Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 28-сентябры № 8
Бишкек шаардык кеңешинин транспорт чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна, Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 13-октябрындагы № 264 токтому менен бекитилген Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин 7-пунктуна ылайык, жүргүнчүлөр транспортунун туруктуу иштөөсүн, борбор шаардын тургундарын жана меймандарын үзгүлтүксүз ташууну камсыздоо, муниципалдык жүргүнчүлөр транспорту ишканаларынын экономикалык абалын жакшыртуу, шаардык каттамдар боюнча ташууга карата тарифтерди жөнгө салуу, жарандардын айрым категорияларына шаардык жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жол жүрүүнү камсыздоо максатында, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 122 “Кичи автобус каттамдарында жашы боюнча Бишкек шаарынын пенсионерлерине жеңилдетилген жүрүүлөрдү берүү жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 1-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
“1. 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып акысыз же жеңилдетилген жол жүрүүгө укугу бар, ээсинин фамилиясын, атын жана атасынын атын көрсөтүү менен, сүрөтү менен персонификациялаштырылган транспорттук картасы болгондо, жаш курагы боюнча пенсионерлер үчүн күн сайын саат 8.00дөн 21.00гө чейинки мезгилде, менчиктин түрүнө карабастан, 3000 куб. смдан ашпаган кыймылдаткыч көлөмү менен өзгөчө кичине класстагы автобуста жол жүрүүгө 8 сом өлчөмүндө тариф бекитилсин.”;
б) 2-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
“2. Бишкек шаарынын мэриясы акысыз же жеңилдетилген жол жүрүүгө персонификациялаштырылган транспорттук карта берүү орунун аныктасын.”
2. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 “Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 1-пунктундагы “2012-жылдын 1-майынан тартып” деген сөздөр жана цифралар “2021-жылдын 1-ноябрынан тартып” деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
б) токтомдун 6-пунктундагы “инвестициялар” деген сөз “экология” деген сөз менен алмаштырылсын;
в) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
3. Бишкек шаарынын мэриясы:
а) 2022-жылдын 1-январына чейин келишимдик негизде, Бишкек шаарынын чектеринде иштөөчү жалпы пайдалануудагы автомобилдик транспортунда жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтерди белгилөө тартибин регламенттөөчү Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоорун киргизсин;
б) Бишкек шаары боюнча автомобилдик ташуулардын тарифтик саясаты маселе боюнча түшүндүрмө берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине кайрылсын;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Бишкек шаарында автомобилдик жүргүнчүлөр транспортун өнүктүрүү концепциясын иштеп чыксын жана 2022-жылдын 1-январына чейин Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизсин;
г) электрондук билеттөөнүн азыркы тутумунун иштөөсүн камсыздасын.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана санариптештирүү жана транспорт маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
К. Конгантиев |
| Бишкек шаардык кенешинин 2021-жылдын “28” сентябрындагы № 9 токтомуна тиркеме |
2021-жылдын 1-ноябрынан тартып Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту (менчиктин түрүнө карабастан 3000 куб смдан жогору көлөмү менен электр моторлуу, газ моторлуу жана дизелдүү кыймылдаткычтары менен бардык типтеги троллейбус, автобус, менчиктин түрүнө карабастан 3000 куб смдан ашпаган кыймылдаткыч көлөмү менен өзгөчө кичине класстагы автобус) менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташууга тарифтер
1. Бир жүргүнчүнүн жол кире наркы:
менчиктин түрүнө карабастан 3000 куб. смдан жогору көлөмү менен электр моторлуу, газ моторлуу жана дизелдүү кыймылдаткычтары менен бардык типтеги троллейбуста, автобуста - 11 сом;
менчиктин түрүнө карабастан 3000 куб. смдан ашпаган кыймылдаткыч көлөмү менен өзгөчө кичине класстагы автобуста - 15 сом.
2. Автобустарда, троллейбустарда 40 килограммдан ашык салмактагы же 50х60х100 см көлөмдөгү жол жүгүн ташууга акы - 11 сом.
3. 1 (бир) айлык мөөнөткө транспорттук картанын (электрондук жол жүрүү билетинин) наркы:
мектеп окуучулары үчүн - 240 сом;
троллейбустарда, автобустарда жол жүрүү үчүн - 680 сом.
Транспорттук картаны даярдоого чыгымдар анын өздүк наркына киргизилет.
4. Муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жол жүрүү укугу шаардык каттоосу бар, Бишкек шаарынын тургундарынын төмөнкү категорияларына белгиленсин:
- жаш курагы боюнча пенсионерлерге;
- жалпы оорулардын жана эмгектен жабыр тарткандардын I, II, III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга;
- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга;
- 7 жашка чейинки балдарга;
- кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн учурларда Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын почточуларына.
Муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жол жүрүү үчүн акысыз же жеңилдетилген жол жүрүүгө укугу бар ээсинин фамилиясын, атын жана атасынын атын көрсөтүү менен, сүрөтү менен персонификациялаштырылган транспорттук карта негиз болуп саналат.
Бишкек шаардык кеӊешинин аппарат жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу |
И. Б. Аденов |