Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 2-декабрындагы №122
Кичи автобус каттамдарында жашы боюнча Бишкек шаарынын пенсионерлерине женилдетилген жүрүүлөрдү берүү жөнүндө
(Бишкек шаардык кеӊешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 8 токтомуна редакциясына ылайык)
Калкка кошумча кызматтарды көрсөтүү, алардын кээ бир категорияларын социалдык жактан коргоону жогорулатуу максатында , Бишкек шаардык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып акысыз же жеңилдетилген жол жүрүүгө укугу бар, ээсинин фамилиясын, атын жана атасынын атын көрсөтүү менен, сүрөтү менен персонификациялаштырылган транспорттук картасы болгондо, жаш курагы боюнча пенсионерлер үчүн күн сайын саат 8.00дөн 21.00гө чейинки мезгилде, менчиктин түрүнө карабастан, 3000 куб. смдан ашпаган кыймылдаткыч көлөмү менен өзгөчө кичине класстагы автобуста жол жүрүүгө 8 сом өлчөмүндө тариф бекитилсин.
(Бишкек шаардык кеӊешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 8 токтомуна редакциясына ылайык)
2. Бишкек шаарынын мэриясы акысыз же жеңилдетилген жол жүрүүгө персонификациялаштырылган транспорттук карта берүү орунун аныктасын
(Бишкек шаардык кеӊешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 8 токтомуна редакциясына ылайык)
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеӊештин турак жай коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.М.Салымбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри З.И.Бекбоевге жүктөлсүн.
Төрага |
А.Э.Суракматов |