Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 146
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген "Аракетке жөндөмсүз жактардын укуктарын жөнгө салуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1, 2-бөлүгү, "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 146 токтому менен жактырылган |
"Аракетке жөндөмсүз жактардын укуктарын жөнгө салуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1, 2-бөлүгү, "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген "Аракетке жөндөмсүз жактардын укуктарын жөнгө салуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1, 2-бөлүгү, "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Негиздеме-маалымкатка ылайык Мыйзамдын долбоору аракетке жөндөмсүз адамдарды камкордукка алгандардын жана көзөмөлдүк кылгандардын ак ниетсиз иш-аракеттеринен коргоо максатында, Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциянын жоболорун эске алуу менен иштелип чыккан.
1. Алсак, Мыйзамдын долбоору менен Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат, ага ылайык:
- камкордукка алгандар жана көзөмөлдүк кылгандар аракетке жөндөмсүз адамдарга таандык болгон мүлктү аракетке жөндөмсүз адамдын макулдугу менен гана ээликтен ажырата алышат;
- аракетке жөндөмсүз адамдар сотко доо арыздарын берүүгө укуктуу;
- аракетке жөндөмсүз адамдар ага таандык болгон кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоого (кайра каттоого) жол бербөө жөнүндө каттоочу органга кайрылууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 64-беренесине ылайык өзүнүн психикалык оорусунан улам өзү жасаган аракеттердин маанисин түшүнбөсө же өзүн-өзү башкара албаса, анда ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылышы мүмкүн, буга байланыштуу ал камкордукка алынат.
Ошентип, аракетке жөндөмсүз эки түрдө мүнөздөлөт жана аныкталат: биринчиси - бул психикалык ооруунун болушу, экинчиси - өзү жасаган аракеттердин маанисин түшүнбөө же өзүн-өзү башкара албоо.
Өз кезегинде аталган Кодекстин 66-беренесинде камкордукту белгилөө аракетке жөндөмсүз адамдын бардык жактар менен мамилелеринде укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталганы белгиленген.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ак ниетсиз камкордукка алуучулардын жана көзөмөлчүлүк кылуучулардын иш-аракеттеринен аракетке жөндөмсүз адамдардын укуктарын коргоонун төмөнкү механизмдери белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 69-беренесине ылайык аракетке жөндөмсүз адамдардын жашаган жери боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү аларды камкордукка алуучулардын жана көзөмөлдүк кылуучулардын ишин көзөмөлдөйт.
Аталган Кодекстин 70 жана 71-беренелерине ылайык камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучу камкордукка же көзөмөлдүккө муктаж адамдын жашаган жери боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн корутундусу боюнча сот тарабынан дайындалат.
Камкордукка алуучуну же көзөмөлдүк кылуучуну дайындоо таламдаш жактар тарабынан сотко даттанылышы мүмкүн.
Камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучу болуп баралына жеткен аракетке жөндөмдүү гана жарандар дайындала алат. Муну менен бирге камкордукка алуучунун же көзөмөлдүк кылуучунун адептик жана башка жеке сапаттары, камкордукка алуучунун же көзөмөлдүк кылуучунун милдеттерин аткарууга жөндөмү, аны менен камкордукка же көзөмөлдүккө муктаж адамдын ортосундагы мамиле, ал эми мүмкүн болсо - көзөмөлдүккө алынуучунун каалоосу да эске алынууга тийиш.
Камкордукка алуучулар жана көзөмөлдүк кылуучулар өз камкордугуна алган адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого милдеттүү.
Жогоруда аталган Кодекстин 72-беренесинде камкордукка алынган жарандын кирешеси, анын ичинде камкордуктагы адам өз алдынча сарптай алгандан башка, ошол камкордуктагы адамга анын мүлкүн башкаруудан келип түшүүчү киреше камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучу тарабынан камкордуктагы адамдын гана кызыкчылыгында жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн алдын ала уруксаты менен сарптала тургандыгы аныкталган.
Көзөмөлдүк кылуучу адам балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн алдын ала уруксатысыз, ал эми камкордукка алуучу адам көзөмөлдүккө алынган адамды мүлкүнөн ажыратуу, мунун ичинде мүлктү алмашуу же белекке берүү, аны жалдоого (ижарага), акысыз пайдаланууга же күрөөгө берүү боюнча бүтүм чыгарууга, камкордуктагы адамга таандык укуктардан баш тартууга алып келүүчү бүтүм чыгарууга, анын мүлкүн бөлүштүрүүгө же андан үлүштөрдү бөлүп чыгарууга, ошондой эле камкордуктагы адамдын мүлкүн азайтууга алып келүүчү башка кандай гана болбосун бүтүм чыгарууга макулдук берүүгө укуксуз.
Ошондой эле, аталган Кодекстин 74-беренесинде камкордукка алуучу же көзөмөлдүк кылуучу өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбаган учурда, анын ичинде камкордукка алуу же көзөмөлдүк кылуу ишин керт башынын кызыкчылыгына пайдаланганда же камкордукка алган адамды кароосуз жана зарыл жардамсыз калтырган учурда, сот камкордукка алуучуну же көзөмөлдүк кылуучуну бул милдеттерди аткаруудан четтетиши жана күнөөлүүнү мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартышы мүмкүн экени аныкталган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 222-беренесинде жеке нотариустун өзүнүн ыйгарым укуктарын өзүнүн иш милдеттерине каршы жана өзү же башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылык табуу максатында, же болбосо башка адамдарга зыян келтирүү менен пайдалануусу, эгерде мындай жосун билип туруп жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз адамдын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирсе, жеке нотариустарга карата жоопкерчилик белгиленген.
Ошондой эле жарандык мыйзамдарда камкордукка алуучулардын, көзөмөлдүк кылуучулардын жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн арыздарынын негизинде аракетке жөндөмдүүлүктү калыбына келтирүү мүмкүндүгү каралганын белгилейбиз.
Муну менен катар мыйзамдарда аракетке жөндөмсүздүктүн ар кандай даражаларынын болушу, ошондой эле убакыттын өтүшү менен аракетке жөндөмсүздүктүн мүнөзүн өзгөртүү мүмкүндүгү каралган эмес. Коргоо чаралары жарандык аракетке жөндөмдүүлүктөн толук ажыратуу жана мөөнөтүнүн чектелбегендиги менен байланышкан. Эл аралык тажрыйбада укуктук жөндөмдүүлүктү ишке ашыруу чаралары адамдын жөмдөмүнө жараша болушу керектиги каралган.
Ушуга байланыштуу аракетке жөндөмсүз адамдардын укуктарын коргоо максатында эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен аталган адамдардын аракетке жөндөмсүздүгүн белгилөө жана аракетке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча кошумча механизмдерди иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Ошол эле учурда Граждандык кодекстин 189-беренесине ылайык психикалык жактан бузулуунун кесепетинен жөндөмсүз катары таанылган жарандын жасаган бүтүмү эч нерсеге татыбас бүтүм экендигин белгилейбиз.
Мында, психикалык жактан бузулуунун кесепетинен аракетке жөндөмсүз катары таанылган жарандын кызыкчылыгында ал тарабынан жасалган бүтүм аны көзөмөлгө алуучусунун талабы боюнча, эгерде ал ушул жарандын пайдасына жасалса, сот тарабынан жарактуу катары таанылышы мүмкүн.
Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 2-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өз ченемдик укуктук актыларын Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырмасы берилген.
"Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Ошону менен катар каралуучу Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында чагылдырылган эмес.
Мындан тышкары, эгерде талдоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу зарылдыгы аныкталса, мыйзамдар менен мыйзам алдындагы актылардын ортосунда укуктук боштуктун пайда болушун болтурбоо максатында Мыйзамдын долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтүн көбөйтүү талап кылынат.
Эгерде талдоонун жыйынтыгы боюнча кайра каралууга тийиш ченемдик укуктук актылар аныкталбаса, Мыйзамдын долбоорун кабыл алууга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 2-бөлүгүн алып салуу зарыл болот.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 42 жана 101-пункттарына ылайык келтирүү керек.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорун кабыл алууга мүмкүн деп эсептейт.