Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 167 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-октябры № 695
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары жана жөнгө салуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуунун укуктук жана уюштуруу негиздерин белгилейт.
2. Тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу системасы тамак-аш продукциясын түзүү жана жүгүртүү процессинде жол берилгис тобокелдиктерди жоюуга багытталган чаралардын комплексинен турат.
3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу жеке керектөө үчүн арналган жана жүгүртүүгө чыгаруу үчүн арналбаган тамак-аш продукциясына жайылтылбайт.
2-берене. Терминдер жана аныктамалар
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
- тамак-аш продукциясынын коопсуздугу - тамак-аш продукциясын өндүрүүдө, жүгүртүүдө жана колдонууда адамдын жашоо-турмушуна же саламаттыгына зыян келтирүү менен байланышкан жол берилгис коркунучтун жоктугуна негизделип ишендирген абал;
- мамлекеттик аудит - субъекттин ишинин ал өзү билдирген шарттарга (стандарттарга, системаларга) жана ХАССПнын принциптерине негизделген жол-жоболор бөлүгүндө өзүнө алган милдеттенмелерге ылайык келүүсүн аныктоо максатында мамлекеттик контролдоонун (көзөмөлдөөнүн) формасы;
- мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) - текшерүүлөрдү, мониторингди, аудитти жүргүзүү аркылуу тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын бузулушун алдын алууга, табууга жана тыюу салууга, тамак-аш продукциясынын коопсуздук абалына талдоо жүргүзүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын иши;
- мамлекеттик мониторинг жүргүзүү - мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) формасы, ал тамак-аш продуктуларынын, азык-түлүк чийки затынын, тоюттардын, тоют кошундуларынын коопсуздугу, жаныбарлардын саламаттыгы жана бейпилдиги жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде тамак-аш продуктуларында жана тоюттарда ветеринардык препараттардын, пестициддердин жана булгоочу заттардын калдыктарынын болушу жөнүндө маалыматтарды топтоону, аларга талдоо жүргүзүүнү жана баа берүүнү карайт;
- тийиштүү гигиеналык практика (англис тилиндеги транскрипциясы Good Hygiene Practice (GHP) - алынуучу продукция менен химиялык зыяндуу заттардын топтолуу мүмкүндүгүн болтурбаган, ошондой эле тамак-аш продукциясынын жана азык-түлүк чийки затынын коопсуздугуна же тамак-аш чынжырынын кийинки этаптарында колдонуу үчүн алардын жарактуулугуна таасир этиши мүмкүн болгон механикалык жана микробиологиялык булганычтарга жол бербеген шарттарды түзүү;
- тийиштүү айыл чарба практикасы (англис тилиндеги транскрипциясы Good Agricultural Practice (GAP) - коопсуз тамак-аш продукциясын өндүрүүнү камсыз кылган алгачкы өндүрүү, транспорт менен ташуу жана сактоо стадиясында айыл чарба продукциясын (айыл чарба чийки затын) өндүрүү үчүн шарттарды түзүү;
- жаныбарлардан алынган иштетилбеген тамак-аш продукциясы - азык берүүчү бардык түрдөгү жаныбарлардын иштетилбеген бүкүлү эти (тушу), алардын бөлүктөрү (анын ичинде каны жана субпродуктулары), чийки сүт, чийки майсыздандырылган сүт, чийки каймак, аарычылык продукциясы, жумурткалар жана жумуртка продукциясы, суудагы биологиялык ресурстарды кармоо, аквакультура продукциясы;
- текшерүү - мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) формасы, субъекттер жүргүзүп жаткан иштин, алар чыгаруучу жана сатуучу тамак-аш продукциясынын, аткарылуучу иштердин, көрсөтүлүүчү кызматтардын милдеттүү талаптарга шайкеш келүүсүнө баа берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлүүчү иш-чаралардын жыйындысы, ошондой эле аныкталган эреже бузууларды болтурбоо жана (же) алардын кесепеттерин жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды көрүү;
- алгачкы өндүрүү - өсүмдүктөрдү өстүрүү (анын ичинде пестициддерди колдонуу), малды сойгонго чейин багуу, сүт саап алуу (анын ичинде ветеринардык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошундуларын колдонуу), ошондой эле жапайы өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды, балыктарды алуу;
- тамак-аш продукциясы - адамдын тамак-ашка колдонуусу үчүн арналган табигый/иштетилбеген, иштетилген же кайра иштетилген түрдөгү зат же продукт, идишке өлчөп бөлүштүрүлгөн ичүүчү суу, буга тоюттар жана тоют кошундулары, тамак-ашка колдонуу үчүн базарга чыгарууга даярдалбаган тирүү жандыктар, түшүм жыйналганга чейинки өсүмдүктөр, дары-дармек каражаттары, косметика, тамеки жана тамеки продукциясы, баңги жана психотроптук заттар, калдыктар жана булгоочу заттар кирбейт;
- өнөр жайлык эмес даярдалыштагы тамак-аш продукциясы - үй шартында жана (же) жеке көмөкчү чарбасында же болбосо бакчылык, огородчулук, мал чарбачылык жана башка түрдөгү иш жүргүзгөн жарандар тарабынан алынган тамак-аш продукциясы;
- азык-түлүк чийки заты - өсүмдүктөн, жаныбарлардан, микробиологиялык, минералдык жана жасалма жол менен алынган чийки зат (заттар), тамак-аш продукциясын өндүрүү үчүн колдонулуучу суу;
- тамак-аш продукциясына байкоо жүргүзүү - бүтүндөй тамак-аш чынжырындагы тамак-аш продукциясынын жана азык-түлүк чийки затынын, тамак-аш продуктулары менен байланышта болуучу материалдардын орун которуусун документтик түрдө (кагазда жана/же электрондук булактарда) аныктоо мүмкүндүгү;
- тамак-аш продукциясын түзүү жана жүгүртүү чынжырынын субъекти (мындан ары - субъект) - тамак-аш продукциясын, азык-түлүк чийки затын алгачкы өндүрүүчү, өндүрүүчү, кайра иштетүүчү, импорттоочу, транспорт менен ташуучу, сактоочу, сатуучу, утилдештирүүчү юридикалык же жеке жактар;
- тамак-аш продукциясын жок кылуу - тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардан талаптарына шайкеш келбеген тамак-аш продукциясын аны ар кандай түрдө колдонуу жана пайдалануу үчүн жараксыз, ошондой эле адамга, жаныбарларга жана курчап турган чөйрөгө анын жагымсыз таасирин болтурбаган абалга келтирүү;
- тамак-аш продукциясын утилдештирүү - тамак-аш продукциясы ал үчүн арналып жана адатта ага колдонулуучу максаттардан айырмаланган максатта тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардын талаптарына шайкеш келбеген тамак-аш продукциясынын колдонулушу;
- ХАССП (англис тилиндеги транскрипциясы Hazard Analysis and Critical Control Points (HACCP) - критикалык контролдоо чекиттерин аныктоо аркылуу продукциянын коопсуздугуна жана аларды башкарууга олуттуу таасир эткен кооптуу факторлорго системалуу түрдө талдоо жүргүзүүнү караган концепция;
- тамак-аш продукциясын түзүү жана жүгүртүү чынжыры (мындан ары - тамак-аш чынжыры) - төмөнкү этаптардын ырааттуулугу: тамак-аш продукциясын алгачкы өндүрүү, өндүрүү/кайра иштетүү, анын ичинде тамак-аш продукциясы менен байланышта болуучу материалдарды колдонуу, ошондой эле аны сактоо, транспорт менен ташуу, сатуу, утилдештирүү, импорттоо.
3-берене. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы мыйзамдар
Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
4-берене. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуунун негизги принциптери
Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу төмөнкү принциптерге ылайык ишке ашырылат:
- адамдын жашоо-турмушу жана ден соолугу үчүн тамак-аш продукциясынын коопсуздугунун артыкчылыктуулугу;
- адамдын ден соолугуна мүмкүн болгон зыяндуу таасирдин алдын алуу;
- илимий негиздүүлүк жана тобокелдиктерге талдоо жүргүзүү;
- тамак-аш чынжырынын бардык этабында тамак-аш продукциясына көз салып туруу;
- тамак-аш чынжырынын бардык этабында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылууга субъекттердин жоопкерчилиги;
- тамак-аш чынжырынын бардык катышуучуларынын, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу милдетин болжолдогон тамак-аш чынжырынын бардык этабында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылууга интеграцияланган мамиле кылуу;
- ыйгарым укуктуу органдардын жана субъекттердин ишинин ачык-айкындуулугу;
- өндүрүштүк контролдоо программаларын иштеп чыгууда ыйгарым укуктуу органдар тарабынан субъекттерге алдын ала консультация берүү;
- тамак-аш коопсуздугун мамлекеттик жөнгө салууга тартылган мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүлөрү жана координациясы.
5-берене. Тобокелдикке талдоо жүргүзүү
Кыргыз Республикасынын тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу тобокелдиктерге талдоо жүргүзүүгө негизденет.
Тобокелдикке талдоо жүргүзүүнүн максаты потенциалдуу коркунучтарды табуу жана баяндоо, болжолдонуучу тобокелдиктерди болтурбоочу же азайтуучу шарттарды түзүү/чараларды көрүү болуп саналат.
Тобокелдикке талдоо жүргүзүү - төмөнкүдөй үч өз ара байланышкан компоненттен турган процесс:
- тобокелдикке баа берүү;
- тобокелдикти башкаруу;
- тобокелдик жөнүндө маалымдоо.
Тобокелдикке талдоо жүргүзүү болгон илимий маалыматтарга, мамлекеттик контролдоонун (көзөмөлдөөнүн) жыйынтыктарына негизденет жана өзүнө кооптуу факторлорду аныктоону, баяндоону жана аларга баа берүүнү, тобокелдиктин келип чыгуу ыктымалдыгын жана анын деңгээлин аныктоону камтыйт.
Тобокелдикти башкаруу - тобокелдиктин алдын алуу, азайтуу жана жоюу боюнча чараларды тандоо жана кабыл алуу процесси. Тобокелдикти башкаруу эффективдүү жана тобокелдикке пропорционалдуу болушу керек.
Тобокелдик жөнүндө маалымдоо - ал тобокелдикке баа берүүчү жана башкаруучу адамдардын, керектөөчүлөрдүн, субъекттердин жана башка кызыкдар тараптардын ортосунда тобокелдикке талдоо жүргүзүүнүн бүтүндөй процессиндеги маалыматтарды жана жыйынтыктарды алмашууну камтыган коммуникациялар процесси.
6-берене. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында мамлекеттик жөнгө салуу
Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат:
1) тобокелдикке талдоо жүргүзүүнүн негизинде тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
2) тамак-аш коопсуздугу жаатында ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
3) тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы илимий-изилдөө иштерди уюштуруу;
4) тобокелдиктерге талдоо жүргүзүүнүн негизинде алдын ала эскертүүчү чараларды, мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) чараларын уюштуруу жана жүргүзүү;
5) өзгөчө кырдаалдарда кечиктирилгис санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык-санитардык чараларды көрүү;
6) тамак-аш продукциясынын коопсуздугуна байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсү;
7) эл аралык кызматташууну ишке ашыруу.
7-берене. Алгачкы өндүрүү
1. Алгачкы өндүрүү тамак-аш продукциясынын, ошондой эле айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылышы керек.
2. Алгачкы өндүрүүнүн коопсуздугу тийиштүү айыл чарба жана гигиеналык практикалардын принциптерине негизделген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу талаптарды сактоо аркылуу камсыз кылынат.
3. Тийиштүү айыл чарба жана гигиеналык практикалардын принциптерине негизделген талаптар жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган азыктарда зыяндуу химиялык заттардын, механикалык жана микробиологиялык булгануулардын топтолушунун алдын алуу максатында аймакты, жайды, жабдууну күтүү жана эксплуатациялоо шарттарын, персоналдын гигиенасын аныктайт.
4. Малды сойгонго чейин багуу, көбөйтүү процессинде ветеринардык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошундуларын, өсүмдүктөрдү өстүрүү процессиңде пестициддерди колдонуу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
8-берене. Азык-түлүк чийки заттарына жана тамак-аш продукциясына коопсуздук талаптар
1. Азык-түлүк чийки заттары жана тамак-аш продукциясы Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
2. Тамак-аш продукциясын өндүрүү, сактоо, транспорт менен ташуу, сатуу, утилдештирүү процесстерине коопсуздук талаптары Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдары менен белгиленет.
3. Тамак-аш продукциясын өндүрүү процесстеринин коопсуздугу ХАССПнын принциптерине негизделген жол-жоболорду камтыган өндүрүштүк контролдоону жүргүзүү менен камсыз кылынат. Өндүрүштүк контролдоо субъект тарабынан иштелип чыккан өндүрүштүк контролдоо программасына ылайык жүргүзүлөт.
4. Тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) үчүн колдонулуучу суу ичүүчү суунун коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келиши керек.
5. Тамак-аш продукциясы аны сактоодо, транспорт менен ташууда жана сатууда коопсуздугун камсыз кыла турган ыкмалар менен өлчөп оролушу жана таңгакталышы керек.
6. Тамак-аш продукциясы менен байланышта болгон материалдар Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
7. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу тамак-аш продукциясы Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарына ылайык маркаланышы керек.
8. Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинүүчү тамак-аш продукциясы, тамак-аш продукциясы менен байланышта болгон материалдар жана буюмдар (ишкердикке байланышпаган муктаждыктар үчүн ташылып келинген тамак-аш продукциясынан, материалдардан жана буюмдардан тышкары) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу ушул максатта атайын жабдылган жана арналган өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдон/көзөмөлдөн өтүүгө тийиш. Өткөрүү пункттарынын тизмеси жана алып келинүүчү тамак-аш продукциясын, тамак-аш продукциясы менен байланышта болгон материалдарды, буюмдарды мамлекеттик контролдоону/көзөмөлдөөнү ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
9. Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келбейт деп таанылган тамак-аш продукциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте андан ары утилдештирүү же жок кылуу үчүн алынып коюлууга тийиш.
9-берене. Шайкештикти баалоо
1. Азык-түлүк чийки затын, тамак-аш продукциясынын жана аларды өндүрүү (даярдоо), сактоо, ташуу (транспорт менен ташуу), сатуу жана утилдештирүү процесстеринин шайкештигин баалоо төмөнкү формада жүргүзүлөт:
1) адистештирилген тамак-аш продукциясын мамлекеттик каттоо;
2) жаңы түрдөгү тамак-аш продукциясын мамлекеттик каттоо;
3) жаныбарлардан алынган азык-түлүк чийки затын ветеринардык-санитардык экспертизалоо;
4) азык-түлүк чийки затын жана тамак-аш продукциясынын шайкештигин декларациялоо формасында шайкештигин тастыктоо.
2. Кызматтарды көрсөтүүдө сатуу үчүн арналган өнөр жайлык эмес даярдалыштагы тамак-аш продукциясынын жана тамактануу ишканаларынын (коомдук тамактануу) тамак-аш продукциясынын шайкештигин, ошондой эле аталган тамак-аш продукциясын сатуу процесстерин баалоо мамлекеттик көзөмөлдөө формасында жүргүзүлөт.
3. Тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо), сактоо, ташуу (транспорт менен ташуу), сатуу жана утилдештирүү процесстеринин тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы мыйзамдарга шайкештигин баалоо мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) формасында жүргүзүлөт.
4. Жаныбарлардан алынган иштетилбеген азык-түлүк (тамак-аш) чийки затын алуу, кайра иштетүү (иштетүү) боюнча иштерди аткарган өндүрүш объекттеринин мамлекеттик каттоо формасында шайкештиги бааланууга тийиш.
5. Тамак-аш продуктуларынын шайкештигин тастыктоо формасында шайкештикти баалоо аларды Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүүгө чыгарууга чейинки этапта, ал эми Кыргыз Республикасынын аймагына биринчи жолу ташып киргизилгендер үчүн - аларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизгенге чейин жүргүзүлөт.
10-берене. Тамак-аш продукциясын өндүрүү боюнча объекттерди эсепке алуу
1. Тамак-аш продукциясын импорттоону, транспорт менен ташууну, сактоону, сатууну, утилдештирүүнү ишке ашыруучу субъекттерден, ошондой эле 9-берененин 4-бөлүгүндө каралган иш жүргүзүүчү субъекттерден тышкары субъекттер тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) боюнча ишти, мындай продукцияны өндүрүү (даярдоо) боюнча ишти мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органына арыз жиберүүдөн кийин баштоого укуктуу.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттерге таандык болгон тамак-аш продукциясын өндүрүү боюнча объекттерди эсепке алууну уюштуруу жана реестрин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
11-берене. Байкоо жүргүзүү
1. Тамак-аш продукциясына байкоо жүргүзүү төмөнкү максаттарда киргизилет:
1) базарга техникалык жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдардын талаптарына ылайык келбеген продукциянын түшүүсүнүн алдын алуу;
2) техникалык жөнгө салуу жаатындагы талаптардын сакталышын камсыз кылуу;
3) тамак-аш продукциясынын жүгүртүлүшүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу;
4) тамак-аш чынжырынын бардык этабында тамак-аш продукциясынын чыккан жерин жана жүгүртүлүшүн аныктоо;
5) тамак-аш чынжырынын ар кайсы этабында кооптуулук булагын аныктоо;
6) тамак-аш чынжырынын бардык этабында жооптуу субъекттерди идентификациялоо;
7) ак ниет субъекттерди коргоо;
8) кызыкдар тараптар жана керектөөчүлөр менен маалымат алмашуу;
9) керектөөчүнү коргоо үчүн кооптуу продукцияны алып салууну камсыз кылуу.
2. Субъектте ага тамак-аш продукциясын, азык-түлүк чийки затын, компоненттерди, ошондой эле тамак-аш продуктулары менен байланышта болгон материалдарды, тоюттарды жана тоют кошундуларын, ветеринардык дары-дармек каражаттарын жеткирип берүүчү ар бир субъектти аныктоого мүмкүндүк берүүчү документтер (кагазда жана (же) электрондук булактарда) болушу керек.
3. Субъектте ар бир субъект тарабынан өндүрүлүүчү же сатылуучу продукция, азык-түлүк чийки заты, компоненттер, ошондой эле тамак-аш продуктулары менен байланышта болгон материалдар, тоюттар жана тоют кошундулары, ветеринардык дары-дармек каражаттары жеткирилип берилген ар бир субъектти аныктоого мүмкүндүк берүүчү документтер (кагазда жана (же) электрондук булактарда) болушу керек.
4. Ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн документтер болуп контракт (келишим), товардык-транспорттук коштомо кагаз, эсеп-фактура, адистик, инвойс, келип чыгуу сертификаты жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык пайдаланылган продукцияны коштоочу башка документтер эсептелет.
5. Кооптуу тамак-аш продукциясынын келип чыккан жерин аныктоо үчүн субъект ушул берененин 2, 3 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн документтерди ыйгарым укуктуу органга анын талабы боюнча берүүгө тийиш.
6. Ушул берененин 2, 3 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн тамак-аш чынжырынын бардык этабында тамак-аш продукциясына байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу документтер маркалоодо көрсөтүлгөн тамак-аш продукциясынын жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин кеминде 1 жыл сакталышы керек.
12-берене. Тамак-аш продукциясын даярдоо жана жүгүртүү боюнча иш жүргүзүүчү кызматкерлерге талаптар
1. Субъекттер ишке кирүүдө милдеттүү алдын ала жана мезгилдүү медициналык кароону жана Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык иши тамак-аш продуктуларын өндүрүү, сактоо, транспорт менен ташуу жана сатуу менен байланышкан кызматкерлерди гигиеналык окуудан өткөрүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
2. Субъекттер ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган өндүрүштүк контролдоо программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу кызматкерлердин ХАССПнын принциптерин колдонууга окутууну камсыз кылууга милдеттүү.
13-берене. Маалымдоо
1. Ташып киргизилген, өндүрүлгөн же өздөрү кайра иштеткен продукциянын тамак-аш продукциясына коопсуздук талаптарын белгилөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келбестигин аныктаган субъект ыйгарым укуктуу органды жана калкты ушундай продукциянын болушу, ошондой эле көрүлгөн чаралар жөнүндө тез арада маалымдоого милдеттүү.
2. Тамак-аш продукциясына коопсуздук талаптарын белгилөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келбеген продукцияны аныктаган ыйгарым укуктуу орган башка ыйгарым укуктуу органдарга жана калкка тез арада маалымдоого милдеттүү.
3. Башка өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдарын маалымдоо Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында ишке ашырылат.
14-берене. Тамак-аш продукциясын жүгүртүүдөн алып коюу
Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген тамак-аш продукциясы, анын ичинде жарактуулук мөөнөтү аяктаган тамак-аш продукциясы субъекттер тарабынан өз алдынча же ыйгарым укуктуу органдын жазма буйругу боюнча жүгүртүүдөн алынууга жатат.
15-берене. Тамак-аш продукциясын утилдештирүү жана жок кылуу
1. Жүгүртүүдөн алып салынган тамак-аш продукциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте утилдештирүүгө же жок кылынууга тийиш.
2. Утилдештирүү же жок кылуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин мындай продукциянын сакталышына жана анын эсепке алынышына жоопкерчиликти субъект тартат.
3. Тамак-аш продукциясын утилдештирүү же жок кылуу менен байланышкан чыгымдарды субъект тартат.
16-берене. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы талаптардын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө)
1. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы талаптардын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) тамак-аш чынжырынын бардык этаптарында ишке ашырылат.
2. Мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүргүзүү формалары:
1) текшерүү;
2) мамлекеттик мониторинг жүргүзүү;
3) мамлекеттик аудит.
17-берене. Текшерүүлөр
1. Текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби, алардын мезгилдүүлүгү, текшерүүлөрдү жүргүзүү максаттары үчүн тобокелдикке баа берүү тартиби ушул Мыйзамдын 18-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүндө жана 19-беренесинде каралган учурларды кошпогондо ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
2. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, аныкталган эреже бузууларга бөгөт коюу жана (же) алардын кесепеттерин жоюу боюнча таасир этүү чаралары көрүлөт.
18-берене. Алгачкы өндүрүү жана мал союу стадиясындагы текшерүүлөр
1. Иши өсүмдүктөрдү өстүрүү (анын ичинде пестициддерди колдонуу), мал багуу, сүт саап алуу (анын ичинде ветеринардык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошундуларын колдонуу), өнөр жайлык эмес даярдалыштагы тамак-аш продукциясын өндүрүүчү жактарды кошо алганда жапайы өсүмдүктөрдү, жаныбарларды, балыктарды алуу процесстери менен байланышкан субъекттер алгачкы өндүрүү стадиясындагы текшерүүлөргө жатат.
2. Алгачкы өндүрүү стадиясындагы текшерүүлөр субъект тарабынан тийиштүү айыл чарба жана гигиеналык практикаларга негизделген талаптардын сакталышына жүргүзүлөт.
3. Мал союу процессин текшерүү ыйгарым укуктуу органдын малды союлганга чейин кароону жана союлган мал азыктарын кароону камтыйт.
4. Алгачкы өндүрүү субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн, ошондой эле мал союу процессинде текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
19-берене. Тамак-аш продукциясын сатуу стадиясындагы текшерүүлөр
1. Майда чекене соода тармагында сатылуучу тамак-аш продукциясын текшерүүлөр стационардык соода пункттарынан тышкары жерлерде соода кылуу үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталган жерлерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүлөт.
2. Майда чекене соода түйүнү аркылуу тамак-аш продукциясын сатуу стадиясындагы текшерүүлөр ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин буйругунун негизинде жүргүзүлөт, анда текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталууга тийиш маселелер жана аймактын текшерилүүчү участогу көрсөтүлөт.
3. Малдан алынган иштетилбеген азык-түлүк чийки затын, өнөр жайлык эмес даярдалыштагы тамак-аш продукциясын азык-түлүк базарларында текшерүү жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
20-берене. Мамлекеттик мониторинг жүргүзүү
1. Мамлекеттик мониторинг тамак-аш коопсуздугу чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, кооптуу тамак-аш продуктуларын жүгүртүүгө жол бербөө максатында тамак-аш чынжырынын бардык этаптарында жүргүзүлөт.
2. Мониторинг жүргүзүү максатында үлгүлөрдү (сынамдарды) алуу ушул Мыйзамдын 22-беренесинде каралган тартипте ишке ашырылат.
3. Мониторинг жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтардын тизмеси жана аларды бажы органдарынын, техникалык жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын, сертификат берүү боюнча органдардын, сыноочу лабораториялардын берүү тартиби ыйгарым укуктуу органдар тарабынан аныкталат.
4. Мониторингдин жыйынтыктары тобокелдиктерге талдоо жүргүзүү, мыйзамдарды өркүндөтүү, алдын алуучу чараларды жана текшерүүлөрдү жүргүзүүнү пландаштыруу, ыйгарым укуктуу органдардын функцияларын оптималдаштыруу үчүн колдонулат.
5. Продукцияны лабораториялык изилдөөнүн (сыноонун) жыйынтыгын кошо алганда, мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кооптуу тамак-аш продукциясы аныкталса, маалымат тез арада субъектке жөнөтүлөт.
21-берене. Мамлекеттик аудит
1. ХАССПнын принциптерине негизделген жол-жоболорго мамлекеттик аудит жүргүзүү аларды колдонуунун үзгүлтүксүздүгүн/туруктуулугун жана натыйжалуулугун текшерүүнү карайт.
2. Мамлекеттик аудит субъекттин арызы боюнча жүргүзүлөт.
3. Мамлекеттик аудиттин жыйынтыктары субъекттин тобокелдик деңгээлин жана текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгүн аныктоодо эске алынат.
4. Мамлекеттик аудиттин жыйынтыктары сунуштарды жана/же сунуштамаларды камтыган отчет түрүндө таризделет. Отчет эки нускада таризделет, бир нускасы субъектке берилет, экинчиси ыйгарым укуктуу органда калат.
5. Мамлекеттик аудиттин жыйынтыгы боюнча административдик таасир этүү чаралары көрүлбөйт.
6. Эгер мамлекеттик аудит жүргүзүүнүн жүрүшүндө өз ыктыяры менен сертификатталган ХАССПнын жол-жоболору белгиленген талаптарга шайкеш келбестиги аныкталган учурда маалымат сертификациялоону жүргүзгөн органга жөнөтүлөт.
22-берене. Продукциянын үлгүлөрүн (сынамдарын) тандап алуу
1. Мамлекеттик контролдоонун (көзөмөлдөөнүн) максаттары үчүн продукциянын үлгүлөрү (сынамдары) стандарттарда белгиленген ченемдерден ашпаган санда тандалып алынат.
2. Мамлекеттик контролдоонун (көзөмөлдөөнүн) жүрүшүндө тандалып алынган продукциянын үлгүлөрүнүн (сынамдарынын) наркынын орду толтурулуп берилбейт.
23-берене. Лабораториялык сыноолор
1. Шайкештикти милдеттүү баалоо максаттары үчүн тамак-аш продукциясын сыноо техникалык жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарда белгиленген тартипте аккредитацияланган лабораториялар тарабынан жүргүзүлөт.
2. Мамлекеттик контролдоонун (көзөмөлдөөнүн) максаттары үчүн тамак-аш продукциясына сыноолор мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
3. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн субъект тарабынан өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыктарын ырастоо үчүн жүргүзүлүүчү тамак-аш продукциясына сыноолор субъекттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.
24-берене. Шашылыш кырдаал
1. Тамак-аш продукциясына байланышкан жугуштуу оорулар жана жапырт жугуштуу эмес оорулар (уулануулар) келип чыкканда ыйгарым укуктуу орган шашылыш кырдаалды башкаруу боюнча ведомстволор аралык топту түзүү жөнүндө чечим кабыл алат.
2. Ведомстволор аралык топ өзүнүн ишине илимий-техникалык жагынан колдоо көрсөтүү жана шашылыш кырдаалды натыйжалуу башкаруу үчүн адистерди жана эксперттерди тартууга укуктуу.
25-берене. Ушул Мыйзамды бузуу үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамды бузууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде каралган административдик жоопкерчиликке тартылат.
26-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирүүчү ушул берененин 2-бөлүгүнүн жоболорунан тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып 12 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 12 айдын ичинде ушул Мыйзамда каралган ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышын камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти