Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 31/10-5 «Токмок ш. 2021-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана Токмок ш. 2022-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө» токтому
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын X кезектеги сессиясы
2022-жылдын 11-февралы № 31/10-5
Токмок ш. 2021-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана Токмок ш. 2022-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ф.А.Малабаеванын отчетун угуп, 2021-жылга Токмок шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө” жана “Токмок шаарынын 2022-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын” талкуулоо менен Токмок шаардык кеңешинин кошмо комиссиясынын 2022-жылдын 04-февралындагы отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ф.А. Малабаеванын “Токмок ш. 2021-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү” отчету 1-тиркеме ылайык эске алынсын.
2. Токмок шаарынын 2022-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы 2 жана 3-тиркеме ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаарынын мэри У.О. Самаевге жана Токмок шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |
| Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 11-февралындагы №31/10-5 токтомуна 1-тиркемеси |
Токмок шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн
2021-жылдын жыйынтыктары жана
алдыдагы мезгилге карата милдеттери жөнүндө
Токмок шаары 2022 жыл
ӨНӨР ЖАЙЫ
2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Токмок шаарынын өнөр жай секторунда 7 млрд.582,8 млн.сомдук продукция өндүрүлгөн, бул 2020-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2 млрд 562,2 млн.сомго көбөйгөн (5 млрд 020,5 млн.сом.). Номиналдуу өсүү ыргагы 151,0 % түзгөн. Физикалык көлөмдүн индекси 110,5 % ды түзөт.
Отчеттук мезгилде баардык өнөр жай ишканалары жана чакан жана орто бизнес стабилдүү иштеп, өндүрүш көлөмүн аткарышты.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өндүрүштүн өсүү ыргагы тамак-аш өндүрүүдөгү өнөр жайында 111,1 %, текстиль жана тигүү өнөр жайында 113,9 %, металл эмес продукцияны өндүрүүдө 114,8% белгиленди.
Өнөр жай продукцияларынын түрлөрү боюнча эт, сүт азыктарын (быштак, сыр), ун, макарон, этил спиртин жана малга даяр тоютту өндүрүү жана тери көбөйгөн. Текстиль буюмдарынан: шейшептер жана кийиз буюмдар. Ошондой эле, такта айнек, айнек идиштер, бетондон жасалган буюмдар, гипс жана цемент.
2022-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
- “Бурана-Текстиль” ЖЧКсынын курулуш маселелерине көмөк көрсөтүү;
- “Компания МолПродукт” ЖЧКсын толук кубаттуулукта ишке киргизүүгө жана Кыргыз-Россия Фондунан насыя алуу маселесине көмөк көрсөтүү;
- токтоп турган “Керамикалык дубал материалдары” ААКты, “Консерва заводу” ЖЧКсын, “Плодоовощ” ЖЧКсын ишке киргизүү үчүн потенциалдуу инвесторлорду издөө боюнча ищти улантуу;
-жаңы ишканаларды түзүү үчүн жаӊы инвесторлорду тартууга шарттарды түзүү;
-өнөр жай ишканаларынын жетекчилери өндүрүштүн көлөмүнүн өсүү ыргагын жогорулатууну камсыз кылуулары, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана өндүрүлгөн продукциянын өз наркын төмөндөтүү, өндүрүштү диверсификациялоо жана сатып өткөрүүчү жаңы рынокторду издөө боюнча иштери улантуу.
ЭКСПОРТ-ИМПОРТ
2021-жылдын январь-ноябр айынын жыйынтыгы боюнча Токмок шаарынын тышкы соода жүгүртүүсү 200,9 млн. АКШ долларын түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 88,0млн. АКШ долларынакөбүрөөк.Импорттун көлөмү - АКШнын 92,6 млн. долларын (2020-жылы 79,1 млн.долл.), экспорттункөлөмү АКШнын 108,3млн. долларын (2020-жылы–33,8 млн.долл.) түздү.
Шаар 22 мамлекет менен тышкы соода алакаларын жүргүзүп, анын ичинен 13 мамлекеттен импорттолсо, 9 мамлекетке экспорттолгон.
2022-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
- экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү, жергиликтүү чийки заттарды жана материалдык ресурстарды колдонуу менен иштеп жаткан экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу өндүрүштү чыңдоо жана колдоо боюнча иштерди улантуу.
КУРУЛУШ
Экономиканы жана социалдык тармакты өнүктүрүүгө 2021-жылдын жыйнтыгы боюнча 729,8млн.сомдук капиталдык салымдар жумшалган, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 4,5 млн.сомго азыраак болгон (2020ж.-734,3 млн.сом). Анын ичинде каржы булактар боюнча:республикалык бюджеттен-167,8 млн.сом, жергиликтүү бюджет- 3,4 млн.сом,ишканалардын каражаттары-62,6 млн.сом, чет өлкөлүк түз инвестициялар–59,2 млн.сом, чет өлкөлүк гранттар–126,9 млн.сом, калктын каражаттары жана кайрымдуулук жардамдар -309,8 млн. сом.
Отчеттук мезгилде жеке куруучулар тарабынаншаар боюнча 74 жеке турак жай үйлөр, же жалпы аянты 10,2 миң чарчы метр ишке киргизилди, бул былтыркы жылга салыштырганда 3 үйгө көбүрөөк, ал эми, чарчы метр боюнча 0,8ге азыраак болгон.
2022-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
- шаардын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө капиталдык салымдардын көлөмүн көбөйтүү боюнча ишти улантуу;
- жаӊы тургузулуп жаткан “Бурана Текстиль” ЖЧКсынакурулуш маселесилерине жардам көрсөтүү;
- курулуп жаткан капиталдык салымдардын жана аяктаган курулуш объектилеринин көлөмүн толук чагылдырууда статистикалык комитет менен иштөөнүн өз ара байланышын өркүндөтүү;
- баардык ишканалар, жеке ишкерлер, инвестиция тартууга жана толугу менен пайдаланууга аракет көрүүлөрү;
- шаардын инфраструктурасын жакшыртууга салым кошкон долбоорлорду ишке ашырууга инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзүүнү баардык түзүмдүк бөлүмдөргө жана уюмдарга сунуштоо.
ТАЗА СУУ
2020-жылы “Токмок шаарын суу менен камсыздоо жана агынды суулардын тутумун жакшыртуу” долбоорунун 2-этабы аякталган.Жыйынтыгында 10 атайын унаа жана техникалык жабдуулар, ошондой эле ичүүчү жана саркынды сууларды анализдөөчү лабораториялык жабдуулардын комплекси жеткирилген. 2021-жылы 4 суу сордуруучу, жаңы чөгөрмө жана 3 горизонталдык насостор станциялар сатып алынды. Баардыгы 1585,2 миӊ Евро өздөштүрүлгөн.
Ошондой эле,төмөнкү лоттор боюнча тендер жарыяланып, конкурстун жеңүүчүлөрүаныкталган. Анын ичинде:
«Импульс-Ош» ЖЧКсы жана «Наладка Юг» ЖЧК консорциуму менен канализация тармагын реабилитациялоого жана кеңейтүүгө, анын ичинде көп кабаттуу үйлөрдү канализацияга кошууга 734,7 миң евро суммасында келишим түзүлгөн (ишке ашыруу мөөнөтү 8 ай);
- «Профит-Экспресс» ЖЧК консорциуму жана «Кайнар» ЖАК менен суу түтүктөрүн реабилитациялоо жана кеңейтүү боюнча келишим түзүлдү, анын ичинде 2569,5 миң Еврого үйлөрдү туташтыруу жана тармактагы 60 жапкычты алмаштыруу, суу эсептегичтерди орнотуу (ишке ашыруу мөөнөтү 18 ай).
БАЙЛАНЫШ
Шаардын байланышчылары тарабынан 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча 28,7 млн. сом тарифтик кирешелер алынды, же 80,0 % аткарылды, былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 3,5 млн сомго азыраак. Акы төлөнүүчү кызматтардын көлөмү 23,8 млн.сомду түзүп, былтыркыга салыштырганда 2,4 млн.сомго азыраак. Кирешенин азайышы шаарда иштеп жаткан «Сайма-Телеком» менен «Мегалайн» компанияларынын тарифтери төмөн болгондугуна байланыштуу атаандаштык болуп жатат.
Отчеттук мезгил ичинде сандык (цифровой) байланыштын 202 телефон аппараты коюлду. Интернет тейлөөгө 546 абонент кошулду, анын ичинен ADSL технологияга–227 абонент, Metro Ethernet технологиясы боюнча–319 абонент.
Отчеттук мезгилдеайнек-була кабели тартылып, Интернетке кошуу боюнча төмөнкү 13 долбоорлор аякталган:
- 8-март көчөсүнүн кесилишинде айнек-була кабели тартылып 24 порттуу D-Link жабдуусу орнотулду.
- Октябрь көчөсү №1 дарегиндеги “Северная” бажыканасы кошулду.
- “Альфа-Ойл” ЖЧКсы кошулду.
- сахзавод районундагы жана 1-кичи райондогу ФАПтар кошулган;
- Пушкин көчөсүндөгү“Балажан” бала бакчасы кошулган;
- №23 кесиптик.лицейи, №12 орто мектеп, №5 орто мектеп, 1-кичи райондогу медресе кошулду;
- “ Текстиль транс-2” ЖЧКсы кошулду;
- “Айтурган” эс салуучу жайында айнек-була кабели тартылды.
- кошулган мектептер: № 2, № 7, №8, №9, №10, №11, №13;
- Метрология жана стандартизация Борбору, “Чуй-Гласс”ЖЧКсы, Скрябин атындагы колледжи.
- “Интергласс” ЖЧКсы, Чүй облустук стомотологиясы, Райондор аралык оорунун алдын алуу борбору жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, мед.колледж;
- “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында Сарбагышев-Ленин, Дунларов-Ибраимов, Жантаев-Шамшы,Шамшы-Ленин, Ибраимов-Дубовицкий көчөлөрүнүн кесилиштерине камералар орнотулду.
- 14,0 км. узундуктагы 244,5 миң сомдук кабелдик байланыш линияларын учурдагы оңдоо иштери жүргүзүлдү.
2022-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
- Токмок шаарынын көчөлөрүнө айнек-була кабелин тартууну улантуу.
- ар бир үйгө айнек-буласы принциби боюнча “Домашние локальные сети” долбоорун ишке ашырууну улантуу.
- кабелдик байланыш линияларын капиталдык жана учурдагы оңдоону улантуу.
УНАА
Шаардын унаа уюмдары жана жеке ишкерлер тарабынан 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча 651 миң тонна жүк ташылган (2020 г.-572,8 миң тн), 113,7% аткарылган.
Жүк айлануу 23,3млн.тн/км (2020г.-19,8 млн.тн/км), же 117,5% түздү.
Жүргүнчүлөрдү ташуу 83,6 млн.жүрг./км, (2020г.-73,0 млн.пасс/км), же 114,6% түздү.
2022-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
- керектөөчүлөргө жана калкка жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүү боюнча ишти күчөтүү;
- жеке жеңил жана жүк ташуучу таксилерди патенттөөнү толук камтууга өбөлгө болуучу натыйжалуу чараларды улантуу.
СООДА ЖАНА КЫЗМАТТАР
2021-жылдын жыйынтыгы боюнча чекене товар жүгүртүү 6 млрд 114,3 млн. сомду түздү (2020-жылы–4 млрд 588,9 млн.сом), өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу иш жүзүндөгү баа боюнча 123,1 % түзгөн.
Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча акы төлөнүүчү тейлөөлөрдүн көлөмү 519,5 млн. сомду (2020-жылы –490,2 млн. сом) түзүп, иш жүзүндө баалардын өсүү ыргагы 105,9 % түздү.
Сатуучуларга жана сатып алуучуларга максималдуу ыңгайлуулукту түзүү үчүн иштеп жаткан базарларды ыңгайлаштыруу боюнча иш-чаралар улантылууда.
2022-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
- соода чөйрөсүндө, керектөөчүлөрдүн базарынын жана көрсөтүлүүчү тейлөөлөрдү мамлекеттик-укуктук жөнгө салуунун сакталышына туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүсү;
- иштеп жаткан базарларды ыңгайлаштыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү улантуу.
ИШКЕРДҮҮЛҮК
2021-жылдын жыйынтыгы боюнча чакан жана орто бизнес субъектилеринин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 1743,7 млн. сомду түзүп (2020-жылы 1587,6 млн.сом), бул 156,4 млн.сомго көбүрөөк болгон. Өсүү ыргагы мурунку жылга салыштырмалуу 114,1 % аткарылган.
Отчеттук мезгилде Ибраимов көчөсүндөгү (борбордук базар) соода борбору 80,0 млн сомго бүткөрүлүп, жарым-жартылай пайдаланууга берилди. Мындан тышкары, чет элдик инвесторлор тарабынан 3 социалдык объект пайдаланууга берилди, анын ичинде: мектеп-интернат жатаканасы менен 79,0 млн сомго, 26 турак жайлуу социалдык шаарча 116,0 млн сомго жана нейропсихиатриялык оорукананын жатаканасынын имараты 13,0 млн сом өлчөмүндө. Баардыгы 288,0 млн.сомго, даӊы 102 иш орун ачылды.
Отчеттук мезгил аралыгында 10450 насыя алуучуларга 898,8 млн.сом чакан насыялар берилген, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 200 адамга көбүрөөк жана ошол эле учурда 769,3 млн. сомго азыраак берилген. Бул уюлдук телефондорду сатып алуу сыяктуу аз өлчөмдөгү керектөө.
2022-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
- чакан жана орто бизнестин жаңы субъектилерин түзүү боюнча
ишти улантуу;
- чакан жана орто бизнесте иштеген ишкерлерге бизнес маселелеринде жардам көрсөтүү;
- Токмок шаарынын ишкерлер биримдиги менен бизнес түзүү жана жүргүзүү маселесин колдоо жана кеңеш берүү, окутуу маселеси кирген семинарларды, конференцияларды өткөрүү жана уюштуруу боюнча иштерди улантуу;
- керектөөчүлөргө өз укуктарынын корголушун толук көлөмдө камсыз кылууга көмөктөшүү.
ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТИН АТКАРЫЛЫШЫ
Токмок шаары боюнча жалпысынан мамлекеттик бюджетке салыктардын түшүүсү 485,2 млн.сом суммасында болуп, 101,1%аткарылган. Анын ичинде республикалык бюджетке 299,4 млн.сом, же 102,3% аткарылган, жергиликтүү бюджетке 185,8 млн.сом или 100,0%.Бул өткөн жылга салыштырмалуу 22,5 млн.сомго көбүрөөк түшкөн, өсүү ыргагы 113,8 % түздү.
Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүСалык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө боюнча башкармалыгысалыкты администрациялоого тиешелүү болгон ишканаларды эске алуу менен (“Интергласс” ЖЧКсы), жана атайын каражаттардын эсеби менен2021-жылдын жыйынтыгы боюнча99,4%га аткарылды (такталган план боюнча 282,9млн. сом болсо, иш жүзүндө 281,1 млн. сомду түздү), же бюджетке 1749,2миӊ.сом азыраак түшкөн.
2021-жылдын аралыгында республикалык бюджеттен 40,1 млн.сом расмий трансферттералынган.
Салыктарды чогултуу боюнча көрсөткүчтөр төмөнкү түрлөрү боюнча аткарылган жок (Интергласстын эсеби менен):
- бирдиктүү салык-93,2% аткарылып, же бюджетке 263,6 миң сомго азыраак түшкөн
- милдетүү патенттин негизиндеги салык – 74,9% аткарылып, же бюджетке 1455,8 миӊ.сомго азыраак түшкөн.
- ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык – 94,3% аткарылып, же бюджетке 1840,6 миӊ.сомго азыраак түшкөн.
- кыймылсыз мүлккө салык (3-топ)–53,3% аткарылып же бюджетке 140,2 миң сомго азыраак түшкөн.
- унаа каражатына төлөнүүчү салык боюнча –80,6% же 2907,6 мин.сомго аткарылган жок.
- үйдүн жанындагы жана бакча тилкелерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 84,1% аткарылып же бюджетке 658,5 миң сомго аткарылган эмес.
- таштанды чыгаруу акысы-86,9% аткарылып же бюджетке 67,0 миң сом түшпөй калган.
2022-жылдын 1-январынакарата салык жана төлөмдөр боюнча мамлекеттик бюджетке мөөнөтүндө төлөнбөй калган калдыктар 81,5млн.сомду түзгөнже былтыркы ушул эле мезгилге салыштырганда 35,3 млн.сомго көбүрөөк. Анын ичинен жергиликтүү бюджеттин салыктар жана төлөмдөр боюнча калдыгы 18,4 млн. сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырганда 1,2 млн.сомгокөбөйгөн.
Салыктардын түрлөрү боюнча: (жергиликтүү бюджет) кирешелер салыгы боюнча 7,3 млн. сом, автоунаа ээлеринен алынуучу салык 2,7 млн.сом, үй жанындагы жер тилке салыгы 1,5 млн.сом, айыл чарба эмес жер салыгы боюнча 3,1 млн. сом, кыймылсыз мүлк салыгы 1,6 млн. сом.
Жалпы карыздын жалпы суммасында эң чоң салыктык карыз "Кутчу Курулуш" ЖЧКсы үчүн 36,7 миллион сом, ошондой эле "Марс Трейд Ко" ЖЧКсы 11,2 миллион сом суммасында катталган, ага ылайык, карыздар катары эсептен чыгаруу үчүн материалдар даярдалып жатат.
2 иш боюнча материалдар ПССИ (сот кызматынын бөлүмү) 11,7 млн.сом суммасында аткаруу үчүн өткөрүлүп берилген. 4 иш боюнча материалдар сотко 10,8 миллион сом суммасында берилген.
Көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү максатында рейддик салык көзөмөлүнө 604 субъект камтылып, анын ичинен 94,0 миң сомдук 35 мыйзам бузуу аныкталып 35,0 миң сом өндүрүлгөн.
Уруксат документтери жок иштеген 10 субъект аныкталган, 51 патенттин мөөнөтү бүттү, өтпөй калды, чекти бербей койду 7 факт, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөй коюу 1 факт жана башка 20 бузулар.Сынап сатып алуулар 36 субъектте жүргүзүлгөн.Шаар боюнча 420 салык төлөөчүлөр ККМди пайдалануу менен “Онлайн тармагында” иштейт.
Салык төлөмдөрүн төлөөгө шарт түзүү жана тездетүү максатында шаар боюнча 33 банкомат жана 113 төлөм терминалдары, 33 терминал посттору колдонууга коюлган.
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү атайын каражаттарды эсепке алуу менен 88,4% аткарылды, же такталган пландагы307,0млн. сомдун ордуна, иш жүзүндө 271,5млн. сом сарпталган, анын ичинде:
- атайын каражаттар 76,6% аткарылды, же такталган пландагы 22,7 млн.сомдун ордуна, иш жүзүндө 17,4 млн.сом сарпталган;
- бюджеттик каражаттар 89,4% өздөштүрүлгөн, же такталган пландагы 284,3млн.сомдун ордуна, иш жүзүндө 254,1млн.сом сарпталды.
Бюджеттик каражаттар төмөнкү багыттарда каржыланган:
чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоого (эмгек акы, соц.фондго төлөмдөр, тамак-аш азыктарына, стипендия жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан калкка социалдык жардам көрсөтүүгө) 54,2 млн.сом, же 21,3 % каржыланган;
коммуналдык тейлөөлөрдү каржылоого (сууга,электр энергиясына, жылуулук энергиясына, байланыш тейлөөлөрүнө төлөмдөр) 53,3млн.сом же жалпы чыгымдардын 21,0% бөлүнгөн;
чыгашалардын башка беренелерине 146,5 млн. сом, же 57,7 %.
2022-жылдын 19-январынакарата шаардын бюджеттик уюмдарынын насыялыккарызы алдын ала маалымат боюнча 8,3 млн. сомду коммуналдык төлөмдөр боюнчатүздү.
2022-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
- ай сайын мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттердин салык жана салык эмес төлөмдөрүнүн баардык түрлөрүнүн жыйымдарынын планынын аткарылышын камсыздоону күчөтүү;
- салык калдыктарынын өсүшүнө жол бербөө жана аларды төмөндөтүүнү камсыздоо боюнча толук чараларды көрүү;
- бюджеттик уюмдардын насыялык карыздарын кыскартуу боюнча, биринчи кезекте чыгашалардын корголгон беренелери боюнча зарыл чаралардын кабыл алынуусу.
- жергиликтүү бюджетке ашыкча түшкөн каражаттарды 2021-жылга социалдык-экономикалык план менен каралган социалдык долбоорлорду каржылоо.
КИРЕШЕЛЕР ЖАНА КАЛКТЫ ИШКЕ ОРНОШТУРУУ
Шаардагы орточо чегерилген эмгек акы 2021-жылдын январь-ноябр айларында 16407,3 сомду, номиналдык өсүү ыргагы 114,7 % түздү.
2022-жылдын 1-январына карата Токмок шаарынын Социалдык өнүгүү башкармалыгында жумуш издеп катталган адамдардын саны 287 адам.Жумушсуз деп расмий катталгандардын саны 249 адам. (2020г.-247 адам.).
Отчеттук мезгилде 221 адам жумушка орноштурулду (2020ж-181), бул былтыркыга салыштырганда 40 адамга көбүрөөк.Кесиптик окууга 47 адам газоэлектосварщик, ашпозчу, тигичүү, чачтарач, маникюр багыттарындагы кесиптерге окуган (2020ж.-50/34 адам.), анын ичинен 39 адам жумушка орноштурулду. 55 адам коомдук акы төлөнүчүү жумушка жөнөтүлдү.
Жылдын башынан бери менчигинин түрүнө карабастан жумуш берүүчүлөрдөн 240 бош жумуш орундарына сунуштар келип түшкөн, алардын ичинен жумушчу адистиктер боюнча 214 орун.
Февраль айында Токмоктогу 10 мектепте бүтүрүүчү класстардын 1279 окуучуларынын катышуусунда кесип тандоо багытындагы иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле, 46 жумушсуз жарандар менен иш жүргүзүлүп, кесиптик билим алууга багытталган. Жумушсуз жарандарды окутуу жана ишке ашыруу боюнча август айынан бери Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбоорунун 2-этабы аякталып,баардыгы 521 адам катышты (жумушсуздар, инвалидтер, турмуштун оор кырдалына туш келгендер) анын ичинен 61 жумушсуз адам катышты.
Токмок шаарындагы Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгында эмгек рыногу тармагы киргизилип, ал жумуш издегендер менен жумуш берүүчүлөр жөнүндө электрондук базаны камтыйт. “Жумуштуулук” порталы иштейт. Жумушсуз жарандарды онлайн каттоо ачылган.
2022-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
- кадрлардын жетишсиздик маселесин жоюу жана кесиптик багытын алмаштыруу боюнча иштерди керектүү сандагы адистерди окутууга тапшырыктарды берүү аркылуу жаңы ишканаларды ачууну эсепке алуу менен улантуу;
- жумушсуз адамдарды ишке мүмкүн болушунча көбүрөөк орноштурууга көмөк көрсөтүү;
- иш берүүчүлөр, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар жана уюмдар менен кызматташууну кеңейтүү.
КАЛКТЫ СОЦИАЛДЫК КОЛДОО
Токмок шаары боюнча мамлекеттик жөлөк пул алуучулар 2528 адамды түзөт (2020-жылы-2577 адам). Республикалык бюджеттен отчеттук мезгилде төмөнкүдөй каржыланды:
- мамлекеттик жөлөк пул 73,1 млн. сом суммасына;
- акчалай компенсациялар 10,9 млн. сом суммасына;
- жөлөк пул жана акчалай компенсацияларды төлөө боюнча карыздар жок.
Отчеттук мезгилде жеңилдик алуучу категориядагы жарандар жана калктын аз камсыз болгон катмары жергиликтүү бюджеттен 3935,1 миң сомго каржыланып, жардамды 5609 адам алган, бул 2001 адамга жана 1172,4 миӊ сомго көбүрөөк. Ошондой эле резерв фондунан 35,0 миӊ сом бөлүнгөн. Анын ичинде:
- социалдык стипендия 723,6 миң сом;
- ДМЧАларга жол кире, байланыш, дары-дармек үчүн компенсация 789,8 миӊ сом;
- кайтыш болгон адамдарды коюуга 114,3 миң сом;
- арыз менен кайрылгандарга акчалай жардам 355,0 миң сом, жана башка жеӊилдиктер менен 730,5 миӊ сом;
- Интернационалист жоокерлерге, Баткен, Апрель окуясына, ЧАЭС апаатын жоюуга катышкандарга, жесирлерге, алардын энелерине (98 адм) 221,5 миң сом;
- Энелер күнүнө, Улуу Жеӊиш жана Балдарды коргоо күнүнө (133 адам) 125,4 миӊ сомго.
Башка майрамдарга (карыялар майыптар күнүнө) 885,0 тыс.сом.
Отчеттук мезгилде 25 жайсыз адамдар “Түнөк” социалдык жардам борборунун тейлөөсүн колдонду, тейлөөгө 74,0 миӊ сом жумшалды.
2021-жылдын аралыгында 1334 үй-бүлөгө/ 4951 адам социалдык паспорттор толтурулган. ДМЧА боюнча каттоодо 1941 үй-бүлө турат, анын ичинен 425 балдар.
Жакырчылык деңгээли 6,3% түзүп, өткөн жылдын деңгээлинде калган. Жакырчылыктын чегинен 211 үй-бүлө/888 адам.
2022-жылдын 1-январына карата ата-энесинин кароосуз калган 73 бала аныкталган, анын ичинде Республикалык адистештирилген балдар үйүндө-35, «Бактылуу балалык»-16, «Стефан»-22. Анын ичинен, Үй-бүлөгө тарбиялоого 8 бала берилсе, жатак мекемелерине 19 бала жөнөтүлүп, үй-бүлөдөн ден соолугуна жана жашоосуна тикелей коркунуч болгон 10 бала алынган.
2022-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
- турмуштун оор кырдаалында калган адамдарды аныктоо иштерин жүргүзүүнү улантуу;
- балдарга карата ырайымсыздыктын жана зомбулуктун алдын алуу боюнча фактыларды жана чараларды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүү;
-мамлекеттик жөлөк пулдардын, жеңилдиктердин жана компенсациялардын өз учурунда төлөнүшүн камсыз кылуу.
- жарандарга жана калктын аз камсыз болгон топторуна демөөрчүлүк жардамды тартуу боюнча иш-аракеттерди күчөтүү.
ПЕНСИЯЛЫК КАМСЫЗДОО
Социалдык фонд башкармалыгы тарабынан 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу төлөмдөрдү чогултуу 350,6 млн.сомду түзгөн, же былтыркы ушул эле мезгилге салыштырганда 44,1 млн.сомго көбүрөөк, өсүү ыргагы 114,4 % болгон.
Камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыздар 21,2 млн.сомду түзгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 18,0 млн.сомго аз. Анын ичинен ишканалар боюнча 16,5 млн.сом. Өндүрүү максатында 62,6 млн. сомдук 34 эскертме жиберилген, өндүрүлгөн суммасы 26,0 миӊ сом. Соттун кароосуна 36,8 млн.сомдук 7 материал берилген.
Чүй-Токмок Социалдык Фонду боюнча 14032 пенсионерлер жашайт (анын ичинен Токмок ш.-7685), бир айлык пенсия менен камсыздоо үчүн 43,1 млн. сом талап кылынат. Пенсиянын орточо көлөмү 5720 сомду түзөт.
2021-жылы республикалык бюджеттен пенсияларды төлөөгө 504,0 млн.сом (2020-жылы 486,7 млн.сом) каржыланган. Пенсияны төлөп берүү боюнча карыздар жок.
2022-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
- камсыздандыруу төлөмдөрүн жана башка төлөмдөрдү толук көлөмдө чогултуунун пландуу көрсөткүчтөрүн аткарууну камсыздоо;
- пенсияны өз убагында жана толук көлөмдө төлөп берүүнү камсыздоо боюнча иштерди улантуу;
- камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча, өзгөчө базарда иштеген жеке ишкерлер менен түшүндүрүү иштерин күчөтүү.
БИЛИМ БЕРҮҮ
Токмок шаарында баардыгы 13 мектеп, 6 мектепке чейинки билим берүү уюму, 1 балдар менен өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борбору жана 3 жеке мектеп иштейт.Баардык мектептерде 16568 окуучу камтылып, 542 класс-комплект түзүлгөн. Мектепке чейинки окуу берүү билим берүү уюмундарында 2009 бала тарбияланышат.
2-чейректин жыйынтыгы боюнча билим сапаты-34,2% түзүп, былтыркыга салыштырганда 0,7% жогору.
Педагогикалык кадрлар менен 97,5% камсыздалган, мектептерде 778 мугалим иштейт. 20 мугалим жетишсиз, алар англис, физика, тарых, география, орус тили, адабият жана башталыч класстар боюнча.
Окуу китептери менен камсыздоо 81,3%ды түзөт, анын ичинен 80,1% орус тилинде, 81,0% кыргыз тилинде.
Шаардын мектептери жалпысынан 317 компьютерлер, 42 интерактивдүү такталар, 58 мультимедиа проекторлору, 29 ноутбук менен камсыздалды.
Облустук олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Токмок командасы I-орун алып, 15 окуучу байгелүү орундарды ээлешти. ОРТга 804 бала катышты.
Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө роль берилип, Токмок шаарында 77 бала үйдөн билим алууда.
Педагогикалык жамааттын квалификациясын жогорулатуу максатында 115 семинар өткөрүлдү. Тажрыйбаны жаш мугалимдерге берүү практикаланат.Мектептеги инновациялык иш, мугалимдердин жана администрациянын өз алдынча билим алуусу, жаш адистер жана насаатчылар менен иштөө, педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, электрондук китепкана ж.б темаларда семинарлар өткөрүлдү.
"Жылдын мугалими 2021" сынагы өткөрүлүп, ага шаардын 10 билим берүү уюмдарынан 16 мугалим катышты.
Билим берүү башкармалыгы төмөнкү багыттар боюнча инновациялык иштерди жүргүзөт: инновациялык мектептер (А.С.Пушкин атындагы №1 мектеп-гимназия жана №11 орто мектеп-лицейи) жана мектептердин иштери долбоорлордо, ошондой эле жаңы мугалимдер тарабынан жаӊы технологияларды колдонуу. Шаардын 14 мектебинде инновациялык технологиялар колдонулуп, 14 мектеп эл аралык, республикалык, мектептик долбоорлорго катышууда.
Пандемия учурунда онлайн сабактарды өткөрүүдө жаңы платформалар өздөштүрүлдү. Мугалимдер негизинен ZOOM, Klas-room, Votsap, Kundoluk тармактарында иштешти.
Санариптештирүү алкагында 2021-жылдын 15-февралынан тартып, Токмоктогу 13 мектепте 1-класска балдарды электрондук кабыл алуу ачылган. Ошондой эле, 15-марттан баштап 6 муниципалдык бала бакчада электрондук каттоо ачылды. Кезекте 195 бала турат. 2020-2021-окуу жылында акысыз электрондук күндөлүк кызматтары көрсөтүлүп, аны 18 мектеп колдонгон.
Шаардагы 5 мектеп ысык тамак менен камсыздалат, орточо эсеп менен алганда бир бала 14 сомдон 22 сомго чейин тамактанат.
Токмок шаарындагы мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында мэрия тарабынан №1, №9, №3, №12, №8 орто мектептерин оңдоого 747,9 миң сом бөлүнгөн.
Күзгү-кышкы мезгилге даярдануу боюнча иштер аткарылды. Көмүргө талап 501 тонна болсо, ал толук жеткирилген.
2022-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
- билим берүү мекемелеринин окуу жана тарбия процесси, укук бузуулардын алдын алуу, педагогикалык чеберчиликти өркүндөтүү жана санитардык-гигиеналык ченемдерди жана талаптарды сактоо маселелери боюнча иштерге туруктуу көзөмөлдү камсыз кылуу;
- шыктуу балдарды колдоо, балдардын чыгармачылыгын өркүндөтүүнүн жаңы формаларын иштеп чыгуу;
- окутуучулардын IT компетенттүүлүгүн, санарип боюнча билим берүүнүн мазмунун жана ИКТ-инфраструктурасын өнүктүрүүнү тездетүү;
- мугалимдердин инновациялык активдүүлүгүн жана чыгармачыл демилгесин жогорулатуу;
- демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын каражаттарын, ошондой эле Эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт фонддордун, гранттардын каражаттарын пайдалануу менен шаардын билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча иштерди улантуу.
САЛАМАТТЫК САКТОО
2021-жылдын май айынан баштап, Токмок аймактык ооруканасы жана Үй-бүлөлүк медицина борбору Жалпы врачтык практикалоо борборуна (ЖВПБ) бириктирилген.
2021-жылдын аралыгында 12557 адам ооруканага жаткырылган, бул мурунку жылга салыштырмалуу 3468 адамга көбүрөөк болгон, алардын ичинен жеңилдиктери бар адамдардын саны 44,1 % (5146) түзгөн.
Мында баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү мекемелерде дарыгерлерге кайрылуу 771 адамга азайган. Бул невропатолог, тери-венеролог, хирург сыяктуу тар адистиктеги кадрлардын жетишсиздиги менен түшүндүрүлөт. Ал эми жеке медициналык борборлордун жана компьютерлештирүү кабинеттеринин болушу.
Отчеттук мезгил төмөнкү көрсөткүчтөрдүн азайышы менен мүнөздөлгөн:
- төрөлгөндөр 10,6 % азайган, же 1051 бала төрөлгөн, бул былтыркыга салыштырганда 126 балага азыраак;
- калктын табигый өсүшү 20,5 %ды, же 870 адамды түздү, бул былтыркыга салыштырганда 200 адамга азыраак;
- кургак учук оруусу 4,8 %, бул 73 адамды түзгөн, бул былтыркыга салыштырганда 3 окуяга азыраак;
- сифилис 34,8% же 2 адамга, бул көрсөткүч былтыркыдан 1 окуяга азыраак;
- наркомания 27,3% же 6 адам, бул былтыркыдан 2 адамга азыраак;
- коркунучтуу шишик оруулары 6,6 %, же 99 окуя, бул 7 адамга азыраак.
Ошону менен бирге өлүмдүн жалпы көрсөткүчү 15,0 % же 486 адам болуп, 74 адамга жогорулаган;
- ымыркайлардын өлүмү 51,1 %, же 18 окуя катталып, бул былтыркы ушул эле мезгилге салыштырганда 5 окуяга көбүрөөк.
- спирт ичимдиктерине көз карандылык 67,6 % га жетип, 12 адамды түздү, бул 5 адамга көбүрөөк;
- жалпы оорулар боюнча 1,3% же 5441 адам катталып 188 адамга көбүрөөк.
Өлүмдөрдүн негизги себептери кан айлануу системасынын оорулары (45,5%), жугуштуу жана мите оорулары (17,0%) жана жаӊы шишик оруулары менен дем алуу органдары боюнча (7,2) болгон.
Санитардык-эпидемиологиялык кырдаал отчеттук мезгилде төмөнкү көрсөткүчтөр менен белгиленген:
- 515 окуя жугуштуу ичеги оорусу менен катталган (2020ж.-277), бул жалпысынан 238 окуяга өскөн (башка аймактардан келген эсебинен);
- 12 окуя ВИЧ-СПИД менен оорууган адамдар катталган (2020 ж.-16), же 4 окуяга азыраак;
- 5 окуя сарык оорусу менен оорууган адамдар катталган (2020 ж.-19), же 14 окуяга азыраак;
- эндомикалык богок оорусу менен 36 окуя катталган (2020ж-49), бул 13 окуяга азайган;
- кургак учук оору менен 75 окуя катталган (2020ж-70), бул 5 окуяга көбөйгөн.;
- жаныбарлардын адамды тиштөөсү боюнча 133 окуя катталган (2020-ж-97), же 36 окуяга көбөйгөн.
Кызылча, бруцеллез оруулары боюнча жаӊы окуя катталган эмес.
2021-жылдын жыйынтыгы боюнча курч респиратордук инфекциялардын 2203 учуру катталып, 504 учурга көбөйгөн, бул коронавирус инфекциясы жана өз убагында медициналык жардамга кайрылгандардын эсебинен болгон.
Жалпысынан, калк арасында жугуштуу жана мите ооруларынын алдын алуу боюнча 93 лекция окулуп, 1100 маектешүү жүргүзүлүп, «Менин шаарым Токмок - Менин Токмок шаарым» гезитинде13 макала жарыяланды, 9 макала радио аркылуу уктурулду.
Коронавирус оорусу менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн Жалпы врачтык практикалоо борборунда 216 орундуу бейтапкана даярдалып, 10 кишилик кошумча керебеттер коюлган. Камсыз болуу: 72 даана концентраторлор жана 8 өпкөнү жасалма желдеткичтер.
Пандемиядан бери Токмокто “Ковид-19” менен ооругандардын лабораториялык тастыкталган 4640 учуру катталган, анын ичинен 1161и лабораториялык жактан Ковид деп тастыкталган, калган 3469у өпкө оорусу менен ооругандар, анын ичинен 1531 адам кошуна аймактардан.Токмок шаарында эмдөө 2021-жылдын 20-апрелинде башталган.
2022-жылдын 11-январына карата шаар боюнча 1-доза менен 12438 адам (64,0%), 2-доза менен 11116 адам (57,0%)эмдөөдөн өткөн. Эмдөө жөнүндө тааныштыруу иштери улантылууда. Окуу жайларында маалымат материалдары таркатылып, тегерек столдор уюштурулуп, лекциялар окулууда.5 эмдөө пункттары уюштурулган (№1,2,3,4 ҮБДТ, жана ФАП). Чакырыктар боюнча 3 мобилдик топ иштейт.
Коронавирус инфекциясынын режиминин сакталышын камсыздоо максатында биргелешкен 489 рейддик текшерүүлөр жүргүзүлдү. Мыйзам бузуулар боюнча 60 протокол түзүлүп, 129,0 миң сомдун126,0 миӊ сому өндүрүлдү, 843 санитардык буйруктар берилди.3 айып боюнча сот органдарына берилди. Ичүүчү суунун жана тамак-аштын микробиологиялык изилдөөлөрү дайыма жүргүзүлүп турат.
Отчеттук мезгилде Дүйнөлүк банктын жалпы 8,0 млн.сом суммасындагы каражатына жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жана Токмок ооруканасынын бактериологиялык лабораториясынын капиталдык ремонту аяктаган.ҮБМБнын жыйындар залынын курулушу бүтө элек, жергиликтүү бюджеттен каралган 1,1 млн сом жарым-жартылай өздөштүрүлгөн. Кичи райондогу №4 ҮБД тобунун имараты “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун 72,0 миӊ АКШ долларына аякталган, колдонууга 2022-жылдын 1-кварталында берилет. Мындан тышкары, ЖВПБ жана КОВИД (ооруканасы) филиалына медициналык жабдуулар жана буюмдар сатылып алынган. Анын ичинен ММК фондунан 6,8 миллион сом жана жеке инвесторлордон 20,7 миллион сом өлчөмүндө гуманитардык жардам көрсөтүлгөн.
2022-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
- пандемия учурунда шаардагы саламаттык сактоо мекемелеринин бейтаптарды кабыл алууга даярдыгын камсыз кылуу;
- мобилдүү топтордун ишин жана эмдөө пункттарынын ишин, ошондой эле түшүндүрүү иштерин улантуу;
- энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн жана башка оорулардын деңгээлин төмөндөтүү боюнча иштерди күчөтүү;
- калкка сапаттуу медициналык тейлөө көрсөтүү жана оорулардын алдын алуу боюнча иштерди улантуу;
- алдын алуучу жана эпидемияга каршы иш-чаралардын өткөрүлүшүнө шаардын баардык калкын камтууну камсыз кылуу менен көзөмөлдү күчөтүү;
-калктын ден соолугун бекемдөө максатында туруктуу механизмдерди киргизүүдө калктын катышуусундагы биргелешкен иштерди активдештирүү;
-саламаттык сактоо объектилеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн гранттарды жана демөөрчүлүк жардамдарды тартуу боюнча иштерди улантуу.
МАДАНИЯТ
2021-жыличиндешаардын Маданият бөлүмү тарабынан 150 пландаштырылган иш-чаралар өткөрүлдү, анын ичинде 13 чоң иш-чаралар өткөрүлгөн. Иш-чаралар реалдуу режимде жана, онлайн форматында өткөрүлдү: китеп көргөзмөлөрүндөгү маектешүүлөр жана сүйлөшүүлөр, патриоттук сааттар, ачык эшиктер күнү, баяндамалар, экскурсиялар, ошондой эле адамдардын чектелген саны менен массалык иш-чаралар.
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында Маданият бөлүмүнүн кызматкерлери төмөнкү республикалык масштабдагы иш-чараларга катышты: "Кыргызстан менин Мекеним" улуттар аралык достук фестивалына, Жалал-Абад шаарында өткөн "Алтын өрөөн" чеберлер жана дизайнерлердин республикалык фестивалына жанаНарын шаарында өткөн республикалык "Кыргыз шырдагы X" фестивалына катышкан.
Н.Байтемиров атындагы Маданият ордосу жаштар жана өсүп келе жаткан муундар үчүн маданий-эс алуу жана маданий-массалык иштерди алып баруудагы социалдык-маданий борбор болуп эсептелет.
Н.Байтемиров атындагы Маданият ордосунда “Баласагын”, “Бурана-Ак элечек айымдары», “Славянка” ардагерлер хору иштешсе, «Нуска тобу», балдар менен “Жаштык”, “Биримдик” чыгармачылык элдик бий жамааттары иш алып барышат. Жалпысынан 140 бала бий ийримдерине барышат.
Патриоттук мүнөздөгү иш-чаралар өткөрүлдү, мисалы, Ооганстандан аскерлердин чектелген контингентин чыгарып кетүү күнү, ага 200дөн ашуун адам катышкан. Ошондой эле, Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата аскер кызматкерлерине арналган концерт. Салттуу Масленица фестивалы март айында уюштурулган. 8-майда Боордоштор көрүстөнүндө, 9-майда Улуу Ата-Мекендик согуштун мемориалдык комплексинин жанындагы борбордук аянтта митинг өткөрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чаралар болуп өттү. Калган иш-чаралар тасмага тартылып, Фейсбук баракчасына жарыяланды.
Маанилүү жана юбилейлик даталарга 159 видеобаян, 25 видеослайд даярдалган. 648 маалыматтык-билим берүүчү иш-чаралар өткөрүлдү, анын ичинен 152 тематикалык текче, 123 китеп көргөзмөсү.
Онлайн форматта, “Zoom” тиркемеси аркылуу 41 сурамжылоо видео баарлашуу, видео слайддарды көрсөтүү менен 30 адабий руханий-адептик тарбиялоо сааты, 25 басма сөзгө баяндамалар өткөрүлдү.
Балдарды эрте өнүктүрүү борборлору жана ийримдер бар. Бардыгы болуп ийримдерге 283 бала, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар да (62 бала) катышты. Ошондой эле колдонуучулар үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча маалымат борбору иштейт.
Отчеттук мезгилде китепканаларга 122,5 миӊ адам келишсе, шаардагы жалпы окурмандардын саны 12329 адамды түзөт. Тарыхый-мекен таануу музейинин ишмердүүлүгүн кеңири жайылтуу максатында 223 экскурсия уюштурулуп, музейге 889 адам келген.
2022-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
- шаарда өткөрүлүп жаткан маданий-массалык иш-чаралардын сапатын жогорулатуу;
- иш-чараларды реалдуу режимде жана онлайн режиминде улантуу;
- китепканалардын, музейдин ишин, ошондой эле клубдардын, кызыктырычуу топтордун ишин онлайн режиминде активдештирүү.
ДЕНЕ ТАРБИЯСЫ ЖАНА СПОРТ
Отчеттук мезгилде Токмок шаардык мэриясынын Дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан майрамдарга жана белгидүү даталарга карата шаардык 21 спорттук иш-чара өткөрүлдү.Анын ичинде: баскетбол, волейбол, кичи футбол, күрөш, дзюдо, стол тениси боюнча.4 Эл аралык, 17 республикалык.Андан тышкары, шаардык түзүмдүк бөлүмдөр арасында жана короо командалары арасында баскетбол, волейбол, кичи футбол боюнча 4 шаардык иш-чаралар өткөрүлдү.
Токмок шаарынын спортчулары 22 мелдешке (7 эл аралык, 8 республикалык, 6 облустук) жана 3 окуп-машыгуучу жыйындарга катышты.
2021-жылы Дубайда өткөн бокс боюнча Азия чемпионатына Токмок шаарынан 2 спортчу катышып, алардын бирөө күмүш медалга ээ болгон (А.Орозбеков), 1 спортчу Америкада өткөн шахмат боюнча ачык турнирге катышып, 1-орунга ээ болгон (Байсынов И.).
2022-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
- санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен дене тарбия жана эс алуу иш-чаралары боюнча иштерди улантуу.
МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИК БАШКАРМАЛЫГЫ
2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын киреше бөлүгү 104,6 % аткрылды, же бекитилген пландагы 11850,0 миӊ сомдун ордуна иш жүзүндө 12391,1 миӊ сом түшкөн, же бюджетке 541,1 миӊ сом көбүрөөк түшкөн. Анын ичинен:
Жерлерди ижарага берүү бөлүгү боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 102,9 % түзүп, пландагы 7800,0 миң сомдун ордуна 8024,9 миң сом түшкөн, же 224,9 миң сомго көбүрөөк түшкөн..
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн муниципалдык жайларды, имараттарды жана курулмаларды ижарага берүү боюнча бөлүгү 109,5 % аткарылды, пландагы 3300,0 миң сомдун ордуна, иш жүзүндө 3613,7 миң сом түштү, же 313,7 миң сомго көбүрөөк түшкөн.
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүндө унаа токтотуучу жайлардан акы чогултуу 100,0 %га аткарылып бюджетке 750,0 миң сом
түшкөн.
Отчеттук мезгилде убактылуу пайдаланууга 1259,1 миң чарчы метрдик 45 жер тилкесине жылына 3612,5 миӊ сомго келишим түзүлгөн.Мезгилдүү пайдаланууга 1500,4 миң чарчы метрдик 55 жер тилкеси жылына 980,0 мин сомго берилген.
Жеке менчикке 4188,7 миң чарчы метрдик 15 жер тилкеси 1924,9 миӊ сомго берилген.
Отчеттук мезгилде Токмок шаардык курулуш жана жерди пайдалануу комиссиясынын 13 отуруму өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык 432 ар кандай мүнөздөгү маселелер каралды.
Отчеттук мезгилде жеңилдетилген конструкциялардан (киоск, палатка ж.б.) жасалган соода объекттерди, муниципалдык менчикти пайдалануунун мыйзамдуулугу, жалпы көрүнүшүн сактоо, иштери улантылган. Турак үйлөрдүн ээлери менен курулуш таштандыларын чыгаруу боюнча жана байкоочу камералар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 25 акт түзүлүп, 28 эскертүүлөр мыйзам бузуулар боюнча таратылды. Уруксат берилбеген соода жайлары, көрнөк -жарнактар 2022-жылдын 1-кварталында алынып салат.
Токмок шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 8-сентябрындагы №81-б буюрмасына ылайык, кызыл сызыктан тышкары жайгашкан мыйзамсыз имараттарды, курулуштарды аныктоо боюнча, ошондой эле шаардын көчөлөрүн тиешелүү тартипке жана көрүнүшкө келтирүү иштери жүргүзүлгөн.. Бул багыттагы иштер уланууда.
Отчеттук мезгилде жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен төмөнкү долбоорлор ишке ашырылды:
Борончиев көчөсүндөгү жол 5110,3 миң сомго оңдолду;
- Токмок шаарындагы ички көчөлөрдү учурдагы жамоо иштери жалпы суммасы 3020,4 миң сомго жасалды;
- Жантаев көчөсүн бойлото көчөлөрдү жарыктандырууга 5900,0 млн.сом;
- Совет көчөсү (Дунларов көчөсүнөн Өзбек көчөсүнө чейин) жана Токмок ТРЕСТ имаратына кирүүчү жол 2132,9 миң сомго толук асфальтталды;
- №3 орто мектептин чатыры 1829,3 миӊ сомго оӊдолду;
- Токмок көчөсүндөгү светофорлорду капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 1927,9 миң сом;
- Борончиев көчөсүндөгү жол (Сарбагышев көчөсүнөн Шамшы көчөсүнө чейин) 2522,0 миң сомго оңдолду;
- №6 «Золотой ключик» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратынын 2253,0 миң сомго терезе блоктору алмаштырылды;
- №3 «Алёнушка» бала бакчасынын жылуулук системасын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 1491,1 миң сом;
- №2 орто мектебине кичи футбол аянтчасын курууга 3045,9 миң сом;
- Балдар менен өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин чатырын оңдоого 329,1 миң сом;
- №6 орто мектептин чатырын оңдоого 155,2 миң сом;
- №7 орто мектептин чатырын оңдоого 359,1 миң сом;
- мэриянын имаратынын иш бөлмөлөрүн 119,8 миң сом суммасындаоңдоо;
- көчө жарыктандыруучу лампалар жана тетиктер 936,7 миң сомго сатылып алынган;
- видеобайкоо камераларын сатып алуу жана орнотуу, 127,0 миң сомго келишим түзүлдү.
2022-жыл ичинде аткарылуучу 4 долбоор бар.
2021-жылы дем берүүчү гранттар аркылуу төмөнкү 4 долбоор боюнча иштер жүргүзүлдү:
- Орозбеков көчөсүндөгү (3-кичи район) узундугу 0,91 км, 2972,3 миң сом суммасында тротуар капиталдык оңдоодон өткөрүлдү, анын ичинде жергиликтүү бюджеттин каражаты 837,2 миң сом.
- С.Ибраимов көчөсүндөгү (Ленин көчөсүнөн Дунларов көчөсүнө чейин, батыш тарабы) 3029,2 миң сом суммасында тротуар капиталдык оңдоодон өткөрүлдү, анын ичинде жергиликтүү бюджеттин каражаты 836,1 миң сом;
- С.Ибраимов көчөсүндөгү (Ленин көчөсүнөн Дунларов көчөсүнө чейин, чыгыш тарабы) узундугу 1,3 км. 2 845,4 миң сом суммасында тротуар капиталдык оңдоодон өткөрүлдү, анын ичинде жергиликтүү бюджеттин каражаты 842,8 миң сом.
- №5 “Келечек муундары” мектепке чейинки билим берүү уюмунун чатырын 1 952,2 миң сомго капиталдык оңдоо жасалды, анын ичинде жергиликтүү бюджеттин каражаты 406,9 миң сом.
Чүй облусун өнүктүрүү фондунда үлүштүк каржылоо бар долбоорлор:
- жугуштуу оорулар ооруканасынын чатырын 996,5 миң сом суммасындагы капиталдык оңдоо жасалды, анын ичинен Чүй облусун өнүктүрүү фондунун салымы 500,5 миң сом, жергиликтүү бюджеттин каражаты 495,9 миң сом.
- Токмок шаарынын 1-жана 3-кичи райондорундагы Космонавттар жана Кыргызстандын 50жылдыгы көчөлөрүндө 1 365,3 миң сомго көчө жарыктандыруучу линиялары тартылды, анын ичинен Чүй облусун өнүктүрүү фондунун салымы 904,6 миң сом, жергиликтүү бюджетин каражаты 460,6 миң сом.
Массалык-маалымат каражаттарында аукцион өткөрүү тууралуу 11 макала берилген жана 6 коомдук угуу өткөрүлгөн.
Ипотека программасы боюнча 33 адам катышты. Турак жай алуу үчүн 42 адамдан арыз түшкөн, ал эми үй куруу үчүн жер тилкесин алуу боюнча 40 адам арыз беришкен.
“Парковая көчөсүндөгү социалдык шаарча” долбоорунун алкагында Токмок шаарынын адистештирилген турак жай фонду тарабынан турак жай берүүнүн тартиби жөнүндө Жобого жана комиссиянын чечимине ылайык, 318 дөн ашык арыз каралып, 90 үй-бүлөгө: жесирлер, турмуштун оор кырдаалына туш болгон көп балалуу энелер жана майыптарга берилди.Ас-Сафа инвестору жесирлерге жана мугалимдерге кошумча 14 батир берген.
2022- жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
- муниципалдык жерлерди пайдалануу боюнча киреше бөлүгүн аткаруу боюнча иштерди күчөтүү;
- муниципалдык жерлерди натыйжалуу пайдалануу жана объектилердин талаптагыдай стандарттарга шайкеш келиши боюнча ишти улантуу;
-шаардын Башкы планына тиешелүү гидрогеологиялык изилдөө жана топосъемка жасоо боюнча материалдарды даярдоо иштерин улантуу;
-2022-жылга пландаштырылган инфраструктуралык долбоорлордун процедуралык процесстерин өз убагында бүтүрүүнү камсыз кылуу.
ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБАСЫ
Токмок шаарынын коммуналдык жана турак жай тармагында инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын оңдоо, реконструкциялоо жана кеңейтүү, турак жай фондун оңдоо жана күтүү программасы ишке ашырылууда.
2021-жыл ичинде “Жылуулук” МИде Аскер гарнизонунун 400 метр узундуктагы магистралдык түтүктөрүн, ошондой эле Салык кызматы багытындагы 300 метр жылуулук трассаларын жылуулук камерасын орнотуу менен капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. АРЗ-2 аймагындагы узундугу 50 метр жылуулук трассасын оңдоо иштери. No1 жана No2 жылуулук түйүндөрүндө кубаттуулугу 160 кВт болгон 2 трансформатор ишке киргизилди. Ошондой эле буу казан станциясынын, жылуулук менен камсыз кылуучу 1-жана 2-пункттардын негизги жана көмөкчү жабдууларын учурдагы оңдоо жүргүзүлгөн.
Токмоктогу «Жылуулук менен камсыздоо ишканасы» тарабынан №1 откананын деаэратору капиталдык ремонттон өткөрүлүп, мазутту бир жерден экинчи жеорге сордуруп жеткирүүчү насостук станциясы курулган. №3 отканага жаңы буу жана суу жылуулук алмаштыргычты орнотуу. №5 отканадагы күл коллектору бар жаңы от казанды алмаштыруу. № 6 отканада блок-модулдук откананы монтаждоо. Турак жайлардын ички тармактары боюнча 135 кабаттуу үйлөрдө иштер жүргүзүлүп, 76 стояк алмаштырылып, анда 1686,2 метр түтүк колдонулган. Ошондой эле, Шамшы көчөсү, 35 дарегиндеги турак жайлардын шезлонгдорун жана көтөргүчтөрүн алмаштыруу.
2022-жылдын 1-январына карата дебитордук карыздар:
-«Токмок жылуулук менен камсыздоо ишканасы» МИ боюнча 34,8 млн.сом, жалпы карыздын ичинде калк 33,4 млн.сом. Былтыркы жылга салыштырмалуу жалпы дебитордук карыз 33,3 %, анын ичинен калктын
карызы 23,9 % азайган.
-“Токмок Жылуулук” МИ боюнча 23,6млн.сом (анын ичинен 16,6 млн.сом субсидия), анын ичинде калктын карызы 1,9 миӊ.сом. Былтыркы жылга караганда жалпы дебитордук карыз 14,6% азайган. 2022-жылдын 1-январына «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынаколдонулган жаратылыш газы үчүн насыялык карыз 26,0 млн.сомду түзгөн.
-«Токмок Водоканал» МИ боюнча 10,5 млн.сом, анын ичинде калк 8,9 млн.сом, мурунку жылга салыштырганда дебитордук карыз 9,0 % азайган.
-Токмок РЭТ боюнча 16,6 млн.сом, анын ичинде калк 8,6 млн.сом, былтыркы жылга салыштырганда карыз 35,0 %, ал эми калктын карызы 44,0% азайган;
-Коммуналдык ишканалар комбинаты боюнча 10,3 млн.сом, анын ичинде калк–9,0 млн.сом, былтыркы жылга салыштырганда карыз 15,4 %, ал эми калктын карызы 12,0 % көбөйгөн.
“Токмок шаарын суу менен камсыздоо жана агынды суулардын тутумун жакшыртуу” долбоорунун 3-этабы улантууда. 2022-жылдын 1 январына 1585,2 миӊ Евро сарпталган.Долбоордун акыркы этабы боюнча суу менен камсыздоо жана канализация тармактарын реконструкциялоо пландалууда, анын ичинде көп кабаттуу үйлөрдүн канализациясына кошуу, ошондой эле үйлөрдү туташтыруу жана тармактагы 60 жапкычты алмаштыруу, суу эсептегичтерди орнотуу пландаштырылууда. Иштин бул баскычында ишке ашыруу мөөнөтү 18 айды түзөт.
2022-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-“Токмок жылуулук менен камсыздоо” мамлекеттик ишканасы жана “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасы тарабынан 2021-2022-жылдардын күзгү-кышкы жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүү боюнча чараларды көрүү;
- "Токмок Водоканал" МИ тарабынан "Токмок шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация тутумун жакшыртуу" долбоорунун 3-этабынын ишке ашыруу иштерин улантуу.
- «Токмок Жылуулук» МИ калктын карыздарын жана республикалык, жергиликтүү бюджеттен каржыланган бюджеттик уюмдардын дебитордук карыздарын жоюу боюнча чараларды күчөтүү;
- Токмок-Жылуулук” МИсине республикалык бюджеттен субсидия бөлүү боюнча көмөк көрсөтүү;
- Коммуналдык ишканалар дебитордук карыздардын деңгээлин кыскартуу боюнча даректүү иш алып баруу менен соттук тартипте карыздарды кайтаруу тажрыйбасын колдонуусу жана жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтарды чагылдыруусу.
КӨРКТӨНДҮРҮҮ
Отчеттук мезгилде шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, сугат тармагын, көчөлөрдүн жарыгын оң абалда кармоо, санитардык тазалоо, жашылдандыруу чарбасын кармоо, дренаждык каналдарды калыбына келтирүү жана оңдоо, каналдардагы жол көпүрөлөрүн кармоо жана автоунаа жолдорун кышында тейлөөгө даярдык көрүү иш-чаралары өткөрүлгөн.
2021-жылдын жыйынтыгы боюнча шаарды көрктөндүрүү боюнча иштердин жалпы көлөмү 34,1 млн. сомду түзгөн.
Шаарды күн сайын 11 таштанды ташуучу унаа, грейфер, экскаватор, Газ-53 базасындагы 2 өзү түшүргүч автоунаа жана Т-40 трактору тейлейт.
Шаар боюнча баардыгы 75,3 миң кубометр таштанды чыгарылган. 61 башаламан таштандылар жоюлуп, 3,2 миң.кубометр таштанды чыгарылды. Жазгы ишембиликтерде шаардын аймагын тазалоодо кошумча 1,7 миң кубометр таштанды чыгарылган.
Сугат суусун алуу үчүн 14,2 км. арык тутуму тазаланды жана оңдолду.
Бюджеттик уюмдарга 7215 көчөттөр анын ичинен 2105 декоративдик дарактар жана 5110 жашыл тосмо бактардын көчөттөрү даярдалып, отургузуу үчүн өткөрүлүп берилди.
460 түп жашыл тосмо бактары Манап-бий комплексине отургузулду, андан тышкары 52 түп роза С.Ибраимов атындагы борбордук аянттагы гүлзарга отургузулду.
Шаардын көчөлөрүндө жана коомдук жайларында 2052 бак-дарактарды санитардык бутоо жүргүзүлгөн.
Шаардын көчөлөрүндөгү жарыктандыруучу 1805 шамды жана 3 светофордук объект оң абалда туруктуу иш жүргүзүүсү боюнча иш алып барылды.
Жаныбарлардын кутурма оорусунун алдын алуу максатында 2635 жолбун иттер атылган.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн 97 жол белгилери орнотулуп, 49у оӊдолгон. Баардыгы 1009 жол белгилери тейленет. Шаардын борбордук көчөлөрүнө 23 таштанды челектери орнотулду.
Шаардын асфальт-бетон автомобиль жолдоруна 997 чарчы метр жол чийиндери тартылган.
2022-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-шаарды көрктөндүрүү, инфраструктурасын реконструкциялоо, башаламан таштандыларга жол бербөө жана келишимдеги милдеттерге ылайык тиричилик таштандыларын өз убагында чыгаруу иштеринин сапаттуу аткарылышы боюнча иштерди улантуу;
-шаардын ТЖМЭШтери, АКӨБдөрү менен келишимдеги милдеттенмеге ылайык иштин аткарылышы;
-үйлөрдүн айланасында санитардык ченемдерди сактоого катуу көзөмөл жүргүзүү;
-таштандыларды чыгаруу үчүн акы өз убагында чогултулушун камсыздоо.
ӨКМ
Токмок шаары боюнча ӨК бөлүмү тарабынан 2021-жылдын аралыгында 2021-жылга бекитилген Жарандык коргоонуунун даярдоо планына ылайык иштер жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын начальнигинин 2020-жылдын 3-мартындагы №44 “”COVID-19” коронавирус илдетинин андан ары жайылышынын алдын алуу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө” буйругун аткаруу максатында Токмок шаарынын ӨКБ тарабынан буюрма чыккан. Токмок шаарынын Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери ишти "Даярдыкты күчөтүү” режиминде улантууда.Эмдөө зарылчылыгы боюнча штабдын жыйындары өткөрүлдү. Санитардык-эпидемиологиялык борбору жана мэрия менен биргеликте санитардык нормалардын сакталышы жана беткап кийүү режими боюнча рейддер өткөрүлдү.
Ошону менен бирге, 2021-жылга Токмок шаарынын Жарандык коргонуунун бекитилген даярдык планына ылайык, чарба жүргүзүүчү объектилер менен окуу жайларынын жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү коркунуч менен өзгөчө кырдаал жаралышынын шарттарында даярдыктарын жогорулатуу максатында, жарандык коргонуунун коммуналдык-техникалык кызматы менен штабдык машыгуу өткөрүлгөн.Анын ичинен: Токмок шаарынын коммуналдык-техникалык кызматында. Токмок шаарынын “Булак” борбордук базарында, “Глобус” соода борборунда, жеке ишкер Саккараевде, Техникалык институтта, №6 мектепте өрт өчүрүү боюнча тактикалык машыгуу өткөрүлгөн. "Интергласс" ЖЧКсында объективдүү окутуу, "Кыргызжылуулукэнергия" мамлекеттик ишканасында жарандык коргоо боюнча атайын окуу өткөрүлгөн.
Өзгөчө кырдаалдарда чарба жүргүзүүчү объектилердин жана окуу жайлардын даярдыгы "Интергласс" ЖЧКсында, “Касиет” АКда, Жалпы врачтык практикалоо борборунда, Агроөнөр жай колледжинин коргоочу курулмаларында текшерүүлөр жүргүзүлүп, протоколдор түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин жетекчилиги астында, Токмок шаарынын аймагындагы коомдук эскертүү тармагынын (OКСИОН) даярдыгын текшерүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле, "Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн жаратылыштагы өзгөчө кырдаалдар (сел, суу ташкыны, ПГВ) келип чыгышы учурунда иш-аракеттери" деген темада штабдык машыгуу өткөрүлдү.
Токмок шаарынын мэриясынын буйругуна ылайык, «Интергласс» ЖЧКсы, «Кыргыз-Тоо-Таш» ААК, «Токмок жылуулук менен камсыздоо ишканасы» МИ, «Железобетон» ААК, «Чуй-Гласс» ЖЧКсынын жетекчилери тарабынан «Осмон» каналынынылай тунуп калган участокторун жана темир жол көпүрөлөрүнүн алдын тазалоо жана тереңдетүү иштери жүргүзүлдү. Аткарылган иштердин көлөмү 1200 кубометрди, узундугу 500 метрди түздү. Токмок шаарындагы жарандык коргонуу иш-чараларына жергиликтүү бюджеттен 400,0 миң сом бөлүндү.
2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Токмок шаарынын аймагында 55 өрт кырсыгы болуп 9,7 млн сомдук материалдык чыгым келтирилген, жоготуулар болгон жок. Былтыркыга салыштырганда 2 окуяга азыраак жана 3,5 млн.сомго көбүрөөк.
Кыргыз Республикасындагы кырсыктардын коркунучун азайтуу максатында 2021-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин шаардын мектептеринде өрттү өчүрүү жана жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча өрткө каршы машыгуулар өткөрүлдү. 4500 студент жана 130 педагог катышты. Жана ошондой эле «Жаш куткаруучу» мелдеши өткөрүлдү.
Өрттүн алдын алуу максатында жергиликтүү гезитке 40 жолу макала даярдалып, радио аркылуу 276 уктуруу өткөрүлдү. Мектептерде өрткө каршы темада 6 сынак жана викториналар өткөрүлдү.
Жалпысынан, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу бөлүмүнүн өздүк курамынын күчү менен үй башкармалыктарында, кварталдык комитеттерде, ишканаларда, уюмдарда, мекемелерде жана турак жай секторунда өрттүн алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 2021-жылдын аралыгында 433 адам камтыган 23 лекция окулду. Ошондой эле 8415 адамды камтыган 981 нускамалар уюштурулган жана өткөрүлгөн, анын ичинде 599 үйдөгү 2009 адам камтылган.
2021-жылдын 23-сентябрында Түштүк Кореядан келген атайын “Hyundai Grand Starex” унаасы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу Токмок шаарынын Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
Токмоктогу №21 өрткө каршы бөлүктүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн демөөрчүү М.Д.Саккараев тарабынан диаметри 51 өрт өчүрүүчү түтүк, крагдар (балтырды коргоочу жабдык кийим), 30W прожектору, альпинисттердин коопсуздук жабдуулары, фонарлар, үйлөмө кайык, аркан, шиш күрөк, айры, балта жана кол араалар.
2022-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
- жылына бекилген иш-чараларды аткаруу жана өзгөчө кырдаалдарда жарандык коргонуу боюнча КРӨ Чүй облусундагы ЫУӨ жана Токмок шаарынын ыкчам штабдарынын протоколдук көрсөтмөлөрүнө ылайык пландаштырылган иш-чараларды аткарууну улантуу;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча жер алдындагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө мониторингди туруктуу негизде жүргүзүү.
- күзгү-кышкы өрт коркунучу мезгилинде алдын алуу иштерине көзөмөлдү күчөтүү.
УКУК КОРГОО
Токмок шаарынын ИИБ тарабынан укук бузуулардын жана кылмыш иштеринин алдын алууну үзгүлтүксүз жүргүзүүнүн негизинде, жашы жете электер тарабынан жасалган укук бузуулардын алдын алуу, көчөлөрдөгү кылмыштуулук жана уурулук, диний экстремизм менен күрөшүү чаралары, кылмышкерлерди жана дайынсыз жоголгондорду издөө туруктуу негизде ишке ашууда, баңгизат бизнеси менен күрөшүү боюнча, экономикалык кылмыштуулуктар, жемкорлуктун көрүнүштөрү менен иштер жүргүзүлүүдө, шаардыктардын коопсуздугу жана коомдук тартип камсыз болууда.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө байланыштуу отчеттуулуктун структурасы 2021-жылдын декабрынан баштап өзгөрүлдү. Ошентип, фактылардын бир бөлүгү сот органдарына өткөрүлүп берилет.
Токмок ШИИБнүн 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (ЕРПП) баардыгы 2731 факт катталган, анын ичинен 1548и тергөө тарабынан. Ал эми 1467 иш токтулду. Сотко 233 иш жөнөтүлдү.
Кылмыштын түрлөрү боюнча, оор жана өзгөчө оор 39 кылмыштар: Анын ичинен 3 адам өлтүрүү, 2 ачылды, 1 ачыла элек, зордуктоо 6, ачылганы 5, ден-соолукка оор залал келтирүү боюнча 5 факты, ачылганы 3, же 60,0 %.,
Тоноочулук 4 факт, ачылганы 4 факт, тоноо 14 иш, баары ачылды. Коркутуу фактысы 1, ачыла элек.
Мүлк кылмыштуулугу боюнча: уурулук фактысы 635 ачылганы 486 (76,5%), 149 факты ачыла элек. Батирди урдоо-76 факт, 51и ачылды. Чөнтөктөн урдоо 65 факт, 51и ачылды, 14ү ачыла элек же 78,4%. Мал уурдоо 12 факт, 9у ачылды, 3өө ачыла элек же 75,0 %. Алдамчылык 341 факт, ачылганы 291 (85,3%), 50сү ачыла элек.
2021-жыл ичинде Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү тобу тарабынан (СБНОН) 19 факт аныкталып, анын ичинен 17 кылмыштын бети ачылды, 1 иш боюнча иш токтоду.Ачылганы былтыркыдан калган 2 иш. 18 адам жоопко тартылды.
Токмок шаарынын ЖӨИ тарабынан 248 кылмыштар катталган (анын ичинен өспүрүмдөр тарабынан 47 факт жана өспүрүмдөргө карата жасалган 117 факт). Анын ичинен 157 кылмыш жана 91 жоруктар. Мектептерде 599 лекция, 18 рейд өткөрүлдү, ошондой эле 155 бала менен жеке тарбия иштерин жүргүзүштү.
Токмок шаарынын ИИБ ЖККБ тарабынан отчеттук мезгилде 95 жол кырсыктары катталып, 15 адам каза болгон, 129 адам жабыркаган, бул былтыркыга салыштырганда 2 окуяга көбүрөөк, каза болгондор 2, ал эми жаракат алгандардын саны 1 окуяга азыраак.
Жаш өспүрүмдөрдүн кырсыкка кабылуусунун 24 фактысы катталган, былтыркыга салыштырганда 4 фактыга көбүрөөк, каза болгондор жок, 25 өспүрүм жаракат алган, былтыркыга салыштырганда 1 фактыга көбүрөөк.
2022-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
- шаардагы коомдук-саясий абалга көзөмөлдү күчөтүү;
-тергөө жана ыкчам топтордун мурдагы кылмыш иштерин ачууда жана тактоодо ишти жандандыруу;
-жол-транспорт кырсыктарын болтурбоо боюнча ишти улантуу;
-укук бузуулардын алдын алуу боюнча жана ушул максатта үгүттөө жана үйрөтүү иш-чараларын даярдоо жана өткөрүү боюнча иштерди күчөтүү.
МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮ
2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасына ылайык Токмок шаардык мэриясы мамлекеттик тил боюнча шаардагы орто жана жогорку окуу жайларынын ортосунда планда көрсөтүлгөн иш-чаралардын негизинде иш алып барды. Алардын арасында:
22-февралда “Балдар менен өспүрүмдөрдүн чыгармачыл борборунда” Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө арналган майрамдык иш-чара уюштурган жана ага шаардагы улуттук-маданий борборлордун өкүлдөрү катышып, дүйнө элдеринин тили, каада-салты жөнүндө ырларды көркөм аткарып беришти. Борбордун окуучулары тарабынан даярдалган дүйнө элдеринин салттары, кыргыз элинин салттары жогорку деңгээлде аткарылган.
3-мартта Кыргыз Республикасынын Туу күнү Токмок шаардык мэриясынын алдында Мамлекеттик Тууну көтөрүү менен белгиленди. 5-мартта “Ак калпак жана Улуттук кийим күнү” шаардагы медициналык колледжинде салтанаттуу түрдө белгиленген. Бул иш-чарага шаардык окуу жайлардын окутуучулары катышты.
19-мартта Токмок шаардындагы индустриалдык педагогикалык колледжинде “Нооруз” майрамына арналган концерттик иш-чара болуп уюштурулуп, иш-чарага шаардагы окуу жайлардын окутуучары менен бирге мэриянын кызматкери катышты. Жогоруда аталган иш-чарада Нооруз майрамынын тарых таржымалы жана кыз-жигит сармерденди чагылдырган оюн-зоок программасы тартууланды.
18-майда Токмок шаарынын чоң жыйындар залында кыргыз тил илиминин түптөөчүсү, жазма адабиятыбыздын негиз салуучусу, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, реформатор жана биринчи кыргыз профессору Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өткөрүлүп, конференцияга шаардагы орто жана жогорку окуу жайлардын окуутучулары катышып, залкар инсандын өмүр жолу менен келген коноктор жакындан таанышууга күбө болушту.
Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 2-апрелиндеги №54 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын 27-статьясын жана 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомунун негизинде бекигенКыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын 76-пунктун аткаруу максатында шаар ичинде жарнамалардын жана көрсөтмө маалыматтардын тексттерин адабий ченемдерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү боюнча чараларды иштеп чыгуу боюнча мониторинг жүргүзүлдү.
23-сентябрь “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгы байланыштуу бир катар иш чаралар уюштурулду:
-шаардагы мектептерде мамлекеттик тилдин балуулугу жана өнүктүрүү боюнча ачык сабактар;
-шаардагы орто жана окуу жайларда мамлекеттик тилдин абалы жана өнүктүрүү боюнча куратордук сабактар жана тегерек столдор;
-Н.Давлесов атындагы Республикалык маданият жана исскуство колледжинде шаардык деңгээлде мамлекеттик тилге арналган “Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” атту концерттик программа;
-Шаардык маданият бөлүмү тарабынан шаардагы музей жана китепканаларда көргөзмөлөр болуп өттү.
17-ноябрь күнү №23 кесиптик лицейинде “Тарых жана бабаларды эскерүү” күнүнө карата адаби-музыкалык кече болуп өтүп, ишчарага шаардагы окуу жайлардын окутуучулары катышышты. Аталган иш-чарада Манас айтуу, дастан айтуу, музыкалык аткаруу жана башка таланттар өз талантын көрүчүүлөргө тартулоо менен коштолду.
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомунун аткаруу максатында Токмок шаардык түзүмдүк бөлүмдөр жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин мамлекеттик “Кыргызтест” мекемесинин тестинен өткөрүүгө даярдыктар көрүлүп, жалпы 43 кызматкер тестирлөөгө катышышты жана 19 кызматкер тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүштү.
2021-жылдын 15-декабрында Токмок шаардык мэриясынын чоң жыйындар залында 12-декабрь Улуттук адабия күнүнө арналган “Улуттук адабият –улуттук маданият” аттуу адабий-концерттик кече болуп өттү. Аталган иш-чараны биринчи вице-мэр Ж.А.Асангазиев ачып берди. Адабий кече кыргыз элинин белгилүү уулдары, чыгаан жазуучу-акындары, Ч.Айтматовдун туулган, А.Осмоновдун дуйнө менен кош айтышкан күнүнө жана башка акын-жазуучуларынын өмүрү жана чыгармачылыгына арналды. Иш-чарага шаардагы жогорку жана орто окуу жайлардын окутуучулары жана студенттери катышышты жана жигердүү катышуучуларына ыраазычылык каттар жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коронавирус оорусунун (COVID-19) жайылуу коркунучунун алдын алууну күчөтүү жана калктын саламаттыгын санитардык-эпидемиологиялык камсыздоо максатында кабыл алган чечимине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 10-жана 17-беренелерине ылайык коронавирус оорусу (COVID-19) боюнча эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилип, жалпы окуу жайларынын, мекемелердин ишмердүүлүктөрү токтотулган. Иш планында каралган иш-чаралар ар бир окуу жайлардын, мекемелердин ичинде баардык эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өткөрүлүп келген.
2021-жылы аткарылуусу зарыл:
-кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окуу курстарында кызматкерлерди окутуу жүргүзүлүүсү жана улантылуусу жана “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин тестирлөөсүнөн өткөрүү;
-Токмок шаарынын аймагындагы соода, коомдук тамак-аш түйүндөрүнүн, ишкана,уюм жана мекемелердин алдындагы көрнөк-жарнактардын мамлекеттик тилде жазылышын көзөмөлгө алуу.
КАТТАР, ДАТТАНУУЛАР МЕНЕН ИШТӨӨ ЖАНА АТКАРУУ ТАРТИБИ
2021-жылдын жыйынтыгы боюнча 1002 арыздар жана кайрылуулар каралды, бул мурунку жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 49 кайрылууларга көбүрөөк (2020ж.-953). Алардын ичинен 438 оң чечилди (2020ж.-168), 452 кайрылууларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү (2020ж.-747),36 кайрылууну аткаруудан баш тартылды (2020ж.-21), 24 кайрылуу аткаруу иретинде турат (2020ж.-17).
Анын ичинен: Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынан 15, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинен 2 кат, КРЖК-1, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан- 70.
Электрондук 1 кайрылуу түшкөн (2020ж.-11), маселе оӊунан чечилди. 6 онлайн видеоконференция өткөрүлдү.
Отчеттук мезгилде “Ишеним телефону 146” кызматына 11291 чалуулар болгон, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2452 көбүрөөк (2020ж.-8839), анын ичинде социалдык маселелер боюнча-253 (2020ж.-432), коммуналдык маселелер боюнча 10495 (2020ж.-7789).
«Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок” шаардык газетасында “Шаардагы апта” рубрикасы үзгүлтүксүз түрдө жарандардын кайрылууларынын мүнөздөрүн жана мазмунун ачык-айкын чагылдырып турат. Токмок шаардык мэриясында расмий түрдө төмөнкү дарек боюнча сайт ачылган:www/tokmokcity.kg.
Токмок шаардык мэриясынын жетекчилиги тарабынан 147 адам кабыл алынып(2020г.-57). Алардын 45 сынын кайрылуулары оң чечилип, 97 адамга түшүндүрмө берилген , 5 каралууда.
Баардык арыздар, каттар жана даттануулар “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамга ылайык каттоого алынат жана так каралып турат.
Түшкөн документтердин аткарылуусу:
2021- жыйынтыгы боюнча Токмок шаардык мэриясына Кыргыз Республикасынын жогорку органдарынан 1974 ченемдик-укуктук актылар келип түшкөн (2020ж.-2141), алардын ичинен 1968 аткарылды, (2020ж.-2134), 6сы аткарууда турат (2020ж.-7). Алардын ичинде:
-ченемдик-укуктук актылар-107 (2020ж.-165), анын ичинен:
-КР Министрлер кабинетинин каттары-18 (2020г.-25);
-КР Президентинин Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын каттары-730 (2020ж.-821), телефонограммалар-172 (2020ж.-209);
-Кыргыз Республикасынын министирликтеринен жана ведомстволорунан 317 иш кагаз келип түшкөн(2020ж.-306);
-Токмок шаарындагы уюмдар менен мекемелерден 630 кат
келип түшкөн (2020ж.-615).
Аткаруу тартиби дайыма жетекчиликтин көзөмөлүндө турат.
Жооптуу катчы | М.А. Табалдиев |
Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 11-февралындагы №31/10-5 токтомуна 2-тиркемеси
2022-ЖЫЛГА КАРАТА ТОКМОК ШААРЫНЫН
СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ ПРОГРАММАСЫ
Токмок шаары, 2022-жыл.