Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-апрели № 167
"Кыргыз Республикасынын тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайра сурап алуу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 695 токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 695 "Кыргыз Республикасынын тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |