Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 145 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттарды сактоо ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставынын талаптарына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттарды (мындан ары - атайын каражаттар) сактоо менен байланышка маселелерди регламенттейт.
2. Атайын каражаттар болуп Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн куралдануусунда турган жана аскер кызматчылары тарабынан белгилүү бир максаттарга жетүү үчүн колдонулуучу техникалык буюмдар (түзүлүштөр, предметтер, заттар) жана кызматтык жаныбарлар саналат, алардын негизги багыты адамга же болбосо кандайдыр бир материалдык объектилерге карата түздөн-түз мажбурлоочу күчтү колдонуу болуп саналат.
3. Атайын каражаттарды сактоо бул максаттар үчүн атайын жабдылган, алардын сакталышын, сактоонун коопсуздугун камсыз кылган жана башка адамдардын санкцияланбаган кирүүсүн болтурбаган жайларда ишке ашырылууга тийиш.
4. Атайын каражаттарды сактоо аймагы кайтаруунун жана өрт коопсуздугунун техникалык каражаттары менен жабдылат.
5. Атайын каражаттарды сактоого карата талаптар анын багытталышына жараша атайын каражаттарды колдонуу жана сактоо каралган мамлекеттик органдардын чечимдери менен аныкталат.
6. Атайын каражаттардын сакталышы үчүн жоопкерчилик атайын каражаттар менен жабдууну, аларды кабыл алууну, берүүнү жана эсепке алууну жетектеген тиешелүү кызмат адамдарына жүктөлөт.
7. Атайын каражаттарды сактоону уюштуруу боюнча негизги иш-чаралар болуп төмөнкүлөр саналат:
- кампа жайларын мүлктүн түрү боюнча туура жайгаштыруу, орнотуу, жабдуу, күтүү жана адистештирүү;
- сактоочу аймакты (кампалар, бөлмөлөр, жайлар, сактоочу жайлар) рационалдуу пландоо жана жабдуу;
- тосмолордун оңдугу жана сактоочу аймакты ишенимдүү кайтаруу;
- бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук жаатындагы жетектөөчү документтердин талаптарына ылайык сакталуучу мүлктү так эсепке алуу;
- атайын каражаттардын ар бир түрү үчүн сактоого зарыл болгон шарттарды түзүү (абанын температурасы, салыштырмалуу нымдуулук, жайларды желдетүү жана жарыктандыруу) жана санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо;
- сактоодогу мүлктүн абалын дайыма байкоо жана анын сакталышын камсыздоочу иш-чараларды өз убагында жүргүзүү (ордунан которуу, тазалоо, кургатуу, техникалык тейлөө, кайра консервациялоо жана техникалык каражаттарды сыноо, зыянкечтер менен күрөшүү ж.б.);
- жалпы жана өрткө каршы коргоону тиешелүү түрдө уюштуруу, өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоо.
8. Атайын каражаттарды жайгаштырууну жана сактоону уюштуруу күжүрмөн даярдыкты жана күчтөрдү, каражаттарды эң аз сарптоо менен атайын каражаттарды кыска мөөнөттө массалык түрдө жүктөө жана аскер кызматчыларына берүү жөндөмүн камсыздашы керек.
9. Атайын каражаттарды сактоо үчүн сактоочу аймакта атайын шкафтар, металл ящиктер же текчелер каралышы керек.
10. Кызматтык жаныбарларды кармоо эрежелери атайын каражаттарды колдонуу каралган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин чечими менен белгиленет.
11. Эсепке алуу жана отчеттуулук аскердик бөлүктүн тиешелүү кызматтарынын кабыл алынган чыгымдарды эсепке алуу документтери боюнча жүргүзүлөт.
12. Атайын каражаттар уурдалган, жоголгон учурда уурдалган же жоголгон жагдайлар жөнүндө маалымат тиешелүү кызмат адамдары тарабынан укук коргоо органдарына жиберилет. Атайын каражаттар бузулган же иштен чыккан учурда келтирилген чыгымдын өлчөмүн жана күнөөлүү адамдарды аныктоо максатында кызматтык териштирүү дайындалат.
13. Уурдалган, жоголгон, бузулган, иштен чыккан же андан ары пайдаланууга жараксыз деп таанылган атайын каражаттар бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук жаатындагы ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипке ылайык аскердик бөлүктөрдүн эсебинен чыгарылат.