Загрузка документа…
Лебединовка айылдык кеӊешинин
2023-жылдын 6-апрелиндеги № 17-2
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ЛЕБЕДИНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-январы № 14
Лебединовка айыл өкмөтүнүн турак-жай, коммуналдык тейлөө чарбасынын катуу тиричилик таштандыларды чыгаруу кызматынын тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31 беренесинин 14 пунктуна ылайык, Лебединовка айыл өкмөтүнүн турак-жай, коммуналдык тейлөө чарбасынын жетекчисинин катуу тиричилик таштандыларды чыгаруу кызматына тарифти жогорулатуу жөнүндөгү өтүнүчүн угуп жана талкуулап, чарбанын өздүк чыгымдарын жабуу максатында тарифти жогорулатуу керектигин эске алып, Лебединовка айылдык кеӊешинин 25 сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Лебединовка айылдык кеӊешинин 2018-жылдын 28-декабрындагы
№ 17 токтому менен бекитилген Лебединовка айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтын кошумча тизмесинин 5 пункту жокко чыгарылсын.
2. 2020-жылдын 1-апрелинен баштап катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу кызматына төмөнкү тариф бекитилсин:
- Лебединовка айыл өкмөтүнүн турак-жай, коммуналдык тейлөө чарбасы тейлеген Лебединовка айылдык аймактагы калктуу конуштарда факт боюнча жашаган ар бир жашоочудан ай сайын - 25 сом;
- Лебединовка айыл өкмөтүнүн турак-жай, коммуналдык тейлөө чарбасы тейлеген Лебединовка айылдык аймактагы калктуу конуштарда факт боюнча жашаган ар бир пенсионерден, майыптардан (1,2,3 топ.), көп балалуу үй бүлөдөн (5тен көп балалууларга) ай сайын – 15 сом;
- май куюучу станциялар, техникалык тейлөө станциялары, чакан мастерскойлор, автожуучу жайлар, тигүүчү цехтер, эмерек жасоочу цехтер, вулканзациялар, коомдук тамактануу жайлар, ашканалар үчүн ар бир объектиден ай сайын 800 сом;
- павильон, дарыкана, чач тарач, наабайкана (тандыр), бут кийим оӊдоочу жайлардан аянты 15 м2 чейинки объектилерден ай сайын 500 сом;
- дүкөн, супермаркет, оптомаркет, ресторан, кафе, чайканалардан 1м3 көлөмгө 300 сом;
- бюджеттик мекемелер, ишканалар үчүн 1м3 көлөмгө - 300 сом;
- курулуш материалдарынын калдыктары жана башка таштандылар 1м3 көлөмгө – 400 сом;
- суюк тиричилик калдыктары 1м3 көлөмгө – 500 сом.
3. Лебединовка айыл өкмөтүнүн турак-жай, коммуналдык тейлөө чарбасынын жетекчисине (Кадыркулов У.М.):
- 2020-жылдын 3 чейрегине чейин 20000 миӊ жашоочуну камтыган келишимдерди түзүү ишин аткарсын;
- төлөмдөрдү чогултуу иши 100% камтыганга чейин күчөтүлсүн;
- аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары, турак жай ээлеринин өнөктөштүктөрү секторлору менен өз ара аракеттенүүнү орнотуп келишимдерди түзсүн;
- чогултулган каражат турак-жай, коммуналдык чарбасынын материалдык техникалык базасын жакшыртууга өз багытында колдонулсун.
4. Лебединовка айыл өкмөтүнө:
- ушул токтомду юстиция органдарынан каттодон өткөрсүн;
- ушул тариф массалык маалымат каражаттарына жана сайттарга жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Лебединовка айыдык кеӊешинин бюджеттик жана коммуналдык маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын төрагаларына жана Лебединовка айыл өкмөт башчысы А.Ш.Солтоновго жүктөлсүн.
Лебединовка айылдык кенештин төрагасы |
К.К.Умурбаев |