Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 11 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-марты № 131
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 6, 2396-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары боюнча Өкмөттүн ишинин программаларын улантуучулукка.";
2) 4-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Программада Конституция жана мыйзамдар менен каралган Өкмөттүн негизги ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча стратегиялар, концепциялар жана пландар каралышы керек. Программада ошондой эле улантуучулук тартибинде программага киргизилген жоболорго көрсөтмөлөр камтылышы керек.";
3) 5-беренесинде:
1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы жана 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "15" деген цифралар "25" деген цифралар менен алмаштырылсын;
7-бөлүгүндөгү биринчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Фракциялар коалициясынын парламенттик көпчүлүк статусун жоготуусу иштеп жаткан Өкмөттүн отставкага кетүүсүнө жана ушул беренеде каралган тартипте жана мөөнөттө анын жаңы курамынын түзүлүшүнө алып келет.";
4) 6-беренесинин аталышы жана 1, 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-берене. Парламенттик көпчүлүктүн фракциялар коалициясын түзүү жана коалициялык макулдашуу
1. Өкмөттү түзүү үчүн зарыл болгон парламенттик көпчүлүктү калыптандыруу максатында парламенттик фракциялар парламенттик көпчүлүктүн фракциялар коалициясына биригүүсү мүмкүн (мындан ары - көпчүлүк коалициясы). Көпчүлүк коалициясына кирүү жөнүндө чечим фракциянын депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин макулдугу менен фракциянын жетекчиси (лидери) тарабынан кабыл алынат. Фракциянын чечими фракциянын токтому менен таризделет жана көпчүлүк коалициясына кирүү жөнүндө макулдук үчүн добуш берген фракциянын ар бир мүчөсүнүн колу коюлат.
2. Көпчүлүктүн коалициясынан чыгуу жөнүндө чечим фракциянын депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес бөлүгү менен фракция тарабынан кабыл алынат. Фракциянын чечими анын токтому менен таризделет жана чыгуу үчүн добуш берген фракциянын ар бир мүчөсү ага кол коёт.";
5) 7-беренесинин 3-бөлүгү "Өкмөт мүчөсү" деген сөздөрдөн кийин "эреже катары" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 8-беренесинде:
1-бөлүгүндө:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар болуп туруп башка мамлекеттин жарандыгы бар болсо;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) судьянын кызмат ордунан анын кынтыксыздык талаптарын бузгандыгына байланыштуу бошотулгандар.";
2-бөлүгүндө:
- 1-пункту "Жогорку Кеңештин" деген сөздөрдөн кийин "Премьер-министрден жана биринчи вице-премьер-министрден тышкары" деген сөздөр менен толукталсын;
- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) өзүнүн кызматтык абалын жеке кызыкчылыктарына же өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жакын туугандарынын кызыкчылыктарына, же мүчөсү болуп эсептелген Өкмөттүн кызыкчылыктарына зыян келтирүү менен кандай гана түрдө болбосун пайдаланууга.";
7) 9-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "иш берүүчүнүн кызматтык турак жайына" деген сөздөр "кызматтык турак жай алууга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8) 10-беренесинин 1-бөлүгүндө:
- 2-пункту "мамлекеттин ички" деген сөздөргө чейин "Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген Өкмөттүн программаларын, ошондой эле Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын эске алуу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Өкмөттүн программасын ишке ашыруу үчүн Өкмөттүн стратегияларын, концепцияларын, пландарын жана башка программалык документтерди бекитет жана алардын аткарылышын камсыздайт;";
- 4-пункту "жүзөгө ашырат" деген сөздөрдөн кийин "жана жылына бир жолудан кем эмес аткарылган иштер жөнүндө отчетторду жарыялайт" деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пунктундагы "эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат; ушундай келишимдерди узартат же болбосо бузат" деген сөздөр "Өкмөттүн компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык өкмөттөр аралык келишимдерди жана эл аралык мамлекеттер аралык келишимдерди түзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат, ошондой эле мындай келишимдерди токтотуу, узартуу жөнүндө же мындай келишимдерди денонсациялоо жөнүндө чечимдерди кабыл алат; эл аралык ведомстволор аралык келишимдерди түзүүгө макулдук берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14) өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана ишке ашырат;";
- 26-1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 26-2-пунктундагы "институтун түзөт" деген сөздөр "институтун уюштуруу жана/же жоюу жөнүндө чечим кабыл алат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 35-1-пункт менен толукталсын:
"35-1) кесиптик майрамдардын жана эскерүү күндөрүнүн даталарын белгилейт;";
9) 13-беренесинде:
1-бөлүгүндө:
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1) жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш биринчи жыйналышта ыйгарым укуктарына киришкенде;";
- 3 жана 4-пункттарындагы "отставкасы" деген сөз "отставкасы жөнүндө чечим" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "15" деген цифралар "25" деген цифралар менен алмаштырылсын;
3-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "бир жолудан" деген сөздөр "эки жолудан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10) 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-берене менен толукталсын:
"14-1-берене. Өкмөттүн Президиуму
1. Ыкчам маселелерди чечүү үчүн Өкмөт Премьер-министрдин сунушу боюнча Өкмөттүн Президиумун түзүшү мүмкүн.
2. Өкмөттүн Президиумунун жыйналыштарын өткөрүү жана чечимдерин кабыл алуу тартиби Өкмөттүн регламенти менен аныкталат.";
11) 16-беренесинде:
2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Өкмөттүн Аппараты жөнүндө жобо жана Өкмөттүн Аппаратынын штаттык санынын чеги Өкмөт тарабынан бекитилет. Өкмөттүн Аппаратынын түзүмү Премьер-министр тарабынан бекитилет.";
3-бөлүгүндөгү "Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчиси - министр (мындан ары - Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчиси)" деген сөздөр "Өкмөт мүчөсү болуп саналган Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчиси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12) 18-беренесинде:
2-бөлүгүндө:
төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын:
"10-1) Коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин кошпогондо, Өкмөт мүчөсү менен, административдик ведомствонун жетекчиси менен белгилүү бир мезгилде ишинде конкреттүү натыйжаларга жетүү жөнүндөгү жекече макулдашууну түзүүгө укуктуу, аны бузуу ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотууга негиз болушу мүмкүн;";
21-пунктундагы "жергиликтүү кеңештердин сунушу боюнча" жана "мыйзамда каралган тартипте" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 23-1-пункт менен толукталсын:
"23-1) коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген Өкмөт мүчөлөрүн - мамлекеттик органдардын жетекчилерин кошпогондо, Өкмөттүн мүчөлөрүн Конституция жана ушул конституциялык Мыйзам менен белгиленген учурларда ээлеген кызмат ордунан бошотот;";
3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Премьер-министрдин чечимдерин тариздөө тартиби Өкмөттүн регламенти менен аныкталат.";
13) 24-беренесинде:
3-бөлүгүндө:
- биринчи абзацы "боюнча Президент" деген сөздөрдөн кийин "же ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык Премьер-министр" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-14-пункттар менен толукталсын:
"11) ишеним жоготкондо;
12) Өкмөттүн мүчөсү Премьер-министрге өз каалоосу боюнча ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө кайрылганда;
13) анын иши саясий жетекчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан кабыл алынган чечимдерге жана саясатка шайкеш келбегенде;
14) Премьер-министр менен түзүлгөн жекече макулдашуунун шарттарын аткарбаганда.";
4-бөлүгүндө:
- биринчи абзацындагы "үч күндүк мөөнөттө" деген сөздөр "беш жумуш күндүн ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи абзацындагы "ал кызмат ордунан бошотулду деп эсептелет" деген сөздөр "Премьер-министр парламенттик көпчүлүктүн фракция лидерлери менен кеңешкенден кийин өзүнүн чечими менен Өкмөт мүчөсүн ээлеген кызмат ордунан бошотууга укуктуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Өкмөттүн мүчөсү отставкага кеткенде же кызматынан бошотулган учурда Премьер-министр беш жумуш күндүн ичинде ушул берененин 7-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, бош кызмат ордуна талапкерди Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет. Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылган талапкер Өкмөт мүчөсүнүн тиешелүү кызмат ордуна Президент тарабынан дайындалат. Эгерде талапкерди жактыруу жөнүндөгү Жогорку Кеңештин чечими алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Президент Өкмөт мүчөсүн дайындоо жөнүндөгү жарлыкты чыгарбаса, ал дайындалды деп эсептелинет.";
төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Жогорку Кеңештин сессияларынын ортосундагы мезгилде Өкмөт мүчөсү отставкага кеткенде же кызмат ордунан бошотулган учурда, бош кызмат ордуна талапкерлик Премьер-министр тарабынан кезектеги сессиянын биринчи жумуш күнүнөн тартып беш жумуш күндүн ичинде киргизилет.";
14) 27-беренесинде:
1-бөлүгүндөгү "Райондордо" деген сөз "Мыйзам менен аныкталган, административдик-аймактык бирдиктерде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "райондун" деген сөз "административдик-аймактык бирдиктин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
15) 30-беренесинде:
2-бөлүгү "администрациялык ведомстволордун" деген сөздөрдөн кийин ", жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Өкмөткө баш ийген башка органдардын жана уюмдардын" деген сөздөр менен толукталсын;
3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Президент дипломатиялык кызмат жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген тартипте Премьер-министр менен макулдашуу боюнча:
- чет мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындайт;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн, туруктуу өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин уюштурат.";
5 жана 5-1-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
16) 31-беренесинде:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацы "туруктуу өкүлүнөн" деген сөздөрдөн кийин "же башка ыйгарым укуктуу адамдардан" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:
"3-1. Премьер-министр Өкмөт мыйзам менен макул болбогон учурда республикалык бюджет, салыктар жөнүндө мыйзамдарды кол койбостон кайтаруу жөнүндө Президентке кайрылат.";
17) 40-беренесинде:
1-бөлүгүндөгү "адам укуктары боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
2-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилгенге чейин Өкмөттүн расмий Интернет-порталына жарыялоону камсыз кылуу менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |