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды бекитүү;
6) ИТБнын уюштуруу түзүмүн бекитүү;
7) ИТБга башкарууну өткөрүп берүү үчүн конкурс өткөрүү (жалдоо);
8) ИТБны башкаруу үчүн коммерциялык эмес уюмдарды тандоо жана контракт түзүү;
9) тиешелүү көндүмдөргө ээ болгон кызматкерлерди тандоо жана жалдоо;
10) ИТБ менен кызматтары ИТБда көрсөтүлүүчү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү процесстеринин, жол-жоболорунун жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн механизмин иштеп чыгуу;
11) ИТБнын базасында көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмесин аныктоо;
12) ишкерлер менен иштөөнү үйрөтүү үчүн программаларды жана окуу материалдарын иштеп чыгуу.
2-этап. 2019-2020-жылдар мезгилине ИТБны ишке киргизүү
Бул этапта төмөнкүдөй иштер аткарылууга тийиш:
1) жабдууларды, эмеректерди, компьютердик камсыздоолорду, байланыш каражаттарын жана ИТБны түзүү үчүн зарыл болгон башка жабдууларды сатып алуу;
2) программалык камсыздоону ИТБнын тиешелүү керектөөлөрүнө карата адаптациялоо;
3) ИТБнын сайтын жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү порталынын базасында ишкерлер үчүн бизнес-порталды ишке киргизүү;
4) ИТБга келүүчүлөрдү кабыл алуу ишин жана операторлорду ишке киргизүү;
5) билим берүү процесстерин ишке киргизүү;
6) маалыматтык стенддерди, буклеттерди, брошюраларды иштеп чыгуу;
7) коомчулукка ИТБнын иштеп баштагандыгы жөнүндө маалымат берүү.
3-этап. 2019-2020-жылдар мезгилине борбордун ишин жана андан аркы аракеттерин баалоо
Бул этапта төмөнкүдөй иштер аткарылууга тийиш:
1) ИТБнын ишине ишкерлердин канааттануу даражасын баалоо;
2) ИТБны түзүүнүн экономикалык максатка ылайыктуулугун баалоо;
3) ишкерлердин кошумча керектөөлөрүн аныктоо;
4) ИТБнын ишиндеги кемчиликтерди аныктоо;
5) аныкталган керектөөлөрдү эске алуу менен функцияларды кеңейтүү;
6) Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда ИТБ түйүндөрүн түзүү.
Белгилей кетчү нерсе, ИТБ алгачкы этапта пилоттук долбоор катары Бишкек жана Ош шаарларында ачылат, Бишкек жана Ош шаарларындагы ИТБ ишке киргизилгенден кийин, ИТБнын филиалдарын Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда ачуу пландалууда. Өлкөнүн бардык региондорунда ИТБны ачуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн стратегиялык максаттарынын бири болууга тийиш, анткени региондордо ЧОИни өнүктүрүү жана колдоо азыркы учурда мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурууну талап кылууда.
Ушул максаттарда ар бир региондогу ишкерлердин санына (ар бир облуста алардын саны ар түрдүү), муктаждыктарына, ЧОИ субъектилеринин көйгөйлөрүнө жана күтүүлөрүнө жараша ар бир региондогу ЧОИнин ишине талдоо жүргүзүү керек. Мындай талдоо ИТБда көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрүн өзгөртүү үчүн зарыл, анткени региондогу бизнеске кандай кызмат көрсөтүүлөрдүн керектигин аныктоо керек.
Региондогу ЧОИ субъекттеринин көйгөйлөрү жана керектөөлөрү Бишкек шаарында өзүнүн экономикалык ишин жүргүзгөн ишкерлердин керектөөлөрүнөн такыр эле айырмаланат жана ИТБ функцияларын мындай өзгөртүүнүн себептеринин бири болуп саналат. Региондогу ЧОИни өнүктүрүүгө тоскоол болгон төмөнкүдөй бир катар көйгөйлөр бар:
1) потенциалдуу ишкерлердин жаңы ишти кандайча баштоо, эл аралык стандарттарга ылайык ишке ашырууга ийкемдүү бизнес-планды даярдоо жөнүндө билиминин жетишсиздиги;
2) ЧОИни колдоонун өндүрүштүк инфратүзүмдүк объекттеринин жоктугу;
3) мыйзамдар, рыноктор, өндүрүштүк техникаларды жана жаңы технологияларды жеткирүүчүлөр, стандарттар жөнүндө жеткиликтүү маалыматтын жоктугу;
4) кредит берүүнүн татаал шарттарынан улам, көптөгөн ишкерлерге кредиттик каражаттардын жеткиликтүү эместиги (жогору пайыздык ставка, күрөөлүк камсыздоонун жогору пайызы);
5) иштин баштапкы стадиясында эле расмий органдардын өкүлдөрүнүн ишкананын ишине кийлигишүүсү;
6) чет өлкөлүк өнөктөштөр, чет өлкөлүк маалымат булактары менен байланыш түзүүнүн татаалдыгы;
7) салыктардын жана жыйымдардын жүгү.
8. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө ишкерлерди колдоонун дүйнөлүк тажрыйбасы
Мамлекеттик сектордун натыйжалуулугун жогорулатуу чөйрөсүндөгү реформалар максаттардын жана милдеттердин масштабдуулугу, ошондой эле бул процесске тартылган көптөгөн тараптар менен мүнөздөлөт. Реформаларды жүргүзүү мамлекеттик кызматчылардын жаңы муунун түптөөгө, коомдо калыптанган стереотиптерди бузууга жана мамлекеттик кызматтын оң имиджин түптөөгө, ошондой эле мамлекет менен жарандардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы формаларын жайылтууга багытталган комплекстүү трансформациялоону болжолдойт. Техникалык прогресстин факторлору да маанилүү ролду ойнойт, аталган факторлор "электрондук Өкмөт" системасын киргизүү менен мамлекеттик секторду башкаруу чөйрөсүндө жаңы мамилелерди, механизмдерди жана принциптерди жайылтууга зор дем берүүчү болуп саналат.
Бул реформалардын негизги милдети калктын баарына бирдей, адилеттүү, сапаттуу жана жеткиликтүү кызмат көрсөтүү болуп эсептелет. Мында, бирдиктүү стандарттарга ылайык кызмат көрсөтүү процессинин экономикалык натыйжалуулугуна жана башкаруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.
Ишкерлерди тейлөө борборлору мамлекеттик башкаруудагы эң маанилүү инновациялардын бири болууда. Алар мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинин өзүнө бир топ өркүндөтүүлөрдү демилгелөөгө жана ишкерлерге кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдардын ишин кайра уюштурбастан, ушул кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, ошондой эле кызмат көрсөтүүчүлөрдү керектөөчүлөргө кыйла жакындатууга мүмкүндүк берет.
Грузиянын тажрыйбасы
2016-жылы Грузияда Business House (Бизнес үйү) долбоору башталган. Мында ишкерлер бир мейкиндикте колдонушкан бардык 600 мамлекеттик сервистер бириккен.
Business House - мамлекет бизнесмендерге көрсөткөн бардык сервистерди электрондук жана физикалык бир мейкиндикте бириктирүү идеясы. Физикалык - кызматтар "бирдиктүү терезе" принциби боюнча көрсөтүлөт, электрондук вариант бир порталда топтолгон, санариптелген сервистерди үйдөн чыкпастан алууга мүмкүндүк берет. Бизнес үйүндө ишкерлер үчүн зарыл болгон, курулушка уруксат алуудан баштап пайдалуу кендерди казууга лицензияларды берүүгө чейинки 600гө жакын кызмат көрсөтүүлөр бириктирилген. Долбоорго 60тан ашуун мамлекеттик мекеме тартылган. Долбоорго Экономика жана туруктуу өнүктүрүү министрлиги жооптуу. Долбоорду жогорку башкаруу органы координациялайт, ага долбоорго тартылган бардык министрликтердин жана түзүмдөрдүн орун басарлары кирет. Алардын катарында региондук бийликтин өкүлдөрү да болот, анткени муниципалитеттер да бизнес-кызматтарын көрсөтүшөт. Комитетти Экономика жана туруктуу өнүктүрүү министри жетектейт.
Долбоордун максаты - бизнес менен мамлекеттин ортосундагы өнөктөштүктү жеңилдетүү. Бизнес-тейлөөнүн жаңы концепциясы кыйла жагымдуу бизнес-чөйрөнү түзүүгө багытталган.
"Бирдиктүү терезе" принцибинен тышкары, долбоордун демилгечилери дагы бир - once only принцибин жайылтканы турушат. Жаңы стандарт боюнча колдонуучу өзү жөнүндө маалыматты мамлекеттик түзүмгө бир гана жолу берет, башка ведомствого кайрадан берүүгө милдеттүү эмес - ведомство зарыл учурда маалыматты ошол мамлекеттик мекемеден суратып алат.
Санариптик тейлөөнүн көп функциялуу инфратүзүмү 1,3 гектарда жайгашат. 16000 кв.м аянттагы мекемеде 250 кызматкер иштейт. Бизнес үйүндө күн сайын 1200 колдонуучу тейленет. Имаратта конференц-зал, коммерциялык компаниялардын кеңселери, кызматкерлердин балдары үчүн бала бакча, спорттук зал, 300 орундуу парковка жайгашкан. Долбоорлоочулар энергиянын натыйжалуулугуна өзгөчө көңүл бурушкан - мекеменин чатыры күндүн энергиясын иштеп чыгуучу батареялар менен жабдылган. Бул эл аралык сертификатка ээ болгон, Грузиядагы биринчи "жашыл мекеме" болот.
Эгерде Юстиция үйүндө ишкерлер аз эле сервистерди, мисалы, бизнести каттоо сервисин алышса, Бизнес үйүндө ошол эле "бирдиктүү терезе" мамилеси колдонулат, Юстиция үйү кадимки жарандарга, ал эми Business House - ишкерлерге багытталган. Ошондой эле, "бардыгы бардык жерде" принциби жайылтылат, мында бардык кызмат көрсөтүүлөр бардык жерде жеткиликтүү болот. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жаңы концепциясында өнүккөн IT-Core системасы бар, ошондуктан кайсы жерге кайрылуунун айырмасы жок, Юстиция үйүндө, ошондой эле Бизнес үйүндө же алыскы айылдагы кайсы-бир борбордо да кызмат көрсөтүүлөрдү алууга болот.
Долбоор мамлекет үчүн анча деле чыгымдуу эмес, анткени долбоорго тартылган ар бир ведомство өзүнүн бизнес-процесстерин өздөрү санариптейт. Министрликтин негизги милдети - методологияны түзүү, стандарттарды иштеп чыгуу, сервис-провайдерлерге консультация берүү, аларга өз ишин оптималдаштырууга көмөктөшүү. Бардыгы эле өздөрүн оптималдаштыра албайт, себеби бардыгы эле тиешелүү ИТ-ресурстарга ээ эмес. Бүгүнкү күндө Грузияда өтө чоң ИТ-ресурстар топтолгон 56 мамлекеттик мекеме бар, алар: Жарандык реестр агенттиги, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү агенттиги, Финансы министрлиги, Ички иштер министрлиги жана башка көптөгөн ведомстволор. Бизнес үйү ошол ресурстарды оптималдуу пайдаланууну болжолдойт.
Мамлекет физикалык инфратүзүмдөргө гана акча чыгымдайт, ал имаратты курууга жана жабдууга милдеттүү. Физикалык мейкиндик эки жылдан кийин түзүлөт.
Казакстан Республикасынын тажрыйбасы
Казакстанда ишкерлерди колдоо системасындагы институттардын бири "Даму" ишкерлерди өнүктүрүү фонду" болуп саналат.
Фонддун алкагында Ишкерлерди тейлөө борборлору (ИТБ) иштейт - бул "бирдиктүү терезе" режиминде консалтингдик кызмат көрсөтүүлөрдүн толук пакети, бизнес жүргүзүүдөгү эң актуалдуу маселелер боюнча окутуулар, мастер-класстар жана семинарлар.
ИТБнын ишинин алкагында төмөнкүдөй кызматтар көрсөтүлөт:
- мамлекеттик колдоонун түрлөрү жана инструменттери боюнча консалтинг;
- субсидияларды, кепилдиктерди жана гранттарды алуу процесси боюнча зарыл болгон документтердин тизмеси менен кадамдык нускама;
- мамлекеттик колдоону алуу процессин ИТБ консультанттарынын коштоосу;
- юридикалык маселелер, бухгалтердик жана салыктык эсепке алуу, коммерциялык банктардын программалары боюнча консультациялар;
- бизнес-пландарды иштеп чыгуу жана түзүү;
- ишкердикти жүргүзүүгө сервистик колдоо көрсөтүү;
- бухгалтердик жана салыктык эсептерди жүргүзүүгө, ошондой эле статистикалык отчётторду түзүүгө байланышкан кызмат көрсөтүүлөр;
- бажылык жол-жоболор боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
- менеджмент системасын жайылтуу боюнча бардык процесстерди коштоо жана консультация берүү;
- юридикалык кызматтарды көрсөтүү;
- маркетинг маселеси боюнча кызмат көрсөтүү;
- маалыматтык технологияларды тейлөө чөйрөсүндөгү консультациялар;
- мамлекеттик сатып алууларга, улуттук компаниялардын жана жер казынасын пайдалануучулардын сатып алууларына байланышкан кызмат көрсөтүүлөр;
- Исламдык каржылоо;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында каржылоо;
- интеллектуалдык жеке менчикти сатып алуу боюнча бүтүмдөрдү каржылоо;
- жаңы экономикага кредит берүү: электрондук коммерция, санариптик платформалар жана экосистема.
Япониянын тажрыйбасы
Рыноктук мамилелердин калыптануу мезгилинде чакан бизнес мамлекеттик колдоого айрыкча муктаж болоорун дүйнөлүк тажрыйба далилдөөдө. Бул тууралуу Япониянын тажрыйбасы да көрсөтүүдө, анын чарбачылыгында чакан жана орто ишканалар (ЧОИ) чоң ролду ойнойт: алардын үлүшүнө компаниялардын жалпы санынын 99,6%ы, сатылган продукциялардын 55%ы жана өнөр жайында жумуш менен камсыз болгондордун 80%ы туура келет.
Чакан бизнес экономиканын туруктуулугунун маанилүү фактору экендигин түшүнүп, Япония өкмөтү ага ар тараптан колдоо көрсөтүүдө. ЧОИге карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу адистештирилген органдардын тармагы түзүлгөн.
ЧОИге мамлекеттик дем берүү бардык этаптарда - каттоо, калыптануу, өсүү этаптарында жүргүзүлөт. Бул максаттар үчүн ар түрдүү экономикалык түрткү берүү системасы колдонулат: жеңилдетилген зайымдар жана кредиттер (жалпы жана максаттуу), салыктык жеңилдиктер, техникалык жана консультациялык жардамдар, маалыматтык-компьютердик тейлөө, кадрларды даярдоо ж.б. Мындай жардамдар мыйзамдарга таянуу менен мамлекеттик, аралаш жана жеке коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, анын ичинде жаңы компанияларды "өстүрүү" боюнча атайын борборлор аркылуу ишке ашырылат.
Чакан бизнес үчүн эң маанилүү маселе - каржылоо булактары. Тийиштүү кепилдик менен зайымдарды жана субсидияларды берүүгө даяр коммерциялык банктардан тышкары, адистештирилген уюмдар да каржылашат, алар өкмөттүк, ошондой эле жеке да болушу мүмкүн.
Соода жана өндүрүш үчүн борбордук кооперативдик банк өкмөттүк орган болуп саналат, бирок анын 90%дан ашык ссудалык капиталы жеке секторлордун булактарынын эсебинен камсыздалат (анча чоң эмес ишканалардын жана алардын мүчөлөрүнүн кооперативдеринин үнөмдөөлөрү жана облигацияларды чыгаруу). Банктын функциясы кооперативдерге, алардын мүчөлөрүнө, ошондой эле кооперативдер түзгөн уюмдарга сатып алуу, сатуу, кампага сактоо, жетиштүүлүктү жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу сыяктуу коллективдүү аракеттер үчүн зарыл болгон каражаттарды берүү болуп саналат.
ЧОИни каржылоо боюнча мамлекеттик корпорациялар артыкчылыктуу тармактарда, бирок өзгөчө тобокелдикте иштеген жана жеке финансылык уюмдардын алдында кредиттерди төлөө мүмкүндүгү жетишсиз болуп, кошумча карыздарга муктаж ишканаларга негизги жана жүгүртүү капиталын кеңейтүү үчүн жеңилдетилген узак мөөнөттүү кредиттерди берүүгө арналган.
Мамлекеттик капиталдык салымдардын жардамы менен каржылоо боюнча элдик корпорация чакан ишкерлерге кредиттерди берүү көйгөйүн чечет. Бул кредиттер аз суммада, жабуу мөөнөтү узак жана күрөөсүз берилет. Жеке финансылык органдар мындай бүтүмдөрдүн өлчөмү аз жана тобокелдиги жогору болгондуктан, негизинен алардан баш тартышат.
Префектуранын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан уюштурулган ассоциациялар-чакан бизнес үчүн зайымдарды кепилдөө жана аларды камсыздандыруу боюнча атайын түзүмдөр иштейт. Алар чакан бизнестин жеке финансылык органдардан алган зайымдарын төлөөгө мүмкүндүгү болбогон учурда, зайымдарды жабууга кепилдиктерди берет. Кредиттерди камсыздоо жана чакан бизнести каржылоо боюнча мамлекеттик корпорациялар (100% мамлекеттик уставдык капиталы менен) ассоциацияларды колдоого алышат жана алардын мүмкүн болуучу зыянынын бөлүгүн жабышат.
Кайтарымсыз финансылык жардамдар илимий-техникалык программаларга гана берилет: университеттер жана мамлекеттик изилдөө институттары менен биргеликте жаңы техникаларды жана технологияларды иштеп чыгууга (жергиликтүү бийлик органдары), өндүрүштүн техникалык деңгээлин жогорулатууга (борбордук жана жергиликтүү бийлик органдары), тамак-аш өнөр жайындагы өндүрүштүк технологияларды өркүндөтүүгө (өкмөт).
Жеңилдетилген шарттарда (пайыздын эсепке алуу ставкасынын деңгээлинде) зайымдар жаңы технологияларды жана продукциянын жаңы түрлөрүн иштеп чыгуу (жергиликтүү бийлик органдары), өндүрүштүн жана техниканын жаңы түрлөрүн иштеп чыгуу, айрым региондордун экономикасын өнүктүрүүнүн жалпы контекстинде ЧОИни кайра жандандыруу, чакан бизнестин техникалык жана өндүрүштүк кооперациясына көмөктөшүү (өкмөт) сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууга бөлүштүрүлөт.
Мамлекет ЧОИге заманбап талаптарга жооп берген кадрларды даярдоого көмөк көрсөтөт. Квалификациялуу жумушчулар менен камсыз болууда алдыңкы компаниялардан артта калуу чакан бизнестин өнүгүүсүн токтотууга алып келди, ири ишканалар көбүнчө өздөрүнө керектүү деталдарды чет өлкөлүк арзаныраак жеткирүүчүлөрдөн ала башташып, чакан бизнестин продукцияларына карата заказдар кыскара баштады.
Ушуларды эске алып, мамлекеттин финансылык колдоосунда ЧОИнин персоналын даярдоо үчүн шарттар түзүлөт. ЧОИни өнүктүрүү боюнча мамлекеттик корпорациянын алдындагы чакан ишкердик боюнча алты мамлекеттик региондук институттарда окутууну түздөн-түз фирмаларда уюштуруу үчүн менеджерлер жана инструкторлор даярдалууда, анча чоң эмес фирмаларда консультациялык жана методикалык иштер үчүн жооптуу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин кайрадан даярдоо ишке ашырылууда. Институттар өндүрүштөн ажыратуу менен окууга мүмкүндүгү жоктор үчүн тыштан окуу курстарын уюштурууда.
Чакан жана орто бизнести тейлөө үчүн маалыматтык тармактарды түзүүдө мамлекеттин ролу чоң. Бардык префектуралардагы бөлүмдөрү менен ЧОИни региондук маалыматташтыруу борбору уюшулган, ал маалыматтык тармактык жабдууларды жайылтууга, коммуникациялык технологияларды иштеп чыгууга көмөктөшөт, мындай иштерди жарым-жартылай каржылоо менен консультациялык жана методикалык жардамдарды уюштурат. Ушул эле жерде программалык камсыздоонун бирдиктүү ченемдерин жана стандарттарын иштеп чыгуу, бул тармактагы жетишкендиктерди жайылтуу иштерин жүргүзүшөт.
ЧОИни өнүктүрүү боюнча мамлекеттик корпорациянын алдындагы маалыматтык борбордо маалымат базасы топтолот жана иштелип чыгат. Маалыматтарды префектуралык маалыматтык борборлор аркылуу жергиликтүү соода-өнөр жай палатасы жана ар кандай чакан жана орто фирмалардын ассоциациялары колдонушат. Ушул корпорацияда түзүлгөн Башкаруу иштерин автоматташтыруу боюнча борбор компьютердик техникаларды ишке киргизүү боюнча консультацияларды жүргүзөт жана жетектейт.
Ишкерлерди колдоо боюнча Япония системасы ишкерлердин финансылык абалына талдоо жүргүзүүдөн баштап, бизнес-пландарды иштеп чыгууну колдоо, бизнес планды ишке ашыруу, консультация берүү, семинарларды уюштуруу, долбоорлорду каржылоо жана кредиттик кепилдиктерди берүүгө чейинки көмөктөрдү көрсөтөт, бул жалпысынан бардык процесстерди камтыйт жана бизнести нөлдөн баштап коштоп, ишкерлер үчүн тобокелдиктерди төмөндөтөт жана алардын ишинин ийгилигине көмөктөшөт.
Сингапурдун тажрыйбасы
Сингапурдун ЧОИни колдоо тажрыйбасы эң эле кызыктуу болуп саналат. Дүйнөлүк Банктын "Doing Business" рейтингине ылайык Сингапур бир нече жылдан бери бизнес жүргүзүүгө эң эле жакшы шарттары бар өлкө катары таанылууда. ЧОИ Сингапурдун экономикасында олуттуу ролго ээ (ишканалардын жалпы санынан 99%, 10 жумушчу орундан 6).
Сингапурдагы ишкерлерди колдоо программасын ишке ашыруучу мамлекеттик уюм болуп SPRING Singapore (Стандартташтыруу, өндүрүмдүүлүк жана инновациялар комитети) эсептелет.
SPRING Singapore 1996-жылдан бери иштейт жана Улуттук өндүрүмдүүлүк комитети менен Сингапур өнөр жайын стандартташтыруу жана изилдөө институтунун биригүүсүнүн натыйжасында түзүлгөн. 2002-жылдын апрель айынан баштап азыркы аталышта иштеп келет.
Агенттиктин иши төмөнкү багыттарды камтыйт:
- ЧОИнин субъекттеринин ишкердик жөндөмдөрүн өнүктүрүү;
- ишкерлерге консалтингдик, бухгалтердик жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
- ишканалардын ишинин спецификасына тиешелүү жардам көрсөтүү;
- көрсөтүлүүчү кызматтардын жана өндүрүлгөн товарлардын сапатын контролдоо;
- ЧОИнин түзүмүн өркүндөтүү;
- ЧОИни башкаруу үчүн кадрларды даярдоо.
Сингапурда бизнеске көрсөтүлүүчү кызматтардын дээрлик бардыгы "EnterpriseOne" бирдиктүү порталына киргизилген. Портал маалыматтык болуп эсептелет, ошону менен бирге ишин баштап жаткан жана иштеген ишкерлерге электрондук кызматтар көрсөтүлөт (айтмакчы, рубрикаторлордун бирин бизнестин иштеп жаткан стадиялары боюнча бөлүштүрүү порталдын артыкчылыгы болуп саналат), ошондой эле түрдүү категориядагы ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселелери ишке ашырылат. Электрондук өкмөт жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү жаатындагы бир катар сыйлыктардын ээси болгон "Online Bisiness Licensing Service" комплекстүү онлайн-сервиси өзгөчө кызыгуу туудурат. Ведомстволук сайттарда жана башка порталдарда жайгашкан ишканалардын электрондук кызмат көрсөтүүсүнө "кирүү" ушул сервиске алып келет.
9. Күтүлүүчү жыйынтыктар
ИТБны түзүүнүн жыйынтыгында төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүү пландалууда:
- ишкерлерди сапаттуу сервистик тейлөө;
- ишкерлер үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө ишкерлердин материалдык чыгымдарын жана сарптаган убактысын азайтуу;
- ишкерлердин маалымдуулугунун, ошондой эле ишкердикти баштоону каалаган жактарды окутуунун эсебинен ишкердикти жүргүзүүдөгү тобокелдиктерди азайтуу;
- кызмат көрсөтүүдө мамлекеттик органдардын маалымат алуу жана иштеп чыгуу мөөнөтүн кыскартуу;
- ашыкча функциялар менен жол-жоболорду аныктоонун жана алып салуунун эсебинен бюджеттик чыгымдарды оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын чыгымын азайтуу;
- мамлекеттик бийлик органдары үчүн кызмат көрсөтүүнүн ыңгайлуу шарттарын түзүүгө чыгымдарды кыскартуу;
- чакан жана орто ишкердиктин кадрдык потенциалын жогорулатуу;
- бизнес жүргүзүүнүн ишкердик деңгээлин жогорулатуу;
- органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү көйгөйлөрүн чечүү, маалымат алмашууну киргизүү;
- кызмат көрсөтүү тартиби, ыкмалары жана алуу шарттары жөнүндө ишкерлердин маалымдуулугун жогорулатуу.
10. ИТБнын ишине мониторинг жүргүзүү жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоо
Бул багытта жүргүзүлүп жаткан саясаттын негизги максаты: калк үчүн бизнес-чөйрөдөгү кызмат көрсөтүү шарттары менен салыштырууга мүмкүн болгон кызмат көрсөтүү шарттарын түзүү; мамлекеттик кызматтарды керектөөчүлөрдүн канааттандыруусун жогорулатуу, административдик тоскоолдуктарды төмөндөтүү. Мамлекет, биринчи кезекте мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана жеткиликтүүлүгү боюнча иштөөгө тийиш. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу үчүн жүргүзүлүп жаткан административдик системаны реформалоонун алкагында мындай түзүмдөрдү түзүү оң натыйжаларды бергендигин дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүүдө.
Учурда колдонулуп жаткан Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына коомдук мониторинг жүргүзүү (тышкы баалоо) методикасы 2015-жылы Коомдук технологиялар борбору тарабынан ПРООН-Кыргызстандын "Потенциалды арттыруу боюнча механизмдер" долбоорунун заказы боюнча аткарылуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн алкагында иштелип чыккан жана коомдук уюмдарга жана активдүү жарандарга пайдалануу үчүн багышталган.
Республикада мамлекеттик кызмат көрсөтүү сапатына мониторинг жүргүзүү боюнча мындан башка кандайдыр бир методика жок. Ушуга байланыштуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарга ылайык ИТБнын мамлекеттик кызмат көрсөтүү сапатына мониторинг жүргүзүү методикасын иштеп чыгуу жана бекитүү зарыл.
ИТБнын жана ИТБ функцияларын ишке ашырууга тартылган уюмдардын базасында кызмат көрсөтүүнүн сапатын изилдөөгө жана талдоого карата бирдиктүү мамилени камсыз кылуу максатында мониторинг жүргүзүү методикасы төмөнкүлөрдү аныктоого тийиш:
1) ИТБда көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын сапаты жана жеткиликтүүлүгү жөнүндө маалымат алуу, анын ичинде:
- мамлекеттик кызматтарды алуу мүмкүндүгү жөнүндө кызмат алуучулардын маалымдуулугу тууралуу;
- ИТБнын ишинин натыйжалуулугу жөнүндө;
- кызмат көрсөтүү шарттарынын ыңгайлуулугу жөнүндө;
- керектөөчүлөрдүн кызмат көрсөтүү сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө канааттануусу жөнүндө;
2) ИТБнын ишин координациялоо.
Мониторингдин предмети болуп төмөнкүлөр саналат:
- методиканын алкагында белгиленген кызмат көрсөтүүнүн сапаттык көрсөткүчүнүн иш жүзүндөгү мааниси;
- кызмат көрсөтүүнүн сапаты жөнүндө коомдук пикир.
Мониторинг жүргүзүүдө сапаттын төмөнкүдөй негизги параметрлери бааланат:
- сапат стандартынын, анын ичинде кызмат көрсөтүүнүн ыңгайлуулук стандартынын сакталышы;
- алуучулардын кызмат көрсөтүү учурунда түзүлгөн көйгөйлөрү;
- алуучулардын кызмат көрсөтүүнүн сапаты менен жеткиликтүүлүгүнө канааттануу даражасын баалоо, изилдөөгө алынган кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга карата алардын күтүүлөрү;
- Кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасын алуу үчүн зарыл болгон кызмат алуучунун кайрылуусу: алардын ченемдик жактан белгиленген жана иш жүзүндөгү (реалдуу) курамы жана саны;
- акыркы натыйжаны алууда кызмат алуучунун финансылык чыгымдары: ченемдик жактан белгиленген жана иш жүзүндөгү (иш жүзүндөгү зарыл болгон бардык кайрылуулар боюнча жана жалпы кызмат алууга) маанинин ченемдик жактан белгиленген мааниден чектөөсү;
- акыркы натыйжаны алууда кызмат алуучунун убактылуу чыгымдары: ченемдик жактан белгиленген жана иш жүзүндөгү (иш жүзүндөгү зарыл болгон бардык кайрылуулар боюнча жана жалпы мамлекеттик кызмат алууга) жана алардын ченемдик жактан белгиленген мааниден чектөөсү;
- кызмат алууга байланыштуу формалдуу эмес төлөмдөрдүн болушу (документ менен ырасталбаган төлөмдөр);
- алуучулардын кызмат алууга ортомчуларды тартуусу.
Мында изилдөө жүргүзүүнүн төмөнкүдөй ыкмалары колдонулат:
- аналитикалык;
- байкоо;
- социологиялык изилдөө.
Мониторинг жүргүзүү инструменти болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- кызмат көрсөтүүнүн сапаты жөнүндө маалыматты (отчётту) сурап алуу формасы;
- көрсөтүлүүчү кызматтын жана ИТБнын жалпы ишинин сапатына канааттануу даражасын билүү максатында кызмат алуучуларды сурамжылоо жүргүзүү үчүн анкета.
11. Корутунду
ИТБны ишке киргизүүнүн натыйжалуулугу бир катар факторлор жана элементтер менен аныкталат. Тигил же бул өлкөдөгү мамлекеттик түзүлүш жана башкаруу системасы, маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын өнүгүү деңгээли жана колдонулуп жаткан институционалдык-укуктук система чечүүчү ролду ойнойт.
Эл аралык тажрыйба, анын ичинде Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы көрсөткөндөй, мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын реформалоо мезгилинде көптөгөн өлкөлөрдө мамлекеттик башкаруу деңгээлдеринин ортосунда функциялар менен ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү системасы түптөлгөн, мамлекеттик кызмат көрсөтүү реестри түзүлгөн, кызмат көрсөтүүнүн стандарттары иштелип чыккан жана ар кандай документтерде мыйзамдык жактан бекитилген, ошондой эле электрондук өкмөт элементтери активдүү ишке киргизилген болчу.
Акыркы жылдары Кыргызстанда аткаруу бийлигинин системасын борбордон ажыратуу процессин активдештирүү, мамлекеттик башкаруу деңгээлдеринин ортосунда ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү менен мамлекеттик бийликтин борбордук органдары жалпы жөнгө салуу функцияларына жана ченем чыгаруу иштерине көбүрөөк көңүл бурууда, ал эми мамлекеттик кызмат көрсөтүү функциясы тиешелүү мамлекеттик уюмдарга жана мекемелерге өткөрүлүп берилген.
Бул процесстер менен бир эле мезгилде мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын реформалоо жүрүүдө: электрондук өкмөттүн түрдүү программалары жана концепциясы иштелип чыкты; мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттери бекитилди, эксперттик жумушчу топтор мамлекеттик кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышты, мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын иштеп чыгуу боюнча иштер уланууда жана бүгүнкү күндө ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү жөнүндө чечим кабыл алуу пландалууда, анда тиешелүү кызматтарды алуу үчүн жол-жоболорду жеңилдетүү, мөөнөтүн кыскартуу, чыгымдар менен сарпталган убакытты кыскартуу боюнча ишкерлерге автоматташтырылган мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча шарттар түзүлөт.
Өлкөдө "бирдиктүү терезе" принциби боюнча ишкерлерди тейлөө борборлору түрүндөгү мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы формаларын ишке киргизүү сыяктуу өлкө жетекчилигинин бул багытта тандап алган жолунун артыкчылыгын белгилей кетүү зарыл. Ошону менен бирге, аткаруу бийлик системасын борбордон ажыратуу процесси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү реформалоого, алсак келечекте түзүлүүчү ишкерлерди тейлөө борборлорунун ишине таасирин тийгизиши мүмкүн.
Кызмат көрсөтүү системасын реформалоону, реформаны координациялоону, ишкерлерди тейлөө сапатын контролдоону реформалоо процессинин бардык катышуучуларынын ортосунда координациялоонун тиешелүү деңгээлин, өз ара аракеттенүүнү жана маалыматтык жеткиликтүүлүктү камсыздай алган ыйгарым укуктуу орган ишке ашырууга тийиш.