Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 145
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан тышкары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттардын тизмеси, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттарды сактоо тартиби, 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
Улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан тышкары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттардын ТИЗМЕСИ
1. Резина таяктары (ПР-73)
2. "Робокоп" тибиндеги массалык тартип бузууда соккудан коргонуучу костюм
3. 12 мм помпа мылтыгы
4. 12 мм резина октору
5. Калкан (түзсүз, металл)
6. Электршокер
7. Калкан БЗТ-75
8. Пластик кол кишендери
9. БР-2 буюму (кол кишен)
10. 38 мм КС карабини
11. 38 мм металл эмес картечи менен резина октору
12. Жарык-үн чыгаруучу кол гранаталар
13. "Пламя-М" жарык-үн чыгаруучу кол граната
14. Жаш агызуучу заты бар жарык-үн чыгаруучу кол граната
15. "Черемуха-10" тибиндеги аэрозоль чачыратмасы
16. "Ford Ranger" күжүрмөн машинасы
17. "Еж" тибиндеги автотранспортту токтотуучу түзүлүш
18. Ар түрдүү типтеги соот чопкуттар
19. Жеңилдетилген чопкуттар
20. Ок өтпөс кевлар шлемдери
21. "ВЭК-Грот" жардыруу техниктин коргоочу костюму
22. "Грот" сапердун коргоочу костюму
23. Ар түрдүү модификациядагы противогаздар
24. Ар түрдүү модификациядагы химиялык коргоо костюмдары
25. БТР-60 ПБ, БТР-70, БТР-70 У, БТР- 80 бронетранспортерлору
26. БРДМ-2 күжүрмөн чалгындоочу кайгуул машинасы
27. БМП-1, БМП-2 жөө аскердин күжүрмөн машинасы
28. Кызматтык жаныбарлар