Ысык-Ата айылдык кеңешинин 2022-жылдын 18-августундагы № 75/XII-28 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезектеги III (үчүнчү) сессиясы
2021-жылдын 19-августу № 18/III-28
Таш-Башат айылынын күн батыш тарабынан К-348, К-349 контурларындагы 2,25га жер тилкесине кичи ГЭС куруу үчүн жерди “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн, “өнөр-жай, транспорт, байланыш, энергетика,коргоо жана башка багытттагы” жерлер категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
2021-жылдын 15-июлундагы №01-7/А-12 М.Б.Абдраимовдун “Таш-Башат айылынын күн батыш тарабынан К-348, К-349 контурларындагы 2,25га жер тилкесине кичи ГЭС куруу үчүн жерди “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн, “өнөр-жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багытттагы” жерлер категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө” кайрылуусун Ысык-Ата айылдык кеңешинин депутаттары угуп, талкуулап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин негизинде Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл аймагынын Таш-Башат айылынын күн батыш тарабынан К-348, К-349 контурларындагы 2,25га жер тилкесине кичи ГЭС куруу үчүн жерди “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн, “өнөр-жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багытттагы” жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. “Ысык-Ата айыл аймагынын Таш-Башат айылынын күн батыш тарабынан К-348, К-349 контурларындагы 2,25га жер тилкесине кичи ГЭС куруу үчүн жерди “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн, “өнөр-жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багытттагы” жерлер категориясына которуу жөнүндө” Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ысык-Ата айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |