Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-мартындагы № 101 токтомуна) |
Башпаанектерди уюштуруунун, алардын иш тартибинин, алардын ишин башкаруунун, каржылоонун жана контролдоону уюштуруунун ЭРЕЖЕСИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 428 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Башпаанектерди уюштуруунун, алардын иш тартибинин, алардын ишин башкаруунун, каржылоонун жана контролдоону уюштуруунун эрежеси (мындан ары - Эреже) адамдарды сатуунун курмандыктарынын убактылуу жашап туруусу үчүн башпаанектин ишин уюштуруу тартибин, алардын ишин башкаруунун, каржылоонун жана контролдоону уюштуруунун тартибин белгилейт.
2. Ушул Эреже Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.
3. Ушул Эрежеде пайдаланылуучу түшүнүктөр:
адамдарды сатуу - анын макулдугу менен же макулдугусуз коркутуу, күч же мажбурлоонун башка түрлөрүн колдонуу, шантаж, уурдоо, алдамчылык, алдоо, бийликти же абалдын алсыздыгын кыянаттык менен пайдалануу жолу менен, же болбосо эксплуатациялоо максатында аны контролдоочу адамдын макулдугун алуу үчүн төлөм же пайда сунуштоо жолу менен азгырма жалдоо, ташуу, жашыруу, алуу, кабыл алуу же адамды өткөрүп берүү;
башпаанек - адамдарды сатууга каршы күрөшүү иштерин жүзөгө ашыруучу, адамдарды сатуунун курмандыктарынын жашап туруусуна жана жеке гигиенасына цивилизациялуу шарттарды түзүп берүү, башпаанекте жашап турган адамдарга тамак-аш жана дары-дармек каражаттарын берүү, кечиктирилгис медициналык, психиатриялык, социалдык, юридикалык жана башка жардамдарды көрсөтүү, алардын коопсуздугун коргоо, ошондой эле туугандары жана мыйзамдуу өкүлдөрү менен байланыш түзүүгө көмөк көрсөтүү максаттарында мамлекеттик, муниципалдык орган жана коомдук бирикме тарабынан түзүлгөн жана адамдарды сатуунун курмандыктарынын убактылуу жашап турууларына арналган атайын мекеме;
адамдарды сатуунун курмандыктары - азгырма жалдоого, ташып жеткирүүгө, өткөрүп берүүгө, сатууга же адамдарды сатуу менен байланышкан дагы башка иш-аракеттерге ошол адамдын макулдугу бар - жогуна карабастан, адамдарды сатуудан жапа чеккен же өзүн адамдарды сатуунун курмандыгы катары түшүнгөн адам;
адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык реабилитациялоо - адамдарды сатуунун курмандыктарын нормалдуу жашоо образына кайтаруу максатында жүргүзүлгөн жана укуктук, психологиялык, медициналык, кесиптик реабилитациялоого, ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүгө жана турак жай берүүгө багытталган чаралардын комплекси;
адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо - адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө багытталган иш-чаралар;
адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү - адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдарды медициналык, психологиялык, социалдык, укуктук, маалыматтык жана башка жактан колдоого алууну камтыган иш-чаралар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 428 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Башпаанекти түзүү
4. Адамдарды сатуунун курмандыктарынын убактылуу жашап туруусу үчүн башпаанек (мындан ары - Башпаанек) миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан мамлекеттик, муниципалдык органдардын жана коомдук бирикмелердин сунуштары боюнча түзүлөт. Алар башпаанектин уюштуруучулары болот.
5. Башпаанек адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам берүү максаттарына ылайык келген мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат жана күндөлүк бюджеттик, атайын, алыш-бериш жана башка эсептерге ээ.
6. Башпаанек Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Эреженин жана башпаанектин уюштуруучусу бекиткен Башпаанек жөнүндө жобонун негизинде иш жүргүзөт.
7. Адамдарды сатуунун курмандыктарына (мындан ары - курмандык) аларга адамдарды сатуунун курмандыктары статусу ыйгарылган учурда аныкталган жеке керектөөлөрүн эске алуу менен жардам берилет.
3. Башпаанектин иш тартиби
8. Башпаанектин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- курмандыктарга жеткиликтүү, өз убагында жана натыйжалуу жардам берүүнү камсыз кылуу;
- ушул Эреженин 4-тиркемесине ылайык формада, курмандык менен иштөөнүн жеке планына ылайык курмандыктарды коргоо жана аларга жардам берүү;
- курмандыктарды социалдык реабилитациялоо процессине көмөктөшүү;
- башпаанекке келүү жана жашоо мезгилиндеги коопсуздук чараларын камсыздоо;
- курмандыктын өздүгүнүн жана анын жеке жашоосунун купуялыгын сактоо.
9. Башпаанектин негизги функциясы төмөнкүлөр болуп саналат:
- курмандыкты кабыл алуу жана жайгаштыруу;
- курмандыкка көрсөтүлүүчү кызматтардын көлөмү жана түрлөрү, башпаанектин ички тартибинин эрежеси тууралуу маалымдоо;
- курмандыкты социалдык реабилитациялоо иш-чараларын өткөрүү;
- курмандык үчүн жагымдуу моралдык-психологиялык климат түзүү;
- алардын жеке керектөөлөрүн эске алып, кызматтарды көрсөтүү;
- башпаанектин финансы-чарбалык ишин жүргүзүү;
- курмандыктарды социалдык реабилитациялоо маселелерин чечүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдар менен карым-катыш түзүү;
- башпаанекти түзүү документтерине ылайык башка функциялар.
10. Башпаанек Кыргыз Республикасынын жарандарынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан турган курмандыктарга берилет.
11. Курмандык кайрылган учурда жанында ал мыйзамдуу өкүлү болуп саналган жашы жете элек балдар бар болсо, аларга дагы башпаанек берилет.
12. Төмөнкүдөй медициналык каршы көрсөткүчтөр болгон учурда башпаанек берилбейт:
1) өзү жана айланадагылар үчүн кооптуу жүрүм-турумдун бузулушу менен коштолгон психикалык оорулар;
2) активдүү стадиядагы кургак учук, инфекциялык оорулар, карантиндик инфекциялар, тери жана чачтын жугуштуу оорулары;
3) алкоголь, баңгизат колдонуп мас болуу;
4) адистештирилген медициналык уюмдарда стационардык дарылоону талап кылган башка оорулар жана (же) жаракаттар.
Ушул Эрежеде каралган медициналык каршы көрсөткүчтөрү бар адамдар тиешелүү саламаттык сактоо уюмуна жиберилет.
13. Курмандыктар башпаанекке ушул Эреженин 1-тиркемесине ылайык формада жазылган арызга же курмандыктар иш жүзүндө жашап жаткан жердеги социалдык коргоо, миграция, ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу органдардын аймактык органдары жиберген катка ылайык кабыл алынат.
14. Башпаанек курмандык же анын мыйзамдуу өкүлү менен бир жумушчу күндүн ичинде, ушул Эреженин 2-тиркемесине ылайык, Кызматтарды көрсөтүүнүн типтүү келишиминин формасы боюнча башпаанектин кызматтарын көрсөтүү тууралуу келишим (мындан ары - келишим) түзөт.
15. Башпаанек берүүнүн мөөнөтү отуз күндү түзөт. Башпаанек берүүнүн мөөнөтү миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, тергөө же сот органдарынын сунушу боюнча же курмандыктын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн мотивацияланган өтүнүчү менен иш боюнча өндүрүш жүргүзүүнүн бардык мезгилине узартылат. Мындай учурда келишим өтүнүчтө көрсөтүлгөн мөөнөткө узартылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 428 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Башпаанектеги адамдар башпаанектин адистери тарабынан ушул Эреженин 3-тиркемесине ылайык формадагы каттоо карточкасын толтуруу аркылуу каттоого алынат.
17. Курмандык ички иштер органдарына жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга адамдарды сатуу фактысы боюнча арыз берүүдөн баш тарткан учурда, башпаанектин кызматкерлери курмандыкты каттаган күндөн тартып эки жумушчу күндүн ичинде курмандыктын жеке маалыматтарынын купуялыгын эске алуу менен, адамдарды сатууга байланышкан кайрылуу фактысы жөнүндө ички иштер органдарына өз алдынча маалымат жиберет.
Чет өлкөлүк жаран башпаанекке кайрылган учурда, башпаанектин кызматкерлери эки жумушчу күндүн ичинде, арыз берүүчү жараны болуп саналган мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнө андан ары билдирүү үчүн тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга ушул факты тууралуу маалымат жиберет.
4. Башпаанекте жүрүү жана жашоо шарттары
18. Башпаанектин бардык турак жана кызмат жайлары санитардык-эпидемиологиялык нормаларга, имараттын коопсуздук, анын ичинде өрт коопсуздугу талаптарына ылайык келиши керек.
19. Уюштуруучу башпаанектин техникалык жабдылышын камсыз кылат.
20. Курмандыктын кызмат керектүүлөргө болгон керектөөлөрү (түрлөрү жана көлөмү) психолог, социалдык жана медициналык кызматкер, башпаанектин башка кызматкерлери тарабынан сурамжылоо жана медициналык текшерүүдөн өткөрүү аркылуу аныкталат.
21. Курмандыкты сурамжылоонун жана медициналык текшерүүнүн жыйынтыгында башпаанектин кызматкерлери тарабынан эки жумушчу күндүн ичинде түзүлгөн келишимдин мөөнөтүнө, ушул Эреженин 4-тиркемесине ылайык формада адамдарды сатуунун курмандыгы менен жеке иш план иштелип чыгат жана башпаанектин жетекчиси тарабынан бекитилет.
22. Курмандык менен жеке иш пландын аткарылышына башпаанектин жетекчиси тарабынан мониторинг жүргүзүлөт.
23. Курмандык менен жүргүзүлгөн иш-чаралардын жана курмандык менен иштөөнүн жеке иш планынын аткарылышынын мониторингинин жыйынтыктарын башпаанектин кызматкерлери ушул Эреженин 5-тиркемесине ылайык формадагы жеке планды аткаруу (мониторинг жүргүзүү) боюнча журналга жазышат.
24. Курмандыктардын башпаанекте жүрүүсү жана жашоосу ушул Эреженин 6-тиркемесине ылайык башпаанекте жашаган адамдар үчүн ички тартиптин эрежеси менен аныкталат.
5. Башпаанекте кызмат көрсөтүү шарттары
25. Келишим түзүлгөнгө чейин курмандыктарга төмөнкүдөй кызматтар көрсөтүлөт:
1) курмандыкты убактылуу жайгаштыруу жана тамактандыруу;
2) алгачкы медициналык кароодон өтүүгө көмөктөшүү;
3) санитардык-гигиеналык жол-жоболорду аткаруусу үчүн шарттарды түзүү;
4) жууркан-төшөк жана биринчи кезекте керектелүүчү буюмдар менен кошо уктоочу жай бөлүп берүү.
26. Келишим түзгөн курмандык төмөнкүдөй социалдык кызматтарды алат:
1) социалдык-тиричилик кызматтары:
- кабыл алуу жана жайгаштыруу;
- жууркан-төшөк менен кошо уктоочу жай бөлүп берүү;
- эмеректер жана реабилитациялык, билим алуу жана маданий иш-чараларды уюштуруу жана эмгектенүү үчүн жабдуулар менен жабдылган жай берүү;
- тиричилик шарттарын (кир жуу, кургатуу, үтүктөө, идиш-аяк жуу, жайды тазалоо) жана санитардык-гигиеналык процедуралар (чайынма же ванна бөлмөсү, даараткана) түзүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 640 "Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген социалдык стационардык мекемелерде кызматтарды алуучулардын тамактануу нормасына ылайык азык-түлүк берүү;
- зарыл болгон жеке гигиеналык буюмдар (атыр самын, тиш паста, тиш щетка, сүлгү, даараткана кагазы, тарак) менен камсыз кылуу;
- курмандыктар башка мамлекеттик мекемелерге же тергөө иш-чараларына баруу зарылдыгы келип чыкканда аларды даректелген пунктка чейин коштоп барууну жана коштоп келүүнү камсыз кылуу.
Башпаанекте жашагандар үчүн аянт нормативи Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 640 "Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген үй-бүлө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүү борборлорунда жашагандар үчүн аянт нормативине шайкеш келүүгө тийиш.
Курмандыктарды турак жайларга (бөлмөлөргө) жайгаштыруу учурунда алардын саламаттыгы, курактык өзгөчөлүктөрү, дене бой жана психикалык абалы, кылык-жоруктары, психологиялык жактан дал келүүлөрү, туугандык жайлары эске алынат.
Социалдык-эмгек иштерин, маданий жана тиричилик тейлөөлөрүн уюштурууга берилген жайлар, өлчөмдөрү жана жайгашуусу боюнча ал жерлерде керектүү иш-чараларды өткөрүүнү камсыз кыла алат. Тамак-аш сапаттуу азык-түлүктөрдөн даярдалат жана санитардык-гигиеналык талаптарга шайкеш келүүгө тийиш;
2) социалдык-медициналык кызматтар:
- врачка чейинки алгачкы жардам көрсөтүү;
- алгачкы санитардык процедураларды көрсөтүү;
- акысыз медициналык жардамды кепилденген көлөмдө алууга көмөктөшүү;
- саламаттык сактоо мекемелеринде дарыланууга муктаж курмандыктардын госпиталдаштырылуусуна жана ал жакка баруусуна көмөктөшүү;
- ден соолугуна байланышкан процедураларды жүргүзүү (дары ичүү ж.б.).
Медициналык жардам алууга көмөктөшүү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарынын алкагында ишке ашырылат;
3) социалдык-психологиялык кызматтар:
- коррекциялык иш-чараларды жүргүзүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн инсанды психологиялык жактан текшерүү;
- психологиялык байкоого алуу;
- психологиялык консультация берүү;
- психологиялык тренингдер;
4) социалдык-эмгек кызматтары:
- курмандыктардын жеке өзгөчөлүктөрүн, дене бой жана психикалык абалын эске алып, алардын эмгек көндүмдөрүн иликтөө иш-чараларын жүргүзүү;
- курмандыктардын ден соолуктарын эске алуу менен жашоо-турмуштун түрдүү формаларына тартуу үчүн аларды практикалык көндүмдөргө, анын ичинде коопсуздугун камсыз кылуу менен коомдук пайдалуу жумуштар аркылуу үйрөтүү иш-чараларын өткөрүүгө көмөктөшүү;
5) социалдык-маданий кызматтар:
- көңүл ачуу иш-чараларын уюштуруу (китептер, журналдар, газеталар, стол оюндары, кызыккан нерселери менен алектенүү ж.б.);
- башпаанектин кызматкерлеринин катышуусунда телефон аркылуу туугандары, достору менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн түзүү;
6) социалдык-укуктук кызматтар:
- биринчи кезектеги тиричиликтик жана медициналык маселелерди чечүү үчүн документтерди тариздөөгө жардам көрсөтүү;
- адамдарды сатуу фактыларын териштирүүнүн алкагында укук коргоо органдары менен кызматташууга көмөктөшүү;
- курмандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын калыбына келтирүүгө жана коргоого байланышкан маселелерди карап чыгууну жана иш жүзүндө чечүүнү камсыз кылуу үчүн ар кайсы органдарга арыздарды, кайрылууларды жана апелляцияларды даярдоого жана берүүгө жардам көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жеңилдиктерди жана социалдык төлөмдөрдү алууга көмөктөшүү.
6. Кызмат көрсөтүүнү аяктоонун жана курмандыктын башпаанектен чыгып кетүүсүнүн шарттары
27. Башпаанек тарабынан кызматтарды көрсөтүүнү токтотуу төмөнкүдөй негиздерде ишке ашырылат:
- курмандыктардын эркин формада жазылган арызы боюнча;
- келишим бузулган же жарактуулук мөөнөтү аяктаган жана узартылбаган учурда;
- келишимдин шарттары мөөнөтүнөн мурда аткарылган учурда;
- ушул Эреженин 12-пунктунда белгиленген медициналык каршы көрсөткүчтөр аныкталган учурда.
28. Келишим төмөнкүдөй учурларда бузулууга жатат:
1) ички тартиптин эрежелерин системалуу түрдө (үч жолудан ашык) бузган, башпаанектин товардык-материалдык баалуулуктарын иштен чыгарган, укукка жат аракеттерди жасаган учурда;
2) башпаанектин аймагынан өзүм билемдик менен кетип калган жана башпаанектин жетекчилигине бул тууралуу билдирбестен үч суткадан ашуун келбеген учурда.
Башпаанектин аймагын таштап кеткен жана жүйөлүү себептер менен маалымдоо мүмкүнчүлүгү (ички иштер органдары тарабынан кармалуу, саламаттык сактоо жана башка мекемелерде болуу) болбой калган учурда курмандык башпаанекке кайта алынат.
29. Курмандыкка кызмат көрсөтүүлөрдү токтотуу жана анын чыгып кетүүсү башпаанектин жетекчисинин буйругунун негизинде ишке ашырылат.
7. Башпаанектин ишин башкаруу
30. Башпаанекти анын уюштуруучусу тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
31. Башпаанектин директору:
- башпаанектин ишине жалпы жетекчилик кылат жана башпаанекке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- белгиленген тартипте башпаанектин кызматкерлеринин штаттык расписаниесин, чыгымдар сметасында каралган каражаттардын чегинде аларды материалдык жактан сыйлоонун өлчөмдөрүн жана формаларын бекитет;
- башпаанектин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- белгиленген тартипте башпаанектин кызматкерлеринин окутулушун жана дайыма медициналык кароодон өтүп турушун камсыз кылат;
- ар жылдын жыйынтыгында адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча иштерди координациялаган ыйгарым укуктуу органга башпаанектин иши жөнүндө отчет берет;
- башпаанектин иштерине байланышкан башка маселелерди чечет.
32. Башпаанектин кызматкерлеринин штаттык расписаниесинде керектүү адис жок учурда, келишимдик негизде зарыл болгон адистерди тартууга жол берилет.
33. Башпаанектин кызматкерлерин жумушка алуу, жумуштан бошотуу жана аларга эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык аныкталат.
8. Башпаанектин ишин каржылоо, эсепке алуу жана контролдоо
34. Башпаанектин иши бюджеттин дагы, бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен дагы каржыланат.
35. Башпаанектин ишин каржылоо булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаты;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактар.
36. Башпаанектин мүлкү негизги фондудан (имарат, курулма, жабдуу, транспорттук каражаттар ж.б.) жана жүгүртүлүүчү каражаттардан, ошондой эле наркы анын өз алдынча балансында чагылдырылган башка мүлктөн турат.
37. Башпаанектин иши менен байланышкан долбоорлор "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык гранттарды берүү түрүндө каржыланат.
38. Башпаанек бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана финансылык отчеттуулуктун белгиленген формасында отчетторду берет.
39. Каражаттардын кабыл алынышы, эсепке алынышы, максаттуу пайдаланылышы уюштуруучу тарабынан, ошондой эле мамлекеттик бюджеттин каражаттары пайдаланылган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан контролдонот.
9. Башпаанекти кайра уюштуруу же жоюу
40. Башпаанекти кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
41. Башпаанектин иши токтотулган учурда, анын ишинин жүрүшүндө түзүлгөн документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
|
| Башпаанектерди уюштуруунун, алардын иш тартибинин, алардын ишин башкаруунун, каржылоонун жана контролдоону уюштуруунун эрежесине 1-тиркеме |
Форма
|
| _______________________________________ |
|
| (башпаанектин аталышы) башпаанегинин директору |
|
| ______________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты) |
|
| кимден _______________________________ ______________________________________ ______________________________________ |
Арыз
Мени (жана баламды (балдарымды)(*) убактылуу жашап туруу үчүн башпаанекке кабыл алууңузду өтүнөм.
Тиешелүү кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон менин жеке маалыматтарымды топтоого жана иштеп чыгууга макулдугумду берем.
Башпаанекке кабыл алуу, жайгаштыруу жана чыгып кетүү шарттары, ички тартиптин эрежелери менен тааныштым.
Өзүм тууралуу атайылап жалган маалымат берген учурда жоопкерчилик тартаарым тууралуу эскертүү алдым.
|
| _________________________________________________________________ |
|
| (арыз берүүчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты (бар учурда) жана колу) |
|
|
|
|
| 20__-жылдын "__" -_________________ |
(*) зарыл учурда туугандык жана башка байланыштарды көрсөтүү керек.
|
| Башпаанектерди уюштуруунун, алардын иш тартибинин, алардын ишин башкаруунун, каржылоонун жана контролдоону уюштуруунун эрежесине 2-тиркеме |
Форма
Кызмат көрсөтүү тууралуу типтүү келишим
Мындан ары тараптар деп аталуучу _____________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________________ атынан
(башпаанектин аталышы)
(мындан ары - башпаанек) бир тараптан жана (мындан ары - адамдарды сатуунун курмандыгы) экинчи тараптан
төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү:
1. Келишимдин предмети
Башпаанек тарабынан убактылуу жашап туруу үчүн жай берилет жана кызматтар көрсөтүлөт.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
2.1. Башпаанектин укуктары:
1) кызмат көрсөтүү жана курмандыкка жардам берүү үчүн керектүү маалыматтарды суроо;
2) адамдарды сатуунун курмандыгы болгон тарап ушул келишимде каралган милдеттенмелерин аткарбаган же аткаруудан баш тарткан учурда бир тараптуу түрдө келишимди бузуу.
2.2. Башпаанектин милдеттери:
1) адамдарды сатуунун курмандыгынын башпаанекте жүрүүсүн контролдоо;
2) адамдарды сатуунун курмандыгына кызматтарды көрсөтүүнүн шарттарын жана ички тартиптин эрежелерин тааныштыруу;
3) белгиленген көлөмдө социалдык кызматтарды көрсөтүү;
4) ушул келишимдин шарттарын сактоо.
2.3. Адамдарды сатуунун курмандыктарынын укуктары:
1) башпаанектин кызмат көрсөтүү жана жардам берүү үчүн көргөн чаралары тууралуу маалымат алуу;
2) башпаанек тарабынан ушул келишимде каралган милдеттенмелер аткарылбаган же аткаруудан баш тартылган учурда бир тараптуу түрдө келишимди бузуу;
3) белгиленген көлөмдө социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу;
2.4. Адамдарды сатуунун курмандыктарынын милдеттери:
1) башпаанек тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга активдүү катышуу;
2) башпаанектин кызматкерлерине урмат-сый менен мамиле кылуу;
3) ушул келишимдин шарттарын жана ички тартиптин эрежелерин сактоо.
3. Корутунду жобо
Келишим эки нускада ар бир Тарап үчүн бирден түзүлдү.
Башпаанектин директору | _______________________________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты) |
|
| ____________________________ |
|
| (колу) |
|
Адамдарды сатуунун курмандыгы | _______________________________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты) |
|
| ____________________________ |
|
| (колу) |
|
|
| Башпаанектерди уюштуруунун, алардын иш тартибинин, алардын ишин башкаруунун, каржылоонун жана контролдоону уюштуруунун эрежесине 3-тиркеме |
Форма
Каттоо карточкасы
1. Фамилиясы___________________________________________________________________________________________
2. Аты _________________________________________________________________________________________________
3. Атасынын аты (болсо) __________________________________________________________________________________
4. Жынысы _____________________________________________________________________________________________
5. Туулган күнү, айы, жылы ________________________________________________________________________________
6. Туулган жери _________________________________________________________________________________________
7. Улуту ________________________________________________________________________________________________
8. Билими ______________________________________________________________________________________________
9. Кесиби ______________________________________________________________________________________________
10. Жашаган жери боюнча акыркы катталган дареги ___________________________________________________________
11. Колунда бар документи: паспорт/өздүк күбөлүгү
Документтин түрү _______________________________________________________________________________________
Номер/серия ___________________________________________________________________________________________
Берилген күнү, айы, жылы ________________________________________________________________________________
Жарактуулук мөөнөтү ____________________________________________________________________________________
Ким тарабынан берилген _________________________________________________________________________________
12. Жакын туугандары жөнүндө маалыматтар:
Туугандык даражасы _____________________________________________________________________________________
Фамилиясы, аты, атасынын аты ___________________________________________________________________________
Туулган жылы ___________________________________________________________________________________________
Жашаган жери __________________________________________________________________________________________
13. Соттуулугу __________________________________________________________________________________________
14. Ооруп айыккан дарттары (кургак учук, гепатит ж.б.) _________________________________________________________
15. Ден соолугунун абалы _________________________________________________________________________________
16. Жаранды башпаанекке жиберген уюм ____________________________________________________________________
17. Факты боюнча аймактык ички иштер органдарына маалымдалганбы ___________________________________________
18. Жарандын колу _______________________________________________________________________________________
19. Күнү, айы, жылы ______________________________________________________________________________________
20. Башпаанектин карточканы толтурган адисинин фамилиясы, аты, атасынын аты _________________________________
|
| Башпаанектерди уюштуруунун, алардын иш тартибинин, алардын ишин башкаруунун, каржылоонун жана контролдоону уюштуруунун эрежесине 4-тиркеме |
Форма
|
| Бекитем |
|
| Башпаанектин директору |
|
| ________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты) |
|
| ________________________________________ (колу) |
|
| 20__-жылдын "__" - _________________ |
Адамдарды сатуунун курмандыгы менен иштөөнүн жеке иш планы
Фамилиясы, аты, атасынын аты __________________________________________________________________________
Туулган күнү, айы, жылы _________________________________________________________________________________
Башпаанекке келген күнү, айы, жылы ______________________________________________________________________
20___-жылдын _______________ тартып 20____-жылдын ____________________ чейин курмандыкка байкоо жүргүзүлдү.
Жеке иш план 20____-жылдын _______________ тартып 20____-жылдын ___________ чейинки аралыкка иштелип чыкты.
Курмандыктын жеке керектөөлөрүнө ылайык белгиленген иш-чаралар (көрсөтүлгөн кызматтардын түрлөрүн жана көлөмдөрүн көрсөтүү)
№ | Көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрү | Кызмат көрсөтүүнүн көлөмү (жеке өткөрүлгөн иш-чаралардын аталышы) | Кызмат көрсөтүүнү дайындаган адистин фамилиясы, аты, атасынын аты | Дайындоо датасы | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
1 | Социалдык-тиричиликтик |
|
|
|
|
2 | Социалдык-медициналык |
|
|
|
|
3 | Социалдык-психологиялык |
|
|
|
|
4 | Социалдык-эмгектик |
|
|
|
|
5 | Социалдык-маданий |
|
|
|
|
6 | Социалдык-укуктук |
|
|
|
|
Жеке иш планды кайра карап чыгуунун датасы 20____-жылдын ___________________.
Башпаанектин адиси _______________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
| ___________________________________________ (колу, датасы) |
|
|
| Башпаанектерди уюштуруунун, алардын иш тартибинин, алардын ишин башкаруунун, каржылоонун жана контролдоону уюштуруунун эрежесине 5-тиркеме |
Форма
Жеке иш пландын аткарылышы (мониторинги) боюнча журнал
Курмандыктын фамилиясы, аты, атасынын аты ____________________________________________________
Туулган күнү, айы, жылы _______________________________________________________________________
20___-жылдын _______________ тартып 20____-жылдын _____________________ чейинки мезгилге иштелип
чыккан жеке иш пландын мониторинги
Курмандыкка байкоо жүргүзүү мезгили: 20____-жылдын ________ тартып 20____-жылдын ____________ чейин
№ | Жарандын абалы жөнүндө белгилер, анын ичинде | Жеке иш планга оңдоо киргизүү жөнүндө чечим (кызмат көрсөтүүнүн кайсы түрү кайта карап чыгууга жатарын жазуу) | Мониторингдин датасы | Мониторинг жүргүзгөн адистин фамилиясы, аты, атасынын аты жана колу | |
Позитивдүү өзгөрүүлөр бар (жазуу) | Өзгөрүүлөр жок же начарлоо бар (себептерин жазуу) | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Башпаанектин кызматкери | _______________________________________________________ |
|
| (фамилиясы, аты, атасынын аты) |
|
| ______________________________ |
|
| (колу, датасы) |
|
|
| Башпаанектерди уюштуруунун, алардын иш тартибинин, алардын ишин башкаруунун, каржылоонун жана контролдоону уюштуруунун эрежесине 6-тиркеме |
Форма
Башпаанекте жашаган адам сатуунун курмандыктары үчүн ички тартиптин эрежеси
1. Башпаанектин күн тартибин сактоо.
2. Башпаанекте жашагандарга жана башпаанектин кызматкерлерине урматтоо менен жана сылык мамиле кылуу.
3. Башпаанектин мүлкүнө аяр мамиле кылуу жана уктоочу жайын таза-иреттүү кармоо.
4. Жеке гигиенаны сактоо.
5. Дарылоо үчүн белгиленген процедураларды жана дарыларды белгиленген мезгилде так аткаруу жана ичүү.
6. Башпаанектин тынчтыгын сактоо.
7. Буюмдар сактоо үчүн башпаанектин кызматкерине берилбеген учурда, башпаанектин жашоочусу жеке буюмдарынын сакталышы үчүн өзү жооптуу.
8. Башпаанектен тышкары жүргөн кезде туугандар же тааныштар менен байланыш түзүүгө тиешелүү коопсуздук боюнча бардык нускамаларды аткаруу.
9. Башпаанектин кызматкерлерине башпаанекте жашаган адам сатуунун курмандыктарынын бардык шектүү байланыштары жана аракеттери тууралуу маалымдоо.
10. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) башпаанектин кызматкерлеринин уруксатысыз андан чыгып кетүүгө;
2) күчү кандай болбосун алкоголь ичимдигин алып келүүгө, сактоого жана ичүүгө;
3) баңгизаттарды, психотроптук жана башка маң кылуучу заттарды, аларды даярдоого жана пайдаланууга керектелүүчү буюмдарды жана заттарды алып келүүгө, сактоого жана пайдаланууга;
4) курал жана/же айланадагылар үчүн кооптуу катарында квалификацияланган куралдарды, ок-дарыларды, түрдүү өзүн-өзү коргоо каражаттарын алып келүүгө жана сактоого;
5) кайсы жактыкы болбосун контрабанда товарларын алып келүүгө жана сактоого;
6) башпаанекте баарлашууга арналган алып жүрмө байланыш каражаттарын (мобилдик телефондорду сактоо үчүн башпаанектин кызматкерлерине берүү зарыл) пайдаланууга;
7) башпаанекке адамдарды чакырууга;
8) башпаанектин директорунун уруксатысыз жергиликтүү, шаар аралык жана эл аралык телефон чалууга;
9) кимдир бирөөгө башпаанектин жайгашкан жери тууралуу айтууга, башпаанекте жашаган же иштеген адамдар тууралуу купуя жеке маалыматтарды берүүгө;
10) башпаанектин кызматкеринин уруксатысыз административдик жайга кирүүгө.