Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-ноябры № 524
"Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддорун түзүүнүн жана ишинин укуктук жана экономикалык негиздерин аныктайт.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер
Кепилдик фонду - ушул Мыйзамда каралган уюштуруу-укуктук формада түзүлүүчү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары - Улуттук банк) эсептик каттоо жол-жобосунан өткөн, чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн бизнести өнүктүрүүгө, өндүрүштү кеңейтүүгө, негизги каражаттарды сатып алууга жана модернизациялоого, жаңы технологияларды ишке киргизүүгө, инновациялык ишке жана жаңы ишканаларды ачууга багытталуучу кепилдиктерди берүү аркылуу каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатындагы иштерди жүзөгө ашыруучу юридикалык жак. Мында, кредиттерди же анын ордун алмаштыруучуларды берүү, ошондой эле исламдык каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырылган бүтүмдөр/операциялар каржылоо дегенди түшүндүрөт.
Финансы-кредиттик уюмдар - Улуттук банк тарабынан берилген лицензиялардын (күбөлүктөрдүн) негизинде банктык операцияларды жүргүзүүгө укугу бар банктар, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар, ошондой эле чакан жана орто ишкердик субъекттерине кредит берген (каржылаган) жана кепилдик фонду менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзгөн эл аралык уюмдар.
Чакан жана орто ишкердик субъекттеринин милдеттенмелери - финансы-кредиттик уюмдардан алынган каржылоонун алкагында пайда болгон жана ушул Мыйзамдын талаптарына шайкеш келген чакан жана орто ишкердик субъекттеринин милдеттенмелери.
Кепилдик - каржылоо келишими боюнча финансы-кредиттик уюмдун алдында чакан жана орто ишкердик субъекттеринин милдеттенмелеринин аткарылышы үчүн жооп берүүчү кепилдик фондунун жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси.
Чакан жана орто ишкердик субъекттери - юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик менен алектенген жеке жактар жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык аныкталган юридикалык жактар.
Кепилдик фондунун кардары - кепилдик фондунун кепилдик камсыз кылуу үлүшү бар финансы-кредиттик уюму менен каржылоо боюнча келишим түзгөн чакан жана орто ишкердик субъекттери.
Мультипликатордун коэффициенти - Улуттук банк белгилеген кепилдик фондунун жеке капиталынын өлчөмүнө карата кепилдик фондунун кепилдигинин көлөмүнөн жогорулоо ыктымалынын катышы.
Кепилдик иши - кардарларга кепилдик берүүгө багытталган кепилдик фонддорунун иши.
Кепилдик фонддорунун катышуучулары - кепилдик фонддорунун уюштуруучулары жана акционерлери.
Регресстик талап - кепилдик фондунун кардардан кепилдик келишими боюнча милдеттенмени аткаруу үчүн финансы-кредиттик уюмдар тарабынан төлөнгөн сумманын ордун толтуруп берүүнү талап кылуу укугу.
Ушул Мыйзамда колдонулуучу башка терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын Улуттук банк, банктар жана банк иши жөнүндө мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда башкасы аныкталбаган учурда эл аралык практикада алардын жалпы кабыл алынган маанилерине ылайык түшүндүрүлөт.
2-берене. Кепилдик фондунун аталышы
Кепилдик фонду уюмдун уставында жазылган аталышты гана колдонууга жана аталышында "Кепилдик фонду" деген сөздөрдү колдонууга тийиш.
3-берене. Кыргыз Республикасынын, Улуттук банктын жана кепилдик фонддорунун жоопкерчиликтерин бөлүштүрүү
Тараптар тиешелүү милдеттенмелерди өздөрүнө ыктыярдуу түрдө алган учурларды кошпогондо, Кепилдик фонддору Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ошону менен бирге Кыргыз Республикасы да кепилдик фонддорунун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
Кепилдик фонддору Улуттук банктын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. Улуттук банк кепилдик фонддорунун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
2-глава. Кепилдик фонддорунун уюштуруу-укуктук формалары. Кепилдик фонддорунун иши
4-берене. Кепилдик фонддорун түзүү
1. Кепилдик фонддору ушул Мыйзамдын талаптарын сактоо менен жеке жана юридикалык жактар тарабынан түзүлүшү мүмкүн.
Төмөнкүлөр кепилдик фонддорунун катышуучулары боло алышпайт:
1) оффшордук аймактарда жашаган жана/же катталган же тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталган оффшордук аймактарда катталган аффилирленген жактар катышкан жеке адамдар жана юридикалык жактар.
Аффилирленген жактар катары төмөнкүлөр таанылат:
юридикалык жактын олуттуу катышуучулары;
бир эле юридикалык жак олуттуу катышуучу болуп саналган юридикалык жактар;
2) БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык санкциялар бар жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле көрсөтүлгөн жактар менен укуктук мамилелерге тыюу салган жана Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүү болгон БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык санкциялар бар мамлекеттерде катталган жеке жана юридикалык жактар;
3) өзүнүн иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды, юридикалык жактын катышуучуларын, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин так идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк берген каалагандай башка маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте бербеген же болбосо юридикалык жактын катышуучуларын, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин так идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды берген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банк, банктар жана банк иши жөнүндө мыйзамдарына ылайык өзүнүн кынтыксыз ишкердик аброюн тастыктай албаган жеке жана юридикалык жактар;
4) кепилдик фондунун акцияларын сатып алууга же кепилдик фондунун капиталына катышууга багытталган акча каражаттарынын келип чыгуусунун мыйзамдуу булактарын, Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте тастыктай албаган жеке жана юридикалык жактар;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык тыюу салынган же чектөө киргизилген жеке жана юридикалык жактар.
2. Кепилдик фонддору иштөө үчүн Улуттук банктан эсептик каттоо жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү. Эсептик каттоодон өтүү тартиби, кепилдик фонддорун эсептик каттоодон баш тартуу үчүн негиздер Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
3. Кепилдик фонддорунун кызмат адамдарына талапкерлер Улуттук банкта макулдашуу жол-жобосунан өтүшөт. Кепилдик фонддорунун кызмат адамдарына талапкерлерди макулдашуу жана макулдашуудан баш тартуу тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
4. Кепилдик фонддору уставдын негизинде иштешет, анда кызмат көрсөтүүлөрдүн/бүтүмдөрдүн тизмеси камтылууга жана ал Улуттук банк белгилеген талаптарга шайкеш болууга тийиш. Кепилдик фонддорунун ишинин негизги түрү болуп чакан жана орто ишкердик субъекттеринин милдеттенмелери боюнча кепилдик берүү болуп саналат.
Кепилдик фонддоруна Улуттук банктагы эсептик каттоосуз иштөөгө тыюу салынат.
5. Кепилдик фонддору мекемелер жана фонддор түрүндө түзүлүшү мүмкүн болгон мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн кепилдик фонддорунан тышкары, акционердик коомдор түрүндө гана түзүлүшү мүмкүн. Мекемелер жана фонддор түрүндө түзүлгөн кепилдик фонддорунун ишин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү, анын ичинде башкаруу органдарын түзүү, капиталды түзүү маселелери ушул Мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
6. Ушул Мыйзамда каралган талаптарга жооп бербеген юридикалык жактар кепилдик иши менен алектенүүгө укуксуз.
5-берене. Кепилдик фонддорунун акцияларын сатып алууга уруксат алуу тартиби
1. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан тышкары, жеке өзү же башка жактар менен биргелешип, акцияларга болгон менчик укугуна ээ болуу ыкмасына, анын ичинде мурастап алууга же аларга болгон укугун калыбына келтирүүгө карабастан кепилдик фондунун уставдык капиталындагы акциялардын 20 пайызынан ашыгын сатып алууга, анын ичинде акцияларды кошумча сатып алуу аркылуу ниеттенген каалагандай жеке же юридикалык жак Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү уруксатын алууга милдеттүү.
2. Уруксат алуу тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
6-берене. Кепилдик фондунун башкаруу органдары
1. Кепилдик фонддору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана уюштуруу документтерине ылайык уюштуруу-укуктук формасына жараша башкаруу органын түзүшөт.
2. Кепилдик фондунун башкаруу органдарынын укуктук статусу жана компетенциясы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алып, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамы менен жөнгө салынат.
3. Улуттук банк кепилдик фонддорундагы милдеттүү комитеттердин жана кызматтардын иши боюнча талаптарды белгилейт.
7-берене. Кепилдик фонддорунун бирикмелери
1. Кепилдик фонддору өз ишин координациялоо, жалпы кызыкчылыкты коргоо жана билдирүү, биргелешкен кепилдиктерди аткаруу жана ушул сыяктуу башка максаттар үчүн ассоциацияларды же союздарды түзө алат.
2. Кепилдик фонддоруна комиссиялык сый акынын, мүчөлүк акылардын өлчөмдөрүн аныктоо максатында же атаандаштыкты чектөөгө, рынокту монополиялаштырууга жана чакан жана орто ишкердик субъекттеринин кредиттик ресурстарга жетишин начарлатууга багытталган башка максаттарда ассоциацияларды же союздарды колдонууга тыюу салынат.
8-берене. Кепилдик фонддорунун филиалдары жана өкүлчүлүктөрү
1. Юридикалык жак болуп саналбаган, кепилдик фонду турган жерден тышкары жайгашкан жана операциялардын бүтүндөй жана/же бир бөлүгүн кепилдик фонду бекиткен жобонун негизинде ишке ашырган жана ага кепилдик фонду берген ыйгарым укуктардын чегинде аракеттенген обочолонгон бөлүмчөсү кепилдик фондунун филиалы болуп саналат.
Филиалдын кепилдик фонду менен бирдиктүү уставдык капиталы, балансы, ошондой эле кепилдик фондунун аталышына толук дал келген жана "филиал" деген сөз кошулган аталышы болот.
2. Юридикалык жак болуп саналбаган, кепилдик фондунун кызыкчылыктарын коргогон жана билдирген, кепилдиктерди берүүдөн тышкары, анын атынан бүтүм жана башка юридикалык иш-аракеттерди жасаган анын обочолонгон бөлүмчөсү кепилдик фондунун өкүлчүлүгү болуп саналат.
3. Кепилдик фонддорунун филиалдарынын жана/же өкүлчүлүктөрүнүн иш-аракеттери кепилдик фонддорунун иш-аракеттери катары каралат, болгондо да аларды түзгөн кепилдик фонду филиалдын жана/же өкүлчүлүктүн иш-аракеттерине толук жоопкерчиликти тартат.
4. Кепилдик фонддорунун филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн ачуу тартиби Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
9-берене. Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорунун көз карандысыздыгы
1. Кепилдик фонддору ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен берилген компетенциясынын чегинде ишин өз алдынча уюштурат жана ишке ашырат.
2. Мамлекеттик органга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, алардын кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, кепилдик фонддорунун ишине байланышкан маселелерди чечүүдө кандай гана формада болбосун кийлигишүүгө тыюу салынат.
3. Кызмат көрсөткөндүгү үчүн сыйакы төлөөнүн өлчөмү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу аркылуу кардар менен түзүлгөн келишимге ылайык кепилдик фонду тарабынан өз алдынча аныкталат.
3-глава. Кепилдик фондунун капиталы
10-берене. Кепилдик фондунун жеке капиталы
Кепилдик фондунун жеке капиталына карата талаптар жана эсептөө тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.
11-берене. Кепилдик фондунун уставдык капиталы
1. Кепилдик фондунун уставдык капиталынын минималдык өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленет.
2. Кепилдик фондунун уставдык капиталында жеке жана юридикалык жактардын ар биринин катышуудагы үлүшү чектелбейт.
3. Кепилдик фондунун уставдык капиталын түзүү акчалай формада ишке ашырылат. Уставдык капиталдын курамына кепилдик фондунун катышуучусу салган акча каражаттарын кепилдик фонду кайтарып берүүсү боюнча милдеттенмеси болбогон уставдык капитал гана киргизилет.
4. Кепилдик фондунун уставдык капиталына кепилдик фонддорунун катышуучулары салган каражаттарын аларга тиешелүү акцияларды, үлүштөрдү сатуу аркылуу гана ала алынат, бирок буга фонддор формасында түзүлгөн кепилдик фонддору кирбейт.
5. Улуттук банк кепилдик фонддоруна дивиденддерди төлөөгө чектөө киргизүүгө же тыюу салууга укуктуу. Дивиденддерди төлөөгө чектөө киргизүү же тыюу салуу тартиби жана негизи Улуттук банк тарабынан белгиленет.
6. Кепилдик фондунун уставдык капиталы жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан, ыктыярдуу төгүмдөрдөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка булактардан түзүлүшү мүмкүн.
7. Уставдык капиталды түзүү тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
4-глава. Кепилдиктерди берүүнүн негизги шарттары жана тартиби
12-берене. Кепилдиктерди берүү
1. Кепилдик фонду тарабынан кепилдиктерди берүү ушул Мыйзамда, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана кепилдиктерди берүү регламентинде аныкталган шарттарда, кепилдик фондунун, финансы-кредиттик уюмдардын, чакан жана орто ишкер субъекттеринин ортосунда кепилдик келишимин түзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
2. Кепилдик фондунун кепилдиктери менен камсыз кылынган чакан жана орто ишкердик субъекттеринин милдеттенмелерин тандоо жана ушул субъекттерге талаптар Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана шарттарда кепилдик фондунун тиешелүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат.
13-берене. Кепилдиктерди берүүнүн негизги шарттары
1. Кепилдик фондунун кепилдиктери ишкердик субъектинин каржылоо келишими боюнча милдеттенмесинин камсыз болбогон бөлүгүнө берилет.
2. Кепилдик берүүгө түзүлгөн келишим боюнча кепилдик фондунун жоопкерчилигинин көлөмү кардардын финансы-кредиттик уюмдун алдындагы негизги милдеттенмелеринин көлөмүнүн 50 пайызынан (каржылоонун негизги суммасынан) ашпоого тийиш.
3. Кепилдик фондунун бир жакка же байланышкан жактардын тобуна кепилдиктеринин суммасы Улуттук банк тарабынан белгиленет.
4. Кепилдиктерди берүү кайтарымдуу негизде ишке ашырылат жана кепилдик келишиминде аныкталат.
5. Кепилдик фонддорунун кепилдиктери Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларды кошпогондо, улуттук валютада гана берилет.
6. Мультипликатордун коэффициенти Улуттук банк тарабынан белгиленет.
14-берене. Кепилдик фондунун жоопкерчилиги
1. Кепилдик менен камсыз кылынган милдеттенмени кардар аткарбаганда же тиешелүү түрдө аткарбаганда кепилдик фондунун жоопкерчилиги кепилдик келишиминде аталган өлчөмдө субсидиардык болуп саналат.
2. Кепилдик фонду кардардын пайыздарды, үстөк айыпты, туумду, комиссиялык төлөмдөрдү төлөө бөлүгүндө каржылоо боюнча милдеттенмесинин аткарылышын камсыз кылбайт.
3. Кардардын милдеттенмелерин аткаруу боюнча кепилдик фондунун милдети кардар каржылоонун кайтарып берүү мөөнөтүн бузганда келип чыгат. Мында финансы-кредиттик уюм Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө, каржылоо келишими боюнча милдеттенмелерди кардар аткарбаган күндөн тартып кепилдик фондуна кардар тарабынан келишимдин шарттарынын бузулгандыгы тууралуу жазуу жүзүндө билдирет.
Кепилдик фондунун ушул бөлүктүн биринчи абзацында аталган милдеттенмеси кардардын ссудалык эсеби боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилгенден жана финансы-кредиттик уюмдар тарабынан келишимдерде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте карыздарды төлөтүп алуу боюнча бардык чаралар ишке ашырылгандан кийин келип чыгат.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында каралган шарттардын аткарылгандыгы ырасталган учурда кепилдик фонду карызды кепилдик келишиминин шарттарында кепилдик фондунун каражаттарынын эсебинен төлөйт.
5. Кепилдик фонду кардардын каржылоо келишими боюнча карызын жойгондон кийин кепилдик фондуна финансы-кредиттик уюмдун каржылоо келишими боюнча бардык укуктары аткарылган милдеттенмелердин көлөмүндө өтөт. Бул учурда финансы-кредиттик уюм кепилдик фонду кепилдик келишими боюнча милдеттенмелерин аткарган күндөн тартып 3 күндүк мөөнөттө кепилдик фондуна карызкор-кардарга талап кылуу укугун ырастоочу документтерди берүүгө тийиш.
6. Кепилдик фонду Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кардардан кепилдик келишими боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн финансы-кредиттик уюмга төлөнгөн сумманын ордун толтурууну регресс тартибинде талап кылууга укуктуу.
7. Кепилдик фонду тарабынан карызкор-кардарга карата регресстик талаптарды канааттандырууда алынган каражаттар кепилдик фондунун тескөөсүндө калат жана кепилдик фондун өнүктүрүүгө жумшалат.
5-глава. Кепилдик фонддорунун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө
15-берене. Кепилдик фонддорунун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган
1. Улуттук банк кепилдик фонддорунун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
2. Улуттук банк кепилдик фонддорун каттоо, кепилдик фонддорунун иштерин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ченемдик укуктук актыларды кабыл алат.
3. Улуттук банк кепилдик фонддорунун аткаруусу үчүн милдеттүү болгон экономикалык ченемдерди, анын ичинде мультипликатордун коэффициентин белгилөөгө, кепилдик фонддорунун иштерин текшерүүгө, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.
4. Экономикалык ченемдердин түрлөрү, өлчөмдөрү, талаптар, чектөөлөр жана аларды эсептөө методикалары Улуттук банк тарабынан аныкталат.
5. Улуттук банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптардын жана шарттардын негизинде кепилдик фонддорунун ишин текшерет.
6. Кепилдик фонддору, кепилдик фонддорунун катышуучулары, кепилдик фондунун кызмат адамдары жана кызматкерлери Улуттук банктын талабы боюнча отчетторду, документтерди жана башка ар кандай маалыматтарды өз учурунда берүүгө милдеттүү.
7. Кепилдиктерди берүүдө чакан жана орто бизнес субъекттери менен өз ара аракеттенүүнүн алкагында кепилдик фонду тарабынан алынган маалыматтар банктык жашыруун сырга кирет.
16-берене. Кепилдик фонддорунун ишин көзөмөлдөө
1. Улуттук банк тышкы көзөмөлдөө жана жеринде инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү аркылуу кепилдик фонддорунун ишин жөнгө салат жана көзөмөлдөйт.
17-берене. Кепилдик фонддорун эсепке алуу жана отчеттуулук
1. Кепилдик фонду Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө мыйзамдарына, финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына жана кепилдик фондунун эсепке алуу саясатына ылайык эсепке алууну жана отчетту жүргүзүүгө милдеттүү.
2. Кепилдик фондунун эсепке алуу саясаты бухгалтердик эсепке алуунун жалпы принциптерин, бухгалтердик эсепке алууну уюштуруу методдорун жана эрежелерин өзүнө камтууга тийиш. Эгерде финансылык топко көзөмөлдөө жүргүзүлсө, кепилдик фонду Улуттук банктын талаптарын эске алуу менен топтун жалпы (консолидацияланган) эсепке алуу саясатын түзүүгө тийиш. Улуттук банк консолидацияланган көзөмөлдөөнүн жана отчеттуулуктун талаптарын колдонбой коюу учурларын белгилөөгө укуктуу.
3. Кепилдик фонду бухгалтердик эсепке алууда жана отчет түзүүдө колдонулуучу документтердин сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.
4. Сакталууга тийиш болгон негизги документтердин тизмеси жана аларды сактоо мөөнөтү Кыргыз Республикасынын архив иши жөнүндө мыйзамдарында белгиленет.
18-берене. Ички контролдоо системасы
1. Ички контролдоо - кепилдик фондунун төмөнкүдөй максаттарга жетүүсүнө багытталган үзгүлтүксүз процесс:
1) ишинин натыйжалуулугу, активдерди жана пассивдерди башкаруунун натыйжалуулугу, активдердин сакталышын камсыздоо, тобокелдиктерди натыйжалуу башкаруу;
2) ички жана тышкы керектөөчүлөр үчүн финансылык, үзгүлтүксүз жана башка отчетторду объективдүү жана өз учурунда түзүүнү, берүүнү, алардын аныктыгын, толуктугун камсыздоо;
3) жарандык мыйзамдарды жана кепилдик фондунун ички ченемдик документтерин сактоо.
2. Кепилдик фондунун ички контролдоо системасы төмөнкү компоненттерди камтууга тийиш:
1) башкаруу органдарынын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана кызмат адамдарынын компетенциясын, ыйгарым укуктарын бөлүштүрүүнү жана жоопкерчиликтерин караган кепилдик фондунун тиешелүү уюштуруучулук түзүмү;
2) тиешелүү ички маалыматтык система жана чечимдерди өз учурунда кабыл алууга, маалыматтык коопсуздукту камсыздоого мүмкүндүк берген башкаруу органдарына маалымат берүү системасы;
3) тобокелдиктерди, тобокелдиктерди башкаруу жана тобокелдиктерди баалоо системасына дайыма байкоо жүргүзүү;
4) ички контролдоонун тиешелүү жол-жоболору;
5) кемчиликтерди аныктоо жана өркүндөтүү максатында ички контролдоо системасына мезгил-мезгили менен баа берүү.
3. Ички контролдоо системасын уюштуруу жана иштетүү боюнча кепилдик фондуна карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.
19-берене. Кепилдик фонддорунун аудити
1. Кепилдик фондунун иши жыл сайын тышкы аудиттик текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
2. Тышкы аудит жүргүзүүгө жана аудитордук уюмга карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.
20-берене. Кепилдик фонду тарабынан түзүлүүчү резервдер
1. Кепилдик иштерин жүргүзүүгө байланышкан чыгымдарды өз учурунда жабуу үчүн кепилдик фонду тиешелүү резервдерди түзүүгө жана финансылык отчетто финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык активдердин реалдуу наркын чагылдырууга милдеттүү.
2. Улуттук банк жөнгө салуу максатында кепилдик фондунун сарптоолоруна тийиштүү кредиттик жана башка тобокелдиктерди камтыган активдер боюнча чыгымдарды жабуу учуруна карата кепилдик фонду тарабынан түзүлүүчү резервдердин өлчөмүн, аларды түзүү тартибин жана эсептөө методдорун аныктоого укуктуу.
21-берене. Таасир этүү чаралары
1. Улуттук банк кепилдик фондуна жана анын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонот.
2. Улуттук банктын таасир этүү чараларын колдонуу максаты кепилдик фонддорунун туруктуулугун колдоо үчүн проблемаларга ыкчам чара көрүү, оңдоо жана жок кылуу болуп саналат.
3. Улуттук банк тарабынан таасир этүү чаралары Кыргыз Республикасынын Улуттук банк, банктар жана банк иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган негиздер боюнча, учурларда жана тартипте колдонулат.
4. Улуттук банк кепилдик фондуна жана алардын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларынын максатка ылайыктуулугун, түрлөрүн жана таасир этүү чараларын колдонуу тартибин өз алдынча аныктайт.
5. Улуттук банк кепилдик фонддорунун алгылыксыз жана кооптуу иштеринин белгилерин белгилейт жана ага кепилдик фонддорунун жана алардын кызмат адамдарынын тиешеси бардыгын аныктайт.
6. Жарыялоо кепилдик фондунун кредиторлорунун кызыкчылыктарына, Кыргыз Республикасынын финансы системасынын туруктуулугуна, коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө зыян келтириши мүмкүн болгон учурлардан, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка учурлардан тышкары. Улуттук банк кепилдик фонддоруна карата колдонулган таасир этүү чаралары жөнүндө, ошондой эле мындай чаралардын ар кандай өзгөрүүлөрү же токтотулгандыгы жөнүндө маалыматтарды жарыялайт. Аталган маалыматты жарыялоо мөөнөтү жана тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. Мындай маалыматтарды жарыялоо банктык жашыруун сырды ачыкка чыгаруу болуп саналбайт.
7. Ушул Мыйзамга ылайык кепилдик фондуна жана алардын кызмат адамдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык колдонулуучу административдик жоопкерчилик чараларына кирбейт.
8. Улуттук банктын кепилдик фондуна карата таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
22-берене. Маалыматтар жана документтер
1. Улуттук банк кепилдик фондунун тескөөсүндө турган ар кандай маалыматтарды талап кылууга жана алууга укуктуу.
2. Улуттук банк өзүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу процессинде алган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, үчүнчү тарапка берилбейт.
6-глава. Корутунду жоболор
23-берене. Кепилдик фонддорун кайра уюштуруу жана/же жоюу
1. Кепилдик фонду Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоодо кайра уюштурулушу (биригиши, кошулушу, бөлүнүшү, бөлүнүп чыгышы), жоюлушу мүмкүн.
2. Жоюлган учурда кепилдик фондунун бардык милдеттенмелер канааттандырылгандан кийин калган каражаттары фонддор түрүндө түзүлгөн кепилдик фонддорунан тышкары, кепилдик фонддорунун катышуучуларынын ортосунда алардын үлүштөрүнө жараша пропорционалдуу түрдө бөлүштүрүлөт.
24-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү ушул мыйзамдын 21-беренесинин 7-бөлүгүнөн тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин.
4. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 167 "Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 924-бер.);
2) Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 26-октябрындагы № 172 "Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2016-жылдын 28-октябры, № 92).
Кыргыз Республикасынын Президенти |