КР 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2003-жылдын 28-октябры № 219
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын граждандарынын жалпыга тиешелүү аскердик милдети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу
1-статья
"Кыргыз Республикасынын граждандарынын жалпыга тиешелүү аскердик милдети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1993-ж., N 3, 86-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
35-статья төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Бир окуу жайынан экинчисине которулганда, жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын аскерге чакырылуу мөөнөтүнүн узартылышы сакталат".
2-статья
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айдын ичинде өз ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти А.Акаев
2003-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
тарабынан кабыл алынган