Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 39-cессиясы
2020-жылдын 13-ноябры № 39/4
«Авлетим айыл ѳкмѳтү менен Авлетим токой чарбасынын ортосунда түзүлгѳн Итагар айылынын жашоочуларынын кайракы айдоо жер үлүштѳрүн алмаштыруу жѳнүндѳгү эки тараптуу келишимди бекитип берүү жѳнүндѳ»
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине, токой кодексинин 18-беренесине жана Авлетим айыл ѳкмѳтүнүн «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 12.11.2020-жылдагы корутундусуна ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл ѳкмѳтү менен Авлетим токой чарбасынын ортосунда түзүлгѳн Итагар айылынын жашоочуларынын кайракы айдоо жер үлүштѳрүн алмаштыруу жѳнүндѳгү эки тараптуу келишим бекитилсин.
2. Келишимде кѳрсѳтүлгѳн шарттарды мыйзам чегинде аткаруу жагы тараптарга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы «Укук мыйзам жана этика» маселелери боюнча комиссияга (Жолдошов К.) жүктѳлсүн.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
5. Токтом www. avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган кундѳн тартып кучүнѳ кирет.
Төрага: | А.Шырдаков |