Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз VI- сессиясы
2021-жылдын 23- ноябры № 18
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Уч-Алыш, Дөң-Булак-2, Жоо-Алма, Бахмал-2 жана Пайзабад айылдарына макам берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 сандуу токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө” Жобонун талаптарына ылайык токтом кыламын:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 сандуу токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө” Жобонун талаптарына ылайык бекитилсин.
2. Дөң-Булак айыл аймагындагы Уч-Алыш, Дөң-Булак-2, Жоо-Алма, Бахмал-2 жана Пайзабад айылдарына макам берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ө.Жусупов |