Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-марты № 134
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Э.Мавлянова тарабынан демилгеленген "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-мартындагы № 134 токтому менен жактырылган |
"Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Э.Мавлянова тарабынан демилгеленген "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктуна жана 2-пунктунун алтынчы абзацына көзөмөлчүлүк кеңешинин ыйгарым укуктарына социалдык чөйрөдөгү мекемелерге келип түшкөн бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга көмөктөшүү жана чыгымдар сметасынын аткарылышын контролдоо маселелерин киргизүү сунушталган.
Айта турган нерсе, "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык көзөмөлчүлүк кеңеши юридикалык статуска ээ эмес, жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүүчү, мамлекеттик же муниципалдык мекемелерди тең башкаруучу орган болуп эсептелет. Социалдык кызмат көрсөтүүлөр деп - жарандарга алардын жашоо шарттарын жакшыртуу жана өзүнүн негизги муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында билим берүү, маданият, социалдык коргоо жана саламаттык сактоо тармактарында көрсөтүлүүчү кызматтар түшүнүлөт.
Ошондой эле, "Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын негизги максаты болуп республикалык бюджетти пайдалануунун натыйжалуулугуна аудит жана республикалык бюджеттин аткарылышына баа берүү саналат. Мында, аталган Мыйзамдын 5-беренесине ылайык, Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларынын, уюмдарынын жана мекемелеринин мамлекеттик аудитору болуп саналат.
Мындан тышкары, "Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 6-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы республикалык бюджетти аткаруу процессинде бюджеттик ассигнованиелердин иш жүзүндөгү сарпталышын оперативдүү контролдоого, бюджеттен четтөөлөрдү жана бузууларды аныктап, аларды жоюу боюнча сунуштарды берүүгө укуктуу.
Ушул айтылгандарды эске алуу менен, Мыйзамдын долбоорунун 1-пунктун жана 2-пунктунун алтынчы абзацын алып салууну сунуштайбыз.
2. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинде, көзөмөлчүлүк кеңешине туруктуу жана/же убактылуу комиссиянын, жумушчу топтордун иштеринин жыйынтыктары боюнча, Кыргыз Республикасынын финансылык-чарбалык иш чөйрөсүндөгү жана колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерин бузуулар болгон учурда социалдык чөйрөдөгү мекемелердин кызмат адамдарына, кызматкерлерине карата тийиштүү чараларды көрүү жөнүндө, ошондой эле ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органга сунуш киргизүү укугун берүү сунушталган.
Белгилеп коюучу нерсе, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык, республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин Кыргыз Республикасынын билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, ал эми жергиликтүү бюджеттен каржылануучу уюмдардыкын - билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун региондук органы дайындайт.
Маданият жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ведомстволук мекемелердин жетекчилерин кызматка дайындоо жана кызматынан бошотуу тийиштүү ыйгарым укуктуу органдын кадрлар номенклатурасына ылайык ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан ишке ашырылат.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык эмгек тартибин бузгандыгы үчүн, башкача айтканда кызматкер өзүнө тапшырылган эмгектик милдеттерин өзүнүн күнөөсү боюнча мыйзамсыз аткарбаганы же тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн иш берүүчү ага тартиптик жаза колдонууга укуктуу.
Ушуга байланыштуу бул ченемди жогоруда аталган мыйзамдарды эске алуу менен кайрадан карап чыгууну сунуш кылабыз.
3. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин экинчи абзацында, бул долбоор кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын Мыйзамга ылайык келтирүүнү тапшыруу сунушталган.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Ал эми каралып жаткан Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда кайрадан каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө мыйзам долбоорунда жана негиздеме-маалымкатта көрсөтүлгөн эмес.
Ошого байланыштуу негиздеме-маалымкатка "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынганына байланыштуу иштелип чыгууга, күчүн жоготту деп эсептелүүгө же өзгөртүлүүгө тийиш болгон ченемдик укуктук актылардын тизмеси жөнүндө маалыматты киргизүүнү же долбоордун 2-беренесинин экинчи абзацын алып салууну сунуш кылабыз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул Мыйзамдын долбоорун ушул корутундуда айтылган эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууга болот деп эсептейт.