Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТОКОЙ КОДЕКСИ
1999-жылдын 8-июлу № 66
(КР 2003-жылдын 28-июнундагы № 119, 2003-жылдын 28-июнундагы № 120, 2005-жылдын 3-мартындагы № 41, 2007-жылдын 2-июлундагы № 94, 2012-жылдын 25-июлундагы № 132, 2013-жылдын 11-мартындагы № 38, 2013-жылдын 30-июлундагы № 178, 2014-жылдын 13-мартындагы № 43, 2015-жылдын 2-июлундагы № 142, 2016-жылдын 25-июлундагы № 135, 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2019-жылдын 17-майындагы № 64, 2019-жылдын 30-июлундагы № 107, 2021-жылдын 23-мартындагы № 40, 2022-жылдын 20-январындагы № 6 , 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22, 2024-жылдын 7-февралындагы № 35
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Кодекс токойлорду сарамжалдуу пайдалануунун, коргоонун, сактоонун жана жаңыртып өстүрүүнүн, алардын экономикалык жана ресурстук мүмкүнчүлүгүн жогорулатуунун, аларды сарамжалдуу пайдалануунун укуктук негиздерин белгилейт.
I БӨЛҮМ ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-Глава Кыргыз Республикасынын Токой мыйзамдары
1-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу түшүнүктөр, аныктамалар
Токой - Жер бетинин өсүмдүк катмарынын негизги түрлөрүнүн бири, ал дарактардын, бадалдардын, чөптөрдүн жана башка өсүмдүктөрдүн жыйындысынан турат, өзүнүн өнүгүүсүндө биологиялык жактан байланышкан жана бири-бирине, тышкы чөйрөгө таасир эткен жаныбарларды жана микроорганизмдерди камтыйт. Токой кыртышы - токой жыйындысынын ажырагыс бөлүгү. Токой - биосферанын курамдык жана эң маанилүү бөлүгү, географиялык ландшафттын элементи. Ага дарыялардын гидрологиялык режимин камсыз кылууда, жер кыртышынын эрозиясынын жана дефляциясынын алдын алууда, ысык шамалдар менен күрөшүүдө эбегейсиз роль таандык. Токой - мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде өсүүчү, минималдуу аянты 0,2 гектар, минималдуу кеңдиги 25 метр болгон, шактарынын минималдуу жыштыгы 10%, дарактарынын минималдуу бийиктиги 1,9 метр (бадалдардыкы - 0,5 метр) болгон дарак-бадал өсүмдүктөрү.
Токой экосистемалары - өзүнүн өнүгүүсүндө биологиялык жактан байланышкан жана бири-бирине, тышкы чөйрөгө таасир эткен жаныбарларды жана микроорганизмдерди камтыган, жер участокторунун, дарак, бадал, чөптөрдүн жана башка өсүмдүктөрдүн жыйындысы.
Карагай кыюу билети - токой пайдалануучунун жыгач (токой кыюуга), экинчи даражадагы токой материалдарын даярдоого болгон укугун күбөлөндүрүүчү документ.
Биоценоз - кургактыктын же көлмөлөрдүн белгилүү бир, салыштырмалуу бирдей участокторунда жайланышкан жана өз ара белгилүү мамилелер жана чөйрөнүн абиотикалык (биологиялык эмес) факторлору менен мүнөздөлгөн өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жана микроорганизмдердин биримдиги.
Кыюунун жетилүү курагы - токойдун максаттуу арналышына ылайык, өсүп жетилген дарактардын кыюу үчүн белгиленген куракка жетиши.
Кыйылган жерлер - дарактары кыйылып алынган, ал эми жаш дарактары токойго айлана элек токой аянттары.
Токойду жаңыртып өстүрүү - токой өнүмдөрүн жана кызмат көрсөтүүлөрүн үзгүлтүксүз жаңыртып туруу, өндүрүү процессине багытталган иш-чаралардын комплекси.";
Калктуу конуштардагы токойлор - калктуу конуштардын чектеринин ичинде өскөн токойлор.
(Абзац КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Ишке жарактуу жыгачтар - эл чарбасынын жана калктын муктаждыгы үчүн жыгачтардан иштелип чыгуучу, токой материалдарынын кеңири тобу.
Токойду сактоо - токойду зыянкечтерден, илдеттерден жана башка жагымсыз факторлордон сактоо чараларынын жыйындысы.
Заказник - илимий, маданий же чарбалык жактан баалуу жаратылыш комплексин сактоо жана калыбына келтирүү максатында, жаратылышты пайдаланууда жана адамдын башка иш-аракеттерине чек коюлган, белгиленген тартипте бөлүнүп берилген жер участоктору.
Токой мүлкүн каттоо - бак-дарактардын жана токойдун айрым участокторун тизмелөө жана картага түшүрүү боюнча иштердин комплекси.
Бадал - кыртыштын үстүндө жайыла бутактаган жана жетилген абалында да башкы сөңгөгү болбогон, көп жылдык жыгач өсүмдүгү.
Токой күтүү - токойду коргоого, сактоого, жаңыртып өстүрүүгө жана сарамжалдуу пайдаланууга, токой чарбачылыгын жүргүзүүнүн маданиятын жогорулатууга багытталган чаралардын тутумун иштеп чыгууну камсыз кылган токой чарбалык ишинин адистештирилген түрү.
Дары өсүмдүктөрү - адамдар менен жаныбарлардын оорусун профилактикалоо жана дарылоо үчүн пайдаланылуучу өсүмдүктөр.
Токой чарбачылыгы - иш милдеттерине: токойлорду изилдөө жана эсепке алуу, аларды коргоо, сактоо жана жаңыртып өстүрүү, токойду пайдалууну жөнгө салуу, токой ресурстарынын пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүү кирген материалдык өндүрүш тармагы.
(Абзац КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Токойду калыбына келтирүү - мурда токой менен капталган аянттарда токой өсүмдүктөрүн өстүрүү.
Токойду калыбына келтирүү үчүн кыюу - токой чөйрөсүн, дарактардын абалын, токойдун суу сактоочу, коргоочу жана башка касиеттерин жакшыртуу үчүн, жетилген даракты өз убагында жана сарамжал пайдалануу үчүн жетилген жана ашыкча жетилген бак-дарактарда жүргүзүлгөн башкы пайдалануу үчүн кыюу.
Токой питомниги - токой көчөттөрүн өстүрүүчү питомник.
(Абзац КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Токойчулук - мамлекеттик токой фондун башкаруучу тиешелүү аймактык органдын курамына кирүүчү баштапкы аймактык бөлүм.
Токой таксалары - дүмүр акы, түп акы - токой ресурстарынын ар кандай түрлөрүнөн пайдалануу үчүн Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген, ал ресурстарды коргоо жана жаңыртып өстүрүүнүн чыгымдарын камсыз кылуучу акы.
Токой кадастры - токойлорду сарамжалдуу пайдалануу, аларды коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү, токой чарбачылыгын өнүктүрүүнү пландоо жана мамлекеттик токой фондун жайгаштыруу үчүн мамлекеттик бирдиктүү тутум боюнча мамлекеттин эсебинен жүргүзүлүүчү токойлордун эсебин алуу.
Мониторинг - антропогендик таасирлерден улам экотутумдардын өзгөрүүлөрүнө жана абалына туруктуу комплекстүү байкоо жүргүзүүлөрдүн, баалоонун жана прогноздоолордун тутуму.
Кыйылбай калуу - кыюулар белгиленген, бирок токой кыюу билетинде көрсөтүлгөн мөөнөттө кыйылбаган дарактар же токой участоктору.
Токой чарбачылыгын жамагаттык жүргүзүү - мамлекеттик токой фондунун өзүндө же ага жакын жерде турган жергиликтүү коомчулук тарабынан токой чарбасы ишин (токойду коргоо жана сактоо, токойду калыбына келтирүү, токой өстүрүү жана токой пайдалануу) пландаштырууну жана ишке ашырууну жүргүзүүсү.
(Абзац КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Токойду коргоо - токойлорду өрттөн, мыйзамсыз кыюулардан, токойду пайдалануунун белгиленген тартибин бузуулардан жана мамлекеттик токой фондуна, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлорго зыян келтирүүчү башка иш-аракеттерден коргоону камсыз кылууга багытталган иш-чаралардын тутуму.
Токой жайыттары - токой чарбачылыгына зыян келтирбей, жаныбарларды (мал) жаюу үчүн пайдаланылган, мамлекеттик токой фондунун оттуу жерлери.
Токойду кошумча пайдалануу - жыгач жана экинчи даражадагы токой материалдарын даярдоодон башка, токойдо жана мамлекеттик токой фондунун токой каптабаган жерлериндеги ар түрдүү пайдалануулар.
Токойдогу өрт коркунучунун мезгили - жылдын токой өрттөрү чыгып кетүүсү мүмкүн болгон, календардык бөлүгү.
Токойду багуу иретинде кыюу - токойду багып өстүрүү, ал тигилген дарактардын арасынан керексиз бактарды жок кылуу жана башкы түрлөрдүн эң мыкты дарактарынын өсүшүнө жагымдуу шарттар түзүү жолу менен тигилген дарактарды калыптандыруу жана жыгачты өз убагында пайдалануу максатында жүзөгө ашырылат.
Токойдун санитардык абалы - токойдун булгануусу, кургап бараткан жана куурап калган дарактардын саны жөнүндөгү маалыматтарды камтыган токойдун мүнөздөмөсү.
Санитардык кыюу - токойдун санитардык абалын жакшыртуу максатында айрым илдетке чалдыккан, зыянга учураган жана куурап бараткан дарактарды же бардык дарактарды кыюу.
Флора - белгилүү бир географиялык мейкиндикте өскөн, тарыхый калыптанган өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн жыйындысы.
Фауна - белгилүү бир географиялык мейкиндикте жашаган, жаныбарлардын тарыхый калыптанган жыйындысы.
Экинчи даражадагы токой ресурстары - жыгач эмес токой ресурстарына кирген дүмүрлөр, кабыктар, пихта, кызыл карагай жана карагай бутактары, жаңы жылдык балатылар.
Мамлекеттик токойду коргоо - токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын уюшулган тутуму аркылуу мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде жайгашкан токойлорду мамлекеттик коргоо жана алардын абалын контролдоо.
Коргоочу токойлор - ар кандай объекттерди жагымсыз табигый же антропогендик таасирлерден коргоо үчүн пайдаланылуучу мелиоративдик жана чөйрө жаратуучу касиеттери бар токойлор.
Токойлордун корголуу категориясы - өскөн жерине жана алардын функционалдык багытына ылайык аларга карата токой чарбачылыгын жүргүзүү тартиби белгиленген мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын токой жерлеринин жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлордун классификациясы.
Токой өстүрүү - токойлордун чөйрө жаратуучу жана чөйрө сактоочу функцияларын күчөтүү, ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүктү жакшыртуу максатында мурда өспөгөн жерлерде токой өсүмдүктөрүн түзүү жолу менен токойлорду жасалма өстүрүү.
Токой өсүмдүктөрү - токой бак-дарактарынын дарактуу жана бадалдуу түрлөрүн эгүү же отургузуу аркылуу жасалма жол менен түзүлгөн дарактар жана бадалдар.
Жаратылышты коргоо баалуулугу жогору токойлор - мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын токойлуу, токойсуз жерлери жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде турган, экологиялык, социалдык-экономикалык, ландшафттык баалуулугу жогору же биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн баалуулугу бар токойлор.
Илимий мааниге ээ токойлор - түрдүк курамы боюнча сейрек кездешүүчү жана узак мөөнөттүү илимий изилдөөлөрдүн объекттери болуп саналган токойлор.
Токой пайдалануу - ушул Кодексте каралган чектөөлөрдү кошпогондо, мамлекеттик токой фондунун жерлерин жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлорду пайдалануунун ушул Кодексте уруксат берилген түрлөрү.
Токойдун экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрү - жеке жана юридикалык жактар токой ресурстарынан алып жатышкан коомдук жыргалчылыктар жана материалдык пайдалар.
Токой ресурстары - жыгачтар, экинчи даражадагы токой ресурстары, жапайы өскөн тамак-аш ресурстары, дары чөптөр жана токойдун жаратылышты коргоо функциялары (суу коргоочу, климатты жөнгө салуучу, эрозияга каршы, кыртыш коргоочу, рекреациялык, ден соолукту чыңдоочу, санитардык-гигиеналык).
Токойлорду улуттук инвентаризациялоо - токойлордун абалын, алардын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн аныктоо боюнча иш-чаралардын тутуму.
Плантация - коммерциялык максатта же жеке пайдалануу максатында жыгач, мөмө-жемиштерди алуу үчүн дарак жана дарак-бадал өсүмдүктөрү жасалма жол менен отургузулган жер участоктору. Плантациялар 25 градустан тик эңкейиштерде жайгаштырылбайт.
Анча баалуу эмес токой дарактарын реконструкциялоо - токой участокторунун жоголгон максаттуу өнүмдүүлүгүн калыбына келтирүүгө же болгон түшүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган иш-чаралардын комплекси.
Өзгөчө баалуу токой массивдери - түрдүк курамы боюнча сейрек кездешүүчү токойлор, аларда ушул Кодексте аныкталган өзгөчө баалуу дарактын түрлөрү башкы түр болуп саналат.
Токойлордун классификациясы - токойлорду таксациялык көрсөткүчтөрү боюнча бөлүштүрүү (келип чыгышы, түрү, абалы, өсүп чыккан жери, корголуу категориясы, жашы, курамы ж.б.) - Токойлорду классификациялоо токой жайгаштыруу иштеринин убагында жүргүзүлөт жана токой жайгаштыруу материалдарында көрсөтүлөт.
Токой чарба өндүрүшүнүн жоготуулары - экологиялык функциялардан жана иш жүзүндөгү жыгачтардын наркынан капиталдаштырылган дүң кирешенин суммасы.
Токой чарба өндүрүшүнүн чыгашалары - жыгач жана жыгач эмес ресурстардан түшкөн капиталдаштырылган дүң кирешенин суммасы.
Агротокойчулук - бадалдарды жана дарактарды айыл чарба өсүмдүктөрү менен айкалыштырып отургузууда алынган артыкчылыктарды пайдаланууга карата комплекстүү мамиле.
(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43, 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Токой мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык токой мыйзамдары ушул Кодекстен, Кыргыз Республикасындагы токой мамилелерин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардан турат.
3-берене. Токой мыйзамдарынын максаттары жана милдеттери
Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдары токой чарбачылыгын натыйжалуу башкаруунун, токой экотутумдарынын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоонун, токойлордун экологиялык жана экономикалык потенциалын жогорулатуунун, токой чарбачылыгын илимий негизде, көп максаттуу жүргүзүүнүн негизинде коомдун токой ресурстарына болгон муктаждыгын канааттандыруунун жалпы мамлекеттик милдеттеринен келип чыккан токойлорду коргоого, сактоого, жаңыртып өстүрүүгө, аларды сарамжалдуу жана жок болбогондой пайдаланууну камсыз кылууга багытталган.
(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Токой мыйзамдары менен жөнгө салынуучу мамилелер
Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдары мамлекеттик токой фондусуна кирген жана кирбеген токойлорду коргоо, сактоо жана жаңыртып өстүрүү, сарамжалдуу пайдалануу жана жок болбогондой пайдалануу, ошондой эле мамлекеттик токой фондунун токой өсүмдүктөрү каптабаган жерлерин пайдалануу жагындагы мамилелерин жөнгө салат.
Токой фондусун пайдалануудан келип чыккан жер, суу, мамилелери кен байлыктарды пайдалануу мамилелери, жана башка мамилелер жер, суу жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдары менен жөнгө салынат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья. Токой мыйзамдарынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык бардык министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, уюмдар жана бардык көзөмөл жүргүзүүчү органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан токой мыйзамдарынын так жана бир түрдүү аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана анын карамагындагы төмөн турган прокурорлор тарабынан ишке ашырылат.
2-Глава КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТОКОЙЛОРУ
(Глава КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Кыргыз Республикасынын токойлору
Кыргыз Республикасынын токойлору мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлордон турат.
Токойлор Кыргыз Республикасынын гана менчигинде турат жана локалдык, улуттук, региондук жана глобалдык маанидеги экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдүн булагы болуп саналат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Мамлекеттик токой фонду
Токой чарбачылыгынын муктаждыктары үчүн берилген, мамлекеттик менчикте турган бардык токойлор жана жерлер мамлекеттик токой фондун түзөт.
Мамлекеттик токой фондунун жерлерине токой чарбачылыгынын муктаждыктары үчүн арналган токойлуу жана токойсуз жерлер кирет.
Токойлуу жерлерге токой баскан жана токой баспаган жерлер кирет.
Токой баскан жерлер - жасалма өстүрүлгөн жана табигый өскөн токойлор ээлеген жерлер.
Токой баспаган жерлер - жыш эмес токой өсүмдүктөрү, токой питомниктери, кыйылган, өрт чалган, сейрек дарактуу, ачык, бош жаткан жерлер.
Токойсуз жерлерге токойлор менен бирге жаратылыш комплексин түзүүчү айыл чарба жана башка жерлер, ошондой эле чарбалык ишке байланыштуу объекттерди курууда токойлору бузулган жерлер (жолдор, өрткө каршы ажырым тилкелер, электр берүүчү линиялардын трассалары жана өткөргүч түтүктөр) кирет.
Мамлекеттик токой фондунун жерлерин жер фондунун башка категориялардагы жерлеринен бөлүп турган чектери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Токой фондусунун жерлери
Мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлор - өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлор.
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын токойлору үчүн коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгиленет.
Жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлор изилденүүгө жана эсепке алынууга, корголууга, сакталууга, жаңыртып өстүрүлүүгө, пайдаланылууга, токой ресурстарынын пайдаланылышы контролдонууга тийиш.
Жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлор үчүн коргоо жана пайдалануу режими токойлордун корголуу категориясына жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленет.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене. Мамлекеттик токой фондунун токой өстүрүү фонду
Токой өстүрүү фонду - мамлекеттик токой фондунун токойду калыбына келтирүү, токой өстүрүү жана анча баалуу эмес токой дарактарын реконструкциялоо үчүн жарактуу болгон токойлуу жана токойсуз жерлеринин участоктору.
Токой өстүрүү фондунун жерлеринде токойлорду калыбына келтирүү иши токою суюк, кыйылган, өрт чалган, бош, сейрек дарактуу жерлерде жана дарактары куурап калган участоктордо жүргүзүлөт.
Токой өстүрүү фондунун жерлеринде токой өстүрүү айыл чарба жерлеринде, бузулган жана деградацияланган жерлерде жүргүзүлөт.
Анча баалуу эмес токой дарактарын реконструкциялоо токой жерлеринде жүргүзүлөт.
Токой өстүрүү фондунун участоктору токой жайгаштырууда аныкталат.
Токой өстүрүү фондун аныктоо жана өздөштүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Токойлорго кирбеген дарак жана дарак-бадал өсүмдүктөрү
Ушул Кодекстин 1-беренесинде көрсөтүлгөн "Токой" аныктамасына туура келбеген дарак жана дарак-бадал өсүмдүктөрү токойлорго кирбейт.
Токойлорго кирбеген дарак жана дарак-бадал өсүмдүктөрүн түзүү, аны багуу, пайдалануу жана коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-Глава Мамлекеттик токой фондуна карата менчиктик укук
11-берене. Мамлекеттик токой фондусуна карата менчиктик укук
Кыргыз Республикасынын токой фондусу жер мунапысынын объекттерин кошпогондо, мамлекеттин гана менчигинде болот.
Кыргыз Республикасында мамлекеттик токой фондусун менчиктөө укугун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары белгилеген компетенциянын чегинде ишке ашырышат.
Кыргыз Республикасынын токой фондусуна карата мамлекеттин менчиктөө укугун тике же кыйыр түрдө бузуучу бүтүмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жараксыз деп табылып, тийиштүү укуктук натыйжаларга алып келет.
Токой фондусунун жер мунапыс объекттерине туура келген жерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулган (трансформацияланган) деп эсептелет.
(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 132, 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22 , 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
12-статья. Жеке менчиктүү токой жерлери
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
13-статья. Мамлекеттик токой фондусун мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөй) пайдалануу
Мамлекеттик токой фондунун участокторун мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөстөн) пайдалануу мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органга берилет.
Мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды эске алуу менен мамлекеттик токой фондунун участоктору мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган тарабынан маданий-ден соолукту чыңдоо жана туристтик максаттар, илимий-изилдөө, жаратылышты коргоо жана башка иштер үчүн тиешелүү уюмдарга (менчигинин түрүнө карабастан) ижара шартында пайдаланууга берилиши мүмкүн.
Мамлекеттик токой фондунун участокторун мамлекеттик токой фондунун жерлеринин курамынан мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөстөн) пайдаланууга берүү Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жүргүзүлөт.
Мамлекеттик токой фондунун участокторун мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөстөн) пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык берилүүчү мамлекеттик акт менен күбөлөндүрүлөт.
14-берене. Токой фондусун пайдалануу
Мамлекеттик токой фондунун участоктору жер мунапысынын объекттерине туура келген токой фондусунун жерлерин кошпогондо, Кыргыз Республикасынын уюмдарына жана жарандарына, чет өлкөлүк юридикалык жактарга жана жарандарга, ошондой эле эл аралык уюмдарга ушул Кодекстин 48-беренесинде каралган максаттар үчүн пайдаланууга берилиши мүмкүн.
"Мамлекеттик токой фондунун участокторун пайдаланууга берүү ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде, Салык кодексинде жана башка мыйзамдарында аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.";
(КР 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22, 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
15-статья. Жарандардын жана юридикалык жактардын жер участокторунда жайгашкан дарак - бадал өсүмдүктөрүнө карата менчиктик укугу
Жеке же юридикалык жактардын жеке менчигиндеги жер участокторунда жайгашкан дарак - бадал өсүмдүктөрү, эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, ага менчик укугунда таандык болот.
Аталган дарак - бадал өсүмдүктөрүнүн ээлөө, пайдалануу жана тескөө менчик ээси тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
16-берене. Токойду пайдалануу укугун токтотуучу негиздер
Токойду пайдалануу укугу төмөндөгүдөй учурларда:
- токойду пайдалануудан ыктыярдуу түрдө баш тартылганда;
- токойду пайдалануу укугунун мөөнөтү бүткөндө;
- мамлекеттик токой фондунун участогу пайдаланууга берилген уюм же чарба жүргүзүүчү башка субъект жоюлганда;
- мамлекеттик токой фондунун жерлери мамлекеттик же коомдук муктаждыктар үчүн белгиленген тартипте алынып коюлганда;
- токойду пайдалануу токойду пайдалануунун тартибин жана эрежелерин бузуу менен жүргүзүлгөндө;
- токойду пайдалануу токойдун абалына жана жаңыртып өстүрүлүшүнө тескери таасир берген, алардын экологиялык милдеттерин төмөндөткөн, ошондой эле топурак эрозиясына жана башка терс процесстерге алып келген ыкмалар менен жүзөгө ашырылганда;
- токойду пайдалануучулар уруксат берүүчү документтерде каралган милдеттерин аткарбаганда;
- уруксат берүүчү документтерде каралган, токойду пайдаланууларды улантуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу токойлорду корголуу категорияларына таандык кылуу;
- токойду пайдалануу үчүн акы белгиленген мөөнөттөрдө төлөнбөгөндө токтотулат.
Мамлекеттик токой фондунун жер участогун пайдалануу укугун токтотуу уруксат берүүчү документтерди берген органдардын токой кыюу билетин, (ордерди), токой билетин жокко чыгаруулары менен белгиленет.
Токойду пайдалануучу мамлекеттик токой фондунун жер участогун пайдалануу укугун токтотуу жөнүндөгү чечимге макул болбогондо, ага административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык даттана алат.
(КР 2003-жылдын 28-июнундагы № 119, 2016-жылдын 25-июлундагы № 135 , 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
II БӨЛҮМ МАМЛЕКЕТТИК ТОКОЙ ФОНДУН КОРГОО, САКТОО, ЖАҢЫРТЫП ӨСТҮРҮҮ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ ЖАГЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ
4-Глава Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Министрлер Кабинетинин жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын токой мамилелерин жөнгө салуу жагындагы компетенциялары
17-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токой мамилелерин жөнгө салуу жагындагы компетенциясы
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токой мамилелерин жөнгө салуу жагында карамагына токой мамилелерин жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарды кабыл алуу, өзгөртүү, толуктоо, жокко чыгаруу кирет. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынын жана токой мамилелерин жөнгө салуу жагындагы карамагына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой фондусун коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана пайдалануу маселелери боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана денонсациялоо кирет.
(КР 2007-жылдын 2-июлундагы № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токой мамилелерин жөнгө салуу жагындагы компетенциясы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагына:
- токой чарбачылыгын башкаруу жана токойлордун абалына, жаңыртылып өстүрүлүшүнө, корголушуна, сакталышына, токой ресурстарын пайдаланылышына көзөмөлдүк жүргүзүү түзүмүн аныктоо;
- токой жана аңчылык ресурстарын коргоо, жаңыртып өстүрүү жана пайдалануу жагында бирдиктүү илимий-техникалык саясатты ишке ашырууну уюштуруу,
- токой чарбасын жүргүзүү жагында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын пландаштыруу, аныктоо;
- мамлекеттик токой фондун коргоо, сактоо жана пайдалануу, токойлорду жаңыртып өстүрүү жагында бирдиктүү инвестициялык саясатты жүргүзүү;
- мамлекеттик токой фондусуна пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө;
- токойлорду тийиштүү корголуу категорияларына киргизүү жана аларды бир категориядан башкасына которуу принциптерин белгилөө;
- токой чарбачылыгын жүргүзүү үчүн статистикалык отчетту жүзөгө ашыруунун тартибин белгилөө;
- токойду пайдалануу үчүн акы алуу тартибин жана анын өлчөмдөрүн, ошондой эле төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди белгилөө;
- токойду пайдалануунун, өсүп турган дарактарды турган жеринде баалап өткөрүүнүн, жаңыртып өстүрүүнүн, токойду коргоонун жана сактоонун ченемдерин, ченемдиктерин жана эрежелерин белгилөө;
- илимдин, техниканын эң соңку жетишкендиктерин, алдыңкы тажрыйбаны жана технологияны токой чарба өндүрүшүндө колдонууга көмөк көрсөтүү;
- токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган менен бирге токойлорду жана фаунаны сарамжалдуу пайдалануу жана алардын өнүмдүүлүгүн жогорулатуу, аларды коргоо жана сактоо, жаратылышты коргоонун башка иш-чаралары менен бирдикте жаңыртып өстүрүү боюнча республикалык программаларды иштеп чыгуу жана аткаруу;
- Кыргыз Республикасында токой фондусунун эсебин алуунун, токой кадастрын, токойлордун мониторингин жүргүзүүнүн жана токой күтүүнүн бирдиктүү тартибин белгилөө;
- токой чарбалары жагында эл аралык кызматташтыкты ишке ашыруу;
- токой чарба мекемелерин, улуттук парктарды, коруктарды, заказниктерди түзүү жана токой фондусунун аймагындагы республикалык маанидеги жаратылыш эстеликтерин айкындоо кирет;
- мамлекеттик токой фондунун жерлерин жерлердин башка категорияларына жана жерлердин башка категорияларынан мамлекеттик токой фондунун жерлерине которуу.
(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43, 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
19-берене. Областтык мамлекеттик администрациянын токой мамилелерин жөнгө салуу жагындагы компетенциясы
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
20-берене. Райондук (шаардык) мамлекеттик администрациялардын токой мамилелерин жөнгө салуу жагындагы компетенциясы
Райондун (шаардын) администрациялык чек арасынын ичинде райондук (шаардык) мамлекеттик администрациялардын карамагына:
- (абзац КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- мамлекеттик токой фондунун жер участокторун ижаралоо келишимдерин каттоо;
- токой чарбачылыгынын маселелери боюнча статистикалык отчет жүргүзүү;
- токой ресурстарынын абалына, корголушуна жана сакталышына, жаңыртылып өстүрүлүшүнө жана пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүүнү уюштурууга катышуу;
- мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын сунушу боюнча токой мыйзамдарын, экологиялык жана санитардык эрежелерди бузган учурларда, уюмдар менен жарандардын чарбалык аракеттерин, ошондой эле объекттердин курулушун токтото туруу;
- мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын корутундусу боюнча - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик токой фондунун жерлеринен чөп чабык жана жайыт жерлерди райондогу жерди пайдалануучулардын ортосунда бөлүштүрүү;
- токой чарбачылыгын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн учурдагы жана келечектеги пландарын иштеп чыгууга катышуу;
- токой чарбачылыгынын салынып бүткөн объекттерин кабыл алууга катышуу кирет;
- мамлекеттик токой фондунун жерлерин тескөөдө жана пайдаланууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары аткарылышын камсыз кылуу.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын токой мамилелерин жөнгө салуу жагындагы компетенциясы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик токой фондун сактоо, коргоо жана пайдалануу жагындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилиши мүмкүн.
(КР 2015-жылдын 2-июлундагы № 142, 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-Глава Мамлекеттик токой фондун мамлекеттик башкаруу жана анын абалына, жаңыртылып өстүрүлүшүнө, корголушуна жана сакталышына көзөмөл жүргүзүү
22-берене. Токойлорду коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана пайдалануу жагындагы мамлекеттик башкаруунун негизги принциптери
Токойлорду коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана пайдалануу жагындагы мамлекеттик башкаруу төмөндөгүдөй принциптерге негизделет:
- токой чарбачылыгында бирдиктүү илимий-техникалык саясатты ишке ашыруу;
- токой чарбачылыгын өнүктүрүүнү улуттук жана регионалдык деңгээлдерде пландаштыруу;
- токой чарбачылыгын жүргүзүүнүн алдыңкы тажрыйбаларын киргизүү;
- токойлорду натыйжалуу коргоо жана сактоо;
- биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо;
- токой фондусунун жерлеринин токойлуулугун үзгүлтүксүз көбөйтүү;
- мамлекеттик токой фондунун арыктаган (деградацияланган) жерлерин калыбына келтирүү;
- токой фондусун Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарында сарамжалдуу жана жок болбогондой пайдалануу;
- курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалын жакшыртуу;
- биомассаны, токойду жана башка жердеги экотутумду кошуп алганда, Кыргыз Республикасы тарап болуп саналган, Монреаль протоколу менен жөнгө салынбаган бардык парник газдарын сиңирип алуучуларды жана топтогучтарды сарамжалдуу пайдалануу;
- климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине ыңгайлашуу;
- токой чарбачылыгын жүргүзүүнүн жаңы формаларын туруктуу өнүктүрүү.
(КР 2013-жылдын 11-мартындагы № 38, 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
23-берене. Мамлекеттик токой фондун мамлекеттик башкаруу тутуму
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой фондун мамлекеттик башкаруу тутуму өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин;
- токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органды;
- мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органды;
- токой чарба мекемесин;
- мамлекеттик илимий мекемени.
Мамлекеттик токой фондун тескөө жана пайдалануу боюнча негизги функциялар улуттук токой саясатынын милдеттерине ылайык токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-берене. Токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын компетенциясы
Токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын карамагына:
- компетенциясынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык токойлорду жаңыртып өстүрүү, коргоо, сактоо жана пайдалануу жагында негизги жоболорду, эрежелерди, нускамаларды жана башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
- токой чарбаларын өнүктүрүүнүн мамлекеттик пландарын иштеп чыгуу жана аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуш кылуу;
- токой чарбачылыгынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн республикалык жана регионалдык программаларын түзүү жана алардын аткарылышын уюштуруу;
- токой чарбачылыгынын келечекте жана учурдагы өнүгүшүн пландоо жана бул маселелер боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүү;
- мамлекеттик токой фондусунун курамынан жер участокторун алып коюу жана берүү жөнүндөгү маселелер боюнча тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте корутундулар киргизүү;
- токой мыйзамдарын же жаратылышты коргоочу жана санитардык ченемдерди бузган учурларда, уюмдар менен жарандардын иш-аракеттерин токтото туруунун жана токтотуунун максатка ылайыктуулугу маселелери боюнча белгиленген тартипте сунуштарды жана корутундуларды киргизүү;
- мамлекеттик токой фондусунун жерлеринин курамынан чөп чабык жана жайыт жерлерди бөлүштүрүү;
- токой чарбаларын жүргүзүүнү уюштуруу;
- мамлекеттик токой фондусунун участокторун ижарага берүү;
- токойлордун жаңыртылып өстүрүлүшүнө, абалына, корголушуна жана сакталышына, токой ресурстарынын пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүү;
- суу бөлгүчтөрдү сактоо, мамлекеттик токой фондунун жерлеринде селдерге жана кыртыш эрозиясына каршы күрөшүү иштерин уюштуруу жана ишке ашыруу;
- мамлекеттик токой фондусунун жерлерин максатка ылайык пайдаланууну жана коргоону уюштуруу;
- токой чарбалары, токой күтүү жагында илимий изилдөө жана долбоорлоо-иликтөө иштерин уюштуруу;
- мамлекеттик токой фондунун, анын эсебин алуунун, токой кадастрынын жана токой күтүүнүн мониторингин уюштуруу жана жүргүзүү;
- мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын, токойчулуктардын жана кордондордун аталышы жөнүндөгү маселелерди (белгиленген тартипте) чечүү;
- укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү козгоо;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын компетенциясына кирбеген, мамлекеттик токой фондун башкаруу боюнча башка маселелерди чечүү кирет.
Токой мамилелерин жөнгө салуу маселелери боюнча токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык, аймактык мамлекеттик органдардын өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде кабыл алынган чечимдери, бардык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрлөрүнө карабастан уюмдардын, ошондой эле жарандардын аткаруусу үчүн милдеттүү.
Токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган мамлекеттик токой фондун коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, токойлорду өрттөн сактоо, токой зыянкечтерине жана илдеттерине каршы күрөшүү, токой күтүү жана башкалар боюнча атайын кызматтарды түзөт.
(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43, 2021-жылдын 23-мартындагы № 40, 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
25-берене. Мамлекеттик токой фондунун аймактык башкаруу органы
Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт жана токойду башкаруу боюнча алар тарабынан чечилүүчү милдеттерге ылайык төмөнкүдөй милдеттерди ишке ашырат:
- токойду өрттөн (токойдогу өрттү аныктоо кызматын уюштуруу жана координациялоо, калк арасында түшүндүрүү-үгүттөө иштери, токойдогу өрттү өчүрүүнү уюштуруу), мыйзамсыз кыюулардан, жерлерди мыйзамсыз басып алуудан, мамлекеттик токой фондунун жерлеринде уруксатсыз курулуштардан жана башка токой эрежелерин бузуулардан кайтаруу;
- токойду зыянкечтерден жана илдеттерден коргоо (токой патологиясын изилдөө жана мониторинг жүргүзүү, токойлордо санитардык эрежелердин сакталышын камсыз кылуу);
- ижарага алуу жана пайдалануу укугуна конкурстарды, токойду пайдалануучулар менен ижара мамилелерин, жыгачтарды берүүнү, токойду пайдалануучуларды контролдоону жана токойду пайдалануу үчүн төлөмдөрдүн түшүүсүн уюштуруудан турган токойду пайдаланууну жөнгө салуу;
- токойлордун абалына жана аларды жаңыртып өстүрүүгө мониторинг жүргүзүү.
Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган токойлорду коргоо, сактоо, абалына мониторинг жүргүзүү маселелерин токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган жөнүндө жобого ылайык чечет.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
26-берене. Токой чарба мекемеси
Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде токой чарбачылыгын жүргүзүү токой чарба мекемеси тарабынан жүзөгө ашырылат.
Токой чарба мекемесинин уюштуруу-укуктук формасы, укуктук статусу жана иши жөнүндө жобосу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Токой чарба мекемеси жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
- токойду калыбына келтирүү, токой өстүрүү, анча баалуу эмес токой дарактарын реконструкциялоо: токой үрөн участокторун түзүү, токой үрөндөрүн даярдоо жана кайра иштетүү, көчөт материалдарын өстүрүү, токой өсүмдүктөрүн түзүү, анын ичинде агротехникалык камкордуктар жана табигый жаңылануусуна көмөк көрсөтүү боюнча иш-чаралар;
- плантацияларды түзүү;
- токойду багуу, анын ичинде ушул Кодекс менен белгиленген токойлорду кыюу;
- өрткө каршы иш-чараларды жүзөгө ашыруу: минералдаштырылган жана өрткө каршы ажырым тилкелерди түзүү;
- зыянкечтердин жана илдеттердин массалык көбөйүшүнүн алдын алуу боюнча, алар менен күрөшүү боюнча токойду коргоо иш-чараларын ишке ашыруу.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
27-берене. Мамлекеттик токой фондунун абалына, корголушуна жана сакталышына, жаңыртып өстүрүлүшүнө, пайдаланылышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү
Токой фондусунун абалына, корголушуна жана сакталышына, жаңыртып өстүрүлүшүнө, токой ресурстарынын пайдаланылышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар менен жарандар тарабынан Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу максатында ишке ашырылат.
Көрсөтүлгөн көзөмөлдү ишке ашырууну, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргелештикте токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдар жана Кыргыз Республикасынын атайын ыйгарым укуктары бар башка мамлекеттик органдары камсыз кылышат.
Токойлордун абалына, жаңыртып өстүрүлүшүнө жана сакталышына, токой фондусунун пайдаланылышына мамлекеттик көзөмөлдү ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43, 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
271-берене. Жарандардын жана коомдук уюмдардын (бирикмелердин) укуктары
Жарандар жана коомдук уюмдар (бирикмелер) токойлорду сарамжалдуу пайдаланууну, кайтарууну, коргоону жана жаңыртып өстүрүүнү камсыз кылуу менен байланышкан маселелерди чечүүгө катышууга укуктуу.
Калктын токойлордун абалы жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылынат.
Коомдук бирикмелер, коммерциялык эмес башка уюмдар токойлорго аяр мамиле жасоонун, биологиялык ар түрдүүлүктү, табигый экологиялык тутумдарды сактоонун, типтүү жана сейрек кездешүүчү жаратылыш ландшафттарын, биотопторду, токой чарба белгилерин сактоонун зарылдыгы жөнүндө жарандардын маданиятынын жана укуктук аң-сезиминин деңгээлин жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзө алышат.
Жарандар, коомдук бирикмелер, коммерциялык эмес башка уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдарга, токой чарбачылыгын жүргүзгөн адамдарга токойлорду пайдалануу, кайтаруу, коргоо, жана жаңыртып өстүрүү жаатында токой чарбачылыгын жана башка иш-чараларды жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт, токойлорду талаптагыдай санитардык абалга келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүгө, ошондой эле токойдогу өрттүн алдын алууга, табууга жана өчүрүүгө катышат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
272-берене. Токойлорду биргелешип башкаруу
Токойлорду биргелешип башкаруу токойду башкаруу боюнча токой чарбалык иш-чараларды биргелешип аныктоо жана аткаруу үчүн ар кандай өнөктөштөрдүн - мамлекеттик, жеке жана коомдук түзүмдөрдүн биригишине жана кызматташуусуна багытталган процесстердин жана жол-жоболордун ар кандай түрлөрүн билдирет.
Токойлорду биргелешип башкаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-Глава Токой чарбачылыгын уюштуруунун негиздери
28-берене. Токой чарбачылыгын жүргүзүүгө коюлуучу негизги талаптар
Токой чарбачылыгын жүргүзүү:
- токойлордун сакталышын, аларды өрттөн коргоону, зыянкечтерден жана илдеттерден сактоону;
- адамдардын ден соолугун сактоо, айлана-чөйрөнү жакшыртуу жана жапайы жаныбарлар жашаган чөйрөнү коргоо таламында, токойлордун жаратылышты коргоочу, сууну жөнгө салуучу, кыртышты сактоочу жана башка пайдалуу касиеттерин сактоону жана күчөтүүнү;
- токойлорду калыбына келтирүүнү жана өстүрүүнү, алардын түрлүк курамы менен сапатын жакшыртууну;
- токойлорду жана мамлекеттик токой фондунун жерлерин сарамжалдуу пайдаланууну, алардын өнүмдүүлүгүн жогорулатууну;
- улуттук токой саясатынын принциптеринин, илимдин, техниканын жана алдыңкы тажрыйбанын негизинде, Кыргыз Республикасынын чарбасынын артыкчылыктуу тармагы катары токой чарбачылыгынын натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылууга тийиш.
Токой чарбачылыгы боюнча иш-чаралар жана токойду пайдалануу адамга жана жаратылыш чөйрөсүнө зыян келтирбей турган ыкмалар менен жүзөгө ашырылат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
29-берене. Токойлордун статусу
Кыргыз Республикасындагы токойлор жаратылышты коргоочу болуп саналат, кыртышты коргоочу, сууну коргоочу, климатты жөнгө салуучу, санитардык-гигиеналык, ден соолукту чыңдоочу, көмүртектин диоксидин жутуунун эсебинен климаттын глобалдык өзгөрүшүнүн терс кесепеттеринин алдын алуучу функцияларды, башка функцияларды аткарат жана мамлекеттин өзгөчө кайтаруусунда турат.
Токойдун экологиялык, экономикалык жана социалдык маанисине, анын аткарган функцияларына ылайык токойду корголуу категориялары боюнча бөлүштүрүү жүргүзүлөт.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
30-берене. Токойлордун корголуу категориялары
Кыргыз Республикасында токойлор төмөнкүдөй корголуу категорияларына бөлүнөт:
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жайгашкан токойлор;
- өзгөчө баалуу токой массивдери;
- илимий мааниге ээ токойлор;
- санитардык-гигиеналык жана ден соолукту чыңдоочу функцияларды аткаруучу токойлор, аларга суу менен камсыздоо булактарын санитардык коргоо зоналарындагы токойлор, курортторду санитардык коргоо аймактарындагы токойлор кирет;
- коргоочу токойлор, аларга эрозияга каршы токойлор, айлана-чөйрөнү коргоо үчүн олуттуу мааниси бар чөлдүү жана аз токойлуу тоолуу райондордогу токойлор кирет;
- суу коргоочу токойлор - дарыялардын, көлдөрдүн, суу сактагычтардын жана башка көлмөлөрдүн жээктериндеги токойлордун тыюу салынган тилкелери.
Токойлордун корголуу категориясы токой жайгаштыруу учурунда аныкталат.
Токойлорду корголуу категорияларына киргизүү жана аларды бир категориядан башкасына которуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
301-берене. Жаратылышты коргоо баалуулугу жогору токойлор
Жаратылышты коргоо баалуулугу жогору токойлор эл аралык, региондук же улуттук мааниде болушу мүмкүн.
Жаратылышты коргоо баалуулугу жогорку токойлорду таануу токойду ыктыярдуу сертификациялоо принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
Жаратылышты коргоо баалуулугу жогору токойлорду бөлүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
31-берене. Токой чарбачылыгын токойлордун корголуу категориялары боюнча жүргүзүү режими
Мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жерлеринде жайгашкан токойлор изилденүүгө, эсепке алынууга жана корголууга тийиш.
Мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, улуттук жаратылыш парктарынын корук режиминдеги зоналарынын жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын башка категориялардагы өзөк зоналарынын токойлорунда, токойду илимий-изилдөө максаттарында пайдаланууну кошпогондо, токойду кыюунун бардык түрлөрүнө жана токойду пайдаланууга тыюу салынат.
Мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлеринде жайгашкан токойлор изилденүүгө жана эсепке алынууга, корголууга жана сакталууга, жаңыртып өстүрүлүүгө, токойду пайдаланууга, токой ресурстарынын пайдаланылышы контролго алынууга тийиш.
Мамлекеттик жаратылыш парктарынын токойлорунда токойду калыбына келтирүүчү кыюуларга жана реконструкциялык кыюуларга тыюу салынат, токойду пайдалануу функционалдык зоналаштыруу режимдерине ылайык жүзөгө ашырылат.
Илимий мааниси бар токойлордо токой чарбачылыгын жүргүзүү режими бул токойлор карамагында турган илимий мекеменин илимий изилдөөлөрүнүн максаттарына жана милдеттерине жараша белгиленет.
Өзгөчө баалуу токой массивдеринин токойлорунда токойду калыбына келтирүүчү кыюуларга жана реконструкциялык кыюуларга тыюу салынат.
Санитардык-гигиеналык жана ден соолукту чыңдоочу функцияларды аткаруучу токойлордо, коргоочу токойлордо, сууну коргоочу зоналарда жайгашкан токойлордо токойлордун абалын жана алардын функционалдык маанисин жакшыртууга багытталган кыюулардын бардык түрлөрү жүргүзүлүшү мүмкүн.
Бардык корголуу категорияларындагы токойлордо мал жаюуга тыюу салынат.
Токойду пайдалануу режими токойлордун корголуу категорияларына жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
32-берене. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин алып коюу
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн токой фондусунун жерлерин алып коюу Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жана токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын мындай алып коюунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө корутундусун эске алуу менен жүргүзүлөт.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
33-берене. Мамлекеттик токой фондундагы токойлуу жана токойсуз жерлерди которуу
(Берененин аталышы КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Токой жерлерин токой чарбачылыгын жүргүзүү менен байланышпаган максаттарда пайдалануу үчүн токойсуз жерлерге которуу өзгөчө учурларда жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын жана токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын корутундулары болгондо гана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүргүзүлөт.
Токойлуу жерлерди токойсуз жерлерге өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Мамлекеттик токой фондунун токойсуз жерлерин токойлуу жерлерге которуу токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын чечими боюнча токой жайгаштырууда жүзөгө ашырылат.
Токойсуз жерлерди токойлуу жерлерге которуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
34-берене. Мамлекеттик же коомдук муктаждык үчүн мамлекеттик токой фондунан жер участокторун алууда токойду пайдалануу тартиби
Мамлекеттин же коомдун муктаждыгы үчүн, токой баскан жер участокторун алып коюу менен бир эле убакта токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын сунушунун негизинде, токой чарбачылыгын сактап калуу же кыюу жана алынган жыгачты пайдалануу тартиби жөнүндөгү маселе чечилет.
Мамлекеттик токой фондунан алынып коюлган жерлердеги токой дарактарын сактап калуу жөнүндө чечими кабыл алынганда, токойдун бул участокторуна Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарына ылайык токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан белгиленген токойду пайдалануу тартиби жайылтылат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
35-берене. Токойлордун абалына жана аларды жаңыртып өстүрүүгө таасир этүүчү объекттерди жайгаштыруу
Жаңы жана реконструкциялануучу ишканаларды, курулуштарды жана башка объекттерди изилдөөдө, долбоорлоодо, курууда жана пайдаланууда берүүдө, ошондой эле токойлордун абалына жана аларды жаңыртып өстүрүүгө таасир этүүчү жаны технологиялык процесстерди колдонууда, токойлорду булганыч агын суулардын, химиялык заттардын, өнөр жайлык жана коммуналдык-турмуш тиричиликтик абага чыгаруулардын, калдыктардын зыяндуу таасиринен жана башка зыяндуу таасирден коргоону камсыз кылуучу иш-чаралар каралат жана жүзөгө ашырылат.
Токойлордун абалына жана аларды жаңыртып өстүрүүгө таасир этүүчү ишканалар, курулуштар жана башка объекттер курулчу жерлерди аныктоо мамлекеттик экологиялык экспертизанын жана токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын, атайын укук берилген башка мамлекеттик органдардын оң корутундуларынын негизинде колдонуудагы мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.
Экотутумдун абалына жана токойлорду жаңыртып өстүрүүгө зыяндуу таасирлерди болтурбоочу түзүлмөлөр менен камсыз кылынбаган жаңы жана кайра конструкцияланган объекттерди пайдаланууга берүүгө тыюу салынат.
36-берене. Токойлордо иш жүргүзүү тартиби
Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жайгашкан токойлордо жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде токой чарбачылыгын жүргүзүү жана токойду пайдаланууну жүзөгө ашыруу менен байланышпаган курулуш жана жардыруу иштери, жер казынасын пайдалануу, кабелдерди, өткөргүч түтүктөрдү жана башка коммуникацияларды тартуу, бургулоочу жана башка жумуштар мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болгондо жана токойлорду коргоону жана жаңыртып өстүрүүнү, мамлекеттик токой фондунун жерлерин жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлорду рекультивациялоону камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын талаптары аткарылганда, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
Көрсөтүлгөн иштер токойдун коргоо касиеттерин, токойлордун өрткө каршы, экологиялык жана санитардык абалын, ошондой эле аларды жаңыртып өстүрүү шарттарын начарлатпай турган ыкмалар менен жүзөгө ашырылат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
III БӨЛҮМ МАМЛЕКЕТТИК ТОКОЙ ФОНДУНУН УЧАСТОКТОРУНУН ЭЭЛЕРИНИН ЖАНА ТОКОЙДУ ПАЙДАЛАНУУЧУЛАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
7-Глава Мамлекеттик токой фондунун участокторунун ээлеринин жана токойду пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери
37-берене. Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын укуктары жана милдеттери
Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын укуктары:
- токой чарбачылыгын өнүктүрүүнү келечектеги жана учурдагы пландандоо маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жана аларды токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органга киргизүүгө;
- токойду пайдалануу жана аны менен байланышкан башка максаттар үчүн мамлекеттик токой фондунун участокторун уюмдарга жана жарандарга натуралай бөлүп берүүгө, токой кыюу билеттерин (ордерлерди) же токой билеттерин берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алууга;
- ижара келишимдерин түзүүгө;
- экологиялык туризмди уюштуруу менен алектенүүгө;
Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган токойлордун жаңыртып өстүрүлүшүн, кайтарылышын, корголушун жана алардын экологиялык жана санитардык абалынын жакшыртылышын, аны багууну, токойлордун өнүмдүүлүгүн жана токой жер кыртышынын асылдуулугун жогорулатууну, токойду пайдаланууну уюштурууну, токойлорду эсепке алууну камсыз кылууга жана токой чарбачылыгын жүргүзүү боюнча башка милдеттерди аткарууга милдеттүү.
Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын укуктары менен милдеттери токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жобо менен аныкталат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
371-берене. Токой чарба мекемесинин укуктары жана милдеттери
Токой чарба мекемелери төмөнкүлөргө укуктуу:
- токойду пайдаланууну жана аны менен байланышкан башка чарбалык иштерди жүзөгө ашырууга;
- жолдордун, токой кампаларынын, өрткө каршы жана химиялык станциялардын, турак жай курулуштарын жана чарбалык курулуштарды, даярдалган чийки заттарды сактоо жана баштапкы кайра иштетүү үчүн курулмаларды жана токой чарбасын жүргүзүү жана токойду пайдаланууну жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка объекттерди курууну белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга.
Токой чарба мекемелери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- илимий жактан негизделген ченемдердин чегинде токойдун жыгач жана башка өсүмдүк ресурстарын жана анын пайдалуу жаратылыш касиеттерин белгиленген тартипте пайдаланууга;
- чарбалык иштерди токойдун чөйрө түзүүчү жана коргоочу функцияларынын сакталышын, ошондой эле дарактарды калыбына келтирүү, дары-дармек, тамак-аш жана техникалык сырьёну жыйноо үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуучу ыкмалар менен жүргүзүүгө, токойлорду кайтаруу жана коргоо, жаңыртып өстүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча ушул Кодексте каралган, ошондой эле токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган белгилеген талаптарды аткарууга.
Токой чарба мекемесинин укуктары жана милдеттери токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган бекиткен жобо менен аныкталат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
38-берене. Мамлекеттик токой фондунун участокторунун ээлеринин мамлекеттик токой чарбачылыгын жүргүзүү менен байланышпаган укуктары жана милдеттери
Спорттук-ден соолукту чыңдоо максатында, эс алуу, дарылоо, илимий-изилдөө жана жаратылышты коргоо иштерин уюштуруу үчүн берилген мамлекеттик токой фондусунун участокторунун ээлери өздөрүнүн иш-аракеттерин, мамлекеттин токой фондусунун участоктору аларга берилген максаттарга жана мыйзамга ылайык гана жүзөгө ашырышат.
(Бөлүк КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
39-берене. Токой пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери
Токой пайдалануучулар укуктуу:
- мамлекеттик токой фондунун участокторун аны берүү шарттарына ылайык пайдалануу үчүн натуралай алууга;
- ушул Кодексте жана токой мыйзамдарында каралган токой ресурстарын пайдалануунун бардык түрлөрүн жүзөгө ашырууга, маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык, туристтик максаттардын керектөөлөрү жана токойду пайдалануунун башка түрлөрү үчүн мамлекеттик токой фондунун жер участокторун келишимдин шарттарына ылайык пайдаланууга;
- токойду пайдаланууга укук берүүчү документтерде көрсөтүлгөн көлөмдө токойду пайдаланууну жүзөгө ашырууга;
- токойду пайдаланууну жүзөгө ашыруу боюнча чарбалык иштин формаларын өз алдынча тандоого;
- мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын макулдугу боюнча белгиленген тартипте жолдорду салууга, өндүрүштүк жана чарбалык курулуштарды жүргүзүүгө, чарбалык иштерди жүргүзүү үчүн жабдууларды жана шаймандарды орнотууга, транспорт токтоочу жайларды салууга ж.б.
Токой пайдалануучулар милдеттүү:
- токой кыюу үчүн берилген токой аянттарын, токой чөп чабыктарын, жайыттарды жана башка жерлерди, токой ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга, жаныбарлар дүйнөсүн жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоого;
- мамлекеттик токой фондунун участогун ижаралоо келишиминин, мамлекеттик токой фондунун участогун акысыз пайдалануу келишиминин шарттарын, ошондой эле токой кыюу билетинин, ордердин, токой билетинин шарттарын сактоого;
- ишти жүргүзүү процессинде кыртыштын эрозиясынын пайда болушуна жол бербөөгө, токойду пайдалануунун токойлордун абалына жана жаңыртып өстүрүүгө, ошондой эле көлмөлөргө жана башка жаратылыш объекттерине терс таасир тийгизүүсүн болтурбоого же чектөөгө;
- токойлордун жана башка жаратылыш объекттеринин абалына жана аларды жаңыртып өстүрүүгө терс таасирин тийгизбеген ыкмалар менен иш жүргүзүүгө;
- өрт коопсуздугун сактоого, иш жүрүп жаткан жерлерде өрткө каршы иш-чараларды жүргүзүүгө, ал эми токойдо өрт чыккан учурларда - аларды өчүрүүгө;
- кыртыштын асылдуулугун калыбына келтирүүнү, коргоону, сактоону жана жогорулатууну, токой дарактарынын өнүмдүүлүгүн жана алардын пайдалуу касиеттерин күчөтүүнү камсыз кылууга, токой чарбачылыгын жүргүзүү жана токой ресурстарын пайдалануу боюнча мыйзамдардын башка талаптарын аткарууга;
- кыйылбай калууга жана ашыкча кыюуларга жол бербөөгө, ошондой эле камдоо жана ташып кетүү үчүн белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин кыюучу жерлерде жана токойдо даярдалган жыгачтарды сактоого;
- жыгачтын коромжу болушуна, ишке жарактуу жыгачты отунга айландырууга жана анын максатсыз иштерге жумшалышына жол бербөөгө;
- кыркылган аянттарды кыркынды калдыктарынан тазалоого жана токойду пайдаланууда бузулган жерлерди аны бузгандардын өз эсебинен багыты боюнча пайдаланууга жарактуу абалга келтирүүгө;
- токой чарбачылыгынын чыгашаларынын жана жоготууларынын ордун белгиленген тартипте толтурууга;
- токойду пайдалануу үчүн акыны өз убагында жана толук төлөөгө;
- расмий статистикалык отчетторду статистика органдарына өз убагында берүүгө;
- токойду пайдаланууда токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган белгилеген башка талаптарды аткарууга.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
40-берене. Мамлекеттик токой фондунун участогун пайдалануучулардын укуктарын коргоо
Токойду пайдалануучулар токой мыйзамдарын жана токойду пайдалануунун белгиленген тартиптерин бузган учурлардан бөлөктө, мамлекеттик токой фондунун участогун пайдалануучулардын иш-аракеттерине мамлекеттик, коомдук (көзөмөл жүргүзүүчүлөрдөн башка) органдардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
Токой пайдалануучулардын укуктары мыйзам менен корголот жана Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарында каралган учурларда гана чектелиши мүмкүн.
