ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ VI СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)
2021-жылдын 1-октябры № 1
Исфана шаарынын 2021-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын Исфана шаарынын 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн 2212 (Байланыш кызматы) беренесинен 170,0 миң сом, 2211 (Кызматтык иш сапарларына чыгымдарына) беренесинен 90,0 миң сом, жалпы 260,0 миң сом акча каражаты муниципалдык менчик департаментинин 3111 (Имараттар жана курулуштар) беренесине которулуп берилсин.
2. Муниципалдык менчик департаментинин 3111 (Имараттар жана курулуштар) беренесинен 1500,0 миң сом акча каражаты 2221 (Мүлктү учурдагы оңдоо чыгашалар) беренесине 1500,0 миң сом жана 2215 (Башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу) беренесинен 1000,0 сом акча каражаты 2221 (Мүлктү учурдагы оңдоого чыгашалар) беренесине 500,0 миң сом, 2222 (Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу) беренесине 500,0 миң сом акча каражаты жылдырылып берилсин.
3. Исфана шаарынын аппарат бөлүмүнүн 2211 (Кызматтык иш сапарларына чыгымдарына) беренесинен Исфана шаардык Кеңешинин 2211 (Кызматтык иш сапарларына чыгымдарына) беренесине 50,0 миң сом жана Исфана шаарынын аппарат бөлүмүнүн 2215 (Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу) беренесинен Исфана шаардык Кеңешинин 2215 (Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу) беренсине 100,0 миң сом акча каражаты жылдырылып берилсин.
4. 2021 аскер бөлүгүнүн базасында жаңы ачылып жаткан 2054 аскер бөлүгүнө 63 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин. (Тиркеме тиркелет).
5. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Т.Сапаев |
Исфана шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын
кезектеги VI сессиясынын 2021-жылдын
01-октябрындагы № 1 токтомуна тиркеме.
2054 аскер бөлүгүнө керектелүүчү каражаттардын
ТИЗИМИ
№ к/с | Текзаттын аталышы | Чен бирдиги | саны | Бирдик баасы (сом) | Жалпы суммасы | Эскертме |
1 | Цемент | тн | 2000 | 7000 | 14 000 |
|
2 | Песко блок | даана | 1000 | 25 | 25 000 |
|
3 | Светадтодный плафон 600*600 | даана | 15 | 1600 | 24 000 |
|
Жалпы суммасы: |
|
|
| 63 000 |
| |
Исфана шаар мэриясынын финансы бөлүмүнүн башчысы, башкы эсепчи: | К. Кожошов |