ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 99 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы № 488»Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция04.03.2019 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 4-марты № 99

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы № 488 "Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

"Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы № 488 "Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө жободо:

- 4-пунктта:

"в" пунктчасындагы "ж.б." деген сөздөр алып салынсын;

"г" пунктчасындагы "ж.б." деген сөздөр алып салынсын;

"д" пунктчасындагы ", казинолор ж.б." деген сөздөр алып салынсын;

"е" пунктчасындагы "ж.б." деген сөздөр алып салынсын;

"ж" пунктчасындагы "чатыр дүкөнчөлөр, столдор, стенддер" деген сөздөр "соода борборлору, соода үйлөрү, супермаркеттер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

"з" пунктчасындагы "стадиондор, парктар, спорт залдары," жана "ж.б." деген сөздөр алып салынсын;

"и" пунктчасындагы "ж.б.) жана жүргүнчүлөр транспортунун бардык түрлөрү" деген сөздөр ", спорт залдары)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

"к" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

- II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 18-3 жана 18-4-пункттар менен толукталсын:

"18-3. I бөлүмдүн 4-пунктунун з) пунктчасына ылайык автордук сый акынын ай сайын белгиленүүчү чендеринин өлчөмү төмөнкү формула менен эсептелет:

С = Сб х Км х Кк, мында:

С - автордук сый акынын чени;

Сб - негизги чен;

Км - төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти;

Кк - тейлөөнүн класстуулук коэффициенти.

Сб = РП х N / 100, мында:

РП - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эсептик көрсөткүч;

N - телевизорлору бар мейманканалардагы (эс алуу үйлөрүндөгү, пансионаттардагы, санаторийлердеги, курорттордогу) номерлердин саны.

Төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти (Км) төлөөчүгө төмөнкү райондордо анын жайгашуусуна жараша берилет:

Км = 20 - Бишкек жана Ош шаарлары;

Км = 10 - Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата жана Каракол шаарлары; Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары;

Км = 5 - Кыргыз Республикасынын калган калктуу конуштары.

Тейлөөнүн класстуулук коэффициенти (Кк) мейманканадагы (эс алуу үйүндөгү, пансионаттагы, санаторийдеги, курорттогу) номерлердин орточо наркы боюнча эсептелет:

Кк = 5 - тейлөөнүн эң жогорку деңгээли (номерлердин орточо наркы 150 РПдан жогору);

Кк = 4 - тейлөөнүн жогорку деңгээли (80 РПдан 150 РПга чейин);

Кк = 2 - тейлөөнүн орточо деңгээли (20 РПдан 80 РПга чейин);

Кк = 1 - тейлөөнүн төмөнкү деңгээли (20 РПга чейин), мында РП - мыйзам менен белгиленген эсептик көрсөткүч.

18-4. I бөлүмдүн 4-пунктунун и) пунктчасына ылайык автордук сый акынын ай сайын белгиленүүчү чендеринин өлчөмү төмөнкү формула менен эсептелет:

С = Сб х Км х Кк, мында:

С - автордук сый акынын чени;

Сб - негизги чен;

Км - төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти;

Кк - тейлөөнүн класстуулук коэффициенти.

Сб = РП х Р / 100, мында:

РП - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эсептик көрсөткүч;

Р - музыкалык чыгармалар пайдаланылуучу кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнүн ишканаларынын жайлары (кв. метр).

Төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти (Км) төлөөчүгө төмөнкү райондордо анын жайгашуусуна жараша берилет:

Км = 2 - Бишкек жана Ош шаарлары;

Км = 1 - Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата жана Каракол шаарлары; Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары;

Км = 0,5 - Кыргыз Республикасынын калган калктуу конуштары.

Тейлөөнүн класстуулук коэффициенти (Кк) төлөөчүнүн каталогундагы кызмат көрсөтүүлөрдүн орточо наркы боюнча эсептелет:

Кк = 5 - тейлөөнүн эң жогорку деңгээли (кызмат көрсөтүүлөрдүн орточо наркы 8 РПдан жогору);

Кк = 4 - тейлөөнүн жогорку деңгээли (5 РПдан 8 РПга чейин);

Кк = 2 - тейлөөнүн орточо деңгээли (3 РПдан 5 РПга чейин);

Кк = 1 - тейлөөнүн төмөнкү деңгээли (3 РПдан баштап), мында РП - мыйзам менен белгиленген эсептик көрсөткүч.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-мартындагы N 18 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М.Абылгазиев