Бузулган укуктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте калыбына келтирилүүгө тийиш.
Мамлекеттик токой фондунун участогун пайдалануучулардын укуктарын бузуу менен келтирилген чыгымдардын орду толук көлөмдө толтурулуп берилет. Чыгымдарды ордун толтуруу боюнча талаш-тартыштарды сот карайт.
(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178, 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
41-берене. Чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардын жана жарандыгы жок адамдардын милдеттери
Чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар жана жарандыгы жок адамдар, Кыргыз Республикасынын аймагында ушул Кодекстин жана Кыргыз Республикасынын токой мамилелерин жөнгө салуучу башка мыйзам актыларынын талаптарын сактоого милдеттүү болушат жана аларды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.
8-Глава Токой фондусунун участокторун ижаралоо
42-берене. Мамлекеттик токой фондунун участокторун ижаралоо
Мамлекеттик токой фондунун участоктору ушул Кодекстин 48-беренесинде каралган токой ресурстарын жаңыртып өстүрүүнү, токойду пайдаланууну жүзөгө ашыруу үчүн ижара шарттарында пайдаланууга берилет. Мамлекеттик токой фондунун участогу ижарага бир же бир нече ижарачыга берилиши мүмкүн.
Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде ижарага берүүчү болуп мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган саналат.
Мамлекеттик токой фондунун жер участокторун ижаралоодогу укуктук мамилелер ушул Кодекс, жер жана жарандык мыйзамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик токой фондун пайдалануунун жана тескөөнүн тартиби менен жөнгө салынат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
43-берене. Мамлекеттик токой фондунун участогун ижаралоо келишимдери
Мамлекеттик токой фондунун участогун ижаралоо келишими боюнча токой чарбасы (ижарага берүүчү) токойду пайдалануучуга (ижарага алуучуга) мамлекеттик токой фондунун участогун токойду пайдалануунун бир же бир нече түрлөрүн жүргүзүү үчүн кыска же узак мөөнөткө, акыга берүүгө милдеттенет.
Мамлекеттик токой фондунун участогун ижаралоо келишими кат түрүндө түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өтөт. Мамлекеттик токой фондунун участогун ижаралоо жөнүндөгү келишимдин мазмуну менен кызыкдар болгон ар кандай юридикалык же жеке жак тааныша алат.
Мамлекеттик токой фондунун участокторун ижарачылардан ижарага берүүсүнө тыюу салынат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
44-берене. Мамлекеттик токой фондунун участогун ижаралоо келишиминин шарттары
Мамлекеттик токой фондунун участогун ижаралоо келишиминде төмөндөгүдөй шарттар көрсөтүлөт:
- ижарачынын акы төлөө жөндөмдүүлүгү;
- мамлекеттик токой фондунун участогунун чек арасы;
- токойду пайдалануунун түрлөрү;
- токойду пайдалануунун көлөмү;
- ижара мөөнөтү;
- ижара акысынын өлчөмү жана аны төлөп берүү тартиби;
- Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарынын токойлорду коргоо, сактоо жаңыртып өстүрүү маселелерине байланышкан талаптарын аткаруу боюнча тараптардын милдеттери;
- жаратылышты коргоо чараларын жүргүзүү боюнча тараптардын милдеттери;
- токой мыйзамдарында каралган же тараптар тарабынан аныкталган башка шарттар.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
45-берене. Мамлекеттик токой фондунун участокторун ижаралоо мөөнөттөрү
Мамлекеттик токой фондунун участогун ижаралоо келишими мөөнөтсүз (убактысы көрсөтүлбөгөн) же убактылуу (мөөнөттүү) болушу мүмкүн.
Мамлекеттик токой фондунун участогун убактылуу ижаралоонун мөөнөтүнө 50 жылга чейин чек коюлат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
46-берене. Мамлекеттик токой фондунун участогун ижаралоо үчүн акынын өлчөмү
Мамлекеттик токой фондунун участогун пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Салык, Граждандык жана Жер кодекстеринин талаптарын сактоо менен белгиленет.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
47-берене.Токой чарбасын жамагаттык жүргүзүү
Токой чарбачылыгын жамагаттык жүргүзүү, уюштуруучулук жактан ижарага берилүүчү мамлекеттик токой фондусунун участокторунда чогуу - чаран жашашкан адамдардын үй-бүлөлүк жана туугандык байланыштарына негизденген чарбалык шериктиктердин жана коомдордун токойду пайдалануу жана токой өстүрүү боюнча иштерди биргелешип ишке ашыруусуна негизделет.
Мамлекеттик токой фондусунун участокторун ижаралоодо жамагаттар артыкчылык укугуна ээ болушат.
IV БӨЛҮМ ТОКОЙДУ ПАЙДАЛАНУУ
9-Глава Токойду пайдалануунун түрлөрү
48-берене. Токойду пайдалануунун түрлөрү
Мамлекеттик токой фондусунда токойду пайдалануунун төмөндөгүдөй түрлөрү ишке ашырылышы мүмкүн:
- дыйканчылык, чөп чабуу, мал жаюу, бал челек кармоо, жапайы өскөн тамак-аш ресурстарын, дары өсүмдүктөрүн, техникалык сырьелорду жана башкаларды жыйноо;
- экинчи даражадагы токой ресурстарын (дүмүр, кабык ж.б.) даярдоо;
- токойду илимий-изилдөө, билим берүү, маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана туристтик максаттарда, ошондой эле туристтик индустриянын объекттерин жана автомобиль транспортунун инфратүзүмүн куруу жана аңчылык чарбанын муктаждыктары үчүн пайдалануу;
- пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү (жер казынасын геологиялык изилдөө, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү) максатында жумуштарды аткаруу;
- энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен энергетика орнотмолорун куруу;
- мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жайгашкан көлмөлөрдө жана башка суу объекттеринде балык чарба чөйрөсүндөгү иштерди жүзөгө ашыруу;
- плантацияларды түзүү;
- жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын орнотуу;
- белгиленген тартипте токой кыюу жана жыгач даярдоо;
- Кыргыз Республикасында токойду пайдалануунун башка түрлөрү да белгилениши мүмкүн.
Токойлорду пайдалануу мамлекеттик токой фондунун жерлерин функциялык зоналаштыруунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин функциялык зоналаштырууну жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Токойду пайдалануунун эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
(КР 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2019-жылдын 30-июлундагы № 107 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 "Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
49-берене. Мамлекеттик токой фондусунун жерлериндеги пайдалуу кендерди жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу
Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган жана токой чарба мекемеси мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жайгашкан минералдарды жана жер үстүндө жайгашкан пайдалуу кендердин табигый пайда болгон катуу тоо тектерин өз муктаждыктары үчүн акысыз пайдаланууга, ошондой эле белгиленген тартипте суу объекттерин пайдаланууга жана жердин башка пайдалуу касиеттерин эксплуатациялоого укуктуу. Көрсөтүлгөн жаратылыш ресурстарын өнөр жайлык иштетүү, ошондой эле аларды коммерциялык максаттарда пайдалануу жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Минералдарды жана жер үстүндө жайгашкан пайдалуу кендердин табигый пайда болгон катуу тоо тектерин жана мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жайгашкан башка жаратылыш ресурстарын юридикалык жана жеке жактардын пайдалануусу алар тарабынан белгиленген тартипте алынган токойду пайдалануу укугунун негизинде жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде жайгашкан аңчылык ресурстарын пайдалануу "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43, 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
50-берене. Токойду пайдаланууга акы төлөө
Кыргыз Республикасында токойду пайдалануу токой таксалары жана токойду пайдалануу үчүн акы төлөмдөр түрүндөгү акы менен жүргүзүлөт.
Жарандардын эс алуусу, ошондой эле жеке керектөөлөр үчүн жапайы өскөн мөмө-жемиштерди, козу карындарды, дары чөптөрдү жыйноо акысыз жүргүзүлөт.
Токойду багуу иретинде кыюуларды, санитардык жана токойду калыбына келтирүүчү кыюуларды, башка токой чарбачылык иштерин, токой жайгаштыруу, токой чарбачылыгынын муктаждыгы үчүн илимий-изилдөө жана долбоорлоо иштерин жүргүзгөндө токой чарба мекемеси даярдаган жыгач үчүн, ошондой эле токой чарба мекемеси экинчи даражадагы токой ресурстарын даярдаганда жана алар токойду кошумча пайдаланганда акы алынбайт.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
51-берене. Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде чөп чабуу жана мал жаюу
Мамлекеттик токой фондусунун чөп чабууга жана мал жаюуга мүмкүн болгон участоктору токойду күтүүнү жүргүзүүдө бөлүнүп берилет.
Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде чөп чабуу жана мал жаюу эрежелери Кыргыз Республикасынын токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органы тарабынан бекитилет.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
52-берене. Токойду пайдалануунун ченемдери
Токойду пайдалануу токой күтүүнүн, мамлекеттик токой фондунун мүлкүн каттоонун жана изилдөөнүн материалдары боюнча аныкталуучу илимий - негизделген ченемдердин чегинде токой чарбачылык пландарында, жүзөгө ашырылат.
Токойду багуу иретинде кыюунун, санитардык кыюулардын, токойду калдыктардан тазалоонун, анча баалуу эмес дарактарды реконструкциялоого байланышкан кыюулардын, токойду калыбына келтирүүчү кыюулардын жана башка токой материалдары, техникалык сырье жана жыгач токой ресурстары менен камсыздоонун ар жылдык ченемдерин аныктоо жана бекитүү тартиби токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
53-берене.Токойду пайдалануу укугун каттап бекитүү
Мамлекеттик мамлекеттик токой фондунун участокторунун жерлеринде токойду пайдаланууну ишке ашырууга ижарага келишиминин негизинде жана атайын уруксат: токой кыюу билети (ордери) же токой билети боюнча жол берилет. Аталган билеттер токой фондусунун участокторунун ээлери тарабынан берилет жана билетте уруксат берилген токойду пайдаланууларды жүргүзүүгө гана укук берет.
Токой кыюу билети (ордер) же токой билети ушул Кодекстин 16-статьясында каралган учурларда жокко чыгарылышы мүмкүн. Билеттер билетте (ордерде), тийиштүү учурларда келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө карабастан бир сезонго берилет.
Токой кыюу билетинин (ордеринин) же жалпы таралган пайдалуу кендерди пайдаланууга берилген токой билетинин түрлөрү токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте иштелип чыгат жана бекитилет.
Билеттердин жана ордерлердин бланктары так отчеттук документтер болуп саналат жана токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан даярдалат.
Билеттердин, ордерлердин бланктарын эсепке алуу, аларды сактоо, толтуруу жана берүү тартиби токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
Мамлекеттик токой фондунун участокторунун участокторунун ээлери токойду пайдаланууну жүргүзгөндө токойду пайдалануу укугун белгиленген тартипте каттап толтурууга милдеттүү.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
54-берене. Токойду пайдалануунун лицензиялануучу түрлөрү
(КР 2003-жылдын 28-июнунун № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынды)
55-берене. Агротокойчулук
Агротокойчулукта токойду пайдалануу жерлердин категориясынын өзгөчөлүктөрүнө, жерлердин түрлөрүнө жана токойлордун корголуу категориясына жараша колдонулушу мүмкүн болгон тутумдардын түрлөрүнөн турат жана аныкталат.
Агротокойчулук тутумдарында токойду пайдалануу тутумдарынын түрлөрү, тартиби жана шарттары токой чарбачылыгы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
56-берене. Токойду пайдалануу шарттарын өзгөртүү үчүн негиздер
Токойду пайдалануунун шарттарын өзгөртүүгө:
- мамлекеттик токой фондунун жер участогунун абалы өрттөрдүн, бороондон кыйроонун, зыянкечтер менен илдеттерден жабыр тартуунун жана токойду пайдалануучулардан көз каранды болбогон башка факторлордун натыйжасында өзгөргөн;
- токойлор бир корголуу категориясынан башкасына которулган;
- мамлекеттик токой фондунун жерлеринин бир бөлүктөрү мамлекеттин же коомчулуктун муктаждыгы үчүн алынып коюлган;
- мамлекеттик токой фондунун жер участогун уруксат берүүчү документтерде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө, каралган көлөмдөрдө пайдаланбаган учурларда жол берилет.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-Глава Токой кыюунун түрлөрү жана жыгач даярдоонун тартиби
57-берене. Токой кыюунун түрлөрү
Кыргыз Республикасынын токойлорунда алардын пайдалуу функцияларын сактоо жана күчөтүү үчүн токойду кыюунун төмөндөгүдөй түрлөрү жүргүзүлөт:
- токойду багуу иретинде кыюулар - токойлордо, ошондой эле кол менен тигилген башка токойлордо түрлүк курамын жана башка түрүндөгү дарактардын өсүшүнүн шарттарын жакшыртуу үчүн жүргүзүлөт;
- санитардык кыюулар - анын негизги милдети токой дарактарынын санитардык абалын жакшыртуу, чириген, зыянкечтер залал келтирген, өсүшү начарлаган, куураган жана токойдун санитардык абалын начарлаткан башка дарактарды кыюу болуп саналат;
- токойлорду калдыктардан тазалоо - дарактардын илдеттердин жайылышына жана өрттүн чыгышына жол бербөө максатында бороон-чапкындан кулаган дарактардан арылтуу;
- анча баалуу эмес дарактарды реконструкциялоого байланышкан кыюулар - баалуу дарактардын өсүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
- башка кыюулар - ушул Кодекстин 55-беренесинде каралган кыюуга чектөөлөрдү кошпогондо, илимий максаттарда, токой чарбачылыгынын муктаждыктары үчүн курулушта, гидротүйүндөрдү, өткөргүч түтүктөрдү, жолдорду курууга жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токой аянттарын тазалоодо, токойдогу жолдорду жана өрткө каршы ажырым тилкелерди салууда, ошондой эле ушул Кодекстин 48-беренесинде каралган токой пайдалануу учурларында дарактарды кыюу.
- башка кыюулар - илимий максатта, токойду күтүү жумуштарын жүргүзүүдө, гидро-түйүндөрдү, өткөрүүчү түтүктөрдү, жолдорду салууга байланыштуу токой аянттарын тазалоодо, ошондой эле токойдо жол жана өрткө каршы-ажырым тилкелерди салууда ушул Кодекстин 55-беренесиндеги чек коюулардан тышкары бирин-серин дарактарды кыюу.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
58-берене.Токой кыюулардын жана жыгач даярдоонун тартиби
Токой кыюулар токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган бекиткен токойду багуу иретинде кыюу, санитардык кыюу жана токойду калыбына келтирүү үчүн кыюулар боюнча көрсөтмөлөргө ылайык ишке ашырылат.
Токойду кыюуда жана аны калдыктардан тазалоодо жыгач даярдоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитиле турган Кыргыз Республикасынын токойлорунда өсүп турган дарактарды турган жеринде баалап өткөрүү эрежелери менен белгиленет.
Өзгөчө баалуу жана жарактуу жыгачтардын түрлөрү менен формаларын кыюунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан иштелип чыгуучу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилүүчү эрежелер менен белгиленет.
(КР 2003-жылдын 28-июнундагы №120, 2007-жылдын 2-июлундагы № 94, 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
581-берене. Өзгөчө баалуу жыгачтардын түрлөрү
Өзгөчө баалуу жыгачтардын түрлөрүнө төмөндөгүлөр кирет:
- Түркстан арчасы;
- Зеравшан арчасы;
- Жарым шар сымал арча;
- Уюлдуу грек жаңгагы;
- Грек жаңгагы;
- Мисте дарагы;
- Жапайы өскөн бадам.
Өзгөчө баалуу жыгачтардын түрлөрү мамлекет тарабынан кайтарууга алынат. Токойлорду расмий уруксатсыз кыйгандыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
(КР 2003-жылдын 28-июнундагы №120, 2007-жылдын 2-июлундагы № 94 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
59-берене. Кыйылуучу токой фонду жана жыгач даярдоо көлөмү
Кыйылуучу токой фонду, токойду багуу иретинде кыюунун, санитардык кыюунун, токойду калыбына келтирүүчү кыюулар жана токойду кыюунун ушул Кодекстин 58-беренесинде көрсөтүлгөн башка түрлөрүнүн пландаштырылган көлөмүнөн түзүлөт. Кыйылуучу токой фондусун бөлүү жана аны токойду пайдалануучунун ишке ашыруусунун тартиби Кыргыз Республикасынын токойлорунда өсүп турган дарактарды турган жеринде баалап өткөрүү эрежелери менен белгиленет. Токойду багуу иретинде кыюунун, санитардык кыюунун, токойду калдыктардан тазалоонун, анча баалуу эмес дарактарды реконструкциялоого байланышкан кыюунун, токойду калыбына келтирүүчү кыюунун көлөмү токойду пайдалануунун ченемдерине таянуу менен, ал эми башка кыюуларды жүргүзүүдө - токой аянттарын курулуш объекттери үчүн тазалоо, жол салуу жана башка токой чарбалык иш-чараларын аткаруу боюнча иштердин көлөмүнө жараша аныкталат.
Кыйылуучу токой фонду жана жыгач даярдоонун көлөмү токой жайгаштыруу менен аныкталат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
60-берене. Кыюунун жетилиши жана кайталануусу
Токойду кыюунун жетилиши жана кыюунун кайталануусу токойлордун негизги максаттуу багытталышына жана алардын аткаруучу функциясына, тигилген дарактардын өнүмдүүлүгүнө жана өсүп жаткан дарак түрлөрүнүн биологиялык өзгөчөлүктөрүнө, ошондой эле токою кыйылган жерлерде токойдун калыбына келүү мөөнөттөрүнө жараша аныкталат. Кыюунун жетилиши жана кайталанышын негиздөө токой күтүүдө же атайын илимий изилдөөлөрдө жүргүзүлөт.
Кыюунун жетилишин жана кайталанышын белгилөө токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган аныктаган тартипте ишке ашырылат.
12-Глава Мамлекеттик токой фондун илимий-изилдөө максатында пайдалануу
63-берене. Мамлекеттик токой фондунун аймагындагы илимий изилдөөлөр
Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн мамлекеттик токой фондунун ээлери тарабынан участоктор берилет, эгерде бул илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү максаттарына ылайык келбесе, аларда токойду пайдаланууга чек коюлат же толугу менен тыюу салынат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
64-берене. Токойдун биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо
Кыргыз Республикасынын аймагында токойдун биологиялык ар түрдүүлүгү мамлекеттин гана менчиги болуп саналат жана аймактык жактан өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн ар түрдүүлүгүн камтыган, пайдалануу тартиби чектелген өзүнчө зоналарга бөлүнөт.
Аталган зоналар илимий уюмдардын жана токой чарбачылыгын башкаруучу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органдардын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
65-берене. Токой флорасын жана фаунасын калыбына келтирүү
Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде өсүмдүктөрдүн түрлөрү менен формаларын, жапайы жаныбарларды, токойдун биологиялык ар түрдүүлүгүн калыбына келтирүү жана жаңыртып өстүрүү токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык органдын жана атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын контролдугу алдында илимий сунуштарды эске алуу менен жергиликтүү флоранын жана фаунанын мыкты өкүлдөрүн реинтродукция жолу менен жүргүзүлөт.
13-Глава Токой фондусун маданий-ден соолук чыңдоо максатында пайдалануу
66-берене. Мамлекеттик токой фондунун участокторунда калктын эс алуусу
Токой чарба мекемеси жана аны менен макулдашуу боюнча башка уюмдар мамлекеттик токой фондунун участокторунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка талаптарын сактоо менен токой чөйрөсүн жана жаратылыш ландшафттарын сактоону эске алып, калктын эс алуусун уюштурууну жүзөгө ашыра алышат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
67-берене. Жарандардын токойдо болуусу
Жарандар маданий-ден соолукту чыңдоо, токойдо жапайы өскөн мөмө-жемиштерди, жаңгактарды, козу карындарды жана башка тамак-аш ресурстарын белгиленген тартипте өздөрү үчүн жыйноо максаттарында пайдалануу менен мамлекеттик токой фондунда (коомдук сервитут) эркин жүрүүгө укуктуу.
Жарандардын токойдо болуусунун тартиби, токойдун тамак-аш, дары-дармек, техникалык өнүмдөрүн жыйноо боюнча чектөөлөр, ошондой эле өрт чыгуу коркунучу мезгилинде жарандардын токойлордо болуусунун мөөнөттөрүн аныктоо мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдар тарабынан белгиленет.
Жарандар токойлордо өрт коопсуздугунун талаптарын сактоого, дарактардын жана бадалдардын сынып, кыйылышына, токой өсүмдүктөрүнүн зыянга учурашына, токойлордун булганышына, кумурска уюктарынын, канаттуулардын уяларынын бузулушуна жол бербөөгө, жапайы өскөн тамак-аш ресурстарын жыйноону алардын кайра өсүшүнө зыян келтирбей турган мөөнөттө жана ыкмалар менен жүргүзүүгө милдеттүү.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-Глава Чек арадагы жана шаардагы токойлордо токойду пайдалануу
68-берене. Чек ара зонасында токойду пайдалануу
Чек ара зонасында токойду пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
Чек ара зонасында токойду пайдалануунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
69-берене. Шаардагы токойлордо токойду пайдалануу
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
15-Глава Токой фондусун аңчылык чарбанын муктаждыктары үчүн пайдалануу
70-берене. Токойду аңчылык чарбанын муктаждыктары үчүн пайдалануу
Аңчылык чарбанын муктаждыктары үчүн белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка токой пайдалануулар жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
71-берене. Мамлекеттик аңчылык фондусун пайдаланууга мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү
(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
72-берене. Аңчылык чарбасын жүргүзүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу
(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
73-берене. Аңчылык жерлерин жана мамлекеттик аңчылык фондусун коргоо
(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
V БӨЛҮМ ТОКОЙ ФОНДУСУН КОРГОО ЖАНА САКТОО
V БӨЛҮМ МАМЛЕКЕТТИК ТОКОЙ ФОНДУН КОРГОО ЖАНА САКТОО
16-Глава Мамлекеттик токой фондун коргоо жана сактоо
74-берене. Мамлекеттик токой фондун коргоо жана сактоо органдарынын милдеттери
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой фонду корголууга жана сакталууга тийиш, бул иштер республикалык, регионалдык, жергиликтүү программалардын, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнө жана парник газдарын сиңирип алуунун көбөйүшүнө ыңгайлашуу боюнча аракеттердин негизинде мамлекеттик токой коргоо органдары тарабынан жүргүзүлөт жана токойлордун биологиялык жана регионалдык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ишке ашырылууга жана токойлорду жок болуп кетүүдөн, зыян тартуулардан, булгоодон жана башка зыяндуу таасирлерден сактоого багытталган уюштуруучулук, экономикалык, укуктук жана башка чаралардын комплексин камтыйт.
(КР 2013-жылдын 11-мартындагы № 38, 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
75-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой коргоосу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой коргоосу (мындан ары - мамлекеттик токой коргоо) токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдарда түзүлөт.
Мамлекеттик токой коргоонун курамына кирген кызмат адамдарынын тизмеси токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
Мамлекеттик токой коргоонун милдеттери:
- токойду коргоону жана сактоону камсыз кылуу;
- (үчүнчү абзац КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту
- мамлекеттик токой фондунун абалына, корголушуна, сакталышына жана токойлордун жаңыртылып өстүрүлүшүнө, ошондой эле мамлекеттик токой фондунун пайдаланылышынын уюштурулушуна көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашыруу;
- мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде жайгашкан, пайдаланылбаган жаратылыш ресурстарын (пайдалуу кендер ж.б.) коргоону камсыз кылуу болуп саналат.
Мамлекеттик токой коргоо ага жүктөлгөн тапшырмаларга ылайык:
- мамлекеттик токой фондун коргоо, сактоо жана жаңыртып өстүрүү жана жагындагы укук бузуулардын алдын алууга жана аларга бөгөт коюуга;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашырууга;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик токой фондунун аймагында укук тартибин камсыз кылууга;
- тийиштүү мамлекеттик органдарга жактарды тартиптик жана аларга жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү материалдарды жөнөтүүгө, токой чарбасына келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө сотко доолорду берүүгө;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде жарандарга жана юридикалык жактарга айкындалган кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмөлөр берүүгө;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде чарбалык жана башка иш-аракеттерге чек коюу жөнүндө, аларды токтото туруу жана аларга тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткарууга милдеттүү.
Мамлекеттик токой коргоого, ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн:
- юридикалык жана жеке жактардын, ошондой эле чет элдик жарандардын мамлекеттик токой фондунун участокторун пайдаланууну ишке ашырууга уруксат берүүчү документтерин текшерүү;
- мамлекеттик токой фондун пайдалануу, коргоо, сактоо жана токойлорду жаңыртып өстүрүү жагындагы укук бузуулар жөнүндө протоколдорду жана актыларды, жоруктар жөнүндө актыларды түзүү;
- укук бузууларга жол берген же мамлекеттик токой коргоонун кызмат адамдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарбаган адамдарды кармоо;
- токойлорду коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү пайдалануу жагында кылмыш кылгандарды жана укук бузууларды жасагандарды кармоо жана укук коргоо органдарына жеткирүү;
- белгиленген тартипте транспорт каражаттарын, башка объекттерди жана жерлерди карап чыгуу, зарыл болгондо кармалган адамдардын өздөрүн карап чыгуу;
- мыйзамсыз алынган токой ресурстарын, аларды алууга керек болгон курал-жабдыктарын, ошондой эле транспорт каражаттарын алып коюу жана алардын андан аркы тиешелүүлүгү жөнүндө маселени белгиленген тартипте чечүү укугу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктар берилет.
Мамлекеттик токой коргоонун кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана күч колдонууга, атайын каражаттарды жана атылуучу куралдарды колдонууга укуктуу. Мамлекеттик токой коргоонун кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте куралдарды сактоого, алып жүрүүгө жана колдонууга уруксат берилет.
Мамлекеттик токой коргоонун кызмат адамдары белгиленген үлгүдөгү кийимдерин кийишет.
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин формалык кийими жөнүндө" токтому
Мамлекеттик токой коргоосу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен жобонун негизинде иш жүргүзөт.
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой коргоо жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин 2019-жылдын 18-февралындагы № 1 буйругу менен бекитилген)
Токой мыйзамдарын бузгандыгы үчүн адамдарды жоопкерчиликке тартуунун натыйжасында келип түшкөн каражаттар токойлорду эсепке алуу, коргоо, сактоо, токой өстүрүү, жаңыртып өстүрүү жана токойлордун өнүмдүүлүгүн жогорулатуу иш-чараларына жана келтирилген зыяндын ордун толтурууда өндүрүлгөн доолордун суммасынын 50 пайызы өлчөмүндөгү сыйакы катарында мыйзам бузуу фактыларын тапкан адамдарга (протоколдорду түзүүчүлөргө) төлөп берүүгө багытталат.
(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178, 2014-жылдын 13-мартындагы № 43, 2021-жылдын 23-мартындагы № 40, 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
76-статья. Мамлекеттик токой коргоонун кызмат адамдарын мамлекеттик коргоо
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик токой коргоонун кызмат адамдары мамлекеттик коргоого алынат.
77-берене. Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде биотехникалык иш-чараларды жүргүзүү
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой фондунун бардык аймактарында жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүн туруктуу өстүрүү үчүн белгиленген тартипте биотехникалык иш-чаралары жүргүзүлөт.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
78-берене. Мамлекеттик токой фондун токой өрттөрүнөн сактоо
Мамлекеттик токой фондунда, мамлекеттик токой коргоо кызматкерлери тарабынан жарандар менен юридикалык жактардын өрт коопсуздугунун эрежелерин жана талаптарын сактоосуна көзөмөлдүк жүргүзүү максатында, ошондой эле аларды бузууга бөгөт коюу максатында мамлекеттик өрт көзөмөлү ишке ашырылат.
Мамлекеттик токой фондусунун участокторунда жана мамлекеттик токой фондусуна чектеш жерлерде жумуш жүргүзгөн токойду пайдалануучулар жана башка жарандар менен юридикалык жактар, ошондой эле мамлекеттик токой фондусуна жана мамлекеттик токой фондусуна кирбеген токойлордо маданий-массалык жана башка иш-чараларды өткөрүү үчүн жооптуу адамдар өрт коопсуздугунун талаптарын жана эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык, мүлктүк жана башка жоопкерчиликке тартылышат.
Профилактикалык жана өрткө каршы иш-чаралар мамлекеттик токой фондунун аймактык башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте ишке ашырылат.
Мамлекеттик токой коргоо кызматкерлери өрттү өчүрүү убагында транспорт каражаттарынын, байланыштын бардык түрлөрүнөн акысыз пайдаланууга, ошондой эле жергиликтүү калкты өрт өчүрүүгө тартууга укуктуу.
Мамлекеттик токой фондусун өрттөн сактоонун милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдар өрт коркунучу туулган мезгилде аба ырайынын суткалык, айлык жана мезгилдик прогноздору, токой фондусундагы өрт коркунучунун прогноздору менен акысы.з камсыз кылынат.
Мамлекеттик мамлекеттик токой фондусун жана мамлекеттик токой фондусуна кирбеген токойлорду өрттөн коргоо, зыянкечтерден жана токой илдеттеринен сактоо үчүн авиациялык коргоо пайдаланылышы мүмкүн. Мамлекеттик токой фондунун авиациялык коргоо зоналары жана аны жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 40, 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын токойлорундагы өрт коопсуздук Эрежелери (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин 2019-жылдын 18-февралындагы № 1 буйругу менен бекитилген)
79-берене. Токойлорду токой укуктарын бузуулардан коргоо
Жеке жана юридикалык жактар укук бузуулардын төмөнкү түрлөрүн жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш:
- токойду пайдаланууда, ошондой эле токойду пайдалануу менен байланышпаган иштерди жүргүзүүдө белгиленген тартиптердин жана эрежелердин бузулушун;
- дарактарды жана бадалдарды, токой өсүмдүктөрүн, дарактардын жаңы өнүмдөрүнүн жана жаш дарактардын мыйзамсыз кыйылышын, жок кылынышын жана зыян келтирилишин;
- токойду химиялык жана радиоактивдүү заттар, өндүрүштүк калдыктар жана булганыч суулар, өнөр жайлык жана коммуналдык-тиричиликтик ыш-түтүн, калдыктар жана чириндилер менен булганышын;
- мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануунун белгиленген тартибинин бузулушун;
- токой күтүүнүн жана токой чарбачылыгынын чектөөчү белгилерине зыян келтирүүнүн жана алардын жок кылынышын;
- пайдалуу фаунанын жок кылынышын жана башка токой укуктарынын бузулушунун алдын алуу, ачуу жана токтотуу жүктөлөт;
"- жерлерди пайдалануу эрежелерин, анын ичинде жерлерди пайдалануунун жаратылышты коргоо режиминин талаптарынын бузулушун;
- өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузулушун;
- токойлорду калыбына келтирүү жана жакшыртуу эрежелеринин бузулушун;
- токойду калыбына келтирүү эрежелеринин бузулушун;
- токойду өрттөө жолу менен же болбосо отко же башка жогорку коркунучтагы булакка текебердик, этиятсыздык менен мамиле кылуунун натыйжасында жок кылуунун же зыянга учуратуунун;
- санитардык эрежелерди бузуунун алдын алуу, ачуу жана токтотуу жүктөлөт.
Мамлекеттик токой фондунун аймактык башкаруу органдары токойду токой укуктарынын бузулушунан сактоо иш-чараларын жүзөгө ашырууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жардамы менен камсыз кылышат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
80-берене. Токойлорду зыянкечтерден, илдеттерден жана башка терс факторлордон сактоо
Токойлорду сактоо алардын табигый өзгөчөлүктөрүн, максаттуу багытын эске алуу менен жүзөгө ашырылат жана токойлордун туруктуулугун жогорулатууга, токойлорду жок кылуудан, бузулуудан, начарлоодон, булгануудан келүүчү зыянды болтурбоого, токой зыянкечтеринен жана илдеттеринен, табигый жана антропогендик мүнөздөгү башка зыяндуу таасирлерден токой чарбачылыгындагы жоготууларды азайтууга багытталган иш-чаралардын тутумун билдирет.
Токойлорду сактоо өзүнө төмөнкүдөй иш-чараларды камтыйт:
- токойлорду зыянкечтерден жана илдеттерден сактоо боюнча профилактикалык иш-чараларды долбоорлоо жана жүргүзүү;
- санитардык-ден соолукту чыңдоочу иш-чаралар;
- токойдун зыянкечтеринин, илдеттеринин очокторунда жок кылуу иш-чараларын долбоорлоо жана жүзөгө ашыруу;
- токой патологиясына мониторинг жүргүзүү;
- атайын экспедициялык токой патологиясын изилдөөлөр;
- токойду сактоо боюнча ченемдик талаптардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү.
Токойлорду сактоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
81-берене. Мамлекеттик токой фондуна кирбеген тигилген дарактарды коргоо, сактоо жана иш-аракеттери токойлордун абалына жана аларды жаңыртып өстүрүүгө таасир этүүчү уюмдардын жана жарандардын милдеттери
Мамлекеттик токой фондуна кирбеген тигилген дарактарды коргоону жана сактоону алар өскөн жерлердин менчик ээлери жана ал жерлерди пайдалануучулар, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялар камсыз кылат.
Токойлордун абалына жана жаңыртылып өстүрүлүшүнө иш-аракеттери таасир этүүчү уюмдар жана жарандар, токой чарбасын башкаруучу мамлекеттик органдарга тигилген дарактарды коргоонун жана сактоонун абалы жөнүндө үзгүлтүксүз кабарлап турууга, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдар жана жаратылышты коргоо органдары менен макулдашып, токойлорду коргоого жана сактоого багытталган технологиялык, санитардык жана башка иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттүү болушат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
VI БӨЛҮМ МАМЛЕКЕТТИК ТОКОЙ ФОНДУНА БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮ, АНЫН ЭСЕБИН АЛУУ, ТОКОЙ КАДАСТРЫ ЖАНА ТОКОЙЛОРДУ КҮТҮҮ, ТОКОЙ ЧАРБАЧЫЛЫГЫН ПЛАНДАШТЫРУУ
17-Глава Мамлекеттик токой фондуна байкоо жүргүзүү, анын эсебин алуу, токой кадастры жана токойлорду күтүү
82-берене. Токойлорду улуттук инвентаризациялоо жана токой мониторинги
Токойлорду улуттук инвентаризациялоо токой саясатынын жана токой баскан жерлердин аянттарын жер фондунун категориялары боюнча бөлүштүрүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жер отчетунун негизи болуп саналат.
Токойлорду улуттук инвентаризациялоо мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жана мамлекеттик токой фондуна кирбеген жерлерде жайгашкан Кыргыз Республикасынын токойлорунда жүргүзүлөт.
Токойлорду улуттук инвентаризациялоо жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Токойлордун мониторинги токойлорду натыйжалуу коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлордун абалына жана өзгөрүү динамикасына байкоо жүргүзүү, баа берүү жана прогноздоо тутумун билдирет.
Токой мониторингин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
83-берене. Мамлекеттик токой фондунун эсебин алуу жана токой кадастры
Мамлекеттик токой фондунун эсебин алуу жана токой кадастры жүргүзүлөт:
- мамлекеттик токой фондун коргоону, сактоону, жаңыртып өстүрүүнү жана сарамжалдуу пайдаланууну уюштуруу үчүн;
- парник газдарынын эмиссиясына жана токойлордун аларды сиңирүүсүнө баа берүү жана контролдоо үчүн;
- мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордун сандык жана сапаттык өзгөрүүлөрүн тутумдук контролдоо үчүн;
- кызыкдар уюмдарды жана жарандарды мамлекеттик токой фонду жөнүндө так маалыматтар менен камсыздоо үчүн.
Токой кадастры төмөнкүлөрдү камтыйт:
- мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордун укуктук режими жөнүндө маалыматтардын тутумун;
- мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордун абалы жөнүндө сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрдү;
- парник газдарынын эмиссиясын жана токойлордун аларды сиңирүүсүн инвентаризациялоо жөнүндө маалыматтар тутумун;
- токойлорду корголуу категорияларына бөлүүнү, аларды экономикалык баалоону жана токой чарбачылыгын жүргүзүү жана чарба ишинин натыйжаларын баалоо үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды.
Мамлекеттик токой фондунун эсебин алуу жана токой кадастры токой жайгаштыруу материалдарынын, Кыргыз Республикасы үчүн бирдиктүү тутум боюнча инвентаризациялоонун жана атайын изилдөөлөрдүн негизинде токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
Мамлекеттик токой фондун эсебин алуунун жана токой кадастрынын документтери мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган жана токой чарба мекемеси тарабынан жүргүзүлөт.
Мамлекеттик токой фондунун эсебин алуу жана токой кадастры Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүргүзүлөт.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-мартындагы № 111 "Токой фондун эсепке алуунун бирдиктүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
84-берене. Токой күтүү
Токой күтүү токой чарбачылыгын жана токойду пайдалануу сарамжалдуу жүргүзүүнү, токойлорду натыйжалуу коргоону жана сактоону, жаңыртып өстүрүүнү камсыз кылууга, токой чарбасында бирдей илимий-техникалык саясатты ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын тутуму болуп саналат.
Токой күтүү төмөндөгүлөрдү:
- мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлордун аймактарынын чек араларын жана алардын чарбалык ички уюштурулушун аныктоону;
- топографиялык-геодезиялык иштерди жана жердин космостук сүрөттөрүн пайдалануу менен атайын картага түшүрүүнү аткарууну;
- токойлордун түрлөрүн жана жаш курагын, абалын, алардын сапаттык жана сандык мүнөздөмөлөрүн аныктоо менен инвентаризациялоону;
- багуу иретиндеги кыюу, санитардык жана токойду калыбына келтирүү үчүн кыюу, чарбалык жактан анча баалуу болбогон тигилген токой дарактарын реконструкциялоого байланыштуу кыюу иштерин жүргүзүүгө муктаж болгон токойлордун участокторун айкындоону;
- токойлорду коргоо жана сактоо, токойду калыбына келтирүү, токой тигүү жана токой өстүрүү, мелиорациялоо жана башка токой чарба жумуштары боюнча иш-чараларды пландоону, ошондой эле алардын көлөмүн, ыкмаларын жана аларды жүргүзүүнүн тартибин аныктоону;
- токойлорду корголуу категорияларына бөлүүнү негиздөөнү жана токойлорду корголуунун бир категориясынан экинчисине которуу боюнча сунуштарды даярдоону;
- өнөр жайлык плантацияларды кыюу боюнча эсептелген ачык тилкелердин көлөмүн, токойду багуу иретиндеги кыюунун, санитардык кыюунун, анча баалуу болбогон токой дарактарын реконструкциялоо менен байланышкан кыюунун өлчөмдөрүн эсептеп чыгууну;
- токойду пайдалануунун жана экинчи даражадагы токой ресурстарын даярдоонун өлчөмдөрүн, токой фондусун аңчылык чарбасынын муктаждыгын, маданий - ден соолукту чыңдоо, туристтик жана спорттук максаттарда пайдалануунун көлөмүн аныктоону;
- токой биологиясы жана башка изилдөөлөр жана иликтөөлөрдү;
- токой чарбачылыгын уюштуруу жана өнүктүрүү боюнча негизги жоболорду түзүүнү;
- токой чарбасын уюштуруу жана өнүктүрүү долбоорлорун иштеп чыгууну;
- токой күтүүдө иштелип чыккан долбоорлордун ишке ашырылышына автордук көзөмөлдү жүргүзүүнү;
- токой күтүүнүн башка аракеттерин камтыйт.
Токой жайгаштыруу материалдары жерге жайгаштыруу органдары менен макулдашылат, токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан бекитилет жана токой чарбачылыгын жүргүзүү жана токойду пайдаланууну ишке ашыруу, токой чарбачылыгын өнүктүрүүнү учурдагы жана келечектеги пландаштыруу жана прогноздоо үчүн негизги уюштуруучулук-чарбалык документтер болуп саналат.
Мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлорду жайгаштыруу республикалык бюджеттен, бюджеттен тышкары булактардан каржыланат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Кыргыз Республикасынын токой жайгаштыруу жөнүндө жобосуна ылайык жүргүзүлөт.
(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 , 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
85-статья. Токой күтүү долбоорлору
Мамлекеттик токой фондусунда токой күтүүнү жүргүзүүдө токой чарбасын алып барууга комплекстүү баа берилген токой күтүү долбоорлору түзүлөт. Токой күтүүнүн долбоорлорун жана токой күтүүнүн башка документтерин токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган бекитет жана токой чарбасын жүргүзүү учурундагы жана келечектеги пландоо мамлекеттик токой фондусун пайдаланууну прогноздоо жана токой чарбалык иштерин каржылоо үчүн милдеттүү ченемдик - техникалык документтер болуп саналат.
86-берене. Токой жайгаштырууну жүргүзүү тутуму
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой фондунун аймагында токой жайгаштыруу токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын токой жайгаштыруу уюмдары тарабынан жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү токой жайгаштырууну жүргүзүүнүн тартибинде каралган учурларды кошпогондо, токой жайгаштырууну жүргүзбөстөн токой чарбачылыгын жүргүзүүгө жана токойду пайдаланууга салынат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
87-берене. Долбоорлоо-иликтөө жумуштары
Долбоорлоо-иликтөө жумуштары, токой өстүрүү, токой чарбачылык объекттерин долбоорлоого багытталган иш-чаралардын тутуму болуп саналат.
Долбоорлоо-иликтөө жумуштары, токойду калыбына келтирүү, токой өстүрүү, токой көчөттөрүн өстүрүү, трассаларды, каналдарды, жолдорду салуу, кордондорду жана башка курулуштарды куруу үчүн мамлекеттик токой фондунун участокторун жана башка жерлерди айкындайт.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
88-берене. Мамлекеттик токой фонду жөнүндө маалымат
Мамлекеттик токой фонду жөнүндө маалымат мамлекеттик мамлекеттик токой фондунун эсебин алуунун маалыматтарын, мамлекеттик кадастрдын, токой мониторингинин, токой күтүүнүн маалыматтарын жана токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын же ага баш ийген уюмдардын, өз иш милдеттерин аткарууда алынган башка маалыматтарын камтыйт.
Мамлекеттик токой фонду жөнүндө маалыматтык материал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчиги болуп саналат жана жарандар менен юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген шарттарда жана тартипте берилет.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-Глава Токой чарбачылыгын пландаштыруу
(Глава КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
VII БӨЛҮМ ТОКОЙЛОРДУ ЖАҢЫРТЫП ӨСТҮРҮҮ
19-Глава Токойлорду жаңыртып өстүрүү
91-берене. Токойлорду калыбына келтирүү
Мамлекеттик токой фондунун токойлуу жерлеринде токойлорду калыбыңа келтирүү төмөндөгү талаптарды:
- токой өсүмдүктөрүнүн өсүү шарттарын эске алуу менен токою кыркылган жерлерге чарбалык жактан баалуу дарактардын түрлөрүн милдеттүү түрдө отургузууну камсыз кылууну;
- токойду калыбына келтирүү иштери үчүн биринчи кезекте дарактар жана бадалдар өспөгөн токой жерлерин бөлүп берүүнү;
- токойлордун түрлөр курамын жакшыртуу жана алардын өнүмдүүлүгүн, коргоочу жана чөйрө түзүүчү касиеттерин жогорулатууну;
- токойлордун генетикалык фондун жана биологиялык көп түрдүүлүгүн сактоону аткаруу менен ишке ашырылат.
Токою кыйылган жерлерди жана токой өсүмдүктөрү өспөгөн токой жерлеринин башка категорияларын токойлоштуруунун тартиби жана мөөнөттөрү токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. Токойду кайра калыбына келтирүү үчүн жоопкерчилик мамлекеттик токой фондунун менчик ээлерине же алар ыйгарым укук берген жактарга жана мамлекеттик токой фондунун участокторун пайдалануучуларга жүктөлөт.
Токойду кайра калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүгө, токойду пайдалануучулар токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган белгилеген тартипте катыша алышат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
92-берене. Токой өстүрүү
Кыргыз Республикасынын аймагынын токойлуулугун көбөйтүү, эрозия процесстеринин алдын алуу жана экологиялык кырдаалды жакшыртуу максатында мамлекеттик токой фондунун токой өспөгөн жерлеринде жана башка жерлерде токойлорду өстүрүү жүргүзүлөт.
Токойлорду өстүрүү боюнча жумуштар белгиленген тартипте бекитиле турган атайын программалар жана долбоорлор боюнча ишке ашырылат жана токой чарбачылыгын башкаруучу органдарга жүктөлөт.
Токойлуулукту көбөйтүү, дарыялардын, көлмөлөрдүн жээктерин токойлоштуруу үчүн жана башка зарыл болгон учурларда мамлекеттик токой фондунун жерлеринин курамына башка категориядагы жерлер, баарыдан мурда айыл чарбасында пайдаланууга жараксыз жерлер (жарлар, коолор, кумдак жана башка жерлер), ошондой эле дарак жана башка бадал өсүмдүктөрү өскөн запастагы жерлер которулушу мүмкүн. Башка категориядагы жерлерди токой фондусунун жерлеринин курамына которуу Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
93-берене. Плантацияларды түзүү
Дарак жана дарак-бадал өсүмдүктөрүнүн белгилүү түрлөрүнүн (максаттуу түрлөрүнүн) плантациялары коммерциялык ишти жүзөгө ашыруу максатында же жеке пайдалануу үчүн түзүлөт.
Дарак жана дарак-бадал өсүмдүктөрүнүн белгилүү түрлөрүнө (максаттуу түрлөрүнө) жасалма өстүрүлгөн дарактар кирет, алардын эсебинен белгиленген мүнөздөмөлөрү бар жыгачтарды, мөмө-жемиштерди алуу камсыздалат.
Плантациялар мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде түзүлүшү мүмкүн.
Плантацияларды түзүү үчүн жер участоктору ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилет.
Плантацияларда дарактарды кыюуга, мөмө-жемиштерди жыйноого чектөөсүз жол берилет.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
VIII БӨЛҮМ ТОКОЙ ТАЛАШТАРЫН ЧЕЧҮҮ ЖАНА ТОКОЙ МЫЙЗАМДАРЫН БУЗГАНДЫК ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК
20-Глава Токой талаштарын чечүү жана токой мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
94-берене. Токой талаштарын чечүү
Юридикалык жактардын жана жарандардын ортосундагы токойлорду коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана пайдалануу жагындагы талаштар, сот тарабынан чечилет.
Токой чарбасын башкаруучу малекеттик органдар, токой мыйзамын бузуулар боюнча иштер соттордо каралганда мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат.
Мамлекеттер ортосундагы токой талаштары тараптардын макулдащуусунда аныкталган тартипте чечилет.
(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
95-статья. Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарын бузуу менен түзүлгөн бүтүмдөрдүн жараксыздыгы
Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарын бузуу менен түзулгөн келишимдер жараксыз болот жана аларга карата Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын бүтүмдөрдүн жараксыздыгы жөнүндөгү ченемдери колдонулат.
96-берене. Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Укук бузуулар үчүн жазапулдар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бекиткен тартипте, токой чарбасын башкаруучу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан салынат.
Мамлекеттик токой фондунун участогун уруксатсыз алгандыгы (ээлегендиги) үчүн жазык жоопкерчилигине тартылган адамдар, көрсөтүлгөн мөөнөттө аталган участокторду бошотуп берүүгө тийиш.
(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43, 2021-жылдын 23-мартындагы № 40, 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
97-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой фондуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу
Юридикалык жана жеке жактар, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар мамлекеттик токой фондуна келтирилген зыяндардын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толтуруп берүүгө милдеттүү.
(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43, 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
IX БӨЛҮМ ТОКОЙ ЧАРБАЧЫЛЫГЫН КАРЖЫЛОО, ЖОГОТУУЛАРДЫН ЖАНА ЧЫГАШАЛАРДЫН ОРДУН ТОЛТУРУУ
21-Глава Токой чарбачылыгын каржылык-экономикалык жактан камсыздоо
98-берене. Токой чарбачылыгын каржылоо
Мамлекеттик токой фондун коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы мамлекеттик башкарууга жана токой чарбачылыгын жүргүзүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана бюджеттен тышкары булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
(Бөлүк КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
98-1-берене. Экосистемалык кызмат көрсөтүүлөргө экономикалык баалоону колдонуу
Токой экосистемалары экономикалык жактан бааланууга тийиш, ал төмөнкүлөр үчүн колдонулат:
- токой экосистемаларынын Кыргыз Республикасынын экономикасына кошкон салымын аныктоо;
- токой экосистемаларынын абалынын өзгөрүшүнө алып келүүчү иш-аракеттерден/кийлигишүүдөн болуучу пайданы аныктоо;
- токой экосистемалары менен байланышкан чыгымдарды жана пайданы бөлүштүрүү;
- токой экосистемаларын сактоо үчүн потенциалдуу каржылоо булактарын аныктоо.
Токой экосистемаларынын кызмат көрсөтүүлөрүн экономикалык баалоо төмөнкүдөй негизги этаптарды камтыйт:
- экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн аныктоо;
- экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү экономикалык баалоо;
- кызмат көрсөтүүлөрдөн пайда алуучуларды аныктоо;
- экосистемалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө механизмдерин түзүү.
Экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү экономикалык баалоонун методикасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
99-берене. Токой чарбачылык фонду
Токой чарбачылык фонду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кирешелердин бюджеттен тышкары булактарынан каржыланат.
Фонддун каражаттары токой чарбачылыгын өнүктүрүүгө, токой экосистемаларын жана токойдун биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого, токой чарбачылыгы жаатында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө пайдаланылат.
Токой чарбачылык фонду жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
22-Глава Чыгашалардын жана жоготуулардын ордун толтуруу
100-берене. Токой чарбачылыгынын чыгашалары жана жоготуулары
Ата мекендик инвесторлор тарабынан жүзөгө ашырылуучу суу сактагычтары жана плотиналары бар электр энергетикалык өндүрүштүк ири кубаттуулуктардын, чакан ГЭСтердин курулушуна которулуучу (трансформациялануучу) мамлекеттик токой фондунун жерлерин кошпогондо, мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлордо жеке жана юридикалык жактардын иштеринин натыйжасында пайда болгон токой чарбачылыгынын чыгашаларынын жана жоготууларынын орду толтурулууга тийиш.
Токой чарбачылыгынын чыгашаларынын жана жоготууларынын орду төмөнкү учурларда толтурулат:
- мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин, жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлордун участокторун мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюуда;
- мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлордун участокторун жер фондунун башка категорияларына которууда (трансформациялоодо);
- мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлорду токой чарбачылыгын жүргүзүүгө байланышпаган максаттарда пайдаланууда;
- юридикалык жана жеке жактардын ишинин натыйжасында Кыргыз Республикасынын токойлорунун жана мамлекеттик токой фондунун башка жерлеринин сапаттык абалы начарлаганда.
Токой чарбачылыгынын чыгашаларынын жана жоготууларынын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттар токойлорду коргоо, сактоо, өстүрүү, жаңыртып өстүрүү жана токойлордун өнүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн пайдаланылат.
Токой чарбачылыгынын чыгашаларын жана жоготууларын эсептөөлөр мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлордун нарктык баасы (ченемдик баасы) аркылуу жүргүзүлөт, алардын ордун толтуруунун методикасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Токой чарбачылыгынын чыгашаларынын жана жоготууларынын ордун толтурууга жана алардын өлчөмдөрүн аныктоого байланышкан талаштар сот тартибинде чечилет.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
101-берене. Токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
X БӨЛҮМ ТОКОЙ ЧАРБАЧЫЛЫГЫН БАШКАРУУЧУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ЖАНА АЛАРДЫН ҮЙ-БҮЛӨ МҮЧӨЛӨРҮНҮН СОЦИАЛДЫК ЖАКТАН КОРГОЛУШУ ЖАНА АЛАРДЫН КЕПИЛДИКТЕРИ
23-Глава Социалдык жактан коргоо жана кепилдиктер
102-берене. Токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жеңилдиктери
Токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдардын кызматкерлери акысыз кесиптик кийим менен, Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жана темир жол транспортторунда акысыз жүрүү укугу, жыл сайын 18 кызмат маянасынын (кошумча акылары менен) өлчөмүндө жөлөкпул алуу, жыл сайын эс алуу жана санаториялык - курорттук дарылануу үчүн бир жолу акысыз жолдомолорду алуу укугу менен, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын окуу жайларында акысыз окуу менен камсыз болушат.
Караңыз:
Токой өнөр жайынын жана токой чарбасынын узартылган негизги отпуск берилүүчү кызматкерлеринин Тизмеси (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 20-сентябрындагы N 504 токтому менен бекитилген)
103-берене. Кызматтык маянасына кошумча төлөөлөр
Токой чарбасын башкаруучу мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн кызматтык маяналарына кошумча төлөөлөр:
- класстык чендерине ылайык;
- токой чарбасын башкаруунун мамлекеттик органдарындагы иш стажы боюнча;
- иш шарттарынын регионалдык өзгөчөлүктөрүнө жараша (бийик тоолуу, алыстагы ж.б.) белгиленет.
Кошумча төлөөлөрдүн өлчөмдөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаган болсо, токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгуучу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү атайын жободо белгиленет.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
104-берене. Токой чарбасын башкаруучу мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин класстык чендери
Токой чарбасын башкаруучу мамлекеттик органдардын бардык кызматкерлерине иш стажына жана ээлеген кызматына жараша класстык чендер берилет.
Класстык чендерди берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен жободо аныкталат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
105-берене. Токой чарбачылыгында эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо
Токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдар токой чарбачылыгынын бардык кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте техникалык коопсуздук эрежелерин сактоосун камсыз кылышат.
106-берене. Токой чарбачылыгын башкаруунун мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоону каржылык камсыз кылуу
Токой чарбачылыгын мамлекеттик башкаруунун органдарынын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо жана кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча иш-чараларды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
(КР 2019-жылдын 17-майындагы № 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
XI БӨЛҮМ КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР
24-Глава Токой мамилелери жагындагы эл аралык кызматташтык
107-статья. Токой мамилелери жагындагы эл аралык кызматташтыктын принциптери
Кыргыз Республикасы токой мамилелери жагындагы өз саясатында чет мамлекеттер менен достук мамилелердин жана өз ара жардам көрсөтүүнүн, жалпы экологиялык коопсуздуктун, эл аралык жаратылышты коргоо кызматташтыгын ар тараптан өнүктүрүүнүн негизинде токой ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну жана коргоону камсыз кылуунун зарылдыгына таянат.
108-статья. Токой мамилелери жагындагы эл аралык келишимдер
Эгерде токойду пайдалануу жана коргоо жагында Кыргыз Республикасы түзгөн же тааныган эл аралык келишимде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында камтылгандардан тышкары башка эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
25-Глава Ушул Кодексти колдонууга киргизүү
109-статья. Ушул Кодексти колдонууга киргизүү жөнүндө
Ушул Кодекс расмий жарыяланган күндөн тартып колдонууга киргизилет.
Төмөндөгүлөр:
- Кыргыз Республикасынын Токой кодекси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1993-жыл, № 6, 157-ст.);
- 1993 - жылдын 7 - майындагы № 1198 - XII (Кыргыз Республикасынын Токой кодексин бекитүү жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Ведомосттору, 1993 -жыл, № 6, 156 ст.);
- (Кыргыз Республикасынын Токой кодексине толуктоолор киргизүу жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Ведомосттору, 1997 -жыл, № 6, 230 -ст.).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Кодекске ылайык келтирүү тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Акаев |