Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-марты № 111
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жоболоруна шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бажы төлөмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамада:
- 43-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"43. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан импорттолгондорду кошпогондо, чарбакер субъекттер тарабынан түздөн-түз жеке өндүрүштүк максаттары үчүн импорттогон негизги каражаттарды бажылык декларациялоодо бажы органына жетекчи жана башкы бухгалтер тарабынан товар бухгалтердик эсепке кабыл алынаары жана баланстык эсепке киргизилээри жөнүндө бекитилген жана кол коюлган, уюмдун фирмалык бланкына басылган милдеттенме (1-тиркеме) берилет. Чарбакер субъектте юридикалык жак катары каттоосу жок болсо бажы органына товар түздөн-түз жеке өндүрүштүк максаттарга гана колдонула тургандыгы жөнүндө эркин түрдө жазуу жүзүндөгү милдеттенме берилет.
Мында чарбакер субъект КНС (2-тиркеме) боюнча катталганы жөнүндө ырастоону бажы органы салык органынан ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын алкагында алууга милдеттүү. Мындай ырастоону алууну караган ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы ишке киргизилгенге чейин бажы органына, берилген күндөн тартып 30 календардык күн колдонула турган салык төлөөчүнүн катталган жери боюнча салык органы тарабынан берилүүчү КНС боюнча каттоо жөнүндө маалымкат берилет (2-тиркеме).
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан импорттолгондорду кошпогондо, жеке өндүрүштүк максаттар үчүн импорттолгон негизги каражаттарды бажылык декларациялоодо айыл чарба өндүрүүчүсү, айыл чарба кооперативдери, анын ичинде өндүрүштүк максаттар үчүн кооператив мүчөлөрү, машина-трактордук станциялар, айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбор тарабынан бажы органына уюмдун фирмалык бланкына басылган, жетекчи жана башкы бухгалтер тарабынан товар бухгалтердик эсепке кабыл алынаары жана баланстык эсепке киргизилээри жөнүндө бекитилген жана кол коюлган милдеттенме (1-тиркеме) берилет. Чарбакер субъектте юридикалык жак катары каттоосу жок болсо бажы органына товар түздөн-түз жеке өндүрүштүк максаттарга гана колдонула тургандыгы жөнүндө эркин түрдө жазуу жүзүндө милдеттенме берилет.
Мында чарбакер субъектти салыктык каттоо жөнүндө ырастоону (3-тиркеме) бажы органы ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын алкагында салык органынан алууга милдеттүү. Мындай ырастоону алууну караган ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы ишке киргизилгенге чейин бажы органына чарбакер субъектти салыктык каттоо жөнүндө маалымкат берилет (3-тиркеме).
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан импорттоону кошпогондо, өздүк өндүрүштүк максаттары үчүн импорттолуучу негизги каражаттарды бажылык декларациялоодо чарбакер субъект тарабынан финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча бажы органына негизги каражаттарды импорттогон жак катышуучу болгон финансылык ижара (лизинг) келишиминин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилет.
Мында чарбакер субъектти салыктык каттоо жөнүндө ырастоону (3-тиркеме) бажы органы ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын алкагында салык органынан алууга милдеттүү. Мындай ырастоону алууну караган ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы ишке киргизилгенге чейин бажы органына чарбакер субъектти салыктык каттоо жөнүндө маалымкат берилет (3-тиркеме).
Баланстык эсепке киргизүү жөнүндө документ түрүндө ырастоо, инвентардык номер ж.б. баланстык эсепке киргизилген күндөн тартып 5 календарлык күндөн кечиктирилбестен бажы органына берилүүгө тийиш. Бул жагдай айыл чарба өндүрүүчүсү болуп саналган чарбакер субъектке карата жайылтылбайт.
КНС төлөө боюнча субъекттин милдеттенмеси ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна ылайык товар чыгарылган күндөн тартып 5 (беш) жыл өткөндөн кийин негизги каражаттарга карата токтотулат.
Аталган мөөнөт өткөнгө чейин негизги каражат ээликтен ажыратылган учурда товар чыгарган субъект ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна ылайык бажы органына КНС төлөйт.";
2) жогоруда аталган Нускаманын 3-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет, буга ушул токтомдун 1-пунктунун 1-пунктчасынын бешинчи абзацы кирбейт, ал 2018-жылдын 4-августундагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
|
| "Бажы төлөмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамага 3-тиркеме |
САЛЫК ОРГАНЫНЫН ФИРМАЛЫК БЛАНКЫ
20__-жылдын "__" ______________ № _____
Салык төлөөчүнү салыктык каттоо жөнүндө маалымкат (бажы органына берүү үчүн)
Берилди, _________________________________________________________________________________
(уюмдун аталышы же жеке ишкердин толук аты-жөнү)
анткени, бул субъект __________________________________________ Мамлекеттик салык кызматынын
(катталган күнү)
_________________________________________________________________________ башкармалыгында
(район, шаар)
салык төлөөчү катары катталган жана _________________________________________________________
(ИСН)
__________________________________________________________________________________________
* (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 259-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген экономикалык иштин түрү)
идентификациялык салык номери ыйгарылган.
Маалымкат __________________________________________________________ көрсөтүү үчүн берилди.
(бажы органынын аталышы)
Маалымкат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтому менен бекитилген Бажы төлөмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускаманын 43-пунктуна ылайык берилди.
* - финансылык ижара келишими боюнча (лизинг) негизги каражаттарды импорттоодо, экономикалык иштин түрү толтурулбайт.
Салык органынын жетекчиси ________________________________________ МО
20__-ж. "__" _______________".