Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-марты № 99
"Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы № 488 "Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө жободо:
- 4-пунктта:
"в" пунктчасындагы "ж.б." деген сөздөр алып салынсын;
"г" пунктчасындагы "ж.б." деген сөздөр алып салынсын;
"д" пунктчасындагы ", казинолор ж.б." деген сөздөр алып салынсын;
"е" пунктчасындагы "ж.б." деген сөздөр алып салынсын;
"ж" пунктчасындагы "чатыр дүкөнчөлөр, столдор, стенддер" деген сөздөр "соода борборлору, соода үйлөрү, супермаркеттер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"з" пунктчасындагы "стадиондор, парктар, спорт залдары," жана "ж.б." деген сөздөр алып салынсын;
"и" пунктчасындагы "ж.б.) жана жүргүнчүлөр транспортунун бардык түрлөрү" деген сөздөр ", спорт залдары)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"к" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 18-3 жана 18-4-пункттар менен толукталсын:
"18-3. I бөлүмдүн 4-пунктунун з) пунктчасына ылайык автордук сый акынын ай сайын белгиленүүчү чендеринин өлчөмү төмөнкү формула менен эсептелет:
С = Сб х Км х Кк, мында:
С - автордук сый акынын чени;
Сб - негизги чен;
Км - төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти;
Кк - тейлөөнүн класстуулук коэффициенти.
Сб = РП х N / 100, мында:
РП - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эсептик көрсөткүч;
N - телевизорлору бар мейманканалардагы (эс алуу үйлөрүндөгү, пансионаттардагы, санаторийлердеги, курорттордогу) номерлердин саны.
Төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти (Км) төлөөчүгө төмөнкү райондордо анын жайгашуусуна жараша берилет:
Км = 20 - Бишкек жана Ош шаарлары;
Км = 10 - Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата жана Каракол шаарлары; Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары;
Км = 5 - Кыргыз Республикасынын калган калктуу конуштары.
Тейлөөнүн класстуулук коэффициенти (Кк) мейманканадагы (эс алуу үйүндөгү, пансионаттагы, санаторийдеги, курорттогу) номерлердин орточо наркы боюнча эсептелет:
Кк = 5 - тейлөөнүн эң жогорку деңгээли (номерлердин орточо наркы 150 РПдан жогору);
Кк = 4 - тейлөөнүн жогорку деңгээли (80 РПдан 150 РПга чейин);
Кк = 2 - тейлөөнүн орточо деңгээли (20 РПдан 80 РПга чейин);
Кк = 1 - тейлөөнүн төмөнкү деңгээли (20 РПга чейин), мында РП - мыйзам менен белгиленген эсептик көрсөткүч.
18-4. I бөлүмдүн 4-пунктунун и) пунктчасына ылайык автордук сый акынын ай сайын белгиленүүчү чендеринин өлчөмү төмөнкү формула менен эсептелет:
С = Сб х Км х Кк, мында:
С - автордук сый акынын чени;
Сб - негизги чен;
Км - төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти;
Кк - тейлөөнүн класстуулук коэффициенти.
Сб = РП х Р / 100, мында:
РП - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эсептик көрсөткүч;
Р - музыкалык чыгармалар пайдаланылуучу кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнүн ишканаларынын жайлары (кв. метр).
Төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти (Км) төлөөчүгө төмөнкү райондордо анын жайгашуусуна жараша берилет:
Км = 2 - Бишкек жана Ош шаарлары;
Км = 1 - Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата жана Каракол шаарлары; Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары;
Км = 0,5 - Кыргыз Республикасынын калган калктуу конуштары.
Тейлөөнүн класстуулук коэффициенти (Кк) төлөөчүнүн каталогундагы кызмат көрсөтүүлөрдүн орточо наркы боюнча эсептелет:
Кк = 5 - тейлөөнүн эң жогорку деңгээли (кызмат көрсөтүүлөрдүн орточо наркы 8 РПдан жогору);
Кк = 4 - тейлөөнүн жогорку деңгээли (5 РПдан 8 РПга чейин);
Кк = 2 - тейлөөнүн орточо деңгээли (3 РПдан 5 РПга чейин);
Кк = 1 - тейлөөнүн төмөнкү деңгээли (3 РПдан баштап), мында РП - мыйзам менен белгиленген эсептик көрсөткүч.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-мартындагы N 18 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |