ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXX сессиясы
2021-жылдын 25-октябры № 24
04.02.2021-жылдагы № 05, 06 токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, “Бюджеттик Кодекстин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 15.10.2021-жылдагы чыгыш № 01-34/510-а сунушу боюнча “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен конкурс өткөрүүдөн үнөмдөлгөн жана кошумча түшкөн акча каражаттарын (1-таблицадагы) бөлүштүрүү жөнүндө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу айрым толуктоолор менен жактырылгандыгы белгиленсин.
2. Жогорудагы корутундуга ылайык, үнөмдөлгөн жана кошумча түшкөн акча каражаттарын чыгымдоо багыттары ушул токтомдун тиркемесинин 2-таблицасына ылайык жүргүзүлсүн.
3. КР «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын (30.05.2016-жылдагы № 75) жана КР Өкмөтүнүн 01.03.2017-жылдагы № 131 токтомунун негизинде, жергиликтүү бюджеттин эсебинен, 2021-жылдын 1-октябрынан баштап, Токтогул шаардык мэриясынын жана шаардык кеңештин муниципалдык кызматкерлеринин кызматтык маянасына ай сайын 20% өлчөмүндө үстөк акы төлөө бекитилсин.
4. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (Б.Т.Болгонбеков) жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (К.Дербишев) тапшырылсын.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
9. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
М.Н.Жусупахунов |
Токтогул шаардык кеңешинин
XXVIII чакырылышынын
25.10.2021-жылдагы кезектеги
XXXX сессиясынын № 24
Токтомуна Тиркеме
2021-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана кошумча түшкөн акча каржаттарынын ачыктамасы
Таблица 1
№ | Мазмуну | Сумма (миң сом) |
1 | Келтирилген зыяндын ордун толтуруудан түшкөн каражат | 20,1 |
2 | Алкоголдук азыктарды сатуу үчүн лицензия алууга | 50,0 |
3 | Автомашиналарды сатуудан | 245,0 |
4 | Токтогул, Бөкөнбаев атындагы мектептердин чарбалык товарларынан | 20,5 |
5 | Коопсуз шаар үчун 4 даана видео камера орнотуудан | 13,9 |
6 | 31-август эгемендүүлүк күнүнөн | 46,7 |
7 | Карыялар күнүнөн | 1,7 |
8 | Мечитке алынган кондиционерден | 6,8 |
9 | “Ыңгайлуу шарт” МИ административдик имарат куруудан | 344,5 |
Каралган акча каражаттары проект боюнча жетишпей, аткарылбаган иштерден | ||
10 | БЧУ имаратынын чатырчасын алмаштырууга | 196,0 |
11 | Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин курөш залынын ички потологун оңдоого | 150,0 |
12 | А.Суеркулов көчосүндөгү № 32 үйгө тосмо орнотууга | 350,0 |
13 | Кайрымдуулук үчүн салынып жаткан үйгө салым үчүн | 100,0 |
| Жалпы: | 1545,2 |
2021-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен 1531,6 миң сом акча каражатын чыгымдоо багыттары
Таблица 2
№ | Мазмуну | статьясы | Бөлүнгөн сумма |
1 | Токтогул атындагы орто мектебинин электро счетчигин алмаштырууга | 3112 | 21,0 |
2 | “Достук” б/бакчасына (насос, электро тэн ) | 2222 | 14,4 |
3 | Д.Турдумамбетов атындагы мектебинин кароолканасын курууга | 2221 | 9,1 |
4 | Д.Турдумамбетов атындагы мектебинин көрнөк-жарнагына | 2215 | 2,8 |
5 | Компьютерлердин запастык бөлүктөрүнө (мэриянын аппараты) | 3112 | 35,7 |
6 | ОсОО “Альбинау” кредитордук карыз үчүн | 3111 | 59,3 |
7 | Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин курөш залынын ички потологун оңдоого | 3111 | 252,9 |
8 | 2022-жылга долбоорлорду даярдоого жана топосүрөт | 2215 | 400,0 |
9 | Муниципалдык кызматкерлерге 2021-жылдын октябрь айынан баштап кызматтык окладга 20% үстөк төлөп берүүгө (мэрия, кеңештин профсоюз уюмунун чогулушунун протоколу жана башка тиешелүү мыйзам актыларынын негизинде) | Мэрия 2111 2121 Кеңеш 2111 2121 |
108,0 18,6
30,6 5,1 |
|
|
|
|
10 | Мэриянын имаратындагы өрт коопсуздугу боюнча щить алмаштырууга | 3112 | 20,0 |
11 | “Күн Нуру”б/б электр жабдууларын жана чубалгыларын алмаштырууга | 2215 | 87,9 |
12 | “Күн Нуру”б/б көмүр алууга, 5 т х 6,0 с | 2224 | 30,0 |
13 | Токтогул шаарынын тургуну М.Турдахуновага акчалай жардам (арызынын негизинде) | 2721 | 10,0 |
14 | “Ыңгайлуу шарт” МИ (труба, көчөттөрдү алууга, ж.б) | 2215 | 356,2 |
15 | Токтогул шаарынын тургуну М.Айтмурзаевге материалдык жардам (арызынын негизинде) | 2721 | 10,0 |
16 | Токтогул шаарынын тургуну Т.Шаршеналиевге материалдык жардам (арызынын негизинде | 2721 | 10,0 |
17 | Токтогул шаарында эркин күрөш боюнча кубок өткөрүүгө |
| 50,0 |
|
|
|
|
| Жалпы: |
| 1531,6 |
|
|
|
|
Төрага | М.Н.Жусупахунов |