Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-марты № 103
"Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-жыл, № 11, 1193-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
- 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Топтолмо пенсиялык фонд (мындан ары - фонд) - лицензиянын негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсиялык төгүмдөрдү тартуу жана пенсиялык төлөмдөр боюнча ишти аткаруучу юридикалык жак:";
- 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"корпоративдик пенсиялык камсыздоо келишимине ылайык фонддун катышуучуларын корпоративдик пенсиялык камсыздоо боюнча;
кесиптик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимге ылайык фонддун катышуучуларын кесиптик пенсиялык камсыздоо боюнча.";
- 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы "Фонддун катышуучуларын мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча" деген сөздөрдөн кийин "корпоративдик пенсиялык камсыздоо жана кесиптик пенсиялык камсыздандыруу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-берене менен толукталсын:
"2-1-берене. Фонддордун түрлөрү
1. Фонддор төмөнкүдөй болушу мүмкүн:
1) ачык;
2) корпоративдик;
3) кесиптик.
2. Ачык пенсиялык фонд - топтолмо пенсиялык фонд, ага иштеген жерине жана ишинин мүнөзүнө карабастан баардык жеке адамдар катышуучу боло алат.
3. Корпоративдик топтолмо пенсиялык фонддор алуучулар үчүн - ошол топтолмо пенсиялык фонддун уюштуруучусу жана акционерлери болуп саналышкан бир же бир нече юридикалык жактын кызматкерлери үчүн түзүлөт.
4. Кесипкөй пенсиялык фонд - топтолмо пенсиялык фонд, анын уюштуруучусу (уюштуруучулары) юридикалык жактардын - жумуш берүүчүлөрдүн бирикмеси, жеке жактардын бирикмеси, анын ичинде кесиптик кошуундар боло алышат.
5. Корпоративдик пенсиялык камсыздоо жана кесиптик пенсиялык камсыздандыруу иштерин жүзөгө ашыруунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.";
3) 3-беренесинин 1-бөлүгүндө:
- жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"фонддун кызмат адамдары - фонддун негизги багыттарын аныктоочу же фонддун ишине катышууга ыйгарым укугу бар адамдар. Фонддун кызмат адамдары болуп Фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрү, фонддун аткаруучу органынын мүчөлөрү, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү, коомдун катчысы жана башкы бухгалтери таанылат;";
- төмөнкүдөй мазмундагы отуз биринчи-отуз бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"корпоративдик пенсия менен камсыз кылуу - жумуш берүүчү менен эмгек мамилесинде турган (мурда турган) жеке адамдын пайдасына жумуш берүүчү менен түзүлгөн пенсиялык келишимдин негизинде эмгек келишиминин же жамааттык келишимдин шарттары боюнча корпоративдик пенсияларды түзүү, чектөө жана төлөп берүү;
корпоративдик пенсия - мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоонун бир бөлүгү, ал негизги пенсияга кошумча төлөмдөрдү түзүү аркылуу пенсия курагындагы жарандардын бакыбаттыгынын деңгээлин жогорулатуу максатын көздөйт;
кесиптик пенсиялык камсыздандыруу - эмгектин өзгөчө шарттарында жана кесиптик иштин өзүнчө түрлөрүндө иштеген кызматкерлер үчүн жумуш берүүчү төлөгөн кесиптик пенсиялык ыктыярдуу төгүмдөрдүн эсебинен келечектеги кесиптик пенсияны түзө турган акча топтолмолорунун жана эмгектин өзгөчө шарттары менен байланышкан пенсияларды төлөп берүү үчүн ошол каражаттарды пайдалануунун тутуму;
корпоративдик пенсия менен камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтолмолор - корпоративдик пенсия менен камсыз кылуу келишимине ылайык катышуучулардын алдындагы фонддун милдеттенмелерин аткаруу үчүн дайындалган жана фонддун менчигинде турган бүткүл каражаттар;
кесиптик пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтолмолор - кесиптик пенсиялык камсыздандыруу боюнча келишимге ылайык катышуучулардын алдындагы фонддун милдеттенмелерин аткаруу үчүн дайындалган жана фонддун менчигинде турган бүткүл каражаттар;";
4) 4-беренеде:
- 1-бөлүгү "топтолмо пенсиялык фонду" деген сөздөрдөн кийин "же "корпоративдик пенсиялык фонду" же "кесиптик пенсиялык фонду" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-бөлүгү "топтолмо пенсиялык фонду" деген сөздөрдөн кийин "же корпоративдик пенсиялык фонду" же "кесиптик пенсиялык фонду" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 5-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-берене. Фондду, фонддун филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) түзүү
1. Фонд акционердик коом түрүндө түзүлөт.
2. Фондду уюштуруу жолу менен түзүү "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жана шарттарда ишке ашырылат.
3. Фонд, анын филиалы (өкүлчүлүгү) Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет.
4. Кыргыз Республикасынын резиденттери - юридикалык жана жеке жактары фонддун уюштуруучулары жана (же) акционерлери боло алышат.
5. Уюштуруу жолу менен фондду түзүүдө жайгаштырылган анын акциялары тиешелүү лицензияны алууга арызды бергенге чейин акционерлер тарабынан толук төлөнүүгө тийиш. Фонд жөнөкөй энчилүү акцияларды гана чыгарууга укуктуу. Векселдер менен операцияларды жасоого жана зайымдарды берүүгө фонддун укугу жок. Фонддун акцияларын фондго коюлган акча талаптарын чегерүү жолу менен төлөөгө жол берилбейт. Фонддун баалуу кагаздарды жайгаштыруусу "Акционердик коомдор жөнүндө", жана "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
6. Фонддун филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн ачуу үчүн төмөнкүлөр милдеттүү шарттар болуп саналат:
- акыркы аяктаган финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча фонддун ишинин чыгашалуу эместиги;
- фонд тарабынан филиалды ачуу тууралуу чечим кабыл алуу алдындагы үч айдын ичинде фонд тарабынан пруденциялык ченемдердин сакталышы.";
6) 6-беренесинин 8-бөлүгүндөгү "фонддун жалпы чогулушу" деген сөздөр "фонддун акционерлеринин жалпы чогулушу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7) 7-беренесинде:
- 1-бөлүгүнүн 1-пункту "жогорку билими" деген сөздөрдөн кийин "жана баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун тиешелүү квалификациялык күбөлүгү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Фонддун капиталынын 10 жана андан ашуун пайызына ээлик кылган уюштуруучулар фонддун аткаруу органынын жетекчиси кызмат ордуна дайындалышы (шайланышы) мүмкүн эмес. Фонддун Директорлор кеңешиндеги уюштуруучунун өкүлү жана фонддун текшерүү комиссиясынын мүчөсү фонддун аткаруучу органынын жетекчиси жана мүчөсү боло албайт.";
- 4-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "башкармалыгынын төрагасынын" деген сөздөр "аткаруучу органынын жетекчисинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "фонддун башкармалыгынын мүчөлөрү" деген сөздөр "аткаруучу органынын мүчөлөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-бөлүгүндөгү "Фонддун кеңешинин төрагасынын жана Фонддун кеңешинин мүчөлөрүнүн" деген сөздөр "Фонддун директорлор кеңешинин төрагасынын жана Фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8) 8-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын:
"4) корпоративдик пенсиялык камсыздоо боюнча пенсиялык топтолмо каражаттар;
5) кесиптик пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтолмо каражаттар.";
9) 12-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-берене. Фонддун башкаруу органдары
1. Фонддун башкаруу органдарынын курамы жана түзүмү анын уставы жана Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жөнүндө мыйзамы менен аныкталат.
2. Фонддун жеке аткаруучу органынын ыйгарым укуктарын коммерциялык уюмга (башкаруучу уюмга) же жеке ишкерге (башкаруучуга) өткөрүп берүүгө болбойт.";
10) 13, 14, 15, 16- жана 17-беренелери күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 18-беренесинин 2-бөлүгү:
- 2-пункту "пенсиялык камсыздандыруу келишимдерди" деген сөздөрдөн кийин "корпоративдик пенсиялык камсыздоо жөнүндө, кесиптик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдерди" деген сөздөр менен толукталсын;
- 10-пункту "резервдерди түзөт" деген сөздөрдөн кийин ", пенсиялык резервдердин каражаттарын жайгаштырууну уюштурат жана пенсиялык резервдерди жайгаштырат" деген сөздөр менен толукталсын;";
- 11-пункту "инвестициялоону уюштурат" деген сөздөрдөн кийин "жана аларды инвестиция кылат" деген сөздөр менен толукталсын;
12) 19-беренесинин 3-бөлүгүнүн 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) биринчи пенсиялык келишимди (милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимди, корпоративдик пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимди жана кесиптик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимди) түзгөн күндөн кечиктирбестен депозитарий менен фондго депозитарийдин кызмат көрсөтүүсүнө келишим түзүүгө;";
13) 20-беренесинде:
- 1-бөлүгүндөгү "Фонддун кеңеши" деген сөздөр "Фонддун директорлор кеңеши" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүгүндөгү "Фонддун кеңеши" деген сөздөр "Фонддун директорлор кеңеши" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
14) 21-беренесинде:
- 1-бөлүгү "пенсиялык келишимдер" деген сөздөрдөн кийин "корпоративдик пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимдер жана кесиптик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдер" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-бөлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
15) 22-беренесинде:
- 3-бөлүгү "мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарын" деген сөздөрдөн кийин "корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтолмо каражаттарды түзгөн мүлктөрдү, кесиптик пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтолмо каражаттарды түзгөн мүлктөрдү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 12-бөлүгүндөгү "жана Соцфонд" деген сөздөр алып салынсын;
16) 30-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "башкаруучу компания (башкаруучу компаниялар) аркылуу гана" деген сөздөр "мыйзамда белгиленген тартипте же башкаруучу компания аркылуу тиешелүү лицензияларды алынган шарттарда өз алдынча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
17) 32-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13) пенсиялык топтомдордун каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттө лицензияны колдонуунун токтотулушу же жокко чыгарылышы жөнүндө фондго маалымдоого, ошондой эле башкаруучу компаниянын уюштуруу документтериндеги олуттуу өзгөрүүлөр жөнүндө ыйгарым укуктуу органга маалымдоого;";
18) 34-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "баалуу кагаздар боюнча депозитарийлик кесипкөй ишти" деген сөздөр "баалуу кагаздар рыногундагы депозитарийлик ишти" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |