Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 11 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-апрели № 156
"Кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлеген чектөө жөнүндөгү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлешин чектөө жөнүндөгү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлешин чектөө жөнүндөгү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
7-статьясынын 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адам ички иштер органдарынын кызматкерлери боло албайт.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 78-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
17-статьясынын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Улуттук коопсуздук органдарынын кызматына өздөрүнүн жекече жана ишкердик сапаттары, билими жана ден соолугунун абалы боюнча ыктыярдуу негизде улуттук коопсуздук органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү болгон, чет мамлекеттин жарандыгы жок Кыргыз Республиканын жарандары кабыл алынат. Улуттук коопсуздук органдарында аскер кызматкерлери контракттык негизде да кызмат өтөй алышат. Соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан, жазык кылмышын жасагандыгы үчүн соттолгон жана кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адамдар кызматка турушу мүмкүн эмес.".
3-берене.
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 502-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
7-статьясынын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жарандар соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине байланыштуу алар аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылса; соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан жазык кылмышын жасагандыгы үчүн соттуулугу бар же болгон; кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган учурларда - жарандар бажы органдарына кызматка алынбайт же бажы органдарында кызмат өтөй алышпайт.".
4-берене.
"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 437-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
4-статьясында:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жасаган кылмышы үчүн соттолгон адам, эгерде бул соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаса жана алынып салынбаса жана кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адам Омбудсмен (Акыйкатчы) болуп шайлана албайт.";
б) 15-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү сүйлөм менен толукталсын:
"Кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адам Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басары боло албайт.".
5-берене.
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 531-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 16-статьясынын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Эсептөө палатасынын төрагасы болуп кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адам дайындалбайт.";
2) 20-статьясынын 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адам Эсептөө палатасынын аудитору болуп шайлана албайт.".
6-берене.
"Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 5-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
6-статьясынын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жаран жазык-аткаруу тутумуна кызматка кабыл алынбайт жана жазык-аткаруу тутумунда кызмат өтөй албайт, эгерде ал:
- соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанылса;
- соттун чечими менен ага мамлекеттик кызматчы катары иштөөгө же мамлекеттик кызматтын кандайдыр бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынса;
- соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына же болбосо ага карата жазык кылмышы үчүн реабилитацияланбоочу негиздер боюнча жазыктык куугунтуктоо токтотулганына карабастан, соттолгон же соттуулугу бар болсо;
- жазык-аткаруу тутумунан, ошондой эле башка министрликтерден жана ведомстволордон ушул Мыйзамдын 35-статьясынын 5-пунктунда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган тартипти одоно бузгандыгы үчүн бошотулса;
- кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган болсо;
- ушул Мыйзамдын 5-статьясында белгиленген жазык-аткаруу тутумуна кызматка алуу шарттарына жооп бербесе.
Бири-бири менен жакын туугандык байланышта же катышта (ата-энеси, жубайлар, ага-инилер, эже-сиңдилер, балдары, кыздары, ошондой эле жубайынын ага-инилери, эже-сиңдилери, ата-энеси, балдары) болгон кызматкерлерге, эгерде алардын кызматы түздөн-түз баш ийүүсүнө же контролдугуна байланыштуу болсо, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун бир органында же мекемесинде кызмат өтөөгө уруксат берилбейт.".
7-берене.
"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 734-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1)11-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүгү менен толукталсын:
"2-1. Кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адам Башкы прокурор, Башкы прокурордун биринчи орун басары жана орун басары болуп дайындалышы мүмкүн эмес.";
2) 45-беренесинин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) эгерде кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулса.".
8-берене.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 557-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
12-беренесинин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) Кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адам.".
9-берене.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 999-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
14-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар, соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан Кыргыз Республикасынын жараны жана кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адам аким боло албайт.".
10-берене.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1001-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-беренесинин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган адам жана кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адам жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайланууга укугу жок.".
11-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 42-беренесинин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны жана кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адам шаарга мэр боло албайт.";
2) 48-беренесинин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны жана кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адам айыл өкмөтүнө башчы боло албайт.".
12-берене.
"Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2013-жылдын 17-декабры, № 100) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
22-беренесинин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары Бишкек шаарынын мэри боло албайт:
- кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу бар;
- соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан мамлекеттик бийликке каршы кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар;
- чет мамлекеттин жарандыгы бар;
- судьянын кызмат ордунан кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу бошотулган.".
13-берене.
"Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2013-жылдын 17-декабры, № 100) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
22-беренесинин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары шаардын мэри боло албайт:
- кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу бар;
- соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан мамлекеттик бийликке каршы кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар;
- чет мамлекеттин жарандыгы бар;
- судьянын кызмат ордунан кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу бошотулган.".
14-берене.
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 414-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
19-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган.".
15-берене.
"Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2017-жылдын 20-июну, № 74) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
7-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адам Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалышы мүмкүн эмес.".
16-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |